Prijevod značenja časnog Kur'ana - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Sadržaj prijevodā


Prijevod značenja Ajet: (188) Sura: Sura el-A'araf
قُل لَّآ أَمۡلِكُ لِنَفۡسِي نَفۡعٗا وَلَا ضَرًّا إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُۚ وَلَوۡ كُنتُ أَعۡلَمُ ٱلۡغَيۡبَ لَٱسۡتَكۡثَرۡتُ مِنَ ٱلۡخَيۡرِ وَمَا مَسَّنِيَ ٱلسُّوٓءُۚ إِنۡ أَنَا۠ إِلَّا نَذِيرٞ وَبَشِيرٞ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ
Оо, Мухаммад, аларга минтип айт: "Аллах каалабаса, мен өзүмө жакшылык алып келе албаймын, өзүмдү жамандыктан сактай да албаймын, жакшылык берүү жана жамандыктан сактоо Аллахтын колунда. Ошондой эле, Аллах билдирген нерсени гана билем, кайыпты билбеймин. Эгер кайыпты билгенимде, ишке аша элекиштердин эмне болурун билип алып, мага жакшылык алып келе турган, жамандыкты кетире турган себептерди жасап алмакмын. Мен Аллах тарабынан жиберилген элчимин, менин Аллахтан жиберилген элчи экениме ыйман келтирген жана мен алып келген динди тастыктаган адамдарга Аллахтын катуу азыбын эскертем, улук сооп-сыйын сүйүнчүлөймүн.
Tefsiri na arapskom jeziku:
Poruke i pouke ajeta na ovoj stranici:
• في الآيات بيان جهل من يقصد النبي صلى الله عليه وسلم ويدعوه لحصول نفع أو دفع ضر؛ لأن النفع إنما يحصل من قِبَلِ ما أرسل به من البشارة والنذارة.
Аяттарда пайгамбарыбызга ал пайда берет, зыяндан коргойт деген ишеним менен дуба кылуу илимсиздиктен экени баян кылынган. Анткени, пайда анын эскертүүсү жана сүйүнчүлөөсү тарабынан болот.

• جعل الله بمنَّته من نوع الرجل زوجه؛ ليألفها ولا يجفو قربها ويأنس بها؛ لتتحقق الحكمة الإلهية في التناسل.
Бири-бирине көнүп, бейпил, тынч алып жашап, урпактарын көбөйтүүсү үчүн Өзүнүн даанышмандыгы менен Аллах ырайым кылып эркектен анын аялын жаратты.

• لا يليق بالأفضل الأكمل الأشرف من المخلوقات وهو الإنسان أن يشتغل بعبادة الأخس والأرذل من الحجارة والخشب وغيرها من الآلهة الباطلة.
Жаратылгандардын эң жакшысы, эн кемели, эң кадырлуусу болгон инсандын таштан же жыгачтан ж.б. нерседен жасалган эң баасыз жаман жалган кудайларга ибадат кылуусу ылайыксыз иш.

 
Prijevod značenja Ajet: (188) Sura: Sura el-A'araf
Indeks sura Broj stranice
 
Prijevod značenja časnog Kur'ana - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Sadržaj prijevodā

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Zatvaranje