Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: Quraysh   Ayah:

Курайш

Purposes of the Surah:
بيان نعمة الله على قريش وحق الله عليهم.
Аллахтын Курайштарга берген нээмат, жакшылыгы жана Анын акысы тууралуу баяндалган.

لِإِيلَٰفِ قُرَيۡشٍ
Курайштын салты жана ынтымагы үчүн!
Arabic explanations of the Qur’an:
إِۦلَٰفِهِمۡ رِحۡلَةَ ٱلشِّتَآءِ وَٱلصَّيۡفِ
Алардын бейпилдикте Йеменге карай кышкы сапары жана Шамга карай жайкы сапары үчүн!
Arabic explanations of the Qur’an:
فَلۡيَعۡبُدُواْ رَبَّ هَٰذَا ٱلۡبَيۡتِ
Эми силер үчүн бул сапарды жеңил кылган ушул ыйык Үйдүн Раббисине гана сыйынгыла жана Ага эч кимди шерик кылбагыла!
Arabic explanations of the Qur’an:
ٱلَّذِيٓ أَطۡعَمَهُم مِّن جُوعٖ وَءَامَنَهُم مِّنۡ خَوۡفِۭ
Ал арабдардын жүрөктөрүнө ыйык жерге жана анын жашоочуларына карата болгон улуктоону салып, силерди ачкачылыкта тамактандырды жана коркунучтан сактады.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• أهمية الأمن في الإسلام.
Исламда тынчтыктын маанилүүлүгү.

• الرياء أحد أمراض القلوب، وهو يبطل العمل.
Көрүнүш үчүн кылуу – жүрөк ооруларынын бири. Ал кылынган иш-аракетти жокко чыгарат.

• مقابلة النعم بالشكر يزيدها.
Жакшылыктарды шүгүр келтирүү менен кабыл алуу аны көбөйтөт.

• كرامة النبي صلى الله عليه وسلم على ربه وحفظه له وتشريفه له في الدنيا والآخرة.
Пайгамбардын Раббисинин алдындагы кадыр-баркы, аны коргоосу, дүйнөдө жана акыретте аны сый-урматка жеткирүүсү.

 
Translation of the meanings Surah: Quraysh
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Translations’ Index

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

close