Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: Hūd   Ayah:
وَلَوۡ شَآءَ رَبُّكَ لَجَعَلَ ٱلنَّاسَ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗۖ وَلَا يَزَالُونَ مُخۡتَلِفِينَ
Оо, пайгамбар! Эгерде Раббиң каалаганда, адамдардын баарын акыйкат жолунда жүргөн бир үммөт кылып коймок. Бирок Ал андай болушун каалабады. Алар душмандык кылгандыктары жана өз каалоолорун ээрчиген себептүү ал нерседе талашып тартышып жатышат.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِلَّا مَن رَّحِمَ رَبُّكَۚ وَلِذَٰلِكَ خَلَقَهُمۡۗ وَتَمَّتۡ كَلِمَةُ رَبِّكَ لَأَمۡلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنَ ٱلۡجِنَّةِ وَٱلنَّاسِ أَجۡمَعِينَ
Бир гана Аллах ырайым кылып, туура жолго ийгилик бергендерден башка. Чындыгында алар Ал Аруу Заттын жалгыз экендигинде талашышпайт. Мына ушул сыноо үчүн Ал Аруу Зат аларды ар кандай кылып жаратты. Алардан бактылуусу жана бактысызы бар. Эй, пайгамбар! Сенин Раббиң абалкы тагдыр жазмышында “тозокту жиндерден жана адамдардан болгон шайтанды ээрчигендер менен толтурат” деген сөзү толук аткарылды.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَكُلّٗا نَّقُصُّ عَلَيۡكَ مِنۡ أَنۢبَآءِ ٱلرُّسُلِ مَا نُثَبِّتُ بِهِۦ فُؤَادَكَۚ وَجَآءَكَ فِي هَٰذِهِ ٱلۡحَقُّ وَمَوۡعِظَةٞ وَذِكۡرَىٰ لِلۡمُؤۡمِنِينَ
Оо, пайгамбар! Биз сага айтып берген окуялардын баарысы сенден мурдагы элчилердин окуялары. Ал окуяларды сага күч берип жана жүрөгүңдү акыйкатка бекемдеш үчүн айттык. Бул сүрөөдө сага эч шеги жок акыйкат келди. Жана мында каапырлар үчүн насаат жана эскертүүлөрдөн пайда алган ыймандуулар үчүн эскертүүлөр айтылды.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَقُل لِّلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ ٱعۡمَلُواْ عَلَىٰ مَكَانَتِكُمۡ إِنَّا عَٰمِلُونَ
Оо, пайгамбар! Аллахка ыйман келтирбегендерге жана Аны жалгыздабагандарга айткын: “Силер акыйкаттан жүз бурган жана ага жол тоскон жолуңарда жүрө бергиле. Биз да өз жолубузда бекем болуп, ага чакырып жана ал жолдо сабыр кыла беребиз.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَٱنتَظِرُوٓاْ إِنَّا مُنتَظِرُونَ
Бизге эмне түшөрүн күткүлө. Биз да силерге эмне түшөрүн күтөбүз.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَلِلَّهِ غَيۡبُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَإِلَيۡهِ يُرۡجَعُ ٱلۡأَمۡرُ كُلُّهُۥ فَٱعۡبُدۡهُ وَتَوَكَّلۡ عَلَيۡهِۚ وَمَا رَبُّكَ بِغَٰفِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُونَ
Асмандардагы жана жердеги көзгө көрүнбөгөндөрдүн илими жалгыз Аллахка гана таандык. Ага алардын эч нерсеси жашыруун эмес. Кыямат күнү иштердин баардыгы жалгыз Өзүнө кайтат. Эй, пайгамбар! Анын Өзүнө гана сыйын жана бардык иштериңде ага тобокел кыл. Раббиң силердин кылып жатканыңардан бейкапар эмес. Тескерисинче Ал аны билет жана ар биринин кылганына жараша жаза-сыйлык берет.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• بيان الحكمة من القصص القرآني، وهي تثبيت قلب النبي صلى الله عليه وسلم وموعظة المؤمنين.
Курандагы окуяларды баяндоонун даанышмандуулугу. Ал даанышмандык – пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, жүрөгүн бекемдөө жана момундарга эскертме болгон.

• انفراد الله تعالى بعلم الغيب لا يشركه فيه أحد.
Аллах таала гана кайып илимди билет. Ага эч ким шерик боло албайт.

• الحكمة من نزول القرآن عربيًّا أن يعقله العرب؛ ليبلغوه إلى غيرهم.
Куран араб тилинде түшүүнүн даанышмандуулугу арабдар акыл жүгүртүп башкаларга жеткирүү болгон.

• اشتمال القرآن على أحسن القصص.
Куран эң сонун окуяларды камтыган Китеп.

 
Translation of the meanings Surah: Hūd
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close