Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: Hūd   Ayah:
يَقۡدُمُ قَوۡمَهُۥ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فَأَوۡرَدَهُمُ ٱلنَّارَۖ وَبِئۡسَ ٱلۡوِرۡدُ ٱلۡمَوۡرُودُ
Кыямат күнү Фараон элин өзү баштап келип, баары тозокко кирет. Тозокко алып баруучу жол кандай гана жаман жол.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَأُتۡبِعُواْ فِي هَٰذِهِۦ لَعۡنَةٗ وَيَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۚ بِئۡسَ ٱلرِّفۡدُ ٱلۡمَرۡفُودُ
Алар сууга чөгүп кыйрагандарына кошумча кылып Аллах аларды бул дүйнөдө Өз ырайымынан алыстатып, каргышка калтырды. Ошондой эле аларды кыямат күнү да Өз ырайымынан алыстатты. Алар үчүн бул дүйнөдө да акыретте да каргыштын үстүнө каргыш жана азап болгону кандай жаман!
Arabic explanations of the Qur’an:
ذَٰلِكَ مِنۡ أَنۢبَآءِ ٱلۡقُرَىٰ نَقُصُّهُۥ عَلَيۡكَۖ مِنۡهَا قَآئِمٞ وَحَصِيدٞ
Оо, пайгамбар! Сага бул сүрөөдө келген шаарлардын кабарын айтабыз. Бул шаарлардын кээ бирлеринин белгилери дагы эле турат. Кээ бирлеринин эч кандай белги калбастан өчүп жок болуп кеткен.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَمَا ظَلَمۡنَٰهُمۡ وَلَٰكِن ظَلَمُوٓاْ أَنفُسَهُمۡۖ فَمَآ أَغۡنَتۡ عَنۡهُمۡ ءَالِهَتُهُمُ ٱلَّتِي يَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مِن شَيۡءٖ لَّمَّا جَآءَ أَمۡرُ رَبِّكَۖ وَمَا زَادُوهُمۡ غَيۡرَ تَتۡبِيبٖ
Аларга кыйроо алып келгенибиз менен биз аларга зулумдук кылбадык. Бирок алар Аллахка каапырлык кылышып, кыйроого алып келген жолду тандашып, өздөрүнө өздөрү зулумдук кылышты. Эй, пайгамбар! Раббиңдин аларды кыйратууга буйругу келгенде, аларга түшкөн азаптан алардын Аллахтан башкага сыйынып жаткан кудайлары ал азапты тосо алышпады. Алардын бул кудайлары аларга бир гана жоготуу жана кыйроону алып келди.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَكَذَٰلِكَ أَخۡذُ رَبِّكَ إِذَآ أَخَذَ ٱلۡقُرَىٰ وَهِيَ ظَٰلِمَةٌۚ إِنَّ أَخۡذَهُۥٓ أَلِيمٞ شَدِيدٌ
Ошондой эле жалганга чыгарган шаарларды Аллах азаптады, мындай азаптоо жана жок кылуу бардык заманда жана бардык жерде болуп келген. Чындыгында залым болгон шаарлардын азабы жан чыдагыс катуу азап болот.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّمَنۡ خَافَ عَذَابَ ٱلۡأٓخِرَةِۚ ذَٰلِكَ يَوۡمٞ مَّجۡمُوعٞ لَّهُ ٱلنَّاسُ وَذَٰلِكَ يَوۡمٞ مَّشۡهُودٞ
Чындыгында ал эли заалым болгон шаарларды катуу азаптоосу кыямат күнүндөгү азаптан корккондорго сабак болот. Ал күнү Аллах ал жерге адамдарды сурак алыш үчүн чогултат. Ал күбө кылынган күн. Ал жерде чогулгандардын баарысы ага күбө болушат.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَمَا نُؤَخِّرُهُۥٓ إِلَّا لِأَجَلٖ مَّعۡدُودٖ
Ал күбө кылына турган күндү кечиктирбей саны белгилүү болгон күнгө гана жылдырабыз.
Arabic explanations of the Qur’an:
يَوۡمَ يَأۡتِ لَا تَكَلَّمُ نَفۡسٌ إِلَّا بِإِذۡنِهِۦۚ فَمِنۡهُمۡ شَقِيّٞ وَسَعِيدٞ
Ошол күн келгенде эч бир жан далил кылып же шапаат сурап сүйлөй албайт, бир гана Аллах уруксат бергенден кийин сүйлөшөт. Ал жерде адамдар эки түрдүү болушат: бактысыздар тозокко кирет жана бактылуулар бейишке кирет.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَأَمَّا ٱلَّذِينَ شَقُواْ فَفِي ٱلنَّارِ لَهُمۡ فِيهَا زَفِيرٞ وَشَهِيقٌ
Ал эми бактысыздар болсо каапырлык кылгандары жана кылган иштери туура эмес болгону үчүн тозокко киришет. Ал жакта тозоктун жалынынан өтө катуу запкы жегендиктеринен алардын үндөрү жана дем алгандары катуу чыгат.
Arabic explanations of the Qur’an:
خَٰلِدِينَ فِيهَا مَا دَامَتِ ٱلسَّمَٰوَٰتُ وَٱلۡأَرۡضُ إِلَّا مَا شَآءَ رَبُّكَۚ إِنَّ رَبَّكَ فَعَّالٞ لِّمَا يُرِيدُ
Асмандар менен жер турганда алар тозоктон чыгышпайт. Алар ал жакта түбөлүк калышат. Бир гана жалгыз Аллахка сыйынган күнөөкөрлөрдөн Аллах Өзү каалаганын ал жактан чыгарат. Эй, пайгамбар! Чындыгында Раббиң каалаганын кылуучу. Аллахты эч ким мажбурлай албайт.
Arabic explanations of the Qur’an:
۞ وَأَمَّا ٱلَّذِينَ سُعِدُواْ فَفِي ٱلۡجَنَّةِ خَٰلِدِينَ فِيهَا مَا دَامَتِ ٱلسَّمَٰوَٰتُ وَٱلۡأَرۡضُ إِلَّا مَا شَآءَ رَبُّكَۖ عَطَآءً غَيۡرَ مَجۡذُوذٖ
Ал эми бактылуулар болсо Аллахтын бактылуу болот деген мурда жазылган тагдыры менен ыйман келтиргендери үчүн жана жакшы иштери үчүн алар асман менен жер турганда бейиште түбөлүк болушат. Бир гана Аллах каалаган күнөөкөр ыймандууларды бейишке киргизерден мурда тозокко киргизет. Чындыгында бейиш ээлерине болгон Аллахтын жакшылыктары түгөнгүс.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• التحذير من اتّباع رؤساء الشر والفساد، وبيان شؤم اتباعهم في الدارين.
Бузукулук жана жамандыктын башчыларын ээрчүүдөн эскертүү жана аларды ээрчүү эки дүйнөдөгү жамандыктын белгиси.

• تنزه الله تعالى عن الظلم في إهلاك أهل الشرك والمعاصي.
Аллах таала ширк кылгандарды жана күнөөкөрлөрдү кыйратууда аларга зулумдук кылбайт.

• لا تنفع آلهة المشركين عابديها يوم القيامة، ولا تدفع عنهم العذاب.
Мушриктер сыйынган кудайлары өзүнө сыйынгандарга кыямат күнү пайда бербе алышпайт жана аларды азаптан да куткара алышпайт.

• انقسام الناس يوم القيامة إلى: سعيد خالد في الجنان، وشقي خالد في النيران.
Кыямат күнү адамдардын экиге бөлүнүшү. Бейиште түбөлүк калуучу бактылуулар жана түбөлүк тозокто калуучу бактысыздар.

 
Translation of the meanings Surah: Hūd
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close