Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Translations’ Index


Translation of the meanings Ayah: (183) Surah: Āl-‘Imrān
ٱلَّذِينَ قَالُوٓاْ إِنَّ ٱللَّهَ عَهِدَ إِلَيۡنَآ أَلَّا نُؤۡمِنَ لِرَسُولٍ حَتَّىٰ يَأۡتِيَنَا بِقُرۡبَانٖ تَأۡكُلُهُ ٱلنَّارُۗ قُلۡ قَدۡ جَآءَكُمۡ رُسُلٞ مِّن قَبۡلِي بِٱلۡبَيِّنَٰتِ وَبِٱلَّذِي قُلۡتُمۡ فَلِمَ قَتَلۡتُمُوهُمۡ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Бул яхудилер жалган жерден: "Аллах Таала бизге китебинде пайгамбарлардын тили менен, бул элчи качан гана өзүнүн айтканын тастыктай турган нерсени б.а. Аллахка садага кылып, анысын асмандан түшкөн от жалмап кеткенин силерге көрсөтүп бермейинче, ага ишенбегиле деп осуят кылган" деп айтышат. Ушинтип Аллахты жалганга аралаштырышат. Ошон үчүн Аллах Таала Мухаммад пайгамбарды аларга минтип айт деп буйруган: "Силерге менден мурдагы элчилер да чыныгы элчи экенине ачык-айкын далилдери менен келген, силер айтып жаткан асмандан түшкөн от садаганы жалмап кетчү курбандыкты да алар көрсөткөн, эгер азыр айтып жатканыңар чын болсо, анда эмне үчүн ошол пайгамбарларды да жалганга чыгардыңар жана өлтүрдүңөр!?"
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• من سوء فعال اليهود وقبيح أخلاقهم اعتداؤهم على أنبياء الله بالتكذيب والقتل.
Яхудилердин эң жаман адаты жана иши, пайгамбарларга душмандык кылып, аларды жалганга чыгарганы жана өлтүргөнү

• كل فوز في الدنيا فهو ناقص، وإنما الفوز التام في الآخرة، بالنجاة من النار ودخول الجنة.
Бул дүйнөдөгү жеңиш, ийгиликтин баары убактылуу, кыска. Ал эми акыретте тозоктон кутулуп, бейишке кирүү мына ушул чыныгы түбөлүктүү жеңиш

• من أنواع الابتلاء الأذى الذي ينال المؤمنين في دينهم وأنفسهم من قِبَل أهل الكتاب والمشركين، والواجب حينئذ الصبر وتقوى الله تعالى.
Китеп ээлери жана бутпарастар тарабынан момундарга жана алардын динине карата айтылган ызалуу сөздөр, момундарга сыноо, бул учурда сабыр кылуу жана Аллахка такыба болуу зарыл

 
Translation of the meanings Ayah: (183) Surah: Āl-‘Imrān
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Translations’ Index

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

close