Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: Ar-Rūm   Ayah:
وَعۡدَ ٱللَّهِۖ لَا يُخۡلِفُ ٱللَّهُ وَعۡدَهُۥ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ
Бул жардам Аллахтын берген убадасы болчу. Аллах убадасын аткарбай койбойт. Убаданын ишке ашуусу менен, Аллахтын жардамы тууралуу берген убадасына ыймандуулардын ишеними күчөйт. Бирок, адамдардын көбү каапырлыгы себептүү муну түшүнбөйт.
Arabic explanations of the Qur’an:
يَعۡلَمُونَ ظَٰهِرٗا مِّنَ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَهُمۡ عَنِ ٱلۡأٓخِرَةِ هُمۡ غَٰفِلُونَ
Алар ыйманды жана шарият өкүмдөрүн билишпейт. Чындыгында алар тиричилик кылуу жана материалдык цивилизацияны куруу сыяктуу дүйнө жашоосунун сырткы көрүнүшүн гана билишет. Алар чыныгы жашоонун жайы болгон акыреттен баш таштышат жана ага көңүл да бурушпайт.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَوَلَمۡ يَتَفَكَّرُواْ فِيٓ أَنفُسِهِمۗ مَّا خَلَقَ ٱللَّهُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَآ إِلَّا بِٱلۡحَقِّ وَأَجَلٖ مُّسَمّٗىۗ وَإِنَّ كَثِيرٗا مِّنَ ٱلنَّاسِ بِلِقَآيِٕ رَبِّهِمۡ لَكَٰفِرُونَ
Жалганчы мушриктер Аллах аларды кантип жаратканын жана дене келбетин мыкты, ар тарабынан келишимдүү кылганын ойлонбойбу? Аллах асмандар менен Жерди жана алардын ортосундагы нерселерди акыйкаттык менен жаратты. Аларды жөндөн-жөн эле жаратып койгон жок. Ошондой эле асман-жердин бул дүйнөдө сакталып туруусуна бир мөөнөттү чектеп койду. Чынында, адамдардын көпчүлүгү кыямат күнү Раббисине жолугууга ишенишпеди. Ошондуктан, алар Раббиси ыраазы боло турган жакшылык иштерди кылуу аркылуу кайра тирилүүгө даярданбайт.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَوَلَمۡ يَسِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَيَنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۚ كَانُوٓاْ أَشَدَّ مِنۡهُمۡ قُوَّةٗ وَأَثَارُواْ ٱلۡأَرۡضَ وَعَمَرُوهَآ أَكۡثَرَ مِمَّا عَمَرُوهَا وَجَآءَتۡهُمۡ رُسُلُهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِۖ فَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيَظۡلِمَهُمۡ وَلَٰكِن كَانُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ يَظۡلِمُونَ
Алар жер жүзүн кезип, алардан мурунку акыйкатты жалганга чыгарган коомдордун акыбети кандай болгонун көрүшпөйбү? Ал коомдор алардан да күчтүү болушкан, жерлерди айдоо эгинзарларга айландырышып,курулуштарды салып жерди өзгөртүшкөн жана аны алардан да жакшы гүлдөтүшкөн. Кийин аларга пайгамбарлары Аллахтын жалгыздыгына ачык-айкын далилдер менен келишкенде аларды жалганга чыгарышты. Аллах аларды кыйратып жок кылууда аларга зулумдук кылган жок. Бирок алар каапырлык кылуу менен кыйроого туш болуп өздөрүнө зулумдук кылышты.
Arabic explanations of the Qur’an:
ثُمَّ كَانَ عَٰقِبَةَ ٱلَّذِينَ أَسَٰٓـُٔواْ ٱلسُّوٓأَىٰٓ أَن كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ وَكَانُواْ بِهَا يَسۡتَهۡزِءُونَ
Кийин Аллахка ширк жана күнөөлөрдү кылып жаман иштерди жасагандардын акыбети эң жаман акыбет болду! Анткени алар Аллахтын аяттарын жалганга чыгарышты жана аларды маскара кылып, шылдыңга алышты.
Arabic explanations of the Qur’an:
ٱللَّهُ يَبۡدَؤُاْ ٱلۡخَلۡقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ ثُمَّ إِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ
Аллах жан-жаратылышты мурун болбогондой көрүнүштө абалкы ирет жаратат. Кийин аларды кайрадан жаратат. Кийин силер кыямат күнү сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн Ага гана кайтасыңар.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَيَوۡمَ تَقُومُ ٱلسَّاعَةُ يُبۡلِسُ ٱلۡمُجۡرِمُونَ
Кыямат кайым болгон күнү күнөөкөрлөр Аллахтын ырайымынан үмүттөрүн үзүшөт. Алар Аллахка каапырлык кылышкандарына далил таба албагандыгы себептүү үмүттөрү үзүлөт.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَلَمۡ يَكُن لَّهُم مِّن شُرَكَآئِهِمۡ شُفَعَٰٓؤُاْ وَكَانُواْ بِشُرَكَآئِهِمۡ كَٰفِرِينَ
Алардын бул дүйнөдө сыйынышкан кудайларынан эч кимиси аларды азаптан куткаруу үчүн шапаат кылбайт. Анан алар кудайларына каапыр (каршы) болушат. Аларды муктаж болуп турган учурда жардамсыз таштап кетишти. Анткени алардын баарысы кыйроодо бирдей.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَيَوۡمَ تَقُومُ ٱلسَّاعَةُ يَوۡمَئِذٖ يَتَفَرَّقُونَ
Кыямат кайым башталган күнү адамдар сыйлык же жаза алууда дүйнөдөгү кылган иш-аракеттерине жараша бөлүнүшөт, алардын арасында бейиштеги даражаларга көтөрүлгөндөрү жана эң төмөн даражага түшкөндөрү болот.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فَهُمۡ فِي رَوۡضَةٖ يُحۡبَرُونَ
Ал эми Аллахка ыйман келтирип, Ал ыраазы болгон жакшылык иштерди кылгандар бейиште болушат. Алар андагы түгөнбөгөн түбөлүк жыргалчылыктар себептүү кубанычка батышат.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• العلم بما يصلح الدنيا مع الغفلة عما يصلح الآخرة لا ينفع.
Акыретте пайда бере турган нерсени унутуу менен бул дүйнөдө пайда берген нерсени билүү адамга пайда келтирбейт.

• آيات الله في الأنفس وفي الآفاق كافية للدلالة على توحيده.
Адамдын өзүндөгү жана ааламдагы Аллахтын аят-белгилери Анын жалгыздыгына жетиштүү далил болот.

• الظلم سبب هلاك الأمم السابقة.
Зулумдук кылуу мурунку коомдордун кыйроо себеби болгон.

• يوم القيامة يرفع الله المؤمنين، ويخفض الكافرين.
Кыямат күнү Аллах ыймандуулардын даражаларын көтөрөт, каапырлардыкын түшүрөт.

 
Translation of the meanings Surah: Ar-Rūm
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close