Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: Al-A‘rāf   Ayah:
وَلَوۡ أَنَّ أَهۡلَ ٱلۡقُرَىٰٓ ءَامَنُواْ وَٱتَّقَوۡاْ لَفَتَحۡنَا عَلَيۡهِم بَرَكَٰتٖ مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِ وَلَٰكِن كَذَّبُواْ فَأَخَذۡنَٰهُم بِمَا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ
Эгер Биз элчилерибизди жиберген айылдардын элдери элчилер алып келген динге ишенип, Раббисине такыба болуп, каапырлык жана күнөөнү таштап, Анын буйруктарын аткарышканда, аларга бардык атараптан жакшылык эшиктерин ачып коймокпуз. Бирок, алар ишенишкен да жок, такыба да болушкан жок. Тескерисинче, элчилер алып келген нерсени жалганга чыгарышты. Анан күнөө, катаалары себептүү Биз аларды кокустан азапка туш кылдык.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَفَأَمِنَ أَهۡلُ ٱلۡقُرَىٰٓ أَن يَأۡتِيَهُم بَأۡسُنَا بَيَٰتٗا وَهُمۡ نَآئِمُونَ
Айылдардын жалганчы элдери алар ырахатка батып, бейпил уктап жатканда Биздин азап келип калса, аман калмакпы?!
Arabic explanations of the Qur’an:
أَوَأَمِنَ أَهۡلُ ٱلۡقُرَىٰٓ أَن يَأۡتِيَهُم بَأۡسُنَا ضُحٗى وَهُمۡ يَلۡعَبُونَ
Же күндүзү, алар дүйнө иштери менен алек болуп, ойноп, бейкапар турушканда, Биздин азап келип калса, аман калмак беле?
Arabic explanations of the Qur’an:
أَفَأَمِنُواْ مَكۡرَ ٱللَّهِۚ فَلَا يَأۡمَنُ مَكۡرَ ٱللَّهِ إِلَّا ٱلۡقَوۡمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ
Аллахтын аларга берген мүмкүнчүлүктөрүн карагыла, өсүп-өнүгүүсү үчүн аларга күч-кубат, кенен ырыскы берди. Бул айылдардын ишенбөөчү элдери Аллахтын айлакерлигинен жана жашыруун чара көрүүсүнөн кабарсыз беле? Аллахтын айлакерлигинен кыйроочу коом гана кабарсыз калат. Ал эми ийгиликке жетүүчу коом Анын айлакерлигинен коркот, өздөрүнө берилген жакшылыктарга азгырылбайт жана аны сый катары көрүп, ал үчүн шүгүр кылат.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَوَلَمۡ يَهۡدِ لِلَّذِينَ يَرِثُونَ ٱلۡأَرۡضَ مِنۢ بَعۡدِ أَهۡلِهَآ أَن لَّوۡ نَشَآءُ أَصَبۡنَٰهُم بِذُنُوبِهِمۡۚ وَنَطۡبَعُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ فَهُمۡ لَا يَسۡمَعُونَ
Күнөөлөрүнүн айынан кыйроого учураган мурдагы элдердин ордуна жайгашып, алардын кыйроосунан этибар албай, кайра ошолордун кылган ишин кайталаган адамдарга эгер Аллах кааласа күнөөлөрү себептүү мурдагылар кабылган балээге кабылтып коёру белгилүү эмеспи? Же жүрөктөрүнө мөөр басып, насааттан таасирленбей, эскертүүдөн пайда албай турган кылып коёрун билишпейби?
Arabic explanations of the Qur’an:
تِلۡكَ ٱلۡقُرَىٰ نَقُصُّ عَلَيۡكَ مِنۡ أَنۢبَآئِهَاۚ وَلَقَدۡ جَآءَتۡهُمۡ رُسُلُهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَمَا كَانُواْ لِيُؤۡمِنُواْ بِمَا كَذَّبُواْ مِن قَبۡلُۚ كَذَٰلِكَ يَطۡبَعُ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Оо, пайгамбар, сага мурдагы өткөн Нух, Худ, Салих, Лут жана Шуайб пайгамбарлардын коомдору тууралуу, алардын пайгамбарларын жалганга чыгарганы, тоң моюндугу жана кыйроого учураганы тууралуу кабар беребиз. Бул, мындан үлгү алгандарга үлгү, насаат алгандарга насаат болуусу үчүн. Бул айылдын элине пайгамбарлары өздөрүнүн чындык экенине ачык-айкын далилдерди алып келсе да, пайгамабрлары келгенде ыйман келтиришпеди, булардын жалганга чыгаруусу Аллахтын илиминде бар эле. Ошол пайгамбарларын жалганга чыгарган айыл элдеринин жүрөктөрүн мөөрлөп койгон сыяктуу Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) каапыр болгондордун да жүрөгүн мөөрлөп коёбуз, алар ыйман жолуна түшө алышпайт.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَمَا وَجَدۡنَا لِأَكۡثَرِهِم مِّنۡ عَهۡدٖۖ وَإِن وَجَدۡنَآ أَكۡثَرَهُمۡ لَفَٰسِقِينَ
Биз элчилерибизди жиберген элдин көбү Аллахтын осуятын аткарбаганын, нын буйруктарын орундабаганын көрдүк. Алардын көбү Аллахка баш ийбеди.
Arabic explanations of the Qur’an:
ثُمَّ بَعَثۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِم مُّوسَىٰ بِـَٔايَٰتِنَآ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ وَمَلَإِيْهِۦ فَظَلَمُواْ بِهَاۖ فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُفۡسِدِينَ
Ал элчилерден кийин Фараонго жана анын коомуна Муса пайгамбарды пайгамбарлыгы чындык экенине ачык-айкын далил, белгилери менен жибердик. Бирок, алар да анын белгилерин жокко чыгарып, ага каапыр болушту. Оо, элчи, анан Фараондун жана анын коомунун акыбети кандай болгонун кара; Аллах аларды чөктүрүп жок кылды жана дүйнө, акыретте каргышка дуушар кылды.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَقَالَ مُوسَىٰ يَٰفِرۡعَوۡنُ إِنِّي رَسُولٞ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Аллах Мусаны Фараонго жибергенде, ага барып: "Эй, Фараон, мен буткүл жаратылгандардын Жаратуучусу, Падышасы жана иштерин көзөмөлдөөчүсү тарабынан жиберилгенмин" - деди.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• الإيمان والعمل الصالح سبب لإفاضة الخيرات والبركات من السماء والأرض على الأمة.
Үммөткө асман-жерден келүүчү жакшылык, берекенин көп болуусуна алардын ыйманы жана жакшы иштери себеп болот.

• الصلة وثيقة بين سعة الرزق والتقوى، وإنْ أنعم الله على الكافرين فإن هذا استدراج لهم ومكر بهم.
Ырысыкы менен такыбалыктын ортосунда терең байланыш бар, эгер Аллах каапырларга ырысыкыны кенен берсе, демек бул аларды сыноо жана аларды алдоо үчүн болот.

• على العبد ألا يأمن من عذاب الله المفاجئ الذي قد يأتي في أية ساعة من ليل أو نهار.
Пенде Аллахтын күнү, түнү кокустан келип кала турган азабынан бейкапар болбоосу керек.

• يقص القرآن أخبار الأمم السابقة من أجل تثبيت المؤمنين وتحذير الكافرين.
Ыймандууларга шык, каапырларга эскертүү болуусу үчүн Куран өткөн үммөттөрдүн кабарын айтып берет.

 
Translation of the meanings Surah: Al-A‘rāf
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close