Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: Al-A‘rāf   Ayah:
وَإِذۡ قَالَتۡ أُمَّةٞ مِّنۡهُمۡ لِمَ تَعِظُونَ قَوۡمًا ٱللَّهُ مُهۡلِكُهُمۡ أَوۡ مُعَذِّبُهُمۡ عَذَابٗا شَدِيدٗاۖ قَالُواْ مَعۡذِرَةً إِلَىٰ رَبِّكُمۡ وَلَعَلَّهُمۡ يَتَّقُونَ
Оо, элчи, дагы эстегин, бир жамаат аларды бул тыюу салынган ишти (балык уулоону) аткаруудан тыйып, эскерткенде, башка бир жамааты: "Күнөөлөрү үчүн Аллах бул дүйнөдө кыйратып жок кылып, акыретте катуу азапка дууша кыла турган адамдарга эмне үчүн насаат айтасыңар?! - дешти. Насаат айтып жаткандар: "Аллахтын бизге буйруган жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу буйругун аткарып, аны аткарбай коюп азапка кабылбоо үчүн насаат айтып жатабыз. мүмкүн алар насааттан пайда алышар жана кылып жаткан күнөө иштеринен кол үзөөр" - дешти.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَلَمَّا نَسُواْ مَا ذُكِّرُواْ بِهِۦٓ أَنجَيۡنَا ٱلَّذِينَ يَنۡهَوۡنَ عَنِ ٱلسُّوٓءِ وَأَخَذۡنَا ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ بِعَذَابِۭ بَـِٔيسِۭ بِمَا كَانُواْ يَفۡسُقُونَ
Күнөөкөрлөр насаат айтуучулардын айтканына көңүл бурбай, кылып жаткан иштерин уланта бергенде, аларды жаман иштен тыйгандарды куткарып, ишемби күнү балук уулап залымдык кылгандарды Аллахтын чегинен чыгып, күнөөнү уланта бергени үчүн катуу азап менен азаптадык.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَلَمَّا عَتَوۡاْ عَن مَّا نُهُواْ عَنۡهُ قُلۡنَا لَهُمۡ كُونُواْ قِرَدَةً خَٰسِـِٔينَ
Насаатты укпай, текеберилиги жана кежирлиги менен Аллахка күнөө кылып чектен чыгышканда, аларга: "Эй, күнөөкөрлөр, кор болгон маймылдарга айлангыла" - дедик. Анан алар Биз каалагандай болушту. Биз кайсы бир ишти кааласак, ага: "Бол" - деп айтсак, болуп калат.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَإِذۡ تَأَذَّنَ رَبُّكَ لَيَبۡعَثَنَّ عَلَيۡهِمۡ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ مَن يَسُومُهُمۡ سُوٓءَ ٱلۡعَذَابِۗ إِنَّ رَبَّكَ لَسَرِيعُ ٱلۡعِقَابِ وَإِنَّهُۥ لَغَفُورٞ رَّحِيمٞ
Оо, элчи, дагы эстегин, Аллах жөттөрдүн үстүнөн аларды дүйнө жашоосунда тээ кыяматка чейин кордоп, коркутуп тура турган адамдарды жиберерин ачык жарыя кылды. Эй, элчи, акыйкатта, Раббиң, күнөө кылгандардын жазасын өтө тез берүүчү, аларга бул дүйнө жашоосунда эле жазалап коёт. Ошондой эле Ал пенделеринен тобо кылгандарга Кечиримдүү жана аларга Ырайымдуу.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَقَطَّعۡنَٰهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ أُمَمٗاۖ مِّنۡهُمُ ٱلصَّٰلِحُونَ وَمِنۡهُمۡ دُونَ ذَٰلِكَۖ وَبَلَوۡنَٰهُم بِٱلۡحَسَنَٰتِ وَٱلسَّيِّـَٔاتِ لَعَلَّهُمۡ يَرۡجِعُونَ
Аларды жер бетинде бөлүп-жарып, бир канча тайпаларга ажыратып койдук, буга чейин алар бир чогуу жамаат болчу. Алардын арасында Аллахтын да, пенденин да акысын аткаргандары, орточолору жана күнөө жасап өз жандарына зыян кылгандары да бар. Аларды кылып жаткан иштеринен кайтабы деген үмүттө жыргал менен да куурал менен да сынап көрдүк.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَخَلَفَ مِنۢ بَعۡدِهِمۡ خَلۡفٞ وَرِثُواْ ٱلۡكِتَٰبَ يَأۡخُذُونَ عَرَضَ هَٰذَا ٱلۡأَدۡنَىٰ وَيَقُولُونَ سَيُغۡفَرُ لَنَا وَإِن يَأۡتِهِمۡ عَرَضٞ مِّثۡلُهُۥ يَأۡخُذُوهُۚ أَلَمۡ يُؤۡخَذۡ عَلَيۡهِم مِّيثَٰقُ ٱلۡكِتَٰبِ أَن لَّا يَقُولُواْ عَلَى ٱللَّهِ إِلَّا ٱلۡحَقَّ وَدَرَسُواْ مَا فِيهِۗ وَٱلدَّارُ ٱلۡأٓخِرَةُ خَيۡرٞ لِّلَّذِينَ يَتَّقُونَۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ
Анан бул жаман иш жасагандардын артында орун басар болуп бир муун келди. Алар мурдагылардан Тооротту мурас алып, аны окуп бирок, анда жазылгандарды аткарбай, Аллахтын китебин өзгөртүү үчүн жана өкүмдөрдү түшкөн максатынан бурмалоо үчүн жарыбаган дүйнө буюмдарынан пара алып, Аллах күнөөлөрүбүздү кечирет деп өздөрүн алаксытышты. Аларга жок болуп кетүүчү дүйнө буюмдарын алып келишкен сайын, биринин артынан бирин ала беришти. Акйыкатта, Аллах Таала алар менен чындыкты эч өзгөртпөстөн, бурмалабастан айтууга келишим, убада кылган эмсе беле?! Китепте жазылган иштерди алар билбестиктен кылбай койгон жок, тескерисинче аларда илими бар болчу, алар аны окуп, билишкен. Ошон үчүн алардын күнөөсү оор болду. Акырет коргону, анда Аллахтын тыйганынан тыйылып, буйруганын аткарып, такыба болгондор үчүн, бул дүйнөдөгү жок болуп кетүүчү нерселерге караганда түбөлүктүү жакшылыктар бар. Мына ушул жок болуп кетүүчү дүйнө буюмдарын алуучулар, Аллах такыбаларга акыретте жакшы жана түбөлүктүү нерселерди даярдап койгонуна акыл жүгүртүшпөйбү?!
Arabic explanations of the Qur’an:
وَٱلَّذِينَ يُمَسِّكُونَ بِٱلۡكِتَٰبِ وَأَقَامُواْ ٱلصَّلَوٰةَ إِنَّا لَا نُضِيعُ أَجۡرَ ٱلۡمُصۡلِحِينَ
(Алардын арасында) китепти бекем карманган, анда жазылгандарды иш жүзүндө аткарган, намзадарын убактысында бардык шарттарын, важыбдарын жана сүннөттөрүн толук аткарып окугандары да бар. Эми Аллах аларды кылган иштерине жараша сыйлайт, Аллах жакшы иштерди кылгандардын сооп-сыйын текке кетирбейт.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• إذا نزل عذاب الله على قوم بسبب ذنوبهم ينجو منه من كانوا يأمرون بالمعروف وينهون عن المنكر فيهم.
Эгер коомго күнөөлөрү себептүү азап түшсө, аларды жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтаргандар андан кутулушат.

• يجب الحذر من عذاب الله؛ فإنه قد يكون رهيبًا في الدنيا، كما فعل سبحانه بطائفة من بني إسرائيل حين مَسَخَهم قردة بسبب تمردهم.
Аллахтын азабынан сактануу важыб; анткени ал бул дүйнөдө коркунуч жаратуусу мүмкүн. Аллах Таала чектен чыкканы себептүү Исраил урпактарынан маймылга айландырып койгону сыяктуу.

• نعيم الدنيا مهما بدا أنه عظيم فإنه قليل تافه بجانب نعيم الآخرة الدائم.
Аллах Таала Исраил урпактарына кордукту жана жакырдыкты жазып, алардын залымдыгы жана туура жолдон тайганы себептүү ар дайым азап жөнөтүп турарын жарыялаган.

• أفضل أعمال العبد بعد الإيمان إقامة الصلاة؛ لأنها عمود الأمر.
Дүйнө жакшылыктары канча чоң болбосун, акыреттин түбөлүктүү жакшылыктарына салыштырмалуу түккө турбайт.

• كتب الله على بني إسرائيل الذلة والمسكنة، وتأذن بأن يبعث عليهم كل مدة من يذيقهم العذاب بسبب ظلمهم وانحرافهم.
Пенденин ыймандан кийинки эле жакшы иши - намаз окуу, анткени ал диндин түркүгү.

 
Translation of the meanings Surah: Al-A‘rāf
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close