Check out the new design

Traducción de los significados del Sagrado Corán - La traducción kirguisa del abreviado de la exégesis del Noble Corán * - Índice de traducciones


Traducción de significados Capítulo: Al-Nisaa   Versículo:
ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۚ لَيَجۡمَعَنَّكُمۡ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ لَا رَيۡبَ فِيهِۗ وَمَنۡ أَصۡدَقُ مِنَ ٱللَّهِ حَدِيثٗا
Аллах - Ал андан башка сыйынууга ылайыктуу эч нерсе жок (Жалгыз) Зат. Эч бир күмөнү жок кыямат күнү Ал силердин мурдыгыларыңарды да кийинкилериңерди да чогултат, иштериңерге жараша сыйлайт же жазалайт. Аллахтан туура, чын сүйлөгөн эч ким жок
Las Exégesis Árabes:
۞ فَمَا لَكُمۡ فِي ٱلۡمُنَٰفِقِينَ فِئَتَيۡنِ وَٱللَّهُ أَرۡكَسَهُم بِمَا كَسَبُوٓاْۚ أَتُرِيدُونَ أَن تَهۡدُواْ مَنۡ أَضَلَّ ٱللَّهُۖ وَمَن يُضۡلِلِ ٱللَّهُ فَلَن تَجِدَ لَهُۥ سَبِيلٗا
Оо, ыймандуулар, эки жүздүүлөр менен мамиле кылуу боюнча кайчы пикирде болуп экиге бөлүнүп кеткениңер эмне: бириңер алар каапыр болгону үчүн алар менен согушуу керек десе, экинчиңер: алар ыймандуу, алар менен согушууга болбойт дейсиңер?! Алар үчүн силердин бөлүнүүңөр туура эмес. Аларды кылган иштери үчүн Аллах Таала каапырлыкка жана адашуу жолуна салды го, Аллах туура жолду ыраа көрбөгөн адамдарды силер туура жолго салууну каалайсыңарбы?! Аллах кимди адаштырса, ага эч туура жол таба албайсың
Las Exégesis Árabes:
وَدُّواْ لَوۡ تَكۡفُرُونَ كَمَا كَفَرُواْ فَتَكُونُونَ سَوَآءٗۖ فَلَا تَتَّخِذُواْ مِنۡهُمۡ أَوۡلِيَآءَ حَتَّىٰ يُهَاجِرُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِۚ فَإِن تَوَلَّوۡاْ فَخُذُوهُمۡ وَٱقۡتُلُوهُمۡ حَيۡثُ وَجَدتُّمُوهُمۡۖ وَلَا تَتَّخِذُواْ مِنۡهُمۡ وَلِيّٗا وَلَا نَصِيرًا
Эки жүздүүлөр силерге түшкөн динге өздөрү сыяктуу силер да каапыр болуп, алар менен каапырлыкта бирдей болууңарды самайт. Алар ыйманына далил кылып, ширкке толгон жерден ислам жайылып жаткан шаарга Аллах жолунда көчүп чыгышса гана аларды дос туткула. А эгер мындан баш тартып, каапырлыктарын уланта берсе, кайсы жерде жолуксаңар ошол жерде өлтүргүлө. Аларды ишиңерде башкаруучу дос да, душманыңарга каршы кол кабыш кылуучу жардамчы да кылбагыла.
Las Exégesis Árabes:
إِلَّا ٱلَّذِينَ يَصِلُونَ إِلَىٰ قَوۡمِۭ بَيۡنَكُمۡ وَبَيۡنَهُم مِّيثَٰقٌ أَوۡ جَآءُوكُمۡ حَصِرَتۡ صُدُورُهُمۡ أَن يُقَٰتِلُوكُمۡ أَوۡ يُقَٰتِلُواْ قَوۡمَهُمۡۚ وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ لَسَلَّطَهُمۡ عَلَيۡكُمۡ فَلَقَٰتَلُوكُمۡۚ فَإِنِ ٱعۡتَزَلُوكُمۡ فَلَمۡ يُقَٰتِلُوكُمۡ وَأَلۡقَوۡاْ إِلَيۡكُمُ ٱلسَّلَمَ فَمَا جَعَلَ ٱللَّهُ لَكُمۡ عَلَيۡهِمۡ سَبِيلٗا
Бирок, силер менен тынчтык келишимин түзгөндөргө кошулуп алган адамдарды, силер менен да, коому менен да согушууга жүрөгү ээ бербей, силерге келген адамдарды өлтүрбөгүлө. Эгер Аллах кааласа, аларды силерге каршы коюп, алар силер менен согушмак. Аллахтын кечиримин кабыл кылгыла, аларга согушуу, туткундоо менен каршы чыкпагыла, силерге тынчтыкты сунуштаса, алар менен согушпагыла. Аллах Таала аларды өлтүрүүңөргө же туткундооңорго жол (уруксат) бербейт.
Las Exégesis Árabes:
سَتَجِدُونَ ءَاخَرِينَ يُرِيدُونَ أَن يَأۡمَنُوكُمۡ وَيَأۡمَنُواْ قَوۡمَهُمۡ كُلَّ مَا رُدُّوٓاْ إِلَى ٱلۡفِتۡنَةِ أُرۡكِسُواْ فِيهَاۚ فَإِن لَّمۡ يَعۡتَزِلُوكُمۡ وَيُلۡقُوٓاْ إِلَيۡكُمُ ٱلسَّلَمَ وَيَكُفُّوٓاْ أَيۡدِيَهُمۡ فَخُذُوهُمۡ وَٱقۡتُلُوهُمۡ حَيۡثُ ثَقِفۡتُمُوهُمۡۚ وَأُوْلَٰٓئِكُمۡ جَعَلۡنَا لَكُمۡ عَلَيۡهِمۡ سُلۡطَٰنٗا مُّبِينٗا
Оо, ыймандуулар, өздөрүнүн жанынын тынчтыгын көздөп, силерге ыймандуу көрүнгөн, коомуна барганда алардан аман калуу үчүн аларга каапырлыгын көрсөткөн эки жүздүүлөрдүн бир тобун көрөсүңөр. Аларды каапырлыкка, ширкке чакырса, алар ага баш оту менен берилишет. Эгер алар силерге согушун токтотпосо, тынч жашоону сунуштабаса, силерден колун тарпаса, анда аларды көргөн жерде өлтүргүлө. Мына ушундай сыпаттагы эки жүздүүлөрдү, алардын бузуку жана куулугу үчүн өлтүрүүгө силерге ачык далил уруксат бердик.
Las Exégesis Árabes:
Beneficios de los versículos de esta página:
• خفاء حال بعض المنافقين أوقع الخلاف بين المؤمنين في حكم التعامل معهم.
Кээ бир эки жүздүүлөрдүн абалы ушунчалык жашыруун болгондуктан, булар тууралуу ыймандуулардын пикири эки ача болгон

• بيان كيفية التعامل مع المنافقين بحسب أحوالهم ومقتضى المصلحة معهم.
Эки жүздүүлөр менен алардын абалына жараша кандай мамиледе болуу керектиги баяндалды

• عدل الإسلام في الكف عمَّن لم تقع منه أذية متعدية من المنافقين.
Эки жүздүүлөрдүн катуу зыян тийгизбегендерине кол көтөрүүдөн тыюу бул, Исламдын адылдыгы.

• يكشف الجهاد في سبيل الله أهل النفاق بسبب تخلفهم عنه وتكلُّف أعذارهم.
Аллах жолундагы жихад эки жүздүүлөрдүн бет кабын (сырын) ачат, анткени алар жихаддан баш тартат же түрдүү шылтоолорун айтат

 
Traducción de significados Capítulo: Al-Nisaa
Índice de Capítulos Número de página
 
Traducción de los significados del Sagrado Corán - La traducción kirguisa del abreviado de la exégesis del Noble Corán - Índice de traducciones

Emitido por el Centro Tafsir de Estudios Coránicos.

Cerrar