Check out the new design

Traducción de los significados del Sagrado Corán - La traducción kirguisa del abreviado de la exégesis del Noble Corán * - Índice de traducciones


Traducción de significados Capítulo: Al-Nisaa   Versículo:
وَإِنِ ٱمۡرَأَةٌ خَافَتۡ مِنۢ بَعۡلِهَا نُشُوزًا أَوۡ إِعۡرَاضٗا فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡهِمَآ أَن يُصۡلِحَا بَيۡنَهُمَا صُلۡحٗاۚ وَٱلصُّلۡحُ خَيۡرٞۗ وَأُحۡضِرَتِ ٱلۡأَنفُسُ ٱلشُّحَّۚ وَإِن تُحۡسِنُواْ وَتَتَّقُواْ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٗا
Эгер аял күйөөсү ага көңүлкош болуусунан корксо же аны таштап кетет деп чочуласа, анда экөө аялдын напакасы, жашай турган жери сыяктуу укуктарын чектөө үчүн келишим кылышса күнөө эмес. Келишим кылуу талакка караганда экөөнө жакшы. Чынында напси ач көз жана сараң, өзүнө тиешелүү укуктардын чектелүүсүн каалабайт, жубайлар кечиримдүү болуу, жакшылык кылуу менен напсилерин тарбиялап бул табигый оорууну дарылоосу кажет. Бардык абалдарда жакшылык кылуучу болсоңор, буйругун аткарып, тыйганынан тыйылып Аллахка такыба болсоңор, Аллах Таала чынында силердин эмне кылганыңардан Кабардар, Ага эч нерсе билинбей калбайт, кийин ошого жараша силерди сыйлайт.
Las Exégesis Árabes:
وَلَن تَسۡتَطِيعُوٓاْ أَن تَعۡدِلُواْ بَيۡنَ ٱلنِّسَآءِ وَلَوۡ حَرَصۡتُمۡۖ فَلَا تَمِيلُواْ كُلَّ ٱلۡمَيۡلِ فَتَذَرُوهَا كَٱلۡمُعَلَّقَةِۚ وَإِن تُصۡلِحُواْ وَتَتَّقُواْ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ غَفُورٗا رَّحِيمٗا
Оо, күйөөлөр, канчалык аракет кылсаңар да жүрөктүн берилүүсүндө аялдарыңарга баары бир адиеттик кыла албайсыңар; Себеби кээде иштер силердин каалооңордон сырткары болот. Жакшы көрбөгөн аялыңарды ашыкча жек көрүп, аны кам көрбөгөн күйөөсү бар, же күйөөсү жок күйөөгө муктаж болгон аял сыяктуу ара жолго таштабагыла. Аялыңардын акысын берүүнү каалабаган напсиңерди көндүрүү менен ортоңорду оңдосоңор жана Аллахка такыба болсоңор, Аллах Таала чынында силерге Кечиримдүү жана Ырайымдуу.
Las Exégesis Árabes:
وَإِن يَتَفَرَّقَا يُغۡنِ ٱللَّهُ كُلّٗا مِّن سَعَتِهِۦۚ وَكَانَ ٱللَّهُ وَٰسِعًا حَكِيمٗا
Эри-катын талак же хульу себептүү бири-биринен ажырашса, Аллах Өз пазилети менен аларды бири-бирине муктаж кылбайт. Аллах таала Пазилеттүү, Ырайымдуу башкаруу жана тагдыр кылуусунда Даанышман.
Las Exégesis Árabes:
وَلِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۗ وَلَقَدۡ وَصَّيۡنَا ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ مِن قَبۡلِكُمۡ وَإِيَّاكُمۡ أَنِ ٱتَّقُواْ ٱللَّهَۚ وَإِن تَكۡفُرُواْ فَإِنَّ لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ وَكَانَ ٱللَّهُ غَنِيًّا حَمِيدٗا
Асман-жердеги жана алардын ортосундагы мүлк, падышалыктын баары Жалгыз Аллахка таандык. Китеп ээлерине да, силерге да Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларынан тыйылууну келишим кылганбыз. Бул келишимди бузсаңар, өзүңөргө гана зыяны тиет. Аллах Таала силердин баш ийүүңөргө муктаж эмес, асман-жердеги мүлк, падышалыктын баары Ага таандык. Ал бардык жаратылгандарга муктаж эмес, бардык сыпаттары жана иштери макталган Зат
Las Exégesis Árabes:
وَلِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلًا
Асман-жердеги мүлк, падышалыктын баары Жалгыз Аллахка таандык, баш ийүүгө ылайык. Жаратылгандардын бардык абалдарын көзөмөлдөөгө жетиштүү Өкүл
Las Exégesis Árabes:
إِن يَشَأۡ يُذۡهِبۡكُمۡ أَيُّهَا ٱلنَّاسُ وَيَأۡتِ بِـَٔاخَرِينَۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ ذَٰلِكَ قَدِيرٗا
Эй, адамдар, эгер кааласа силерди жок кылып кырып, Аллахка баш ийип, күнөөдөн тыйыла турган силерден башкаларды жаратып коёт, мындай кылууга Аллах Таала Кудуреттүү
Las Exégesis Árabes:
مَّن كَانَ يُرِيدُ ثَوَابَ ٱلدُّنۡيَا فَعِندَ ٱللَّهِ ثَوَابُ ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِۚ وَكَانَ ٱللَّهُ سَمِيعَۢا بَصِيرٗا
Эй, адамдар, силерден ким иш-аракети үчүн бул дүйнөнүн гана жакшылыгын кааласа, билсин, Аллахта дүйнө-акыреттин сообу бар, бул экөөнүн тең сооп-сыйын сурасын, Аллах Таала силердин сөзүңөрду Угуучу, иш-аракетиңерди Көрүүчү, кийин ошого жараша силерди сыйлайт же жазалайт
Las Exégesis Árabes:
Beneficios de los versículos de esta página:
• استحباب المصالحة بين الزوجين عند المنازعة، وتغليب المصلحة بالتنازل عن بعض الحقوق إدامة لعقد الزوجية.
талаш-тартыш болгондо жубайлардын келишимге келүүсү жакшы иш жана ошол келишимде айрым укутардын жеңилдетилүүсү үй-бүлөлүк жашоону сактап калат

• أوجب الله تعالى العدل بين الزوجات خاصة في الأمور المادية التي هي في مقدور الأزواج، وتسامح الشرع حين يتعذر العدل في الأمور المعنوية، كالحب والميل القلبي.
Аллах Таала аялдар ортосунда адилеттүү болууну, айрыкча өзүнүн колунан келе турган материалдык жактан адил болууну күйөөгө милдет кылды. Ал эми сүйүү, берилүү сыяктуу табигый жактан адилетсиздик болуп калса шарият буга уруксат берди

• لا حرج على الزوجين في الفراق إذا تعذرت العِشْرة بينهما.
эгер экөөнүн ортосунда оту күйүшпөй калса, анда жубайлардын ажырашуусу эч нерсе эмес

• الوصية الجامعة للخلق جميعًا أولهم وآخرهم هي الأمر بتقوى الله تعالى بامتثال الأوامر واجتناب النواهي.
Жаратылгандардын баарына, мурдагыларына да, кийинкилерине да жалпы осуят - бул, буйругун аткаруу, тыйганынан тыйылуу аркылуу Аллахка такыба болуу

 
Traducción de significados Capítulo: Al-Nisaa
Índice de Capítulos Número de página
 
Traducción de los significados del Sagrado Corán - La traducción kirguisa del abreviado de la exégesis del Noble Corán - Índice de traducciones

Emitido por el Centro Tafsir de Estudios Coránicos.

Cerrar