Check out the new design

ترجمهٔ معانی قرآن کریم - ترجمه‌ى قرقيزى - شمس الدین حکیموف * - لیست ترجمه ها

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

ترجمهٔ معانی سوره: مدثر   آیه:

Мудасир

يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡمُدَّثِّرُ
Оо, чүмкөнүп (жатып) алган адам!
تفسیرهای عربی:
قُمۡ فَأَنذِرۡ
Туруп (элдерге Акыретти) эскерт!
تفسیرهای عربی:
وَرَبَّكَ فَكَبِّرۡ
Жана Раббиңдин улуулугун даңазала![1]
[1] Пайгамбарыбыз «Хира» үңкүрүндө Жебирейил периштеден алгачкы вахийди кабыл алганда, адаттан тышкары окуяга кабылганы себептүү катуу коркуп, үйүнө келип, оронуп-чүмкөнүп жатып алат. Ошол убакытта ушул аяттар түшүп, элдерди ыйманга чакыруу вазыйпасы жүктөлөт жана ишенбеген адамдарга акыреттеги тозокту эскертүү буюрулат.
تفسیرهای عربی:
وَثِيَابَكَ فَطَهِّرۡ
Жана кийимиңди тазала![1]
[1] Аллах таала – Аруу, Таза. Андан келген дин-ыйман дагы таза. Демек, бул Таза Жолго чакыруу үчүн тазаланыш керек. Бул аятты түз маанисинде «тазаалык (даарат)тын шарттарынан бири» деп түшүнүүгө да болот. Бирок, кээ бир уламалар «кийим» дегенден максат инсандын бардык иш – аракеттери, кыял-жоруктары дешет.
تفسیرهای عربی:
وَٱلرُّجۡزَ فَٱهۡجُرۡ
Жана ыпластыктан ыраак бол![1]
[1] Бул аяттагы «ыпластык» сөзүн да уламалар эки түрлүү түшүндүрүшөт. Биринчи тайпалары «ыпластык – бул Аллахтан башка ар түрдүү кудайлар» дешет. Дагы кээ бирөөлөрү «бардык ыплас иштер» дешет.
تفسیرهای عربی:
وَلَا تَمۡنُن تَسۡتَكۡثِرُ
Аз нерсе берип ордуна көп нерсе сураба.[1]
[1] Бул тафсир Имам Куртубийге тиешелүү.
تفسیرهای عربی:
وَلِرَبِّكَ فَٱصۡبِرۡ
(Көргөн жамандыктарга) Раббиң үчүн сабыр кыл!
تفسیرهای عربی:
فَإِذَا نُقِرَ فِي ٱلنَّاقُورِ
Эми, качан гана (Исрафил периште тарабынан «Сур» деген) керней тартылганда (жана Кыямат башталганда).
تفسیرهای عربی:
فَذَٰلِكَ يَوۡمَئِذٖ يَوۡمٌ عَسِيرٌ
Мына ушул күн – өтө оор күн!
تفسیرهای عربی:
عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ غَيۡرُ يَسِيرٖ
Каапырларга жеңил болбогон (күн)!
تفسیرهای عربی:
ذَرۡنِي وَمَنۡ خَلَقۡتُ وَحِيدٗا
(Оо, Мухаммад) Мен жалгыз жараткан (каапыр) пендени Мага кой.[1]
[1] Бул аяттагы «каапыр пенде», Мекке мушриктеринин бири Валид ибн Мугира аль Махзуумий. Ал пайгамбарыбызга көп душманчылык көргөзүп, өзүнүн байлыгы, бала-чакасы көп адам экени менен мактанаар эле. Аллах таала бул аятта пайгамбарына эки чындыкты айтууда: Биринчиси, “аны Мен менен жалгыз кой, жазасын Өзүм беремин” деп пайгамбарынын көңүлүн көтөрүү. Экинчиси, пайгамбарына Валидди тегеректеген балдары, жардамчылары көп болгону менен жаратылганда (туулганда) эл катары жалгыз, алсыз туулганын билдирүү.
تفسیرهای عربی:
وَجَعَلۡتُ لَهُۥ مَالٗا مَّمۡدُودٗا
Мен ага эсепсиз дүйнө-мүлк бердим.
تفسیرهای عربی:
وَبَنِينَ شُهُودٗا
Жана (ар дайым кызматына) даяр турган уул перзенттерди бердим.
تفسیرهای عربی:
وَمَهَّدتُّ لَهُۥ تَمۡهِيدٗا
Жана ага өтө кененчилик бердим.
تفسیرهای عربی:
ثُمَّ يَطۡمَعُ أَنۡ أَزِيدَ
Андан соң ал (каниетсиз, наадан адам) Биз ага (Акыреттик бейишти да) кошумча кылуубузду үмүт кылат.[1]
[1] Ал жана ага окшогондор Аллахтын бул берешендиги истидраж (акырындап, сездирбей жазага кириптер кылуу) экенин түшүнбөй «Аллах мени сүйөт. Бул дүйнөдө берген жакшылыгын Акыретте да берет» деп ойлошот.
تفسیرهای عربی:
كَلَّآۖ إِنَّهُۥ كَانَ لِأٓيَٰتِنَا عَنِيدٗا
Жок! (андай болбойт! Себеби) ал Биздин аяттарыбызды (билип, түшүнүп туруп) четке какты!
تفسیرهای عربی:
سَأُرۡهِقُهُۥ صَعُودًا
Мен аны жакында (тозоктогу) аска таштын үстүнө чыгарамын!
تفسیرهای عربی:
إِنَّهُۥ فَكَّرَ وَقَدَّرَ
Себеби, ал (Куран жөнүндө) пикир кылды жана (аны өзүнүн кыска ченем-өлчөмү менен) өлчөдү![1]
[1] Ыйык Куранды окуган, аяттарынын үстүндө пикир кылган бардык адамдарга хидаят (туура жол) боло бербейт. Аны окуп жаткандагы ниет кандай болсо, ошого жараша болот. Куранды өзүнүн кыска акылына ченеп окугандар албетте, адашышат.
تفسیرهای عربی:
 
ترجمهٔ معانی سوره: مدثر
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - ترجمه‌ى قرقيزى - شمس الدین حکیموف - لیست ترجمه ها

مترجم: شمس‌الدین حکیموف عبدالخالق، تحت نظارت مرکز ترجمه‌ى رواد توسعه يافته است.

بستن