ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی آیه: (4) سوره: سوره رعد
وَفِي ٱلۡأَرۡضِ قِطَعٞ مُّتَجَٰوِرَٰتٞ وَجَنَّٰتٞ مِّنۡ أَعۡنَٰبٖ وَزَرۡعٞ وَنَخِيلٞ صِنۡوَانٞ وَغَيۡرُ صِنۡوَانٖ يُسۡقَىٰ بِمَآءٖ وَٰحِدٖ وَنُفَضِّلُ بَعۡضَهَا عَلَىٰ بَعۡضٖ فِي ٱلۡأُكُلِۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ
Жер бетинде жакын жайгашкан жер тилкелери, жүзүм бактар, эгинзарлар, бир өзөктөн чыккан курмалар жана өзөктөрү ар башка курмалар бар. Мына ошол бакчалар жана эгинзарлар бир суудан сугарылат. Алар бир жерден суу ичип, жакын жайгашканына карабастан пайдалары үчүн Биз аларды даамында жана башка нерселерде бири-биринен артык кылабыз. Чындыгында бул айтылгандарда акыл жүгүрткөн адамдар үчүн далилдер бар. Анткени мына ошолор бул нерселерден сабак алышат.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• إثبات قدرة الله سبحانه وتعالى والتعجب من خلقه للسماوات على غير أعمدة تحملها، وهذا مع عظيم خلقتها واتساعها.
Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана Анын асмандарды жаратуусуна болгон таң калуусун баса белгилөө. Ал асмандар эбегейсиз чоңдугуна жана кеңдигине карабастан эч кандай тирөөчтөрү жок кармалып турат.

• إثبات قدرة الله وكمال ربوبيته ببرهان الخلق، إذ ينبت النبات الضخم، ويخرجه من البذرة الصغيرة، ثم يسقيه من ماء واحد، ومع هذا تختلف أحجام وألوان ثمراته وطعمها.
Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана кемчиликсиз жаратуучулук сыпатын тастыктоо. Буга Анын жараткандары далил болот, мисалы чоң дарак кичинекей данектен өсүп-өнүп чыгат, кийин бир жерден сугарылат, бирок ага карабастан мөмө-жемиштеринин көлөмдөрү, түстөрү жана даамдары ар кандай болот.

• أن إخراج الله تعالى للأشجار الضخمة من البذور الصغيرة، بعد أن كانت معدومة، فيه رد على المشركين في إنكارهم للبعث؛ فإن إعادة جمع أجزاء الرفات المتفرقة والمتحللة في الأرض، وبعثها من جديد، بعد أن كانت موجودة، هو بمنزلة أسهل من إخراج المعدوم من البذرة.
Аллах тааланын жок эле даракты кичинекей данектен чоң кылып өстүрүп чыгаруусунда кайра тирилүүнү четке каккан мушриктерге каршы жооп камтылган. Чындыгында мурда бар болуп кийин жер астында чирип жок болуп кеткен дененин бөлүктөрүн кайра жыйноо жана анын мурдагыдай кылып жаңыдан кайра тирилтүү – бул мурда жок болгон даракты данектен чыгаргандан да жеңилирээк.

 
ترجمهٔ معانی آیه: (4) سوره: سوره رعد
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن