ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی سوره: سوره رعد   آیه:

Рaад

از اهداف این سوره:
الرد على منكري الوحي والنبوة ببيان مظاهر عظمة الله.
Аян-кабарды жана пайгамбарлыкты четке каккандарга, Аллахтын улуулугун ачык баяндоо аркылуу жооп берүү...

الٓمٓرۚ تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِۗ وَٱلَّذِيٓ أُنزِلَ إِلَيۡكَ مِن رَّبِّكَ ٱلۡحَقُّ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يُؤۡمِنُونَ
Алиф, лаам, ро. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башталышында айтылган. Эй, пайгамбар! Бул сүрөөдөгү ушул улуу аяттар жана Аллах сага түшүргөн Куран – эч кандай шек-күмөнү жок акыйкат. Ал Аллахтын алдынан экендигинде шек жок. Бирок адамдардын көпчүлүгү көк беттиктен жана текеберликтен ага ыйман келтиришпейт.
تفسیرهای عربی:
ٱللَّهُ ٱلَّذِي رَفَعَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ بِغَيۡرِ عَمَدٖ تَرَوۡنَهَاۖ ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰ عَلَى ٱلۡعَرۡشِۖ وَسَخَّرَ ٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَۖ كُلّٞ يَجۡرِي لِأَجَلٖ مُّسَمّٗىۚ يُدَبِّرُ ٱلۡأَمۡرَ يُفَصِّلُ ٱلۡأٓيَٰتِ لَعَلَّكُم بِلِقَآءِ رَبِّكُمۡ تُوقِنُونَ
Аллах силер көрүп турган бийик асмандарды тирөөчсүз жаратты. Андан соң эч бир нерсеге окшобогон жана кандай болгондугу белгисиз абалда Өзүнө ылайык келгендей Аршка көтөрүлүп бийиктеди. Жана Күн менен Айды адамдардын пайдалары үчүн баш ийдирди. Аллахтын илиминде Күн дагы Ай дагы белгиленген мөөнөткө чейин жүрөт. Аллах асмандар менен жердеги иштерди Өзү каалагандай башкарат. Кыямат күнү Раббиңер менен жолугууга толук ишенип, ага жакшылык иштер менен даярдангыла деген үмүттө Ал Өзүнүн кудуреттүүлүгүн билдирген аят-белгилерди ачыктап көрсөтөт.
تفسیرهای عربی:
وَهُوَ ٱلَّذِي مَدَّ ٱلۡأَرۡضَ وَجَعَلَ فِيهَا رَوَٰسِيَ وَأَنۡهَٰرٗاۖ وَمِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ جَعَلَ فِيهَا زَوۡجَيۡنِ ٱثۡنَيۡنِۖ يُغۡشِي ٱلَّيۡلَ ٱلنَّهَارَۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَتَفَكَّرُونَ
Аллах Таала жерди жайык кылып, адамдарды силкип жибербөөсү үчүн анда бекем тоолорду жаратты. Адамдар, алардын малдары жана эгин-тегиндери суу ичүү үчүн дарыяларды агызды. Айбанаттарды эркек-ургаачы кылган сыяктуу мөмө-жемиштерди да баарын эки түрдүү кылды. Ал түндү күндүзгө каптатып, жарык караңгыга айланат. Чынында, бул айтылгандарда Аллах жараткан нерселер тууралуу ой жүгүртүп, пикир кылгандар үчүн аят-далилдер бар. Мына ошолор бул аят-далилдерден пайда алышат.
تفسیرهای عربی:
وَفِي ٱلۡأَرۡضِ قِطَعٞ مُّتَجَٰوِرَٰتٞ وَجَنَّٰتٞ مِّنۡ أَعۡنَٰبٖ وَزَرۡعٞ وَنَخِيلٞ صِنۡوَانٞ وَغَيۡرُ صِنۡوَانٖ يُسۡقَىٰ بِمَآءٖ وَٰحِدٖ وَنُفَضِّلُ بَعۡضَهَا عَلَىٰ بَعۡضٖ فِي ٱلۡأُكُلِۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ
Жер бетинде жакын жайгашкан жер тилкелери, жүзүм бактар, эгинзарлар, бир өзөктөн чыккан курмалар жана өзөктөрү ар башка курмалар бар. Мына ошол бакчалар жана эгинзарлар бир суудан сугарылат. Алар бир жерден суу ичип, жакын жайгашканына карабастан пайдалары үчүн Биз аларды даамында жана башка нерселерде бири-биринен артык кылабыз. Чындыгында бул айтылгандарда акыл жүгүрткөн адамдар үчүн далилдер бар. Анткени мына ошолор бул нерселерден сабак алышат.
تفسیرهای عربی:
۞ وَإِن تَعۡجَبۡ فَعَجَبٞ قَوۡلُهُمۡ أَءِذَا كُنَّا تُرَٰبًا أَءِنَّا لَفِي خَلۡقٖ جَدِيدٍۗ أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِرَبِّهِمۡۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ ٱلۡأَغۡلَٰلُ فِيٓ أَعۡنَاقِهِمۡۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ
Оо, пайгамбар! Эгерде бир нерсеге таң калчу болсоң, анда алардын кайрадан тирилүүнү жалганга чыгаргандарына жана аны жокко чыгарып “биз өлүп топуракка жана чириген сөөккө айлангандан кийин кайрадан тирилмек белек?!” деп далил кылган сөздөрүнө таң калганың татыктуураак. Раббисине каапырлык кылышып, өлгөндөрдү кайра тирилтүүгө Анын кудурети жетпейт деп өлүмдөн кийин кайра тирилүүнү жокко чыгаргандар – ошолор кыямат күнү моюндарына оттон болгон чынжырлар оролгондор, мына ошолор тозокко киргендер. Алар ал жайда түбөлүк калышат, алар жок да болушпайт жана алардан азап токтотулбайт.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• إثبات قدرة الله سبحانه وتعالى والتعجب من خلقه للسماوات على غير أعمدة تحملها، وهذا مع عظيم خلقتها واتساعها.
Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана Анын асмандарды жаратуусуна болгон таң калуусун баса белгилөө. Ал асмандар эбегейсиз чоңдугуна жана кеңдигине карабастан эч кандай тирөөчтөрү жок кармалып турат.

• إثبات قدرة الله وكمال ربوبيته ببرهان الخلق، إذ ينبت النبات الضخم، ويخرجه من البذرة الصغيرة، ثم يسقيه من ماء واحد، ومع هذا تختلف أحجام وألوان ثمراته وطعمها.
Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана кемчиликсиз жаратуучулук сыпатын тастыктоо. Буга Анын жараткандары далил болот, мисалы чоң дарак кичинекей данектен өсүп-өнүп чыгат, кийин бир жерден сугарылат, бирок ага карабастан мөмө-жемиштеринин көлөмдөрү, түстөрү жана даамдары ар кандай болот.

• أن إخراج الله تعالى للأشجار الضخمة من البذور الصغيرة، بعد أن كانت معدومة، فيه رد على المشركين في إنكارهم للبعث؛ فإن إعادة جمع أجزاء الرفات المتفرقة والمتحللة في الأرض، وبعثها من جديد، بعد أن كانت موجودة، هو بمنزلة أسهل من إخراج المعدوم من البذرة.
Аллах тааланын жок эле даракты кичинекей данектен чоң кылып өстүрүп чыгаруусунда кайра тирилүүнү четке каккан мушриктерге каршы жооп камтылган. Чындыгында мурда бар болуп кийин жер астында чирип жок болуп кеткен дененин бөлүктөрүн кайра жыйноо жана анын мурдагыдай кылып жаңыдан кайра тирилтүү – бул мурда жок болгон даракты данектен чыгаргандан да жеңилирээк.

وَيَسۡتَعۡجِلُونَكَ بِٱلسَّيِّئَةِ قَبۡلَ ٱلۡحَسَنَةِ وَقَدۡ خَلَتۡ مِن قَبۡلِهِمُ ٱلۡمَثُلَٰتُۗ وَإِنَّ رَبَّكَ لَذُو مَغۡفِرَةٖ لِّلنَّاسِ عَلَىٰ ظُلۡمِهِمۡۖ وَإِنَّ رَبَّكَ لَشَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ
Оо, пайгамбар! Мушриктер сенден азапты шаштырышат. Аллах аларга тагдыр кылган жакшылыктарды толук алышканга чейин азаптын келиши кечигип кетти дешет. Алардан мурун аларга окшогон жалганчы коомдор да жазаланышкан. Эмнеге алардан сабак алышпайт? Эй, пайгамбар! Чындыгында Раббиң адамдар зулумдук кылышса дагы аларга кечиримдүү. Алар Аллахка тообо кылуулары үчүн аларды жазалоого шашылбайт. Ошондой эле Ал каапырлыктан кайтпагандар тообо кылышпаса аларды катуу жазалайт.
تفسیرهای عربی:
وَيَقُولُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَوۡلَآ أُنزِلَ عَلَيۡهِ ءَايَةٞ مِّن رَّبِّهِۦٓۗ إِنَّمَآ أَنتَ مُنذِرٞۖ وَلِكُلِّ قَوۡمٍ هَادٍ
Аллахка каапырлык кылгандар баш тарткандарынан жана көк беттиктеринен кайтышпай: «Муса менен Исага түшкөндөй аят-белгилер Мухаммадга да түшпөйт беле?!» – дешет. Оо, пайгамбар! Сен адамдарды Аллахтын азабынан коркуткан гана эскертүүчүсүң. Аллах сага кайсы аят-белгилерди берсе, ошолор гана болот. Ар бир коомдо аларды акыйкат жолго салган, ага карай жол көрсөткөн пайгамбар болот.
تفسیرهای عربی:
ٱللَّهُ يَعۡلَمُ مَا تَحۡمِلُ كُلُّ أُنثَىٰ وَمَا تَغِيضُ ٱلۡأَرۡحَامُ وَمَا تَزۡدَادُۚ وَكُلُّ شَيۡءٍ عِندَهُۥ بِمِقۡدَارٍ
Аллах ар бир аялдын курсагындагы көтөргөнүн билет. Ал тууралуу баарысын билет жана жатында болуп жаткан азайып көбөйгөнүн, саламаттыгын жана илдеттүүлүгүн билет. Аллахтын алдында бардык нерсе белгиленген өлчөмдө болот, ал андан азайбайт да кемибейт.
تفسیرهای عربی:
عَٰلِمُ ٱلۡغَيۡبِ وَٱلشَّهَٰدَةِ ٱلۡكَبِيرُ ٱلۡمُتَعَالِ
Анткени Аллах жаратылгандар сезбеген бардык кайып нерселерди жана алардын сезимдери сезген ар бир нерсени Билүүчү. Ал Өзүнүн сыпаттарында, ысымдарында жана иш-аракеттеринде Улук. Ал Өз Заты жана сыпаттары менен бүткүл жаратылгандардан Жогору.
تفسیرهای عربی:
سَوَآءٞ مِّنكُم مَّنۡ أَسَرَّ ٱلۡقَوۡلَ وَمَن جَهَرَ بِهِۦ وَمَنۡ هُوَ مُسۡتَخۡفِۭ بِٱلَّيۡلِ وَسَارِبُۢ بِٱلنَّهَارِ
Оо, адамдар! Ал жашыруун сырларды билет. Анын илиминде силердин араңарда сөзүн жашырган адам менен ачык айткан адам бирдей, ошондой эле караңгы түндө адамдардын көзүнө көрүнбөй жашынган адам менен күндүзгү жарыкта көз көрүнө иш кылып жаткан адам Анын илиминде бирдей.
تفسیرهای عربی:
لَهُۥ مُعَقِّبَٰتٞ مِّنۢ بَيۡنِ يَدَيۡهِ وَمِنۡ خَلۡفِهِۦ يَحۡفَظُونَهُۥ مِنۡ أَمۡرِ ٱللَّهِۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوۡمٍ حَتَّىٰ يُغَيِّرُواْ مَا بِأَنفُسِهِمۡۗ وَإِذَآ أَرَادَ ٱللَّهُ بِقَوۡمٖ سُوٓءٗا فَلَا مَرَدَّ لَهُۥۚ وَمَا لَهُم مِّن دُونِهِۦ مِن وَالٍ
Аллах тааланын адамга кезектешип келген периштелери бар. Алардын кээ бирлери кечинде келет, кээ бири күндүзү келет. Алар Аллах тагдыр кылып жазган бирок болтурбай коюу керек болгон тагдырды токтотуу үчүн адамдарды Аллахтын буйругу менен сакташат. Ошондой эле адамдын сөздөрүн жана кылган иштерин жазышат. Чындыгында Аллах бир эл өздөрүн шүгүр кылуучу абалга өзгөртпөсө, анда ал элди жакшы абалдан башка абалга өзгөтпөйт. Аллах таала бир коомду кыйратууну кааласа, анда эч ким Аллахтын каалоосун кайтара албайт. Эй, адамдар! Силер үчүн силердин ишиңерди башкарган Аллахтан башка башкаруучу жок. Ошондуктан силерге туш болгон балеелерди кайтарыш үчүн Ага таянгыла.
تفسیرهای عربی:
هُوَ ٱلَّذِي يُرِيكُمُ ٱلۡبَرۡقَ خَوۡفٗا وَطَمَعٗا وَيُنشِئُ ٱلسَّحَابَ ٱلثِّقَالَ
Оо, адамдар! Ал силерге чагылганды көргөзөт. Ал чагылгандын соккусу менен силерге коркунуч жана жамгырга болгон үмүт жаратат. Ошондой эле Ал нөшөөрлөгөн жамгыр суусу менен оор болгон булуттарды жаратат.
تفسیرهای عربی:
وَيُسَبِّحُ ٱلرَّعۡدُ بِحَمۡدِهِۦ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ مِنۡ خِيفَتِهِۦ وَيُرۡسِلُ ٱلصَّوَٰعِقَ فَيُصِيبُ بِهَا مَن يَشَآءُ وَهُمۡ يُجَٰدِلُونَ فِي ٱللَّهِ وَهُوَ شَدِيدُ ٱلۡمِحَالِ
Күндүн күркүрөгү Раббисин мактоо менен биргеликте Аны аруулайт. Ошондой эле периштелер Раббисинен коркуп, улуктап жана урматтап аруулашат. Аллах макулуктарынын каалаганына күйгүзүүчү чагылган түшүрүп, аларды кыйратат. Ал эми каапырлар болсо, Аллахтын жалгыздыгы тууралуу талашып-тартышат. Аллахтын күч-кубаты катаал, Ал каалаганын аткарат.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• عظيم مغفرة الله وحلمه عن خطايا بني آدم، فهم يستكبرون ويَتَحَدَّوْنَ رسله وأنبياءه، ومع هذا يرزقهم ويعافيهم ويحلم عنهم.
Адам баласынын катачылыктарына Аллахтын кечирими менен токтоолугунун Улуктугу. Алар болсо Анын элчилерине жана пайгамбарларына бой көтөрүшүп, аларга чакырык ташташат. Мына ушундай кылышса да Аллах аларга ырыскы берет, саламатта кылат жана аларга токтоолук кылат.

• سعة علم الله تعالى بما في ظلمة الرحم، فهو يعلم أمر النطفة الواقعة في الرحم، وصَيْرُورتها إلى تخليق ذكر أو أنثى، وصحته واعتلاله، ورزقه وأجله، وشقي أو سعيد، فعلمه بها عام شامل.
Караңгы жатындын ичиндегини да билген Аллах тааланын илими кеңдиги. Ал жатындын ичине түшкөн уруктун абалын, эркек же кыз болуп жаралганга чейинки абалдарын, дени сак же майып болорун, ырыскысын жана ажалын, бактылуу же бактысыз болорун билет. Ал тууралуу Аллахтын илими баарын камтып алат.

• عظيم عناية الله ببني آدم، وإثبات وجود الملائكة التي تحرسه وتصونه وغيرهم مثل الحَفَظَة.
Аллахтын адам баласына болгон камкордугунун Улуктугу. Жана адамды сактаган жана күзөткөн ж.б. периштелердин бар экенин тастыктоо. Мисалы, “сактоочу” периштелери.

• أن الله تعالى يغير حال العبد إلى الأفضل متى ما رأى منه اتباعًا لأسباب الهداية، فهداية التوفيق منوطة باتباع هداية البيان.
Чындыгында Аллах таала пенденин качан туура жолго түшүү себептерин ээрчишин көрмөйүнчө анын абалын жакшы абалга өзгөртпөйт. Туура жол ийгилиги болсо баяндалган туура жолго ээрчүүгө байланыштуу.

لَهُۥ دَعۡوَةُ ٱلۡحَقِّۚ وَٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ مِن دُونِهِۦ لَا يَسۡتَجِيبُونَ لَهُم بِشَيۡءٍ إِلَّا كَبَٰسِطِ كَفَّيۡهِ إِلَى ٱلۡمَآءِ لِيَبۡلُغَ فَاهُ وَمَا هُوَ بِبَٰلِغِهِۦۚ وَمَا دُعَآءُ ٱلۡكَٰفِرِينَ إِلَّا فِي ضَلَٰلٖ
Аллахтын жалгыздыгына чакыруу жалгыз Аллах үчүн гана болуу керек. Бул нерседе эч ким ага шерик эмес. Мушриктер дуба кылып сурап жаткан Аллахтан башка кудайчалар алар эмне гана дуба кылып сурабасын, алардын дубаларына жооп беришпейт. Алардын ага кылган дубалары суусаган адам сууга колун сунуп сууну оозуна жеткизип ичем деген сыяктуу. Суу болсо анын оозуна жетпейт, ал эми каапырлардын кудайчаларга кылган дубалары туурадан алыс жана алар жоготууда. Анткени куйдайчалар аларга пайда алып келгенге жана алардан зыянды тосууга ээлик кылбайт.
تفسیرهای عربی:
وَلِلَّهِۤ يَسۡجُدُۤ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ طَوۡعٗا وَكَرۡهٗا وَظِلَٰلُهُم بِٱلۡغُدُوِّ وَٱلۡأٓصَالِ۩
Асмандардагы жана жердегилердин баары жалгыз Аллах үчүн сажда кылып моюн сунушат. Бул нерседе мусулман жана каапыр бирдей. Болгону мусулман Аллахка өз каалоосу менен моюн сунуп сажда кылат. Ал эми каапыр болсо Аллахка мажбур түрдө моюн сунат. Бирок анын табияты Аллахка өз каалоосу менен моюн сунууну айтып турат. Көлөкөсү бар бардык жаратылгандардын көлөкөлөрү эртең менен кечинде Аллахка баш ийишет.
تفسیرهای عربی:
قُلۡ مَن رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ قُلِ ٱللَّهُۚ قُلۡ أَفَٱتَّخَذۡتُم مِّن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَ لَا يَمۡلِكُونَ لِأَنفُسِهِمۡ نَفۡعٗا وَلَا ضَرّٗاۚ قُلۡ هَلۡ يَسۡتَوِي ٱلۡأَعۡمَىٰ وَٱلۡبَصِيرُ أَمۡ هَلۡ تَسۡتَوِي ٱلظُّلُمَٰتُ وَٱلنُّورُۗ أَمۡ جَعَلُواْ لِلَّهِ شُرَكَآءَ خَلَقُواْ كَخَلۡقِهِۦ فَتَشَٰبَهَ ٱلۡخَلۡقُ عَلَيۡهِمۡۚ قُلِ ٱللَّهُ خَٰلِقُ كُلِّ شَيۡءٖ وَهُوَ ٱلۡوَٰحِدُ ٱلۡقَهَّٰرُ
О, пайгамбар! Аллах менен бирге башка нерселерге да сыйынып жаткан каапырларга: “Асмандардын жана жердин Жаратуучусу жана ал экөөнү Башкаруучу ким?” деп айткын. О, пайгамбар! Дагы аларга: “Ал экөөнү Жаратуучу жана Башкаруучу – Аллах. Муну силер да моюнга аласыңар” деп айт. О, пайгамбар! Аларга дагы минтип айткын: “Аллахтан башка алсыз олуяларды өзүңөргө дос кылып алдыңарбы? Алар өздөрүнө пайда алып келе албайт, зыяндан сактана албайт. Анан кантип башкаларга жардам бере алмак эле?” О, пайгамбар! Аларга айткын: “Көкүрөгү көр каапыр менен туура жолдогу көрөгөч мусулман бирдейби? Же караңгы каапырлык менен нурдуу ыйман бирдейби?” Же Аллах Таалага жаратууда шерик болуштубу? Же алар Аллахтын жаратканындай жаратыштыбы? Алар Аллахтын жаратканын алардын шериктери жаратты деп аралаштырып алышты. О, пайгамбар! Аларга айткын: “Жалгыз Аллах бардык нерсени Жаратуучу. Жаратууда Ага эч ким шерик эмес. Кудай болуу жалгыз Ага гана таандык. Ал жалгыз Өзү гана ибадат кылууга татыктуу жана бардык нерсеге үстөмдүк кылуучу.
تفسیرهای عربی:
أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَسَالَتۡ أَوۡدِيَةُۢ بِقَدَرِهَا فَٱحۡتَمَلَ ٱلسَّيۡلُ زَبَدٗا رَّابِيٗاۖ وَمِمَّا يُوقِدُونَ عَلَيۡهِ فِي ٱلنَّارِ ٱبۡتِغَآءَ حِلۡيَةٍ أَوۡ مَتَٰعٖ زَبَدٞ مِّثۡلُهُۥۚ كَذَٰلِكَ يَضۡرِبُ ٱللَّهُ ٱلۡحَقَّ وَٱلۡبَٰطِلَۚ فَأَمَّا ٱلزَّبَدُ فَيَذۡهَبُ جُفَآءٗۖ وَأَمَّا مَا يَنفَعُ ٱلنَّاسَ فَيَمۡكُثُ فِي ٱلۡأَرۡضِۚ كَذَٰلِكَ يَضۡرِبُ ٱللَّهُ ٱلۡأَمۡثَالَ
Аллах, жалгандын жок болуусуна жана акыйкаттын сакталып калуусуна асмандан түшкөн жамгырдын суусун мисал кылды. Ал өлчөмүнө жараша аз же көп болуп өзөндөрдө агат. Анан ал сел таштанды, көбүктөрдү суунун үстүнө чыгарат. Ошондой эле Аллах ал экөөнө, кымбат баалуу металдарды отко эритип, анын ширенди-датын ажыратып, жасана турган жасалгаларды жасаганды мисал кылат. Аллах ушундай мисалдарды акыйкат менен жалганга мисал катары келтирет. Жалган – суунун үстүнө чыгып калган таштанды жана көбүктөргө жана металды эриткенде чыккан ширенди-даттарга окшош. Ал эми акыйкат – ичиле турган таза суу сыяктуу. Анын натыйжасында мөмөлөр, өсүмдүктөр, чөптөр өсөт. Жана жасалгандан кийинки (таза) темир сыяктуу. Аны адамдар пайдаланат. Аллах акыйкат жалгандан айырмаланып туруусу үчүн адамдарга ушул эки мисалды келтирген сыяктуу башка мисалдарды да келтирет.
تفسیرهای عربی:
لِلَّذِينَ ٱسۡتَجَابُواْ لِرَبِّهِمُ ٱلۡحُسۡنَىٰۚ وَٱلَّذِينَ لَمۡ يَسۡتَجِيبُواْ لَهُۥ لَوۡ أَنَّ لَهُم مَّا فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗا وَمِثۡلَهُۥ مَعَهُۥ لَٱفۡتَدَوۡاْ بِهِۦٓۚ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ سُوٓءُ ٱلۡحِسَابِ وَمَأۡوَىٰهُمۡ جَهَنَّمُۖ وَبِئۡسَ ٱلۡمِهَادُ
Раббиси Аны жалгыздоого жана Ага моюн сунууга чакырганда Ага жооп берген ыймандуулар үчүн жакшы сыйлык бар, ал – бейиш. Ал эми Анын жалгыздыгына жана Ага моюн сунууга чакырганда жооп бербеген каапырлар эгерде аларда жер бетиндеги түрдүү мал-мүлктөр болсо жана ошого кошумча дагы ошончолук мал-мүлктөрү болсо, анда алар ошонун баарын жандарын азаптан куткаруу үчүн сарптап жиберишмек. Алар Аллахтын чакырыгына жооп беришпеди. Алар бардык кылган күнөөлөрү үчүн суракка алынышат. Алардын бара турган жайы тозок. Алардын бара турган жерлери жана жайлары тозок кандай жаман!
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• بيان ضلال المشركين في دعوتهم واستغاثتهم بغير الله تعالى، وتشبيه حالهم بحال من يريد الشرب فيبسط يده للماء بلا تناول له، وليس بشارب مع هذه الحالة؛ لكونه لم يتخذ وسيلة صحيحة لذلك.
Мушриктердин Аллах тааладан башка нерседен коргоо сурап жана башка нерсеге дуба кылып адашкандарын баяндоо. Алардын абалын суу ичем деп колун сууга сунуп бирок суу суза албаган адамдын абалына окшош. Ал адам бул абалда суу иче албайт. Анткени ал нерсеге туура себепти колдонгон жок.

• أن من وسائل الإيضاح في القرآن: ضرب الأمثال وهي تقرب المعقول من المحسوس، وتعطي صورة ذهنية تعين على فهم المراد.
Курандагы түшүндүрүү жолдордун бири – мисалдарды келтирүү. Ал акылга сыя турган нерсени көрүнүктүү нерсе менен мисал кылуу. Анткени ал зээнде бир элести пайда кылып, максат кылынган нерсени түшүнүүгө жардам берет.

• إثبات سجود جميع الكائنات لله تعالى طوعًا، أو كرهًا بما تمليه الفطرة من الخضوع له سبحانه.
Жаратылган нерселердин бардыгы Аллах таалага моюн сунган абалда же аруу Аллахка моюн сунуу алардын таза табиятында болгондуктан, алар мажбур түрүндө сажда кылышат.

۞ أَفَمَن يَعۡلَمُ أَنَّمَآ أُنزِلَ إِلَيۡكَ مِن رَّبِّكَ ٱلۡحَقُّ كَمَنۡ هُوَ أَعۡمَىٰٓۚ إِنَّمَا يَتَذَكَّرُ أُوْلُواْ ٱلۡأَلۡبَٰبِ
Оо, пайгамбар! Аллах сага түшүргөн нерсе Раббиңден экенин жана анда эч бир шеги жок акыйкат экенин билип, Аллахка моюн сунган ыймандуу адам менен Аллахка моюн сунбаган сокур каапыр адам тең эмес. Бул нерседен акылы тунук адамдар гана акыл-насаат алышат.
تفسیرهای عربی:
ٱلَّذِينَ يُوفُونَ بِعَهۡدِ ٱللَّهِ وَلَا يَنقُضُونَ ٱلۡمِيثَٰقَ
Аллахка баш ийгендер мына ошолор Ага берген убадаларын же Анын пенделерине берген убадаларын аткарышат. Алар Аллах менен болгон же Андан башкасы менен болгон бекем убадаларды бузушпайт.
تفسیرهای عربی:
وَٱلَّذِينَ يَصِلُونَ مَآ أَمَرَ ٱللَّهُ بِهِۦٓ أَن يُوصَلَ وَيَخۡشَوۡنَ رَبَّهُمۡ وَيَخَافُونَ سُوٓءَ ٱلۡحِسَابِ
Алар Аллах үзбөгөнгө буйруган бардык туугандык мамилелерди бекемдешет жана Раббисинен коркушат. Ал коркуу – аларды Анын буйруктарын аткарууга жана Анын тыйган нерселеринен тыйылууга түртөт. Аллах алар кылган бардык күнөөлөрү себептүү аларды эсеп-кысап кылуусунан коркушат. Анткени кимге эсеп-кысап кылынса, анда ал кыйроого учурайт.
تفسیرهای عربی:
وَٱلَّذِينَ صَبَرُواْ ٱبۡتِغَآءَ وَجۡهِ رَبِّهِمۡ وَأَقَامُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَأَنفَقُواْ مِمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡ سِرّٗا وَعَلَانِيَةٗ وَيَدۡرَءُونَ بِٱلۡحَسَنَةِ ٱلسَّيِّئَةَ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ عُقۡبَى ٱلدَّارِ
Алар Аллахка баш ийүүдө жана Аллах аларга тагдыр кылып берген жакшылык-жамандыкта сабыр кылгандар. Аллахтын ыраазылыгын көздөп күнөөдөн тыйылышкандар. Намазды толук аткарышкандар. Биз берген мал-мүлктөрдү милдеттүү болгон акыларга жумшагандар. Аларды ыктыярдуу түрдө жана жашыруун түрдө эл көрүүсүнөн сактанып беришкендер жана аларды көрүп башкалар да ээрчиш үчүн ачык түрдө бергендер. Аларга жамандык кылган адамдардын жамандыгына жакшылык менен жооп беришкендер. Ушул сыпаттар менен сыпатталган адамдар үчүн Кыямат күнү мактоого татыктуу акыбет бар.
تفسیرهای عربی:
جَنَّٰتُ عَدۡنٖ يَدۡخُلُونَهَا وَمَن صَلَحَ مِنۡ ءَابَآئِهِمۡ وَأَزۡوَٰجِهِمۡ وَذُرِّيَّٰتِهِمۡۖ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ يَدۡخُلُونَ عَلَيۡهِم مِّن كُلِّ بَابٖ
Мактоого татыктуу акыбет – бул бейиштер. Анда адамдар түбөлүк жыргалчылыкта жашашат. Алардын бейиштеги толук жыргачылыктарынын бири – алар менен ага туура жолдо жүргөн аталары, энелери, жубайлары жана балдарынын кирүүсү. Бул нерсе аларга жолугууну каалагандыктары себептүү болот. Периштелер аларга бейиштеги жайларынын бардык эшиктеринен киришип аларды куттукташат.
تفسیرهای عربی:
سَلَٰمٌ عَلَيۡكُم بِمَا صَبَرۡتُمۡۚ فَنِعۡمَ عُقۡبَى ٱلدَّارِ
Аларга периштелер кирген сайын: «Силерге Аллахтын тынчтыгы болсун» - деп салам беришет. Тагыраак айтканда, Аллахка баш ийүүдө, Анын тагдырынын жамандыгына сабыр кылганыңар себептүү жана Ага күнөө кылуудан тыйылгандыгыңар себептүү апааттардан саламат болгула. Силердин акыбетиңер болгон Акырет үйү кандай жакшы!
تفسیرهای عربی:
وَٱلَّذِينَ يَنقُضُونَ عَهۡدَ ٱللَّهِ مِنۢ بَعۡدِ مِيثَٰقِهِۦ وَيَقۡطَعُونَ مَآ أَمَرَ ٱللَّهُ بِهِۦٓ أَن يُوصَلَ وَيُفۡسِدُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمُ ٱللَّعۡنَةُ وَلَهُمۡ سُوٓءُ ٱلدَّارِ
Аллахка берген убадаларын бекемдегенден кийин да убадаларын бузгандар жана Аллах буюруган тууганчылык карым-катышты үзгөндөр бактысыз адамдар. Алар Аллахтын ырайымынан куулгандар. Андай адамдардын акыбети жаман, ал - тозок.
تفسیرهای عربی:
ٱللَّهُ يَبۡسُطُ ٱلرِّزۡقَ لِمَن يَشَآءُ وَيَقۡدِرُۚ وَفَرِحُواْ بِٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَمَا ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا فِي ٱلۡأٓخِرَةِ إِلَّا مَتَٰعٞ
Аллах каалаган пенделерине ырыскысын кеңейтет жана каалаган пенделерине тарытат. Ырыскынын кеңдиги бактылуулуктун жана Аллахты жакшы көрүүсүнүн белгиси эмес. Ал эми ырыскынын тардыгы бактысыздыктын белгиси эмес. Каапырлар бул дүйнө жашоосуна кубанышып, ал жашоого катуу таянышып бейпил жашашты. Бирок бул дүйнө жашоосу акырет жашоосунун алдында бир аз гана арзыбаган жыргалчылык.
تفسیرهای عربی:
وَيَقُولُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَوۡلَآ أُنزِلَ عَلَيۡهِ ءَايَةٞ مِّن رَّبِّهِۦۚ قُلۡ إِنَّ ٱللَّهَ يُضِلُّ مَن يَشَآءُ وَيَهۡدِيٓ إِلَيۡهِ مَنۡ أَنَابَ
Аллахка жана Анын аяттарына каапыр болгондор мындай деп айтышты: «Эгер Мухаммадга Раббисинен чынчылдыгына далил болгон көрүнүктүү аят-белги түшүрүлгөндө биз ага ыйман келтирмекпиз». Оо, пайгамбар! Ал сунуш кылгандарга айткын: «Чындыгында Аллах адилеттүүлүгү менен каалаган адамды адаштырат. Жана Аллах пазилети менен тообо кылып кайткандарды туура жолго салат. Алар туура жолго түшүүнү аят-белгилердин түшүүсүнө байлашса да ал туура жолго баштоо алардын колунда эмес».
تفسیرهای عربی:
ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَتَطۡمَئِنُّ قُلُوبُهُم بِذِكۡرِ ٱللَّهِۗ أَلَا بِذِكۡرِ ٱللَّهِ تَطۡمَئِنُّ ٱلۡقُلُوبُ
Аллах туура жолго баштаган адамдар – алар Аллахка ыйман келтирип, Аллахты аруулап, мактап, Куранды окуп жана угуп зикр кылганда жүрөктөрү тынчтанган адамдар. Көңүл бургула! Жалгыз Аллахты эстөө менен жүрөктөр тынчтанат. Аллах жүрөктү ушул үчүн жараткан.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الترغيب في جملة من فضائل الأخلاق الموجبة للجنة، ومنها: حسن الصلة، وخشية الله تعالى، والوفاء بالعهود، والصبر والإنفاق، ومقابلة السيئة بالحسنة والتحذير من ضدها.
Бул аяттарда бейишке милдеттүү түрдө киргизүүчү адеп-ахлактардын артыкчылыгына кызыктыруу бар. Ал адеп-ахлактар: тууганчылык байланышты бекемдөө, Аллахтан коркуу, убаданы аткаруу, сабырдуулук, садака кылууу, жамандыкты жакшылыктарга алмаштыруу жана жакшылыктарды жамандыктарга алмаштыруудан сактануу.

• أن مقاليد الرزق بيد الله سبحانه وتعالى، وأن توسعة الله تعالى أو تضييقه في رزق عبدٍ ما لا ينبغي أن يكون موجبًا لفرح أو حزن، فهو ليس دليلًا على رضا الله أو سخطه على ذلك العبد.
Ырыскыларга ээлик кылуу Аллахтын колунда. Кандай гана пенде болбосун, Аллах анын ырыскысын кеңейтип же тарытып койгон болсо, анда ал нерселерге кубанып же кайгырбашы керек. Ошондуктан ал нерселер Аллахтын ал пендеге ыраазы болгондугуна же ачуулангандыгына далил болбойт.

• أن الهداية ليست بالضرورة مربوطة بإنزال الآيات والمعجزات التي اقترح المشركون إظهارها.
Чындыгында туура жолго баштоо аят-белгилердин түшүүсүнө жана мушриктер суранган кереметтерге байланышы жок.

• من آثار القرآن على العبد المؤمن أنه يورثه طمأنينة في القلب.
Куран окуунун ыймандуу пендеге тийгизген таасири ал жүрөктү тынчтандырат.

ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ طُوبَىٰ لَهُمۡ وَحُسۡنُ مَـَٔابٖ
Аллахка ыйман келтиргендер жана Аллахка жакындатуучу жакшы иш-аракеттерди кылгандарга акыретте жакшы жашоо бар. Андай адамдардын акыбети жакшы бейиш гана болот.
تفسیرهای عربی:
كَذَٰلِكَ أَرۡسَلۡنَٰكَ فِيٓ أُمَّةٖ قَدۡ خَلَتۡ مِن قَبۡلِهَآ أُمَمٞ لِّتَتۡلُوَاْ عَلَيۡهِمُ ٱلَّذِيٓ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ وَهُمۡ يَكۡفُرُونَ بِٱلرَّحۡمَٰنِۚ قُلۡ هُوَ رَبِّي لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ عَلَيۡهِ تَوَكَّلۡتُ وَإِلَيۡهِ مَتَابِ
Оо, пайгамбар! Биз мурунку үммөттөрдүн элчилерине жөнөткөн китептердин окшошундай сенин үммөтүңө да жибердик. Биз сага түшүргөн куранды аларга окуп бер. Андыктан ал Куран сенин чынчыл экендигиңе жетиштүү далил. Бирок сенин коомуңдун абалы бул аяттарды четтке кагышты. Себеби алар ырайымдуу Аллахка башка нерсени шерик кылышып каапыр болушту. Эй, пайгамбар! Аларга айткын: «Силер шерик кошкон ырайымдуу Аллах ал менин Раббим. Андан башка сыйынууга татыктуу зат жок. Бардык иштеримде Ага гана таянам жана Ага гана тообо кыламын.
تفسیرهای عربی:
وَلَوۡ أَنَّ قُرۡءَانٗا سُيِّرَتۡ بِهِ ٱلۡجِبَالُ أَوۡ قُطِّعَتۡ بِهِ ٱلۡأَرۡضُ أَوۡ كُلِّمَ بِهِ ٱلۡمَوۡتَىٰۗ بَل لِّلَّهِ ٱلۡأَمۡرُ جَمِيعًاۗ أَفَلَمۡ يَاْيۡـَٔسِ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَن لَّوۡ يَشَآءُ ٱللَّهُ لَهَدَى ٱلنَّاسَ جَمِيعٗاۗ وَلَا يَزَالُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ تُصِيبُهُم بِمَا صَنَعُواْ قَارِعَةٌ أَوۡ تَحُلُّ قَرِيبٗا مِّن دَارِهِمۡ حَتَّىٰ يَأۡتِيَ وَعۡدُ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُخۡلِفُ ٱلۡمِيعَادَ
Оо, пайгамбар! Эгер Аллахтан түшкөн китептердин бири кереметүү болуп, ошол керемет менен тоолор ордуларынан жылдырылса, жер жарылып дарыялар жана булактар ага турган болсо, ал кереметтүү китеп өлүктөргө окулганда тирилип кете турган болсо, анда ал керемет сага түшкөн Куранда болмок. Эгер алардын жүрөктөрүндө коркуу болгондо ал Куран өтө таасирдүү ачык далил болот эле. Бирок алар аны четке кагышты. Тактап айтканда, кереметтерди жана аят-белгилерди түшүрүү туурасындагы иштердин баары Аллахка гана таандык. Аллахка ыйман келтиргендер билишпейби?! Эгер Аллах адамдарды баарын туура жолго түшүрүүнү кааласа, анда Аллах аларга аят-белгилерин түшүрбөстөн туруп эле туура жолго салып коймок. Бирок Аллах андайды каалабады. Аллахка каапыр болгондорго капырлыктары жана күнөөлөрү себептүү оор кыйынчылыктар жетип турат. Ал балээлер Аллахтын токтоосуз түшүүчү азабынын убадасы келгенче, алардын турак жайларына жакын жерге түшөт. Чындыгында Аллах убада кылган нерсесин белгиленген убагы келгенде убадасын аткарбай койбойт.
تفسیرهای عربی:
وَلَقَدِ ٱسۡتُهۡزِئَ بِرُسُلٖ مِّن قَبۡلِكَ فَأَمۡلَيۡتُ لِلَّذِينَ كَفَرُواْ ثُمَّ أَخَذۡتُهُمۡۖ فَكَيۡفَ كَانَ عِقَابِ
Оо, пайгамбар! Сени коомуң шылдыңдап жалганга чыгарган эң биринчи пайгамбар эмессиң. Сенден мурдагы үммөттөр да пайгамбарларын шылдыңдашкан. Өз пайгамбарларын шылдыңдаган каапырлар Мени: «Ал азаптабайт» - деп ойлошуп калганга чейин мөөнөт бердим. Мөөнөт бүткөндөн кийин аларды ар кандай азаптар менен азаптадым. Мен аларды азаптаганымды көргөнүңдө кандай болмок? Ал өтө катаал азап.
تفسیرهای عربی:
أَفَمَنۡ هُوَ قَآئِمٌ عَلَىٰ كُلِّ نَفۡسِۭ بِمَا كَسَبَتۡۗ وَجَعَلُواْ لِلَّهِ شُرَكَآءَ قُلۡ سَمُّوهُمۡۚ أَمۡ تُنَبِّـُٔونَهُۥ بِمَا لَا يَعۡلَمُ فِي ٱلۡأَرۡضِ أَم بِظَٰهِرٖ مِّنَ ٱلۡقَوۡلِۗ بَلۡ زُيِّنَ لِلَّذِينَ كَفَرُواْ مَكۡرُهُمۡ وَصُدُّواْ عَنِ ٱلسَّبِيلِۗ وَمَن يُضۡلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِنۡ هَادٖ
Бардык жаратылыштын ырыскыларын сактоону өз милдетине алган, бүткүл адамдардын иш-аракеттерин көзөмөлдөөчү жана кылган иштерине жараша жаза же сыйлык берген Зат сыйынылууга татыктуураакпы же таптакыр сыйынылууга татыбаган бул айкелдерби? Каапырлар буларды Аллахка зулумдук кылышып жана жалгандан шерик кылып жатышат. Эй, пайгамбар! Аларга айткын: “Эгер айтып жаткан нерсеңерде чынчыл болсоңор, силер Аллахка кошуп сыйынып жаткан кудайчаларыңардын аттарын атап бергилечи. Же эмне Аллахка силер жер жүзүндө Ал билбеген шериктер жөнүндө кабар берип жатасыңарбы? Же эч далилсиз үстүртөн айтылган бош сөздү Ага кабарлап жатасыңарбы?”. Жок! Шайтан каапырлардын жаман айлакерликтерин аларга кооздоп көрсөттү жана ушунун натыйжасында алар Аллахка каапыр болушту. Жана аларды хидаяттан жана туура жолдон тосуп койду. Кимди Аллах туура жолдон адаштырса, аны туура жолго салуучу эч ким жок.
تفسیرهای عربی:
لَّهُمۡ عَذَابٞ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۖ وَلَعَذَابُ ٱلۡأٓخِرَةِ أَشَقُّۖ وَمَا لَهُم مِّنَ ٱللَّهِ مِن وَاقٖ
Алар үчүн дүйнө жашоосунда мусулмандар тарабынан өлтүрүлүү жана алардын колдоруна туткунга алынуу менен ишке аша турган азап бар. Ал эми акыретте аларды күткөн азап үзгүлтүксүз токтобогону менен дүйнөдөгү азаптан да катуураак жана өтө оор. Кыямат күнү аларды Аллахтын азабынан куткара турган эч ким болбойт.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• أن الأصل في كل كتاب منزل أنه جاء للهداية، وليس لاستنزال الآيات، فذاك أمر لله تعالى يقدره متى شاء وكيف شاء.
Түшүрүлгөн ар бир китеп негизи туура жол үчүн келген. Аяттарынын түшүрүлүүсү талап кылынганы үчүн келген эмес. Бул да болсо Аллах таалага таандык буйругу. Аны качан жана кандай кааласа тагдыр кылат.

• تسلية الله تعالى للنبي صلى الله عليه وسلم، وإحاطته علمًا أن ما يسلكه معه المشركون من طرق التكذيب، واجهه أنبياء سابقون.
Аллахтын пайгамбардын көңүлүн көтөрүүсү. Жана мушриктер пайгамбарды жалганга чыгарган ыкмаларга мурдагы пайгамбарлар да кабылышканын Аллахтын ага толук билдирүүсү.

• يصل الشيطان في إضلال بعض العباد إلى أن يزين لهم ما يعملونه من المعاصي والإفساد.
Шайтан кээ бир адамдарды адаштырууда алардын кылып жаткан бузуку жана күнөө иштерин кооз кылып көрсөтүүгө чейин барат.

۞ مَّثَلُ ٱلۡجَنَّةِ ٱلَّتِي وُعِدَ ٱلۡمُتَّقُونَۖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُۖ أُكُلُهَا دَآئِمٞ وَظِلُّهَاۚ تِلۡكَ عُقۡبَى ٱلَّذِينَ ٱتَّقَواْۚ وَّعُقۡبَى ٱلۡكَٰفِرِينَ ٱلنَّارُ
Аллах тааланын буйруктарына моюн сунуп жана Анын тыйгандарын таштаган такыба адамдар үчүн Аллахтын убада берген бейишинин сыпаты – кан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар агып турат. Ал жердин мөмө-жемиштери эч качан түгөнбөйт. Алар бул дүйнөдөгү мөмө-жемиштердей эмес. Көлөкөсү да туруктуу, жок болуп жана кыскарып да кетпейт. Аллахка такыбалык кылган, Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарынан кайткан адамдын акыбети мына ушундай. Ал эми каапырлардын акыбети тозок. Алар ага киришип, ал жакта түбөлүк калышат.
تفسیرهای عربی:
وَٱلَّذِينَ ءَاتَيۡنَٰهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ يَفۡرَحُونَ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيۡكَۖ وَمِنَ ٱلۡأَحۡزَابِ مَن يُنكِرُ بَعۡضَهُۥۚ قُلۡ إِنَّمَآ أُمِرۡتُ أَنۡ أَعۡبُدَ ٱللَّهَ وَلَآ أُشۡرِكَ بِهِۦٓۚ إِلَيۡهِ أَدۡعُواْ وَإِلَيۡهِ مَـَٔابِ
Оо, пайгамбар! Биз Тооратты берген жөөттөр жана Инжилди берген христиандар сага түшүрүлгөн нерсенин кээ бири аларга түшкөн нерселерге шайкеш келгендиги үчүн сүйүнүшөт. Жөөттөр менен христиандардын кээ бир тайпалары сага түшүрүлгөн кээ бир нерселерди өздөрүнүн каалоолоруна ылайык келбегендиги үчүн же аларды өзгөртүп бурмалагандарын сыпаттагандыгы үчүн четке кагышат. Оо, пайгамбар! Аларга айт: “Чындыгында Аллах таала мени жалгыз Өзүнө сыйынуумду жана Ага эч нерсени шерик кошпоомду буйруду”. Жалгыз Ага гана дуба кылам, Андан башка эч кимге дуба кылбайм. Жалгыз Ага гана кайтамын. Тоорат жана Инжил да мына ушул нерселер менен келген.
تفسیرهای عربی:
وَكَذَٰلِكَ أَنزَلۡنَٰهُ حُكۡمًا عَرَبِيّٗاۚ وَلَئِنِ ٱتَّبَعۡتَ أَهۡوَآءَهُم بَعۡدَ مَا جَآءَكَ مِنَ ٱلۡعِلۡمِ مَا لَكَ مِنَ ٱللَّهِ مِن وَلِيّٖ وَلَا وَاقٖ
Оо, пайгамбар! Биз мурунку китептерди элдеринин тилинде түшүргөнүбүз сыяктуу сага да өкүмдү ачыктап, акыйкатты баяндай турган Куранды араб тилинде түшүрдүк. Эй, пайгамбар! Эгер Аллах сага үйрөткөн илим келгенден кийин Китеп ээлеринин каалоолоруна ылайык келбеген нерсени өчүрүү туурасында сени менен тартышкан нерсесинде алардын каалоолоруна ээрчий турган болсоң, анда Аллах тарабынан сенин ишиңе жардам бере турган дос да, душмандарыңа каршы сага жардамчы да болбойт. Жана сени Анын азабынан тыя турган эч ким болбойт.
تفسیرهای عربی:
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا رُسُلٗا مِّن قَبۡلِكَ وَجَعَلۡنَا لَهُمۡ أَزۡوَٰجٗا وَذُرِّيَّةٗۚ وَمَا كَانَ لِرَسُولٍ أَن يَأۡتِيَ بِـَٔايَةٍ إِلَّا بِإِذۡنِ ٱللَّهِۗ لِكُلِّ أَجَلٖ كِتَابٞ
Оо, пайгамбар! Чынында сенден мурда да адамдардан пайгамбарларды жибергенбиз. Сен жаңы пайда болгон жалгыз пайгамбар эмессиң. Аларга да башка адамдар сыяктуу аялдарды жана бала-чакаларды бердик. Аларды үйлөнбөгөн жана бала көрбөгөн периштелер сыяктуу кылбадык. Сен дагы үйлөнүп, бала көргөн адамдардан болгон пайгамбарлардансың. Эми эмнеге мушриктер сенин ушундай болгонуңа таң калып жатышат? Аллахтын уруксатысыз эч бир пайгамбар өзүнөн бир аят-белги алып келүүсү мүмкүн эмес. Аллах тагдыр кылган ар бир иштин мөөнөтү эскерилген китеп бар. Ал мөөнөт оозуп да кетпейт кеч да калбайт.
تفسیرهای عربی:
يَمۡحُواْ ٱللَّهُ مَا يَشَآءُ وَيُثۡبِتُۖ وَعِندَهُۥٓ أُمُّ ٱلۡكِتَٰبِ
Аллах таала жакшылык-жамандыктын же бактылуулук-бактысыздыктын жана башка нерселердин каалаганын кетирип жок кылат. Жана алардан каалаганын бекемдеп коёт. Тагдыр китеби да Анын алдында. Ал бардык нерсенин кайта турган жери. Өчүрүлгөн же бекемделген кандай гана нерсе болбосун, анын баары андагы жазылган нерсеге туура келет.
تفسیرهای عربی:
وَإِن مَّا نُرِيَنَّكَ بَعۡضَ ٱلَّذِي نَعِدُهُمۡ أَوۡ نَتَوَفَّيَنَّكَ فَإِنَّمَا عَلَيۡكَ ٱلۡبَلَٰغُ وَعَلَيۡنَا ٱلۡحِسَابُ
Оо, пайгамбар! Биз убада кылып жаткан азаптын кээ бирин сен өлө элегиңде сага көрсөтүү — ал биздин ишибиз. Же сага көрсөткөнгө чейин сенин жаныңды алсак да сенин милдетиң жеткирүүгө буйрулган нерсени жеткирүү гана. Аларды жазалап жана суракка алуу сенин милдетиң эмес. Ал Биздин ишибиз.
تفسیرهای عربی:
أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّا نَأۡتِي ٱلۡأَرۡضَ نَنقُصُهَا مِنۡ أَطۡرَافِهَاۚ وَٱللَّهُ يَحۡكُمُ لَا مُعَقِّبَ لِحُكۡمِهِۦۚ وَهُوَ سَرِيعُ ٱلۡحِسَابِ
Биз Исламды жайылтуу менен жана мусулмандардын жерлерди ачуусу менен каапырлык кылынган жерлерди четинен кемитип жатканыбызды ал каапырлар көрүшкөн жокбу. Аллах Өзү каалаган нерсе менен пенделеринин арасында өкүм кылат. Анын өкүмүн эч ким бузуп же өзгөртүп же алмаштыруу менен артка кайтара албайт. Ал Аруу Аллахтын азабы бат болот. Абалкылар менен кийинкилерди бир күндө суракка алат.
تفسیرهای عربی:
وَقَدۡ مَكَرَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ فَلِلَّهِ ٱلۡمَكۡرُ جَمِيعٗاۖ يَعۡلَمُ مَا تَكۡسِبُ كُلُّ نَفۡسٖۗ وَسَيَعۡلَمُ ٱلۡكُفَّٰرُ لِمَنۡ عُقۡبَى ٱلدَّارِ
Мурунку элдер пайгамбарларына айлакерлик кылышты жана алар алып келген динди жалганга чыгарышты. Бирок, алар айлакерликтери менен эмне кыла алышты? Эч нерсе кыла алган жок. Анткени, ишке ашкан чечим, эч кимдин чечими эмес, Аллахтын чечими. Ошондой эле Аллах Таала алардын кылып жаткан иштерин билет жана ал үчүн аларды жазалайт. Мына ошондо алар Аллахка ыйман келтирбей канчалык ката кетиргенин жана мусулмандар туура жолду карманып, ошол себептүү бейишке жана жакшы акыбетке ээ болгонун билишет.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الترغيب في الجنة ببيان صفتها، من جريان الأنهار وديمومة الرزق والظل.
Бейиштин сыпаттарын айтуу менен ага кызыктыруу. Мисалы, дарыялардын агып турушу, ырыскынын дайым болушу жана көлөкөлүүгү.

• خطورة اتباع الهوى بعد ورود العلم وأنه من أسباب عذاب الله.
Илим келгенден кийин аны ээрчибестен өз каалоосун ээрчип кетүүнүн коркунучтуулугу жана бул Аллахтын азабына кабылуунун себептеринен.

• بيان أن الرسل بشر، لهم أزواج وذريات، وأن نبينا صلى الله عليه وسلم ليس بدعًا بينهم، فقد كان مماثلًا لهم في ذلك.
Пайгамбарлар дагы адамдар экенин, алардын да аялдары жана урпактары бар экенин баяндоо. Ошондой эле биздин пайгамбарыбыз да бул нерселерде мурунку пайгамбарлардан өзгөчөлөнбөй ошолор сыяктуу эле пайгамбар экенин ачыктоо.

وَيَقُولُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَسۡتَ مُرۡسَلٗاۚ قُلۡ كَفَىٰ بِٱللَّهِ شَهِيدَۢا بَيۡنِي وَبَيۡنَكُمۡ وَمَنۡ عِندَهُۥ عِلۡمُ ٱلۡكِتَٰبِ
Каапыр болгондор: “Эй, Мухаммад! Сен Аллахтан жиберилген элчи эмессиң” – деп айтышат. Эй, пайгамбар! Сен аларга мындай деп айткын: “Менин жана силердин ортоңордо мен силерге Раббим тараптан элчи экениме Аллах жана менин сыпатым келген асмандан түшкөн китептер тууралуу илими барлар күбө экени жетиштүү. Кимдин чынчылдыгына Аллах күбө болсо, анда аны жалганга чыгаргандардын жалганга чыгаруусу зыян бербейт.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• أن المقصد من إنزال القرآن هو الهداية بإخراج الناس من ظلمات الباطل إلى نور الحق.
Куранды түшүрүүнүн максаты – жалгандын караңгылыктарынан акыйкат нуруна адамдарды чыгарып аларды туура жолго салуу.

• إرسال الرسل يكون بلسان أقوامهم ولغتهم؛ لأنه أبلغ في الفهم عنهم، فيكون أدعى للقبول والامتثال.
Пайгамбарлар өз элинин тилинде жиберилет. Анткени аларды түшүнүүдө чоң таасирин тийгизет. Себеби бул пайгамбарлар алып келген нерсени кабыл алып ээрчүүгө эң жакшы түрткү болот.

• وظيفة الرسل تتلخص في إرشاد الناس وقيادتهم للخروج من الظلمات إلى النور.
Пайгамбарлардын милдети адамдарды туура жолго багыттоо жана аларды караңгылыктардан нурга чыгаруу.

 
ترجمهٔ معانی سوره: سوره رعد
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن