ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی آیه: (7) سوره: سوره رعد
وَيَقُولُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَوۡلَآ أُنزِلَ عَلَيۡهِ ءَايَةٞ مِّن رَّبِّهِۦٓۗ إِنَّمَآ أَنتَ مُنذِرٞۖ وَلِكُلِّ قَوۡمٍ هَادٍ
Аллахка каапырлык кылгандар баш тарткандарынан жана көк беттиктеринен кайтышпай: «Муса менен Исага түшкөндөй аят-белгилер Мухаммадга да түшпөйт беле?!» – дешет. Оо, пайгамбар! Сен адамдарды Аллахтын азабынан коркуткан гана эскертүүчүсүң. Аллах сага кайсы аят-белгилерди берсе, ошолор гана болот. Ар бир коомдо аларды акыйкат жолго салган, ага карай жол көрсөткөн пайгамбар болот.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• عظيم مغفرة الله وحلمه عن خطايا بني آدم، فهم يستكبرون ويَتَحَدَّوْنَ رسله وأنبياءه، ومع هذا يرزقهم ويعافيهم ويحلم عنهم.
Адам баласынын катачылыктарына Аллахтын кечирими менен токтоолугунун Улуктугу. Алар болсо Анын элчилерине жана пайгамбарларына бой көтөрүшүп, аларга чакырык ташташат. Мына ушундай кылышса да Аллах аларга ырыскы берет, саламатта кылат жана аларга токтоолук кылат.

• سعة علم الله تعالى بما في ظلمة الرحم، فهو يعلم أمر النطفة الواقعة في الرحم، وصَيْرُورتها إلى تخليق ذكر أو أنثى، وصحته واعتلاله، ورزقه وأجله، وشقي أو سعيد، فعلمه بها عام شامل.
Караңгы жатындын ичиндегини да билген Аллах тааланын илими кеңдиги. Ал жатындын ичине түшкөн уруктун абалын, эркек же кыз болуп жаралганга чейинки абалдарын, дени сак же майып болорун, ырыскысын жана ажалын, бактылуу же бактысыз болорун билет. Ал тууралуу Аллахтын илими баарын камтып алат.

• عظيم عناية الله ببني آدم، وإثبات وجود الملائكة التي تحرسه وتصونه وغيرهم مثل الحَفَظَة.
Аллахтын адам баласына болгон камкордугунун Улуктугу. Жана адамды сактаган жана күзөткөн ж.б. периштелердин бар экенин тастыктоо. Мисалы, “сактоочу” периштелери.

• أن الله تعالى يغير حال العبد إلى الأفضل متى ما رأى منه اتباعًا لأسباب الهداية، فهداية التوفيق منوطة باتباع هداية البيان.
Чындыгында Аллах таала пенденин качан туура жолго түшүү себептерин ээрчишин көрмөйүнчө анын абалын жакшы абалга өзгөртпөйт. Туура жол ийгилиги болсо баяндалган туура жолго ээрчүүгө байланыштуу.

 
ترجمهٔ معانی آیه: (7) سوره: سوره رعد
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن