ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی آیه: (7) سوره: سوره اسراء
إِنۡ أَحۡسَنتُمۡ أَحۡسَنتُمۡ لِأَنفُسِكُمۡۖ وَإِنۡ أَسَأۡتُمۡ فَلَهَاۚ فَإِذَا جَآءَ وَعۡدُ ٱلۡأٓخِرَةِ لِيَسُـُٔواْ وُجُوهَكُمۡ وَلِيَدۡخُلُواْ ٱلۡمَسۡجِدَ كَمَا دَخَلُوهُ أَوَّلَ مَرَّةٖ وَلِيُتَبِّرُواْ مَا عَلَوۡاْ تَتۡبِيرًا
Оо, Исраил урпактары! Эгерде силер иштериңерди жакшы кылып, талаптагыдай аткарсаңар, анда сыйлыгы өзүңөргө эле кайтат. Аллах силердин ишиңерге муктаж эмес. А эгер ишиңерди жаман кылсаңар, анын акыбети өзүңөргө зыян. Кылган жакшы ишиңер Аллахка пайда бербейт, жаман ишиңер зыян бербейт. Эгерде экинчи жолу дагы бузукулук кыла турган болсоңор, силерди душманыңардын колуна салып беребиз. Алар силерге кордук көрсөтөт жана силерге көрсөткөн түрдүү кордуктардан улам кыйналганыңар жүзүңөргө чыгат. Ошондой эле алар Байтул-Макдиске киришип, аны биринчи жолкусунда талкалашкандай бул ирет да талкалашат жана алар багынткан жерлердин баарысын кыйратып жок кылышат.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• في قوله: ﴿الْمَسْجِدِ الْأَقْصَا﴾: إشارة لدخوله في حكم الإسلام؛ لأن المسجد موطن عبادةِ المسلمين.
Аллахтын “Аль-Акса мечити” деген сөзү Ислам өкүмүнө кирерине белги. Анткени мечит мусулмандардын ибадат кылган жери.

• بيان فضيلة الشكر، والاقتداء بالشاكرين من الأنبياء والمرسلين.
Шүгүр кылуунун артыкчылыгын баяндоо жана шүгүр кылган пайгамбарлар менен элчилерди ээрчүү.

• من حكمة الله وسُنَّته أن يبعث على المفسدين من يمنعهم من الفساد؛ لتتحقق حكمة الله في الإصلاح.
(Адамдарды) оңдоп-түзөөдөгү Аллахтын даанышмандыгын ачыкка чыгаруу үчүн, бузукуларга аларды тыюучу адамды жибергени – Аллахтын даанышмандуулугунан жана Анын сүннөт жолдорунан.

• التحذير لهذه الأمة من العمل بالمعاصي؛ لئلا يصيبهم ما أصاب بني إسرائيل، فسُنَّة الله واحدة لا تتبدل ولا تتحول.
Исраил урпактарына түшкөн нерсеге кабылбаш үчүн бул үммөттү да күнөө иштерди кылуудан эскертүү. Аллахтын жолу жалгыз жана ал эч качан өзгөрбөйт.

 
ترجمهٔ معانی آیه: (7) سوره: سوره اسراء
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن