ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی سوره: سوره اسراء   آیه:

Исра

از اهداف این سوره:
تثبيت الله لرسوله صلى الله عليه وسلم وتأييده بالآيات البينات، وبشارته بالنصر والثبات.
Аллахтын Өз элчисин ачын-айкын аяттар менен колдоп, бекемдөөсү жана жеңиш менен сүйүнчүлөөсү.

سُبۡحَٰنَ ٱلَّذِيٓ أَسۡرَىٰ بِعَبۡدِهِۦ لَيۡلٗا مِّنَ ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِ إِلَى ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡأَقۡصَا ٱلَّذِي بَٰرَكۡنَا حَوۡلَهُۥ لِنُرِيَهُۥ مِنۡ ءَايَٰتِنَآۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡبَصِيرُ
Аллах Өзүнөн башка эч кимдин кудурети жетпеген кудурети себептүү улук жана аруу болду. Аллах Өзүнүн кулу Мухаммадды Аллах тааланын кудуретине далил болгон кээ бир белгилерибизди көрүш үчүн түндүн бир бөлүгүндө ал ойгоо абалда денеси жана руху менен Аль-Харам мечитинен айланасы пайгамбарлардын ордулары жана мөмө-жемиштер менен берекелүү болгон Байтул-Макдис мечитине алып бардык. Чындыгында Ал Угуучу жана угулган үндөрдүн эч бири Ага жашыруун эмес. Ал Көрүүчү жана көрүнгөн нерселердин эч бири Ага жашыруун эмес.
تفسیرهای عربی:
وَءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ وَجَعَلۡنَٰهُ هُدٗى لِّبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ أَلَّا تَتَّخِذُواْ مِن دُونِي وَكِيلٗا
Биз Мусага Тооратты бердик жана аны Исраил урпактарына туура жолду көргөзүүчү кылдык. Биз Исраил урпактарына айттык: “Силер өзүңөрдүн ишиңерди тапшырган Менден башка колдоочу кылып албагыла. Тескерисинче жалгыз Мага таянгыла”.
تفسیرهای عربی:
ذُرِّيَّةَ مَنۡ حَمَلۡنَا مَعَ نُوحٍۚ إِنَّهُۥ كَانَ عَبۡدٗا شَكُورٗا
Силер Биз Нух менен кошо топон сууга чөгүп кетүүдөн куткарып жакшылык кылгандардын урпактарысыңар. Бул жакшылыкты эстеп жүргүлө! Жалгыз Аллахка баш ийип жана сыйынып шүгүр кылгыла. Бул нерседе Нухту ээрчигиле. Чындыгында ал Аллах таалага көп-көп шүгүр кылуучу болгон.
تفسیرهای عربی:
وَقَضَيۡنَآ إِلَىٰ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ فِي ٱلۡكِتَٰبِ لَتُفۡسِدُنَّ فِي ٱلۡأَرۡضِ مَرَّتَيۡنِ وَلَتَعۡلُنَّ عُلُوّٗا كَبِيرٗا
Биз Исраил урпактарына аян кылып, чындыгында алар күнөө кылып жана акыйкатты четке кагып жерде сөзсүз эки жолу бузукулук кылышарын Тооратта билдирдик. Алар адамдарга зулумдук жана душмандык кылышып, адамдардын үстүнөн өздөрүн бийик көрүшүп, аларга болгон текебердиктин чегинен ашышат.
تفسیرهای عربی:
فَإِذَا جَآءَ وَعۡدُ أُولَىٰهُمَا بَعَثۡنَا عَلَيۡكُمۡ عِبَادٗا لَّنَآ أُوْلِي بَأۡسٖ شَدِيدٖ فَجَاسُواْ خِلَٰلَ ٱلدِّيَارِۚ وَكَانَ وَعۡدٗا مَّفۡعُولٗا
Алардан биринчи бузукулук болгондо, алардын үстүнөн Биздин күчтүү жана каардуу пенделерибизди башкартып койдук, аларды өлтүрүп куугунтуктады. Жашаган жайларын кыдырышып, барган жерлерин бузушту. Бул нерсеге Аллахтын убадасы болгон, ал сөзсүз ишке ашат.
تفسیرهای عربی:
ثُمَّ رَدَدۡنَا لَكُمُ ٱلۡكَرَّةَ عَلَيۡهِمۡ وَأَمۡدَدۡنَٰكُم بِأَمۡوَٰلٖ وَبَنِينَ وَجَعَلۡنَٰكُمۡ أَكۡثَرَ نَفِيرًا
Эй, Исраил урпактары! Андан кийин силер Аллахка тообо кылганыңарда, силерди башкаргандардын үстүнөн жеңишке жеткирип, силерге мамлекетиңерди кайтардык. Мал-мүлкүңөрдү тартып, балдарыңарды кул кылып алгандан кийин силерге жардам бердик. Ошондой эле саныңарды душманыңардан да көп кылып койдук.
تفسیرهای عربی:
إِنۡ أَحۡسَنتُمۡ أَحۡسَنتُمۡ لِأَنفُسِكُمۡۖ وَإِنۡ أَسَأۡتُمۡ فَلَهَاۚ فَإِذَا جَآءَ وَعۡدُ ٱلۡأٓخِرَةِ لِيَسُـُٔواْ وُجُوهَكُمۡ وَلِيَدۡخُلُواْ ٱلۡمَسۡجِدَ كَمَا دَخَلُوهُ أَوَّلَ مَرَّةٖ وَلِيُتَبِّرُواْ مَا عَلَوۡاْ تَتۡبِيرًا
Оо, Исраил урпактары! Эгерде силер иштериңерди жакшы кылып, талаптагыдай аткарсаңар, анда сыйлыгы өзүңөргө эле кайтат. Аллах силердин ишиңерге муктаж эмес. А эгер ишиңерди жаман кылсаңар, анын акыбети өзүңөргө зыян. Кылган жакшы ишиңер Аллахка пайда бербейт, жаман ишиңер зыян бербейт. Эгерде экинчи жолу дагы бузукулук кыла турган болсоңор, силерди душманыңардын колуна салып беребиз. Алар силерге кордук көрсөтөт жана силерге көрсөткөн түрдүү кордуктардан улам кыйналганыңар жүзүңөргө чыгат. Ошондой эле алар Байтул-Макдиске киришип, аны биринчи жолкусунда талкалашкандай бул ирет да талкалашат жана алар багынткан жерлердин баарысын кыйратып жок кылышат.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• في قوله: ﴿الْمَسْجِدِ الْأَقْصَا﴾: إشارة لدخوله في حكم الإسلام؛ لأن المسجد موطن عبادةِ المسلمين.
Аллахтын “Аль-Акса мечити” деген сөзү Ислам өкүмүнө кирерине белги. Анткени мечит мусулмандардын ибадат кылган жери.

• بيان فضيلة الشكر، والاقتداء بالشاكرين من الأنبياء والمرسلين.
Шүгүр кылуунун артыкчылыгын баяндоо жана шүгүр кылган пайгамбарлар менен элчилерди ээрчүү.

• من حكمة الله وسُنَّته أن يبعث على المفسدين من يمنعهم من الفساد؛ لتتحقق حكمة الله في الإصلاح.
(Адамдарды) оңдоп-түзөөдөгү Аллахтын даанышмандыгын ачыкка чыгаруу үчүн, бузукуларга аларды тыюучу адамды жибергени – Аллахтын даанышмандуулугунан жана Анын сүннөт жолдорунан.

• التحذير لهذه الأمة من العمل بالمعاصي؛ لئلا يصيبهم ما أصاب بني إسرائيل، فسُنَّة الله واحدة لا تتبدل ولا تتحول.
Исраил урпактарына түшкөн нерсеге кабылбаш үчүн бул үммөттү да күнөө иштерди кылуудан эскертүү. Аллахтын жолу жалгыз жана ал эч качан өзгөрбөйт.

عَسَىٰ رَبُّكُمۡ أَن يَرۡحَمَكُمۡۚ وَإِنۡ عُدتُّمۡ عُدۡنَاۚ وَجَعَلۡنَا جَهَنَّمَ لِلۡكَٰفِرِينَ حَصِيرًا
Оо, Исраил урпактары! Эгерде Аллахтын бул катуу өч алуусунан кийин Ага тообо кылсаңар жана жакшы иштерди аткарсаңар, балким Раббиңер силерге ырайым кылар. А эгер бузукулукка үчүнчү жолу же андан да көп кайта турган болсоңор, анда кайрадан силерден өч алабыз жана тозокту каапырлар үчүн жатак кылабыз. Алар андан эч качан кутула алышпайт.
تفسیرهای عربی:
إِنَّ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانَ يَهۡدِي لِلَّتِي هِيَ أَقۡوَمُ وَيُبَشِّرُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ ٱلَّذِينَ يَعۡمَلُونَ ٱلصَّٰلِحَٰتِ أَنَّ لَهُمۡ أَجۡرٗا كَبِيرٗا
Чындыгында Мухаммадга түшкөн бул Куран жолдордун эң жакшысын көргөзөт жана ал Ислам жолу. Ошондой эле жакшылык иштерди кылган ыймандууларды сүйүнүчкө салган Аллах тараптан боло турган улуу соопторду кабарлайт.
تفسیرهای عربی:
وَأَنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ أَعۡتَدۡنَا لَهُمۡ عَذَابًا أَلِيمٗا
Жана кыямат күнүнө ыйман келтирбегендерге жамандыкты кабарлайт. Ал нерсе – Биз алар үчүн кыямат күнү даярдап койгон кыйноочу азап.
تفسیرهای عربی:
وَيَدۡعُ ٱلۡإِنسَٰنُ بِٱلشَّرِّ دُعَآءَهُۥ بِٱلۡخَيۡرِۖ وَكَانَ ٱلۡإِنسَٰنُ عَجُولٗا
Адам өзүнө жакшылык тилеп дуба кылган сыяктуу ачууланганда да билбестиктен өзүнө, балдарына жана мал-мүлкүнө жамандык тилеп дуба кылат. Эгерде Биз анын кылган жаман тилегин кабыл кылганда, ал бала-чакасы жана мал-мүлкү менен кошо кыйрап жок болмок. Адам баласы табиятынан шашкалак. Ошондуктан ал өзүнө зыян берген нерсеге шашат.
تفسیرهای عربی:
وَجَعَلۡنَا ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَ ءَايَتَيۡنِۖ فَمَحَوۡنَآ ءَايَةَ ٱلَّيۡلِ وَجَعَلۡنَآ ءَايَةَ ٱلنَّهَارِ مُبۡصِرَةٗ لِّتَبۡتَغُواْ فَضۡلٗا مِّن رَّبِّكُمۡ وَلِتَعۡلَمُواْ عَدَدَ ٱلسِّنِينَ وَٱلۡحِسَابَۚ وَكُلَّ شَيۡءٖ فَصَّلۡنَٰهُ تَفۡصِيلٗا
Түндү жана күндуздү Аллахтын жалгыздыгына жана Анын кудуреттүүлүгүнө далил-белги кылып жараттык. Ал экөөнүн узун-кыскалыгында, ысык-суугунда айырмачылык бар. Түндү эс алып уктоо үчүн караңгы кылдык. Күндүздү адамдар көрүүсү жана тиричилик кылуусу үчүн жараттык. Ошондой эле күн менен түндү байкоо аркылуу жылдардын санын жана аларга керек болгон айлардын, күндөрдүн жана сааттардын убактыларын билүү үчүн жараттык. Бардык нерселер бири-биринен, акыйкат жолдогулар жалган жолдогулардан айырмалануусу үчүн Биз ар бир нерсени ачык-айкын баяндадык.
تفسیرهای عربی:
وَكُلَّ إِنسَٰنٍ أَلۡزَمۡنَٰهُ طَٰٓئِرَهُۥ فِي عُنُقِهِۦۖ وَنُخۡرِجُ لَهُۥ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ كِتَٰبٗا يَلۡقَىٰهُ مَنشُورًا
Ар бир адамдын кылган иштери моюнга тагылган чынжырдай аны дайым коштоп жүрөт. Кылган иштеринен эсеп-кысап кылынмайынча андан ажырабайт. Кыямат күнү ал кылган бардык жакшылык жана жамандык иштерин камтыган китепти ага чыгарып беребиз, ал анын бет алдында жайылып ачылып турганын көрөт.
تفسیرهای عربی:
ٱقۡرَأۡ كِتَٰبَكَ كَفَىٰ بِنَفۡسِكَ ٱلۡيَوۡمَ عَلَيۡكَ حَسِيبٗا
Ошол күнү ага айтабыз: “Эй, адам! Китебиңди оку! Сен өз сурагыңды иш-аракеттериңе тапшыр. Кыяматта сенден сурак алууга өзүң жетиштүүсүң.
تفسیرهای عربی:
مَّنِ ٱهۡتَدَىٰ فَإِنَّمَا يَهۡتَدِي لِنَفۡسِهِۦۖ وَمَن ضَلَّ فَإِنَّمَا يَضِلُّ عَلَيۡهَاۚ وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٞ وِزۡرَ أُخۡرَىٰۗ وَمَا كُنَّا مُعَذِّبِينَ حَتَّىٰ نَبۡعَثَ رَسُولٗا
Ким ыйман жолуна түшсө, анда анын туура жолго түшкөнүнүн сообу өзү үчүн. Ал эми ким адашкан болсо, анда анын адашканынын жазасы да өзү үчүн. Эч бир адам башканын күнөөсүн көтөрбөйт. Биз кайсы бир коомго элчи жиберип аларга далил алып келбестен туруп аларды азаптабайбыз.
تفسیرهای عربی:
وَإِذَآ أَرَدۡنَآ أَن نُّهۡلِكَ قَرۡيَةً أَمَرۡنَا مُتۡرَفِيهَا فَفَسَقُواْ فِيهَا فَحَقَّ عَلَيۡهَا ٱلۡقَوۡلُ فَدَمَّرۡنَٰهَا تَدۡمِيرٗا
Эгерде Биз кайсы бир шаарды зулумдугу үчүн жок кылууну кааласак, анда жакшылыкты көтөрө албай чиренгендерди баш ийгиле деп буйруйбуз, бирок алар баш ийишпейт. Тескерисинче, моюн сунуудан баш тартышат. Мына ошондо аларды жок кылуучу азап сөзү баштарына түшүп, Биз аларды кыйратып жок кылабыз.
تفسیرهای عربی:
وَكَمۡ أَهۡلَكۡنَا مِنَ ٱلۡقُرُونِ مِنۢ بَعۡدِ نُوحٖۗ وَكَفَىٰ بِرَبِّكَ بِذُنُوبِ عِبَادِهِۦ خَبِيرَۢا بَصِيرٗا
Биз Нухтан кийин келген Аад жана Самуд коомдору сыяктуу канчалаган жалганчы коомдорду жок кылдык. Эй, пайгамбар! Раббиң Өз пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар, Көрүүчү. Ага эч бири жашыруун эмес жана ал үчүн аларды жазалайт.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• من اهتدى بهدي القرآن كان أكمل الناس وأقومهم وأهداهم في جميع أموره.
Кимде-ким Курандын жолун ээрчисе, анда ал бардык иштеринде адамдардын эң толугу, адилеттүүсү жана туура жолдогусу болот.

• التحذير من الدعوة على النفس والأولاد بالشر.
Адамды өзүнө жана бала-чакасына жамандык тилеп дуба кылуудан эскертүү.

• اختلاف الليل والنهار بالزيادة والنقص وتعاقبهما، وضوء النهار وظلمة الليل، كل ذلك دليل على وحدانية الله ووجوده وكمال علمه وقدرته.
Түн менен күндүздүн бири-биринен азайып көбөйүп, экөөсү биринин артынан бири келип жана күндүздүн жарыгы жана түндүн караңгылыгы менен айырмаланып туруусу. Мунун баары Аллахтын жалгыздыгына, барлыгына, илиминин жана кудуретинин толуктугуна далил болот.

• تقرر الآيات مبدأ المسؤولية الشخصية، عدلًا من الله ورحمة بعباده.
Аяттардын бекемделип келүүсү – адамдык жоопкерчиликтин башаты. Бул Аллахтын пенделерине болгон адилеттүүлүгү жана ырайымы.

مَّن كَانَ يُرِيدُ ٱلۡعَاجِلَةَ عَجَّلۡنَا لَهُۥ فِيهَا مَا نَشَآءُ لِمَن نُّرِيدُ ثُمَّ جَعَلۡنَا لَهُۥ جَهَنَّمَ يَصۡلَىٰهَا مَذۡمُومٗا مَّدۡحُورٗا
Кимде-ким жакшылык иштерди дүйнө жашоосун максат кылып аткарса жана Акыретке ыйман келтирбесе, ага көңүл бурбаса, анда Биз ага бул дүйнөдө ал каалаган нерсени эмес, Өзүбүз каалагандарга берчү жакшылыкты эртелетип беребиз. Андан соң Биз ага тозокту даярдайбыз, кыямат күнү ал тозокко кирип оттун ысыгына азапталат. Бул Анын акыретке ишенбей, бул дүйнөнү тандап Аллахтын ырайымынан куулгандыгы үчүн.
تفسیرهای عربی:
وَمَنۡ أَرَادَ ٱلۡأٓخِرَةَ وَسَعَىٰ لَهَا سَعۡيَهَا وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَأُوْلَٰٓئِكَ كَانَ سَعۡيُهُم مَّشۡكُورٗا
Ал эми кимде-ким жакшылык иштерди кылуу менен Акыреттин сообун кааласа жана эл көрсүн, эл уксун дегенден алыс болуп аткарган болсо жана Аллах ыйман келтирүүгө буйруган нерсеге ыйман келтирген болсо, анда мына ушул сыпаттар менен сыпатталган адамдардын кылган иштери Аллахтын алдында кабыл болот. Аллах алардын сыйлыктарын берет
تفسیرهای عربی:
كُلّٗا نُّمِدُّ هَٰٓؤُلَآءِ وَهَٰٓؤُلَآءِ مِنۡ عَطَآءِ رَبِّكَۚ وَمَا كَانَ عَطَآءُ رَبِّكَ مَحۡظُورًا
Оо, пайгамбар! Жакшылык кылуучу адам болобу же бузуку адам болобу, бул эки топко тең Раббиңдин ырыскысынан токтотпостон көбөйтүп бере беребиз. Ал жакшылык кылуучу адам болсун же бузуку адам болсун бул дүйнөдө Раббиңдин ырыскысы эч кимден тыйылбайт.
تفسیرهای عربی:
ٱنظُرۡ كَيۡفَ فَضَّلۡنَا بَعۡضَهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖۚ وَلَلۡأٓخِرَةُ أَكۡبَرُ دَرَجَٰتٖ وَأَكۡبَرُ تَفۡضِيلٗا
Оо, пайгамбар, ой жүгүртүп көрчү! Бул дүйнөдө ырыскы берүүдө жана даражаларды көтөрүүдө аларды биринен экинчисин артык кылдык. акыреттеги жыргалчылык даражалары жана жакшылыктары бул дүйнөгө салыштырмалуу айырмасы өтө чоң. Ошондуктан ыймандуу адам аларга аракет кылып умтулсун.
تفسیرهای عربی:
لَّا تَجۡعَلۡ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ فَتَقۡعُدَ مَذۡمُومٗا مَّخۡذُولٗا
Оо, пенде! Аллах менен бирге башка кудайга сыйынба. Эгерде ошондой кылсаң, анда сен Аллахтын алдында жана Анын жакшы пенделеринин жанында жек көрүлүп каласын жана сени эч ким жактырбайт. Аллахтын жардамынан куру каласың жана сага эч ким жардам бербей калат.
تفسیرهای عربی:
۞ وَقَضَىٰ رَبُّكَ أَلَّا تَعۡبُدُوٓاْ إِلَّآ إِيَّاهُ وَبِٱلۡوَٰلِدَيۡنِ إِحۡسَٰنًاۚ إِمَّا يَبۡلُغَنَّ عِندَكَ ٱلۡكِبَرَ أَحَدُهُمَآ أَوۡ كِلَاهُمَا فَلَا تَقُل لَّهُمَآ أُفّٖ وَلَا تَنۡهَرۡهُمَا وَقُل لَّهُمَا قَوۡلٗا كَرِيمٗا
Оо, пенде! Раббиң Өзүнөн башкага сыйынбоону кескин түрдө буйруду. Ата-энеге жакшылык кылууну буйруду, айрыкча алар карылык жашына жеткен болушса. Эгерде ал экөөнүн бирөөсү же экөөсү тең сенин алдыңда карылык жашка жеткен болушса, анда сөз же ушугуа окшогон нерсе менен тажаганыңды билдирбе. Аларга кыйкырба, катуу сүйлөп оройлонбо. Аларга сылык жана жумшак сөздөрдү гана айткын.
تفسیرهای عربی:
وَٱخۡفِضۡ لَهُمَا جَنَاحَ ٱلذُّلِّ مِنَ ٱلرَّحۡمَةِ وَقُل رَّبِّ ٱرۡحَمۡهُمَا كَمَا رَبَّيَانِي صَغِيرٗا
Ата-энеңе жумшак болуп жана аларга ырайым кылып жөнөкөй бол. Жана мындай деп айт: "Оо, Раббим! Мага кичинемде тарбия бергендиктери үчүн аларга ырайым кыл".
تفسیرهای عربی:
رَّبُّكُمۡ أَعۡلَمُ بِمَا فِي نُفُوسِكُمۡۚ إِن تَكُونُواْ صَٰلِحِينَ فَإِنَّهُۥ كَانَ لِلۡأَوَّٰبِينَ غَفُورٗا
Оо, адамдар! Раббиңер Ага ибадат жана жакшы иштерди кылууда ошондой эле ата-энеге жакшылык кылууда силердин ичиңердеги Ага болгон ыкласыңарды жакшы билет. Эгерде ибадатыңарда, ата-энеңерге кылган мамилеңерде жана дагы экөөнөн башка иштерде силердин ниетиңер туура болсо, анда айып-кемчиликтерден аруу Аллах Ага тообо кылып кайткандарды кечирет. Кимде-ким Раббисине ибадат кылууда мурда кемчилик кылгандыгы үчүн же ата-энесин нааразы кылгандыгы үчүн кийин тообо кылса, анда Аллах аны кечирет.
تفسیرهای عربی:
وَءَاتِ ذَا ٱلۡقُرۡبَىٰ حَقَّهُۥ وَٱلۡمِسۡكِينَ وَٱبۡنَ ٱلسَّبِيلِ وَلَا تُبَذِّرۡ تَبۡذِيرًا
Оо, ыймандуу адам! Туугандын туугандык акысын бер. Муктаж болгон кедейге садака бер. Сапарда акчасы калбай калган адамга жардам бер. Байлыгыңды күнөөгө же ысырапчылыкка жумшаба.
تفسیرهای عربی:
إِنَّ ٱلۡمُبَذِّرِينَ كَانُوٓاْ إِخۡوَٰنَ ٱلشَّيَٰطِينِۖ وَكَانَ ٱلشَّيۡطَٰنُ لِرَبِّهِۦ كَفُورٗا
Чындыгында өзүнүн мал-мүлктөрүн күнөө иштерге жумшагандар жана ысырапкорлор мал-мүлктөрүн сарптоодо шайтандардын бир туугандары болуп саналат. Шайтандар аларды ысырапкорлукка буйруса, аларга баш ийишет. Ал эми шайтан Өз Раббисине каапыр болгон. Ал күнөө ишти гана кылат. Ал Раббисин ачууланткан нерсеге гана буйруйт.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• ينبغي للإنسان أن يفعل ما يقدر عليه من الخير وينوي فعل ما لم يقدر عليه؛ ليُثاب على ذلك.
Адам колунан келген жакшылык ишти кыла берүүсү керек жана колунан келбеген ишке сооп алыш үчүн ниет кылып коюусу керек.

• أن النعم في الدنيا لا ينبغي أن يُسْتَدل بها على رضا الله تعالى؛ لأنها قد تحصل لغير المؤمن، وتكون عاقبته المصير إلى عذاب الله.
Чынында, бул дүйнөдөгү жакшылыктарды Аллахтын ыраазы болгондугуна далил деп эсептөө туура эмес. Анткени, дүйнө жакшылыктары ыймансыздарга бериле берет да, кийин аларды Аллахтын азабына алып барат.

• الإحسان إلى الوالدين فرض لازم واجب، وقد قرن الله شكرهما بشكره لعظيم فضلهما.
Ата-энеге жакшылык кылуу – бул парз жана моюндагы милдет. Аллах аларга жакшылык кылууну Өзүнө шүгүр кылуу менен бирге айтты. Анткени ал экөөнүн кадыры чоң.

• يحرّم الإسلام التبذير، والتبذير إنفاق المال في غير حقه.
Ислам дини ысырапкорлукту арам кылат. Ысырапкорлук – бул акчаны керексиз жакка сарптоо.

وَإِمَّا تُعۡرِضَنَّ عَنۡهُمُ ٱبۡتِغَآءَ رَحۡمَةٖ مِّن رَّبِّكَ تَرۡجُوهَا فَقُل لَّهُمۡ قَوۡلٗا مَّيۡسُورٗا
Аллахтын сага ырыскы берүүсүн күтүп сенде аларга бере турган эч нерсең жок болгондугу үчүн аларга бир нерсе берүүдөн тыйылган болсоң, анда аларга көңүл оорутпаган жумшак сөз айт. Мисалы, аларга ырыскыңар кенен болсун деп дуба кыл же эгерде Аллах сага байлык берип калса, силерге да берем деп убада кыл.
تفسیرهای عربی:
وَلَا تَجۡعَلۡ يَدَكَ مَغۡلُولَةً إِلَىٰ عُنُقِكَ وَلَا تَبۡسُطۡهَا كُلَّ ٱلۡبَسۡطِ فَتَقۡعُدَ مَلُومٗا مَّحۡسُورًا
Садака кылуудан колуңду тыйба. Акча сарптоодо ысырап кылба. Эгерде колуңду садака берүүдөн тыйсаң, анда сараңдык кылгандыгың үчүн адамдардын жемесинде каласың жана ысырап кылгандыгың үчүн бергенге эч нерсе таппай садака бере албай каласың.
تفسیرهای عربی:
إِنَّ رَبَّكَ يَبۡسُطُ ٱلرِّزۡقَ لِمَن يَشَآءُ وَيَقۡدِرُۚ إِنَّهُۥ كَانَ بِعِبَادِهِۦ خَبِيرَۢا بَصِيرٗا
Чындыгында Раббиң чоң бир даанышмандык үчүн каалаганына ырыскыны көбөйтүп берет жана каалаганына азайтып берет. Ал пенделерин көрүп билип турат. Алардан Ага эч нерсе жашыруун эмес. Аларга Өзү каалаган нерсе менен иш жүргүзөт.
تفسیرهای عربی:
وَلَا تَقۡتُلُوٓاْ أَوۡلَٰدَكُمۡ خَشۡيَةَ إِمۡلَٰقٖۖ نَّحۡنُ نَرۡزُقُهُمۡ وَإِيَّاكُمۡۚ إِنَّ قَتۡلَهُمۡ كَانَ خِطۡـٔٗا كَبِيرٗا
Эгерде балдарыбызды баксак, кийин ачка калабыз деп коркуп аларды өлтүрбөгүлө. Биз аларга да жана силерге да ырыскы берүүнү Өзүбүздүн кепилдигибизге алабыз. Аларды өлтүрүү чоң күнөө. Анткени алардын күнөөсү жок жана аларды өлтүрүүгө түрткөн себеп да жок.
تفسیرهای عربی:
وَلَا تَقۡرَبُواْ ٱلزِّنَىٰٓۖ إِنَّهُۥ كَانَ فَٰحِشَةٗ وَسَآءَ سَبِيلٗا
Зынанын өзүнөн жана ага кызыктыра турган нерселерден да алыс болгула. Ал жамандыктын жеткен чеги. Ал ата-тектин бузулуп кетүүсүнө жана Аллахтын азабына алып баргандыгы үчүн жаман жол болду.
تفسیرهای عربی:
وَلَا تَقۡتُلُواْ ٱلنَّفۡسَ ٱلَّتِي حَرَّمَ ٱللَّهُ إِلَّا بِٱلۡحَقِّۗ وَمَن قُتِلَ مَظۡلُومٗا فَقَدۡ جَعَلۡنَا لِوَلِيِّهِۦ سُلۡطَٰنٗا فَلَا يُسۡرِف فِّي ٱلۡقَتۡلِۖ إِنَّهُۥ كَانَ مَنصُورٗا
Аллах ыйман себептүү же коргоо кепилдиги берилгендиги себептүү аны өлтүрүүнү арам кылган жанды өлтүрбөгүлө. Бир гана динден чыгып же үйлөнгөндөн кийин зына кылып же өч алуу менен өлүмгө татыктуу болуп калса өлтүрүлсө боло берет. Кимде-ким өлтүрүүнү адал кылбаган себеп менен зулум чеккен абалда өлтүрүлсө, анда Биз маркумдун мураскорлорунун бирөөсүнө өлтүрүүчүнүн үстүнөн бийлик беребиз. Ошондо ал андан өч алам деп өлтүрүүсүн талап кылса болот. Ошондой эле ага эч бир нерсе талап кылбай эле кечирип койсо болот. Же кечирип кун алса да болот. Ал өлтүрүүчүнү Аллах адал кылган чектен ашып ашыкча кескилеп салбасын, же ал өлтүрбөгөн нерсе менен аны өлтүрбөсүн, же өлтүрүүчүдөн башка адамды өлтүрбөсүн. Чындыгында ал жардам берилген адам.
تفسیرهای عربی:
وَلَا تَقۡرَبُواْ مَالَ ٱلۡيَتِيمِ إِلَّا بِٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُ حَتَّىٰ يَبۡلُغَ أَشُدَّهُۥۚ وَأَوۡفُواْ بِٱلۡعَهۡدِۖ إِنَّ ٱلۡعَهۡدَ كَانَ مَسۡـُٔولٗا
Аталары өлгөн жаш балдардын мал-мүлктөрүн пайдаланбагыла. Бир гана ага пайда болуп көбөйө турган болсо жана сакталып тура турган болсо, анда анын акылы толуп чоңойгонго чейин пайдалансаңар болот. Аллах менен силердин ортоңордогу келишимди жана силер менен Анын пенделеринин ортосундагы келишимдерди бузбай же кемитпей аткаргыла. Чындыгында Аллах убада берген адамдан убадасын аткардыбы же аткарбадыбы сурайт. Эгерде аткарган болсо, анда ага сыйлыгын берет, а эгер аткарбаган болсо, анда ага жазасын берет.
تفسیرهای عربی:
وَأَوۡفُواْ ٱلۡكَيۡلَ إِذَا كِلۡتُمۡ وَزِنُواْ بِٱلۡقِسۡطَاسِ ٱلۡمُسۡتَقِيمِۚ ذَٰلِكَ خَيۡرٞ وَأَحۡسَنُ تَأۡوِيلٗا
Эгерде өзүңөрдөн башка бирөөгө тараза тартып берсеңер кемитпестен толук тарткыла. Эч нерсени кемитпеген туура тараза менен тарткыла. Ушундай өлчөгөнүңөр жана таразага тартканыңар силер үчүн бул дүйнөдө жана акыретте жакшы. Анын акыбети тараза өлчөмдөрүндө азайтып тартуудан жакшы.
تفسیرهای عربی:
وَلَا تَقۡفُ مَا لَيۡسَ لَكَ بِهِۦ عِلۡمٌۚ إِنَّ ٱلسَّمۡعَ وَٱلۡبَصَرَ وَٱلۡفُؤَادَ كُلُّ أُوْلَٰٓئِكَ كَانَ عَنۡهُ مَسۡـُٔولٗا
Оо, адам баласы! Билбестен туруп ээрчибе! Күмөндүү ойлордон, божомолдордон этият бол! Чындыгында адам кулагы, көзү жана жүрөгү менен кылган жакшылыктары жана жамандыктары үчүн суралат, жакшылыгы үчүн сооп алат, жамандыгы үчүн жазаланат.
تفسیرهای عربی:
وَلَا تَمۡشِ فِي ٱلۡأَرۡضِ مَرَحًاۖ إِنَّكَ لَن تَخۡرِقَ ٱلۡأَرۡضَ وَلَن تَبۡلُغَ ٱلۡجِبَالَ طُولٗا
Жер бетинде текеберленип, бой көтөрүп баспа! Сен текеберлене бассаң да, бул басыгың менен жерди тешип жибере албайсың жана бул турпатың менен тоолор тиреген бийиктиктерге да жете албайсың! Анда кайсыга текеберленип жатасың?!
تفسیرهای عربی:
كُلُّ ذَٰلِكَ كَانَ سَيِّئُهُۥ عِندَ رَبِّكَ مَكۡرُوهٗا
Оо, инсан! Жогоруда айтылган нерселерден жаман деп саналгандары Раббиңдин алдында тыйылган. Ал аны кылган адамга ыраазы эмес, тескерисинче, ага каарданат.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الأدب الرفيع هو رد ذوي القربى بلطف، ووعدهم وعدًا جميلًا بالصلة عند اليسر، والاعتذار إليهم بما هو مقبول.
Жакын туугандарга жумшактык менен жооп кайтаруу, бакубатчылыкта алар менен карым-катнашты кубаттоо жана үзүрлүү абалдарда алардан кечирим суроо – улуу адептерден болуп эсептелет.

• الله أرحم بالأولاد من والديهم؛ فنهى الوالدين أن يقتلوا أولادهم خوفًا من الفقر والإملاق وتكفل برزق الجميع.
Аллах таала балдарга ата-энесинен да мээримдүү. Ошондуктан Ал кедейликтен, жокчулуктан коркуп ата-энелерди өз балдарын өлтүрүүсүнөн тыйды жана бүт баарынын ырыскысын Өз мойнуна алды.

• في الآيات دليل على أن الحق في القتل للولي، فلا يُقْتَص إلا بإذنه، وإن عفا سقط القصاص.
Кылмышкерди өлтүрүү укугу өлгөн адамдын жакындарына гана берилет жана алардын уруксаты менен гана өч алынат. Эгер аны кечип жиберишкен болсо, анда өч алынбайт. Буга аяттарда далилдер келди.

• من لطف الله ورحمته باليتيم أن أمر أولياءه بحفظه وحفظ ماله وإصلاحه وتنميته حتى يبلغ أشده.
Жетимдин жоопкерчилигин алган адамдарга ал бой жеткенге чейин анын мал-мүлкүн жок кылбай сактоого жана туура пайдаланып аны көбөйтүүгө болгон Аллахтын буйругу – Анын жетимдерге болгон мээримдүүлүгүнөн жана ырайымдуулугунан.

ذَٰلِكَ مِمَّآ أَوۡحَىٰٓ إِلَيۡكَ رَبُّكَ مِنَ ٱلۡحِكۡمَةِۗ وَلَا تَجۡعَلۡ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ فَتُلۡقَىٰ فِي جَهَنَّمَ مَلُومٗا مَّدۡحُورًا
Биз ачыктап түшүндүргөн буйруктар, тыюулар жана өкүмдөр – Раббиң сага аян кылган кабарлардан. Эй, инсан! Аллах менен бирге башка нерсени кудай кылып алба! Андай кылсаң кыяматта тозокко ыргытыласың, ошондо өзүңдү-өзүң жемелейсиң, адамдар да сени жемелейт жана бардык жакшылыктан куру каласың.
تفسیرهای عربی:
أَفَأَصۡفَىٰكُمۡ رَبُّكُم بِٱلۡبَنِينَ وَٱتَّخَذَ مِنَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ إِنَٰثًاۚ إِنَّكُمۡ لَتَقُولُونَ قَوۡلًا عَظِيمٗا
Оо, периштелер Аллахтын кыздары деп айткандар! Эй, мушриктер! Раббиңер силерге уул перзенттерди тандап, Өзү болсо периштелерди кыз кылып алыптырбы?! Аллах силер айткан нерседен аруу. Чындыгында силер Аллахтын баласы бар, кыздары бар деп каапырлык кылып Ага каршы өтө оор сөздү айтып жатасыңар.
تفسیرهای عربی:
وَلَقَدۡ صَرَّفۡنَا فِي هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانِ لِيَذَّكَّرُواْ وَمَا يَزِيدُهُمۡ إِلَّا نُفُورٗا
Адамдар пайдалуусун аткарып, зыяндуусун таштап сабак алуулары үчүн Биз бул Куранда өкүм-буйруктарды, үлгү-насааттарды жана окуяларды баяндадык. Бирок аныгында бул нерсе ички дүйнөсү бузуктардын кээ бирлерин кайра акыйкаттан алыстатты жана жаман көрүүлөрүн күчөттү.
تفسیرهای عربی:
قُل لَّوۡ كَانَ مَعَهُۥٓ ءَالِهَةٞ كَمَا يَقُولُونَ إِذٗا لَّٱبۡتَغَوۡاْ إِلَىٰ ذِي ٱلۡعَرۡشِ سَبِيلٗا
Оо, пайгамбар! Мушриктерге айт: «Эгер алар жалган жалаа жаап айткандай Аллах менен катар башка кудайлар болгондо, анда ал жалган кудайлары Арштын Ээси Аллахтын бийлигин басып алууга жол издешмек, аны талашышмак».
تفسیرهای عربی:
سُبۡحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يَقُولُونَ عُلُوّٗا كَبِيرٗا
Аллах мушриктер сыпаттаган нерселерден аруу, ыйык жана алар айткан сөздөрдөн бийик.
تفسیرهای عربی:
تُسَبِّحُ لَهُ ٱلسَّمَٰوَٰتُ ٱلسَّبۡعُ وَٱلۡأَرۡضُ وَمَن فِيهِنَّۚ وَإِن مِّن شَيۡءٍ إِلَّا يُسَبِّحُ بِحَمۡدِهِۦ وَلَٰكِن لَّا تَفۡقَهُونَ تَسۡبِيحَهُمۡۚ إِنَّهُۥ كَانَ حَلِيمًا غَفُورٗا
Аллахты асмандар аруулайт, жер аруулайт жана асмандар менен жердин ортосундагы бүткүл макулуктар аруулайт. Кайсы нерсе болбосун, Ага мактоо айтып аруулап турат. Бирок силер алардын кантип аруулап жаткандарын түшүнбөйсүңөр. Силер тилиңер менен аруулаганыңарды гана түшүнөсүңөр. Чындыгында Аллах жазалоого шашылбаган Кеңпейил жана Ага тообо кылгандарга Кечиримдүү.
تفسیرهای عربی:
وَإِذَا قَرَأۡتَ ٱلۡقُرۡءَانَ جَعَلۡنَا بَيۡنَكَ وَبَيۡنَ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ حِجَابٗا مَّسۡتُورٗا
Оо, пайгамбар! Сен Куран окуганда алар андагы насааттарды, коркутууларды угушуп баш тартышкан болсо, алардын жазасы катары сени менен кыямат күнүнө ишенбегендердин ортосунда тосмо кылып коебуз. Ал аларды Куранды түшүнүүдөн тосуп коёт.
تفسیرهای عربی:
وَجَعَلۡنَا عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ أَكِنَّةً أَن يَفۡقَهُوهُ وَفِيٓ ءَاذَانِهِمۡ وَقۡرٗاۚ وَإِذَا ذَكَرۡتَ رَبَّكَ فِي ٱلۡقُرۡءَانِ وَحۡدَهُۥ وَلَّوۡاْ عَلَىٰٓ أَدۡبَٰرِهِمۡ نُفُورٗا
Алар Куранды түшүнбөш үчүн жүрөктөрүн жаап койдук. Алар угуп пайда албаш үчүн кулактарын дүлөй кылып койдук. Эгерде сен Куранда Раббиңди эле айтып, алардын жалган кудайларын айтпай турган болсоң, анда алар Аллахты чын ыкластан жалгыздабастан артка бурулуп кетишет.
تفسیرهای عربی:
نَّحۡنُ أَعۡلَمُ بِمَا يَسۡتَمِعُونَ بِهِۦٓ إِذۡ يَسۡتَمِعُونَ إِلَيۡكَ وَإِذۡ هُمۡ نَجۡوَىٰٓ إِذۡ يَقُولُ ٱلظَّٰلِمُونَ إِن تَتَّبِعُونَ إِلَّا رَجُلٗا مَّسۡحُورًا
Биз алардын башчылары Куранды кандай максатта угуп жатышкандарын жакшы билебиз. Алар аны менен туура жолго түшүүнү каалашпайт. Алардын каалоосу – сен Куран окуганда маанисиз сөздөрдү сүйлөп, тоготпогондой мамиле кылуу. Биз алардын аны жалганга чыгарган, адамдарды андан тоскон сыяктуу өз ара шыбырашкан сөздөрүн да жакшы билебиз. Ошол кезде ал залымдар каапырлык кылышып: «Эй, адамдар! Силер сыйкырланган, акылынан адашкан адамды гана ээрчип жатасыңар»,– деп айтышат.
تفسیرهای عربی:
ٱنظُرۡ كَيۡفَ ضَرَبُواْ لَكَ ٱلۡأَمۡثَالَ فَضَلُّواْ فَلَا يَسۡتَطِيعُونَ سَبِيلٗا
Оо, пайгамбар! Карасаң, алар сени түрдүү жаман сыпаттар менен сыпаттап жатышкандарына таң каласың. Алар акыйкаттан адашты, алар акыйкат жолго түшүшкөн жок.
تفسیرهای عربی:
وَقَالُوٓاْ أَءِذَا كُنَّا عِظَٰمٗا وَرُفَٰتًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ خَلۡقٗا جَدِيدٗا
Мушриктер кайра тирилүүнү четке кагып: «Биз өлүп сөөккө айлансак, денелерибиз чирип кетсе, анан кантип кайрадан тирилмек элек?! Мындай болушу мүмкүн эмес!»,– деп айтышат.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الزعم بأن الملائكة بنات الله افتراء كبير، وقول عظيم الإثم عند الله عز وجل.
Периштелер Аллахтын кыздары деп ойлоо – Аллахтын алдында күнөөсү чоң сөз жана анык жалган жалаа.

• أكثر الناس لا تزيدهم آيات الله إلا نفورًا؛ لبغضهم للحق ومحبتهم ما كانوا عليه من الباطل.
Адамдардын көпчүлүгү Аллахтын аяттарынан аябай качышат. Анткени алар акыйкатты жек көрүшөт жана өздөрү тутунган жалганды сүйүшөт.

• ما من مخلوق في السماوات والأرض إلا يسبح بحمد الله تعالى فينبغي للعبد ألا تسبقه المخلوقات بالتسبيح.
Асмандар менен жердеги кандай макулук болбосун, ал Аллах тааланы аруулап турат. Андыктан пенде дагы алардан ашып Аллахты аруулашы керек.

• من حلم الله على عباده أنه لا يعاجلهم بالعقوبة على غفلتهم وسوء صنيعهم، فرحمته سبقت غضبه.
Адамдардын кылган жамандыктары, капилетте жүргөндөрү үчүн аларды жазалоого шашылбоо – Аллахтын кең пейилдигинен. Анын ырайымдуулугу каардануусунан жогору турат.

۞ قُلۡ كُونُواْ حِجَارَةً أَوۡ حَدِيدًا
Оо, пайгамбар! Аларга айткын: «Эй, мушриктер! Таштай катуу болсоңор да, темирдей бекем болсоңор да, бул нерсе колуңардан келбейт.
تفسیرهای عربی:
أَوۡ خَلۡقٗا مِّمَّا يَكۡبُرُ فِي صُدُورِكُمۡۚ فَسَيَقُولُونَ مَن يُعِيدُنَاۖ قُلِ ٱلَّذِي فَطَرَكُمۡ أَوَّلَ مَرَّةٖۚ فَسَيُنۡغِضُونَ إِلَيۡكَ رُءُوسَهُمۡ وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هُوَۖ قُلۡ عَسَىٰٓ أَن يَكُونَ قَرِيبٗا
Же көкүрөгүңөрдө улук туткан ал экөөсүнөн да чоң нерсе болсоңор да, Аллах силерди башында жараткандай кайра жаратат, баштапкы жолу жараткандай кайра тирилтет. Ал каршы чыккандар: «Биз өлгөндөн кийин бизди ким кайра тирилтет?» – деп сурашат. Айткын: «Силерди мурда эч бир окшошу болбогон турпатта баштапкы жолу жараткан Зат». Кийин алар сенин жообуңду шылдыңдай баштарын чайкап: «Ал кайра тирилүү качан?» – деп айтышат. Айткын: «Балким жакын калгандыр. Келе тургандардын баарысы жакын».
تفسیرهای عربی:
يَوۡمَ يَدۡعُوكُمۡ فَتَسۡتَجِيبُونَ بِحَمۡدِهِۦ وَتَظُنُّونَ إِن لَّبِثۡتُمۡ إِلَّا قَلِيلٗا
Силер сурак майданына чакырыла турган күндө Аллах силерди кайра тирилтет. Анын буйругуна баш ийип, Ага мактоолорду айтып жооп бересиңер. Ошондо жер бетинде аз гана убакыт жашаптырбыз деп ойлойсуңар.
تفسیرهای عربی:
وَقُل لِّعِبَادِي يَقُولُواْ ٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُۚ إِنَّ ٱلشَّيۡطَٰنَ يَنزَغُ بَيۡنَهُمۡۚ إِنَّ ٱلشَّيۡطَٰنَ كَانَ لِلۡإِنسَٰنِ عَدُوّٗا مُّبِينٗا
Оо, пайгамбар! Мага ыйман келтирген пенделериме айткын: «Маетешкен кездеринде жакшы сөздөрдү сүйлөшсүн, жаман сөздөрдөн алыс болушсун. Анткени шайтан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып алардын арасына кирип дүйнө жана акырет жашоолорун бузуп жүрбөсүн. Чындыгында шайтан адамга анык душман. Андыктан ал андан сактануусу керек».
تفسیرهای عربی:
رَّبُّكُمۡ أَعۡلَمُ بِكُمۡۖ إِن يَشَأۡ يَرۡحَمۡكُمۡ أَوۡ إِن يَشَأۡ يُعَذِّبۡكُمۡۚ وَمَآ أَرۡسَلۡنَٰكَ عَلَيۡهِمۡ وَكِيلٗا
Оо, адамдар! Раббиңер силерди жакшы билет. Эч нерсеңер Ага жашыруун эмес. Ал силерге ырайым кааласа, силерди ыйман жолуна түшүүгө, жакшылык иштерди кылууга ийгилик берип ырайым кылат. Силерге азапты кааласа, силерди ыймансыз калтырып, каапырлыкта өлтүрүп азаптайт. Эй, пайгамбар! Сен аларды ыйманга салып, каапырлыктан тыйып, кылган иштерин жазып койгондой Биз сени аларга колдоочу кылып жиберген эмеспиз. Чындыгында сен Аллах жеткир буйруган нерсени гана жеткирүүчүсүң.
تفسیرهای عربی:
وَرَبُّكَ أَعۡلَمُ بِمَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۗ وَلَقَدۡ فَضَّلۡنَا بَعۡضَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ عَلَىٰ بَعۡضٖۖ وَءَاتَيۡنَا دَاوُۥدَ زَبُورٗا
Оо, пайгамбар! Раббиң асмандар менен жердеги ар бир нерсени жакшы билет жана алардын абалдарын, эмнеге татыктуу экендиктерин да жакшы билет. Биз кээ бир пайгамбарларды ээргигендердин санын көп кылып, китептерди түшүрүп башка пайгамбарлардан артык кылдык. Даудга Забур деген китепти бердик.
تفسیرهای عربی:
قُلِ ٱدۡعُواْ ٱلَّذِينَ زَعَمۡتُم مِّن دُونِهِۦ فَلَا يَمۡلِكُونَ كَشۡفَ ٱلضُّرِّ عَنكُمۡ وَلَا تَحۡوِيلًا
Оо, пайгамбар! Мушриктерге айткын: «Эй, мушриктер! Аллахтан башка силер кудай деп ойлогондоруңарга дуба кылгылачы, алар алсыз болгону үчүн силердин башыңарга түшкөн зыянды кетире албайт, аны башкаларга да оодара албайт. Ким алсыз болсо, анда ал кудай боло албайт».
تفسیرهای عربی:
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ يَبۡتَغُونَ إِلَىٰ رَبِّهِمُ ٱلۡوَسِيلَةَ أَيُّهُمۡ أَقۡرَبُ وَيَرۡجُونَ رَحۡمَتَهُۥ وَيَخَافُونَ عَذَابَهُۥٓۚ إِنَّ عَذَابَ رَبِّكَ كَانَ مَحۡذُورٗا
Алар дуба кылышкан периштелер же ошолор сыяктуулары өздөрү жакшылык иштерди кылып Аллахка жакындоого жол издешет. Алар өздөрү моюн сунушуп кимиси Аллахка көбүрөөк жакын деп жарышышат, аларга ырайым кылуусун үмүт кылышат, аларды азаптоосунан коркушат. Эй, пайгамбар! Чындыгында Раббиңдин азабынан коргонуу милдеттүү нерселерден.
تفسیرهای عربی:
وَإِن مِّن قَرۡيَةٍ إِلَّا نَحۡنُ مُهۡلِكُوهَا قَبۡلَ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ أَوۡ مُعَذِّبُوهَا عَذَابٗا شَدِيدٗاۚ كَانَ ذَٰلِكَ فِي ٱلۡكِتَٰبِ مَسۡطُورٗا
Бул дүйнөдө каапырлыгы себептүү Биз азап жана кыйроо түшүргөн же өлүм сыяктуу катуу жазалар менен сынаган кайсы шаар же айыл болбосун, ал азап менен кыйроо – Лавхул Махфузда (сакталган тагдыр китебинде) жазылган Аллахтын өкүмү.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• القول الحسن داع لكل خلق جميل وعمل صالح، فإنَّ من ملك لسانه ملك جميع أمره.
Жакшы сөз сүйлөө адамды жакшы адептерге жана жакшы иштерге үндөйт. Чындыгында ким тилине ээлик кылса, анда ал бардык ишине ээлик кылат.

• فاضل الله بين الأنبياء بعضهم على بعض عن علم منه وحكمة.
Аллах Өз илими жана даанышмадыгы менен кээ бир пайгамбарларды кээ бирлеринен артык кылган.

• الله لا يريد بعباده إلا ما هو الخير، ولا يأمرهم إلا بما فيه مصلحتهم.
Аллах пенделерине жакшылыкты гана каалайт жана аларга пайда берген нерселерге гана буйруйт.

• علامة محبة الله أن يجتهد العبد في كل عمل يقربه إلى الله، وينافس في قربه بإخلاص الأعمال كلها لله والنصح فيها.
Аллахтын сүйүүсүнүн белгиси – пенде Аллахка жакындаткан бардык иштерди кылууга жанталашуусу, Аллахка жакындоодо бардык иштерин Ал үчүн чын ыкластан кылып жарышуусу жана башкаларга насаат кылуусу.

وَمَا مَنَعَنَآ أَن نُّرۡسِلَ بِٱلۡأٓيَٰتِ إِلَّآ أَن كَذَّبَ بِهَا ٱلۡأَوَّلُونَۚ وَءَاتَيۡنَا ثَمُودَ ٱلنَّاقَةَ مُبۡصِرَةٗ فَظَلَمُواْ بِهَاۚ وَمَا نُرۡسِلُ بِٱلۡأٓيَٰتِ إِلَّا تَخۡوِيفٗا
Пайгамбардын чынчыл экендигин далилдеген өлүктөрдү тирилтүү ж.б.у.с. мушриктер талап кылган кереметтерди түшүрбөй койгонубуздун себеби – биз аларды мурунку коомдорго да түшүргөнүбүздө аларды жалганга чыгарышкан. Биз Самуд коомуна ачык-айкын улуу кереметти «төөнү» бердик. Алар аны жалганга чыгарышты, анан Биз алардын азабын тездеттик. Биз пайгамбарлардын колу менен кандай кереметти көрсөтпөйлүк, ал коомдор балким моюн сунушар деп аларды коркутуу максатта гана көрсөткөнбүз.
تفسیرهای عربی:
وَإِذۡ قُلۡنَا لَكَ إِنَّ رَبَّكَ أَحَاطَ بِٱلنَّاسِۚ وَمَا جَعَلۡنَا ٱلرُّءۡيَا ٱلَّتِيٓ أَرَيۡنَٰكَ إِلَّا فِتۡنَةٗ لِّلنَّاسِ وَٱلشَّجَرَةَ ٱلۡمَلۡعُونَةَ فِي ٱلۡقُرۡءَانِۚ وَنُخَوِّفُهُمۡ فَمَا يَزِيدُهُمۡ إِلَّا طُغۡيَٰنٗا كَبِيرٗا
Оо, пайгамбар! Эстечи, Биз сага айтканбыз: «Чындыгында Раббиңдиң кудуреттүүлүгү бүткүл адамдарды өзүнө камтып алат, алар Анын уучунда. Аллах сени алардан коргойт. Сен буйрулган нерсеңди жеткир». Биз сага Исра түнүндө көргөзгөн нерселерди, адамдар ага ишенет бекен же жалганга чыгарат бекен деп аларды сыноо үчүн кылганбыз. Ошондой эле Куранда айтылган тозоктун түбүндө өскөн Заккум дарагын да аларды сынаш үчүн кылганбыз. Эгерде алар бул эки аят-белгиге ишенбей турган болсо, анда башкаларына эч качан ишенишпейт. Биз аларга аят-белгилерди түшүрүп коркутабыз, бирок бул алардын каапырлыгын жана адашууларын андан бетер күчөтөт.
تفسیرهای عربی:
وَإِذۡ قُلۡنَا لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ ٱسۡجُدُواْ لِأٓدَمَ فَسَجَدُوٓاْ إِلَّآ إِبۡلِيسَ قَالَ ءَأَسۡجُدُ لِمَنۡ خَلَقۡتَ طِينٗا
Оо, пайгамбар! Эстечи, Биз периштелерге: «Адамга сыйынып эмес, саламдашып сажда кылгыла» – дегенибизде алар моюн сунушуп баарысы сажда кылышты. Бирок Иблис текеберлик кылып: «Ылайдан жараткан нерсеңе сажда кылмак белем? Мени оттон жараткансың. Мен мындан артыкмын»,– деп сажда кылуудан баш тартты.
تفسیرهای عربی:
قَالَ أَرَءَيۡتَكَ هَٰذَا ٱلَّذِي كَرَّمۡتَ عَلَيَّ لَئِنۡ أَخَّرۡتَنِ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ لَأَحۡتَنِكَنَّ ذُرِّيَّتَهُۥٓ إِلَّا قَلِيلٗا
Иблис Раббисине айтты: «Айтчы, мени ага сажда кыл деп буйруп менден артык көрүп жараткан макулук ушулбу?! Бул дүйнө бүткөнгө чейин мени тирүү калтыра турган болсоң, мен мунун урпактарын Сенин туура жолуңдан сөзсүз адаштырам, аларды азгырам. Бирок Өзүң коргогон аз сандагы ыкластуу пенделериңди гана азгыра албайм».
تفسیرهای عربی:
قَالَ ٱذۡهَبۡ فَمَن تَبِعَكَ مِنۡهُمۡ فَإِنَّ جَهَنَّمَ جَزَآؤُكُمۡ جَزَآءٗ مَّوۡفُورٗا
Раббиси ага айтты: «Кет! Сага баш ийгендер да кошо кетсин!». Чындыгында тозок сенин жазаң жана алардын кылган иштеринин толук жазасы болот.
تفسیرهای عربی:
وَٱسۡتَفۡزِزۡ مَنِ ٱسۡتَطَعۡتَ مِنۡهُم بِصَوۡتِكَ وَأَجۡلِبۡ عَلَيۡهِم بِخَيۡلِكَ وَرَجِلِكَ وَشَارِكۡهُمۡ فِي ٱلۡأَمۡوَٰلِ وَٱلۡأَوۡلَٰدِ وَعِدۡهُمۡۚ وَمَا يَعِدُهُمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ إِلَّا غُرُورًا
Күнөөгө чакырган добушуң менен алардын кимисин азгыра алсаң азгыр! Атчан жана жөө жан-жөкөрлөрүң менен аларды сени ээрчүүгө чакыр! Шариятка каршы жолду кооз көргөзүп алардын мал-мүлктөрүнө шерик бол. Алардын бала-чакасында да шерик бол, баласы эмес болсо да жалган жолдо баласы кыл, зына жолдо балалуу кыл, ат койгондо Аллахтан башканын кулу деп ат койдур. Аларга жалган убадаларды, калп кыялдарды кооз кылып көргөз. Шайтандын аларга берген убадасы аларды азгырган жалган гана убадалар.
تفسیرهای عربی:
إِنَّ عِبَادِي لَيۡسَ لَكَ عَلَيۡهِمۡ سُلۡطَٰنٞۚ وَكَفَىٰ بِرَبِّكَ وَكِيلٗا
Эй, Иблис! Чындыгында сен Мага баш ийген ыймандуу пенделеримдин үстүнөн бийлик кыла албайсың! Анткени Аллах аларды сенин жамандыгыңдан коргойт. Бардык ишинде Ага гана таянган адамга Аллах жетиштүү Коргоочу.
تفسیرهای عربی:
رَّبُّكُمُ ٱلَّذِي يُزۡجِي لَكُمُ ٱلۡفُلۡكَ فِي ٱلۡبَحۡرِ لِتَبۡتَغُواْ مِن فَضۡلِهِۦٓۚ إِنَّهُۥ كَانَ بِكُمۡ رَحِيمٗا
Оо, адамдар! Силер соода-сатык пайдалары жана башка жолдор аркылуу ырыскы издешиңер үчүн Раббиңер силерге деңиздин үстүндө кемелерди жүргүзүп койду. Чындыгында Ал силерге Ырайымдуу. Анткени Ал силерге бул каражаттарды жеңил кылды.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• من رحمة الله بالناس عدم إنزاله الآيات التي يطلبها المكذبون حتى لا يعاجلهم بالعقاب إذا كذبوا بها.
Жалганчылар талап кылган кереметтерди түшүрбөө – Аллахтын адамдарга болгон ырайымдуулугунан. Себеби аларды жалганга чыгара турган болсо, аларга тезинен азап келиши ыктымал.

• ابتلى الله العباد بالشيطان الداعي لهم إلى معصية الله بأقواله وأفعاله.
Аллах пенделерди шайтан аркылуу сынайт. Ал аларды сөзү жана иштери менен Аллахка моюн сунбоого чакырат.

• من صور مشاركة الشيطان للإنسان في الأموال والأولاد: ترك التسمية عند الطعام والشراب والجماع، وعدم تأديب الأولاد.
Адамдын мал-мүлкүнө, бала-чакасына шайтандын шерик болгонунун кээ бир көрүнүштөрүнөн – тамактануудан, суусундук ичүүдөн жана жыныстык мамиледен алдын «бисмиллах» деп айтпоо жана балдарга туура эмес адеп берүү.

وَإِذَا مَسَّكُمُ ٱلضُّرُّ فِي ٱلۡبَحۡرِ ضَلَّ مَن تَدۡعُونَ إِلَّآ إِيَّاهُۖ فَلَمَّا نَجَّىٰكُمۡ إِلَى ٱلۡبَرِّ أَعۡرَضۡتُمۡۚ وَكَانَ ٱلۡإِنسَٰنُ كَفُورًا
Эй, мушриктер! Эгерде силер деңизде кыйынчылыкка кабылып, жок болуу коркунучуна туш болсоңор, анда Аллахтан башка сыйынып жүргөн кудайларыңар эсиңерден чыгып, Аллахты гана эстеп каласыңар, Андан жардам сурайсыңар. Качан Ал силерге жардам берип, корккон нерсеңерден куткарса жана силер кургактыкка чыксаңар, анда Аны кудай тутуудан жана жалгыз Андан гана суроодон баш тартасыңар жана кудайларыңарга кайтып кетесиңер. Чындыгында инсан Аллахтын жакшылыктарын танып кетүүчү.
تفسیرهای عربی:
أَفَأَمِنتُمۡ أَن يَخۡسِفَ بِكُمۡ جَانِبَ ٱلۡبَرِّ أَوۡ يُرۡسِلَ عَلَيۡكُمۡ حَاصِبٗا ثُمَّ لَا تَجِدُواْ لَكُمۡ وَكِيلًا
Эй, мушриктер! Силерди куткарып кургактыкка чыгарганда Аллах аны силердин үстүңөргө бастырып коюусунан коопсузбуз деп жатасыңарбы?! Же Луттун коомуна кылгандай силердин да үстүңөргө асмандан таштарды жаадырып коюусунан коопсузбуз деп жатасыңарбы?! Ошондо силерди коргой турган жана кыйроодон сактай турган коргоочу да, колдоочу да таппайсыңар.
تفسیرهای عربی:
أَمۡ أَمِنتُمۡ أَن يُعِيدَكُمۡ فِيهِ تَارَةً أُخۡرَىٰ فَيُرۡسِلَ عَلَيۡكُمۡ قَاصِفٗا مِّنَ ٱلرِّيحِ فَيُغۡرِقَكُم بِمَا كَفَرۡتُمۡ ثُمَّ لَا تَجِدُواْ لَكُمۡ عَلَيۡنَا بِهِۦ تَبِيعٗا
Же Аллах силерди кайрадан деңизге чыгарып, андан соң катуу бороон жиберип, силерди мурунку жолу куткарып Аллахтын кылган жакшыгын танганыңар үчүн силерди чөктүрүп жиберишинен коопсузбуз деп жатасыңарбы?! Ошондо Биздин кылганыбызга каршы силерди колдоп таламыңарды талаша турган эч кимди таппайсыңар.
تفسیرهای عربی:
۞ وَلَقَدۡ كَرَّمۡنَا بَنِيٓ ءَادَمَ وَحَمَلۡنَٰهُمۡ فِي ٱلۡبَرِّ وَٱلۡبَحۡرِ وَرَزَقۡنَٰهُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَٰتِ وَفَضَّلۡنَٰهُمۡ عَلَىٰ كَثِيرٖ مِّمَّنۡ خَلَقۡنَا تَفۡضِيلٗا
Чындыгында Биз адам баласын акылдуу кылып, периштелерди алардын түпкү атасына сажда кылууну буйруп урматтадык. Аларды кургактыкта көтөрүп жүргөн жаныбарларды, унааларды жана деңизде ташып жүргөн кемелерди баш ийдирдик. Аларга адал тамактарды, суусундуктарды жана аялдарды ырыскы кылып бердик. Аларды көптөгөн макулуктардан артык кылдык. Эми алар Аллахтын берген жакшылыктарына шүгүр кылышсын.
تفسیرهای عربی:
يَوۡمَ نَدۡعُواْ كُلَّ أُنَاسِۭ بِإِمَٰمِهِمۡۖ فَمَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ بِيَمِينِهِۦ فَأُوْلَٰٓئِكَ يَقۡرَءُونَ كِتَٰبَهُمۡ وَلَا يُظۡلَمُونَ فَتِيلٗا
Оо, пайгамбар! Биз бардык топторду алар ээрчишкен башчылары менен кошо чакырган күндү эстегин. Ошондо кимдин амал китеби оң тарабынан берилсе, мына ошолор китептерин кубаныч менен окушат. Алардын соопторунан эч нерсе кемитилбейт, ал нерсе данектин сыныгындай ийненин көзүнчөлүк кичине болсо дагы.
تفسیرهای عربی:
وَمَن كَانَ فِي هَٰذِهِۦٓ أَعۡمَىٰ فَهُوَ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ أَعۡمَىٰ وَأَضَلُّ سَبِيلٗا
Кимде-ким бул дүйнө жашоосунда акыйкатка баш ийип, аны кабыл алууда жүрөгү сокур болсо, анда ал кыямат күнү жеткен сокурлукта болот. Андыктан ал бейиштин жолуна түшө албайт жана туура жолдон адашкан жолдо болот. Жаза-сыйлык иштин түрүнө жараша болот.
تفسیرهای عربی:
وَإِن كَادُواْ لَيَفۡتِنُونَكَ عَنِ ٱلَّذِيٓ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ لِتَفۡتَرِيَ عَلَيۡنَا غَيۡرَهُۥۖ وَإِذٗا لَّٱتَّخَذُوكَ خَلِيلٗا
Оо, пайгамбар! Чындыгында мушриктер каалоолоруна туура келген Курандан башка нерсени ойлоп табууң үчүн Биз сага вахий кылган Курандан сени адаштырып коё жаздашты. Эгер сен алар каалаган нерсени кылганыңда алар сени жакын сүйүктүү адамы кылып алышмак.
تفسیرهای عربی:
وَلَوۡلَآ أَن ثَبَّتۡنَٰكَ لَقَدۡ كِدتَّ تَرۡكَنُ إِلَيۡهِمۡ شَيۡـٔٗا قَلِيلًا
Сени акыйкатка бекем кылып сага жакшылык кылбаганыбызда сен кээ бир нерселерде аларга ооп кетүүңө аз калган болчу. Андай болгондо алардын алдоолорунун жана айла-амалдарынын катуулугу менен бирге алардын ыйман келтирүүсүнө болгон сенин умтулууңдун катуулугу болгондуктан сен алардын сага кылган сунуштарына макул болуп кетмексиң. Бирок Биз сени аларга ооп кетүүңдөн сактадык.
تفسیرهای عربی:
إِذٗا لَّأَذَقۡنَٰكَ ضِعۡفَ ٱلۡحَيَوٰةِ وَضِعۡفَ ٱلۡمَمَاتِ ثُمَّ لَا تَجِدُ لَكَ عَلَيۡنَا نَصِيرٗا
Алардын сага кылган сунуштарына ооп кеткениңде, анда сага дүйнө жашоосунда жана акыретте эселеп азап бермекбиз. Кийин сенден азапты кетире турган бизге каршы жардамчыны тапмак эмессиң.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الإنسان كفور للنعم إلا من هدى الله.
Аллах туура жолго салган адамдардан башкалар Аллахтын жакшылыктарын танышат.

• كل أمة تُدْعَى إلى دينها وكتابها، هل عملت به أو لا؟ والله لا يعذب أحدًا إلا بعد قيام الحجة عليه ومخالفته لها.
Бардык элдер “динине амал кылдыбы же жокбу?” деп өз динине жана китебине чакырылат. Аллах далилдерди келтиргенден кийин ага каршы турушканда гана адамдарды азаптайт. Ага чейин эч кимди азаптабайт.

• عداوة المجرمين والمكذبين للرسل وورثتهم ظاهرة بسبب الحق الذي يحملونه، وليس لذواتهم.
Күнөөкөрлөрдүн жана жалганга чыгаргандардын пайгамбарларга жана алардын мураскорлоруна душмандыгы ачык. Бул душмандыктары алардын жеке өздөрү үчүн эмес, алардагы акыйкат себептүү.

• الله تعالى عصم النبي من أسباب الشر ومن البشر، فثبته وهداه الصراط المستقيم، ولورثته مثل ذلك على حسب اتباعهم له.
Аллах таала пайгамбарды жамандыктын себептеринен жана адамдардан сактады. Аны туура жолго салып бекем кылды. Бул нерсе пайгамдардын мураскорлорунун ээрчүүлөрүнө жараша аларга да болот.

وَإِن كَادُواْ لَيَسۡتَفِزُّونَكَ مِنَ ٱلۡأَرۡضِ لِيُخۡرِجُوكَ مِنۡهَاۖ وَإِذٗا لَّا يَلۡبَثُونَ خِلَٰفَكَ إِلَّا قَلِيلٗا
Каапырлар сага болгон душмандыктары менен сени Меккеден куугунтуктоо үчүн сенин тынчыңды алууларына аз калды. Бирок Раббиңдин буйругу менен Меккеден чыгууңа чейин аларды сени чыгаруусунан тосуп койду. Эгерде алар сени чыгарышканда, анда сени чыгаргандан кийин алар аз гана убакыт жашашмак.
تفسیرهای عربی:
سُنَّةَ مَن قَدۡ أَرۡسَلۡنَا قَبۡلَكَ مِن رُّسُلِنَاۖ وَلَا تَجِدُ لِسُنَّتِنَا تَحۡوِيلًا
Сенден кийин алар аз гана жашайт деген Аллахтын өкүмү бул сенден алдынкы пайгамбарлар туурасында болгон Аллахтын өзгөрбөс жолу. Ал жол – кайсы пайгамбарды өз эли куугунтуктаганда Аллах ал коомго азап түшүрүп турган. Оо, пайгамбар! Сен Биздин жолдун өзгөргөнүн көрбөйсүң. Бул өзгөрбөгөн бекем уланып туруучу жол экенин көрөсүң.
تفسیرهای عربی:
أَقِمِ ٱلصَّلَوٰةَ لِدُلُوكِ ٱلشَّمۡسِ إِلَىٰ غَسَقِ ٱلَّيۡلِ وَقُرۡءَانَ ٱلۡفَجۡرِۖ إِنَّ قُرۡءَانَ ٱلۡفَجۡرِ كَانَ مَشۡهُودٗا
Күн чак түштөн оогондон кийин намазыңды өз убагында талаптагыдай толук оку. Бул сөз түн киргенге чейин окула турган бешим жана асыр намаздарын, ошондой эле шам жана куптан намаздарын да камтыйт. Багымдат намазын оку жана анда кыраатты узун оку. Анткени багымдат намазына түнкү периштелер жана күндүзгү периштелер катышат.
تفسیرهای عربی:
وَمِنَ ٱلَّيۡلِ فَتَهَجَّدۡ بِهِۦ نَافِلَةٗ لَّكَ عَسَىٰٓ أَن يَبۡعَثَكَ رَبُّكَ مَقَامٗا مَّحۡمُودٗا
Оо, пайгамбар! Окуган намазың сенин даражаларыңды көтөрүш үчүн түндүн бир бөлүгүндө туруп намаз оку. Кыямат күнү Раббиң кыяматтын оор жагдайларында турганда сени адамдарга шапаатчы кылуусун тилеп оку. Ошондо сага абалкылар жана акыркылар алкыш айткан чоң шапаат макамы берилет.
تفسیرهای عربی:
وَقُل رَّبِّ أَدۡخِلۡنِي مُدۡخَلَ صِدۡقٖ وَأَخۡرِجۡنِي مُخۡرَجَ صِدۡقٖ وَٱجۡعَل لِّي مِن لَّدُنكَ سُلۡطَٰنٗا نَّصِيرٗا
Оо, пайгамбар! Мындай деп айткын: “Оо, Раббим! Мен кайсы жакка кирбейин, кайсыл жактан чыкпайын анын баарын Сага болгон ибадатта жана Сени ыраазы кыла турган иштерде кыл! Жана душмандарыма каршы Сен мага жардам бере турган Өзүң тараптан мен үчүн ачык далил кыл”.
تفسیرهای عربی:
وَقُلۡ جَآءَ ٱلۡحَقُّ وَزَهَقَ ٱلۡبَٰطِلُۚ إِنَّ ٱلۡبَٰطِلَ كَانَ زَهُوقٗا
Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге мындай деп айткын: “Ислам келди жана Аллах жардам беришин убада кылган нерселер орундалды. Ширк жана каапырлык кетти. Чындыгында жалган акыйкаттын алдында туруштук бере албай алсырап жок болот.
تفسیرهای عربی:
وَنُنَزِّلُ مِنَ ٱلۡقُرۡءَانِ مَا هُوَ شِفَآءٞ وَرَحۡمَةٞ لِّلۡمُؤۡمِنِينَ وَلَا يَزِيدُ ٱلظَّٰلِمِينَ إِلَّا خَسَارٗا
Наадандыктан, каапырлыктан жана шектенүүдөн арылуу үчүн жүрөктөргө жана аны менен дем салынса денелерге шыпаа болгон, ошондой эле ага амал кылган момундар үчүн ырайым болгон Куран аяттарын түшүрөбүз. Бул Куран каапырлардын кыйроосун күчөтөт. Анткени аны угуу аларды ачуулантып жана алардын жалганга чыгаруусун жана жүз бурууларын күчөтөт.
تفسیرهای عربی:
وَإِذَآ أَنۡعَمۡنَا عَلَى ٱلۡإِنسَٰنِ أَعۡرَضَ وَنَـَٔا بِجَانِبِهِۦ وَإِذَا مَسَّهُ ٱلشَّرُّ كَانَ يَـُٔوسٗا
Эгер адамга ден-соолук жана байлык сыяктуу жакшылыктарды берсек, анда ал Аллахка шүгүр кылып жана Ага ибадат кылуудан жүз бурат жана текеберленип Андан алыстайт. Ал эми адамга оору же жакырлык сыяктуу кыйынчылыктар жетсе, анда ал Аллахтын ырайымынан абдан үмүтсүз болот.
تفسیرهای عربی:
قُلۡ كُلّٞ يَعۡمَلُ عَلَىٰ شَاكِلَتِهِۦ فَرَبُّكُمۡ أَعۡلَمُ بِمَنۡ هُوَ أَهۡدَىٰ سَبِيلٗا
Оо, пайгамбар! Мындай деп айткын: “Ар бир адам туура жана адашуудагы абалын чагылдырган жолунда иш-аракеттерди кыла берсин. Раббиңер ким акыйкат жолдо экенин жакшы билет”.
تفسیرهای عربی:
وَيَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلرُّوحِۖ قُلِ ٱلرُّوحُ مِنۡ أَمۡرِ رَبِّي وَمَآ أُوتِيتُم مِّنَ ٱلۡعِلۡمِ إِلَّا قَلِيلٗا
Оо, пайгамбар! Китеп ээлеринен болгон каапырлар сенден рухтун кандай экендиги туурасында сурашат. Аларга мындай деп айткын: “Рухтун кандай экендигин Аллахтан башка эч ким билбейт. Аруу Аллахтын илиминин алдында силерге жана бардык адамдарга аз гана илим берилди”.
تفسیرهای عربی:
وَلَئِن شِئۡنَا لَنَذۡهَبَنَّ بِٱلَّذِيٓ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ ثُمَّ لَا تَجِدُ لَكَ بِهِۦ عَلَيۡنَا وَكِيلًا
Оо, пайгамбар! Эгер Биз сага түшүргөн аян-кабарды көкүрөктөрдөн жана китептерден өчүрүү менен Өзүбүзгө кайтарып алууну кааласак, анда аны кайтарып алмакбыз. Андан кийин сага жардам бере турган жана аны сага кайтара турган эч кимди тапмак эмессиң.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• في الآيات دليل على شدة افتقار العبد إلى تثبيت الله إياه، وأنه ينبغي له ألا يزال مُتَمَلِّقًا لربه أن يثبته على الإيمان.
Пенде Аллах аны бекем кылуусуна жана ал ыйманга бекем кылуусу үчүн Раббисине ар дайым жалынуусу керектигине бул аяттарда далил бар.

• عند ظهور الحق يَضْمَحِل الباطل، ولا يعلو الباطل إلا في الأزمنة والأمكنة التي يكسل فيها أهل الحق.
Акыйкат ачыкка чыкканда жалган жоголот. Ошондой эле акыйкат ээлери жалкоолук кылган учурда жана акыйкат ээлери жалкоолук кылган жерде гана жалган көтөрүлөт.

• الشفاء الذي تضمنه القرآن عام لشفاء القلوب من الشُّبَه، والجهالة، والآراء الفاسدة، والانحراف السيئ والمقاصد السيئة.
Куран өз ичине камтыган шыпаа – бул жүрөктөгү шек-күмөндөргө, наадандыкка, бузуку ойлорго, адашууга, жаман ой-максаттарга жана жалпы баарына шыпаа.

• في الآيات دليل على أن المسؤول إذا سئل عن أمر ليس في مصلحة السائل فالأولى أن يعرض عن جوابه، ويدله على ما يحتاج إليه، ويرشده إلى ما ينفعه.
Суралган адам сураган адамга пайдасы жок нерсе тууралуу суралса, анда суралган адам жооп берүүдөн жүз буруп, сураган адам муктаж болгон жана ага пайда бере турган ишке аны багыттаганы жакшыраак.

إِلَّا رَحۡمَةٗ مِّن رَّبِّكَۚ إِنَّ فَضۡلَهُۥ كَانَ عَلَيۡكَ كَبِيرٗا
Бирок Раббиңден сага ырайым болуп аян-кабарды кайра кайтарып алган жокпуз, аны сакталган абалында калтырдык. Раббиңдин сага кылган жакшылыгы чоң. Анткени сени пайгамбар кылды, сени пайгамбардын эң акыркысы кылды жана сага Куранды түшүрдү.
تفسیرهای عربی:
قُل لَّئِنِ ٱجۡتَمَعَتِ ٱلۡإِنسُ وَٱلۡجِنُّ عَلَىٰٓ أَن يَأۡتُواْ بِمِثۡلِ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانِ لَا يَأۡتُونَ بِمِثۡلِهِۦ وَلَوۡ كَانَ بَعۡضُهُمۡ لِبَعۡضٖ ظَهِيرٗا
Оо, пайгамбар! Мындай деп айткын: “Сага түшүрүлгөн Куран сыяктуу өткүрлүү, мыкты түзүлгөн жана уккулуктуу китеп алып келүү үчүн адамдар менен жиндер баары чогулушса да жана алар бири-бирине жардамдашса да Куранга окшош китепти эч качан алып келе алышпайт.
تفسیرهای عربی:
وَلَقَدۡ صَرَّفۡنَا لِلنَّاسِ فِي هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانِ مِن كُلِّ مَثَلٖ فَأَبَىٰٓ أَكۡثَرُ ٱلنَّاسِ إِلَّا كُفُورٗا
Чындыгында Биз адамдарга бул Курандагы нерселерди баяндап бердик. Ошондой эле адамдар ыйман келтирүүлөрүн үмүт кылып Курандан сабак ала турган үлгү насааттарды, буйрук-тыюуларды жана окуялардын баарын түрлөп бердик. Көпчүлүк адамдар бул Куранды жокко чыгаруу менен четке кагышат.
تفسیرهای عربی:
وَقَالُواْ لَن نُّؤۡمِنَ لَكَ حَتَّىٰ تَفۡجُرَ لَنَا مِنَ ٱلۡأَرۡضِ يَنۢبُوعًا
Мушриктер мындай деп айтышты: “Эй, Мухаммад! Сен бизге Мекке жеринен суусу соолубай агып турган булак чыгарып бермейинче биз сага ыйман келтирбейбиз”.
تفسیرهای عربی:
أَوۡ تَكُونَ لَكَ جَنَّةٞ مِّن نَّخِيلٖ وَعِنَبٖ فَتُفَجِّرَ ٱلۡأَنۡهَٰرَ خِلَٰلَهَا تَفۡجِيرًا
Сага бак-дарактары көп бакча жана анда суусу мол агып турган дарыялар болсунбу?
تفسیرهای عربی:
أَوۡ تُسۡقِطَ ٱلسَّمَآءَ كَمَا زَعَمۡتَ عَلَيۡنَا كِسَفًا أَوۡ تَأۡتِيَ بِٱللَّهِ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ قَبِيلًا
Өзүң айткандай биздин үстүбүзгө асмандан азаптын бир бөлүгүн түшүрбөйсүңбү? Же сен айтып жатканыңды тастыкташ үчүн биздин алдыбызга Аллах жана периштелерди күбө катары алып келбейсиңби?
تفسیرهای عربی:
أَوۡ يَكُونَ لَكَ بَيۡتٞ مِّن زُخۡرُفٍ أَوۡ تَرۡقَىٰ فِي ٱلسَّمَآءِ وَلَن نُّؤۡمِنَ لِرُقِيِّكَ حَتَّىٰ تُنَزِّلَ عَلَيۡنَا كِتَٰبٗا نَّقۡرَؤُهُۥۗ قُلۡ سُبۡحَانَ رَبِّي هَلۡ كُنتُ إِلَّا بَشَرٗا رَّسُولٗا
Сенин алтын же башка нерселер менен кооздолгон үйүң болуп же асманга көтөрүлсөң дагы сен Аллахтын элчиси экениңе ишенбейбиз. Эгер Аллахтан Мухаммад пайгамбар деп жазылган китеп алып келип бизге окутсаң гана ишенебиз. Эй, пайгамбар! Сен мушриктерге мындай деп айт: “Менин Раббим бардык айып-кемчиликтерден аруу Зат. Башка пайгамбарлар сыяктуу эле мен да адамдардан болгон пайгамбармын. Бир нерсени алып келүүгө кудуреттүү эмесмин. Ошондуктан силер сунуштап жаткан нерсени кантип алып келмек элем?!”.
تفسیرهای عربی:
وَمَا مَنَعَ ٱلنَّاسَ أَن يُؤۡمِنُوٓاْ إِذۡ جَآءَهُمُ ٱلۡهُدَىٰٓ إِلَّآ أَن قَالُوٓاْ أَبَعَثَ ٱللَّهُ بَشَرٗا رَّسُولٗا
Каапырларды Аллахка жана анын пайгамбарына ыйман келтирүүдөн жана пайгамбар алып келген нерселерди аткаруудан тоскон нерсе – аларга келген пайгамбар адамзатынан болгондугун четке каккандыктары гана тоскоол болду. Алар айтышты: “Аллах бизге адамдан болгон пайгамбар жибердиби?”
تفسیرهای عربی:
قُل لَّوۡ كَانَ فِي ٱلۡأَرۡضِ مَلَٰٓئِكَةٞ يَمۡشُونَ مُطۡمَئِنِّينَ لَنَزَّلۡنَا عَلَيۡهِم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ مَلَكٗا رَّسُولٗا
Оо, пайгамбар! Аларга жооп кайтарып мындай деп айт: “Эгер жер бетинде периштелер жашап, алар силердей болуп тынч абалда басып жүрүшсө, анда Биз аларга өздөрүнөн болгон периштени элчи кылып жибермекпиз. Анткени периште аларга эмне жиберилгенин түшүндүрүп бере алмак. Биз периштелерге адамдардан болгон пайгамбар жөнөтсөк, анда ал даанышмандыкка туура келбейт. Силердин абалыңар да ошондой”.
تفسیرهای عربی:
قُلۡ كَفَىٰ بِٱللَّهِ شَهِيدَۢا بَيۡنِي وَبَيۡنَكُمۡۚ إِنَّهُۥ كَانَ بِعِبَادِهِۦ خَبِيرَۢا بَصِيرٗا
Оо, пайгамбар! Айткын: “Мени менен силердин араңарда силерге менин пайгамбар экендигиме Аллах Өзү жетиштүү күбө. Мен эмне үчүн жөнөтүлгөн болсом ошонун баарын силерге жеткирдим. Аллах пенделеринин абалдарын толук билет. Ага пенделеринин абалдарынан эч бир нерсеси жашыруун эмес. Силердин напсиңер жашырган бардык нерселерди Көрүүчү”.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• بيَّن الله للناس في القرآن من كل ما يُعْتَبر به من المواعظ والعبر والأوامر والنواهي والقصص؛ رجاء أن يؤمنوا.
Алардын ыйман келтирүүлөрүн үмүт кылып Аллах бул Курандагы бардык сабак ала турган үлгү насааттарды, буйрук-тыюуларды жана окуяларды түрлөп келтирип адамдарга баяндап берди.

• القرآن كلام الله وآية النبي الخالدة، ولن يقدر أحد على المجيء بمثله.
Куран – бул Аллахтын сөзү жана Мухаммад пайгамбардын түбөлүктүү аят-белгиси. Эч ким ага окшогон нерсени алып келүүгө кудурети жетпейт.

• من رحمة الله بعباده أن أرسل إليهم بشرًا منهم، فإنهم لا يطيقون التلقي من الملائكة.
Аллах пенделерине кылган ырайымынан өздөрүнөн болгон пайгамбар жөнөттү. Анткени алар периштелерди түшүнүшмөк эмес.

• من شهادة الله لرسوله ما أيده به من الآيات، ونَصْرُه على من عاداه وناوأه.
Аллахтын Өз пайгамбарына берген күбөсүнөн – аны аят-белгилер менен кубаттоосу жана ага душмандык кылган адамдардын үстүнөн жеңиш бериши.

وَمَن يَهۡدِ ٱللَّهُ فَهُوَ ٱلۡمُهۡتَدِۖ وَمَن يُضۡلِلۡ فَلَن تَجِدَ لَهُمۡ أَوۡلِيَآءَ مِن دُونِهِۦۖ وَنَحۡشُرُهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ عَلَىٰ وُجُوهِهِمۡ عُمۡيٗا وَبُكۡمٗا وَصُمّٗاۖ مَّأۡوَىٰهُمۡ جَهَنَّمُۖ كُلَّمَا خَبَتۡ زِدۡنَٰهُمۡ سَعِيرٗا
Оо, пайгамбар! Аллах кимге туура жолго түшүүгө ийгилик берсе, анда ал чыныгы туура жолдо болот. Ал эми кимди Аллах кор кылып туура жолдон адаштырса, аларды акыйкатка сала турган жардамчы таппайсың. Ал жардамчылары алардан зыянды кетирип жана аларга пайда бере албайт. Биз аларды кыямат күнү кайра тирилтебиз. Алар жүздөрү менен сүйрөлгөндө көрбөгөн, сүйлөбөгөн, укпаган абалда болушат. Алардын баш калкалап барар жери тозок. Анын жалыны азайганда Биз анын жалынын күчөтөбүз.
تفسیرهای عربی:
ذَٰلِكَ جَزَآؤُهُم بِأَنَّهُمۡ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِنَا وَقَالُوٓاْ أَءِذَا كُنَّا عِظَٰمٗا وَرُفَٰتًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ خَلۡقٗا جَدِيدًا
Биздин пайгамбарга түшкөн аяттарга каапырлык кылышып жана кайра тирилүүнү жокко чыгарышып: “Эгер биз өлгөндөн кийин чириген сөөк болуп жана үгөлөнгөн бөлүктөргө айлангандан кийин кантип кайрадан тирилмек элек?”- деп айткандарынын жазасы катары алар ушул азапка туш болушту.
تفسیرهای عربی:
۞ أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّ ٱللَّهَ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ قَادِرٌ عَلَىٰٓ أَن يَخۡلُقَ مِثۡلَهُمۡ وَجَعَلَ لَهُمۡ أَجَلٗا لَّا رَيۡبَ فِيهِ فَأَبَى ٱلظَّٰلِمُونَ إِلَّا كُفُورٗا
Кайра тирилүүнү четке каккандар билишпейби. Асмандар менен жерди чоңдугуна карабастан жаратууга кудуреттүү болгон Аллах, ошол экөөсүнө окшогон нерселерди жаратканга кудуреттүү. Ал эми ким чоң нерсени жаратууга кудуреттүү болсо, анда ал андан кичине нерсени да жаратууга кудуреттүү. Чындыгында Аллах бул дүйнөдө аларга жашоолору бүткүчө белгиленген убакыт берди. Ошондой эле аларга ажал бердик, андан кийин аларды шексиз кайра тирилтебиз. Кайра тирилүүнүн далилдери ачык болсо да мушриктер аны четке кагышты.
تفسیرهای عربی:
قُل لَّوۡ أَنتُمۡ تَمۡلِكُونَ خَزَآئِنَ رَحۡمَةِ رَبِّيٓ إِذٗا لَّأَمۡسَكۡتُمۡ خَشۡيَةَ ٱلۡإِنفَاقِۚ وَكَانَ ٱلۡإِنسَٰنُ قَتُورٗا
Оо, пайгамбар! Мушриктерге мындай деп айт: “Эгер Раббимдин түгөнбөс ырайым казынасына ээлик кылсаңар, анда силер анын түгөнүп калуусунан коркуп, кедей болуп калабыз деп аны сарптамак эмессиңер”. Момундардан башка адамдар табиятында сараң болушат. Момундар Аллахтын соопторун үмүт кылып сарпташат.
تفسیرهای عربی:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَىٰ تِسۡعَ ءَايَٰتِۭ بَيِّنَٰتٖۖ فَسۡـَٔلۡ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ إِذۡ جَآءَهُمۡ فَقَالَ لَهُۥ فِرۡعَوۡنُ إِنِّي لَأَظُنُّكَ يَٰمُوسَىٰ مَسۡحُورٗا
Чындыгында Биз Мусага күбө боло турган ачык тогуз далил бердик. Алар аса таяк, жаркыраган кол, ачарчылык жылдар, жемиштердин аз болушу, топон суу, чегиртке, бит, бака, кан. Эй, пайгамбар! Жөөттөрдөн тигил аяттарды Муса өткөн ата-бабаларына алып келгендигин сурачы. Фараон Мусага мындай деп айтты: “Эй, Муса! Мен сени сыйкырланган адам деп ойлоп жатам. Анткени сен таң калыштуу нерселерди алып келип жатасың”.
تفسیرهای عربی:
قَالَ لَقَدۡ عَلِمۡتَ مَآ أَنزَلَ هَٰٓؤُلَآءِ إِلَّا رَبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ بَصَآئِرَ وَإِنِّي لَأَظُنُّكَ يَٰفِرۡعَوۡنُ مَثۡبُورٗا
Муса аларга жооп кайтарып мындай деп айтты: “Эй, Фараон! Бул аят-белгилерди асмандар менен жердин Раббиси болгон Аллах гана түшүргөнүн жакшы билесиң. Бул аят-белгилерди Өзүнүн кудуреттүүлүгүн жана пайгамбардын чынчылдыгын тастыкташ үчүн түшүрдү. Бирок сен бул аят-белгилерди четке кактың. Эй, Фараон! Албетте сен өлүп зыянга учурашыңды билемин.
تفسیرهای عربی:
فَأَرَادَ أَن يَسۡتَفِزَّهُم مِّنَ ٱلۡأَرۡضِ فَأَغۡرَقۡنَٰهُ وَمَن مَّعَهُۥ جَمِيعٗا
Фараон Муса пайгамбарды жана анын коомун жазалап Мисирден чыгарууну каалады. Ошондо Биз Фараонду жана аны менен бирге болгон жан-жөкөрлөрүн чөктүрүп өлтүрдүк.
تفسیرهای عربی:
وَقُلۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِۦ لِبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ ٱسۡكُنُواْ ٱلۡأَرۡضَ فَإِذَا جَآءَ وَعۡدُ ٱلۡأٓخِرَةِ جِئۡنَا بِكُمۡ لَفِيفٗا
Биз Фараон жана анын жан-жөкөрлөрүн өлтүргөндөн кийин Исраил урпактарына мындай деп айттык: “Шам жеринде жашагыла. Кыямат күнү Биз силердин баарыңарды сурак майданына алып келебиз”.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الله تعالى هو المنفرد بالهداية والإضلال، فمن يهده فهو المهتدي على الحقيقة، ومن يضلله ويخذله فلا هادي له.
Жалгыз Аллах гана туура жолго салат жана адаштырат. Ал кимди туура жолго салса, анда ал акыйкат жолдо. Ал эми кимди кор кылып адаштырса, анда аны туура жолго салуучуну таппайсың.

• مأوى الكفار ومستقرهم ومقامهم جهنم، كلما سكنت نارها زادها الله نارًا تلتهب.
Каапырлардын баш калкалап барар жери тозок болот. Ал эми тозоктун оту азайган сайын Аллах анын отун күчөтөт.

• وجوب الاعتصام بالله عند تهديد الطغاة والمُسْتَبدين.
Чектен ашкандар менен залымдарды коркутууда Аллахка гана таянуу милдет.

• الطغاة والمُسْتَبدون يلجؤون إلى استخدام السلطة والقوة عندما يواجهون أهل الحق؛ لأنهم لا يستطيعون مواجهتهم بالحجة والبيان.
Чектен ашкандар менен залымдар акыйкат ээлерине каршылык көрсөтүшкөндө өздөрүнүн күч-кубатын жана бийлигин колдонушуп жана ошого таянышат. Анткени алар ачык далилдер менен каршылык көрсөтүүгө кудуреттери жетпейт.

وَبِٱلۡحَقِّ أَنزَلۡنَٰهُ وَبِٱلۡحَقِّ نَزَلَۗ وَمَآ أَرۡسَلۡنَٰكَ إِلَّا مُبَشِّرٗا وَنَذِيرٗا
Биз Мухаммадга бул Куранды акыйкат менен түшүрдүк. Жана Куран Мухаммадга эч өзгөрбөстөн жана бурмаланбастан акыйкат менен түштү. Оо, пайгамбар! Биз сени такыбаларды бейиш менен сүйүнтүү үчүн жана каапырлар менен күнөөкөрлөрдү тозок менен коркутуу үчүн жөнөттүк.
تفسیرهای عربی:
وَقُرۡءَانٗا فَرَقۡنَٰهُ لِتَقۡرَأَهُۥ عَلَى ٱلنَّاسِ عَلَىٰ مُكۡثٖ وَنَزَّلۡنَٰهُ تَنزِيلٗا
Биз сага Куранды адамдарга шашылбай кыраат кылып окуп берсин деп түшүрдүк жана баяндадык. Анткени бул түшүнүүгө жана ой жүгүртүүгө эң ылайыктуусу. Ошондой эле Биз аны окуяларга жана абалдарга жараша бөлүк-бөлүк кылып түшүрдүк.
تفسیرهای عربی:
قُلۡ ءَامِنُواْ بِهِۦٓ أَوۡ لَا تُؤۡمِنُوٓاْۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ مِن قَبۡلِهِۦٓ إِذَا يُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡ يَخِرُّونَۤ لِلۡأَذۡقَانِۤ سُجَّدٗاۤ
Оо, пайгамбар! Айткын: «Аллахка ыйман келтиргиле. Силердин ыйман келтиргениңер Ага бир нерсени көбөйтүп да жибербейт же Ага ыйман келтирбесеңер да силердин каапырлыгыңар Андан бир нерсени азайтып да жибербейт. Асмандан түшкөн мурунку китептерди окугандарга, вахийди жана пайгамбарлыкты билгендерге Куран окулса, алар Аллахка шүгүр кылып жүздөрү менен сажда кылып жерге жыгылышат».
تفسیرهای عربی:
وَيَقُولُونَ سُبۡحَٰنَ رَبِّنَآ إِن كَانَ وَعۡدُ رَبِّنَا لَمَفۡعُولٗا
Алар сажда учурунда: «Биздин Раббибиз убадасын аткарбай коюудан алыс. Ошондуктан Мухаммаддын келүүсү тууралуу берген убадасы анык болот. Албетте Раббибиздин ал тууралуу же башка тууралуу убадасы сөзсүз ишке ашат».
تفسیرهای عربی:
وَيَخِرُّونَ لِلۡأَذۡقَانِ يَبۡكُونَ وَيَزِيدُهُمۡ خُشُوعٗا۩
Алар Аллахка жүздөрү менен жыгылышып сажда кылышкан абалда Андан коркушуп ыйлашат. Куран угуу жана маанилерин түшүнүү алардын Аллахтан коркуусун жана жалбарууларын көбөйтөт.
تفسیرهای عربی:
قُلِ ٱدۡعُواْ ٱللَّهَ أَوِ ٱدۡعُواْ ٱلرَّحۡمَٰنَۖ أَيّٗا مَّا تَدۡعُواْ فَلَهُ ٱلۡأَسۡمَآءُ ٱلۡحُسۡنَىٰۚ وَلَا تَجۡهَرۡ بِصَلَاتِكَ وَلَا تُخَافِتۡ بِهَا وَٱبۡتَغِ بَيۡنَ ذَٰلِكَ سَبِيلٗا
Оо, пайгамбар! Сенин: «Оо, Аллах! Оо, Ырайымдуу!» деп айткан дубаңа каршы чыккандарга айткын: «Аллах жана Ырайымдуу деген – Аллахтын тааланын ысымдары. Ага ал экөөнүн кимиси менен болсо да же башка ысымдары менен болсо да дуба кылгыла. Анткени Анын көркөм ысымдары бар. Бул экөөсү Анын көркөм ысымдарынан. Андыктан ал экөөсү менен да башка көркөм ысымдары менен да дуба кылгыла. Намазда Куран окуганыңда жарыя окуба, мушриктер угуп алышат. Өтө купуя да окуба, ыймандуулар укпай калышат. Мына ушул эки абалдын ортосундагы деңгээлде оку».
تفسیرهای عربی:
وَقُلِ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي لَمۡ يَتَّخِذۡ وَلَدٗا وَلَمۡ يَكُن لَّهُۥ شَرِيكٞ فِي ٱلۡمُلۡكِ وَلَمۡ يَكُن لَّهُۥ وَلِيّٞ مِّنَ ٱلذُّلِّۖ وَكَبِّرۡهُ تَكۡبِيرَۢا
Оо, пайгамбар! Айткын: «Бардык мактоолорго татыктуу болгон Аллахка чексиз мактоолор болсун. Анын баласы жок жана шериги да жок. Бийлик кылууда да Анын шериги жок. Ага эч ким кордук көрсөтө албайт жана кемсинте да албайт. Анткени Ал жардамчыга жана кубаттоочуга муктаж эмес. Аны көп-көп улукта. Андыктан Анын падышачылыгында Ага баланы да, шерикти да, жардамчы да тааңуулабагыла».
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• أنزل الله القرآن متضمنًا الحق والعدل والشريعة والحكم الأمثل .
Аллах акыйкатты, адилеттүүлүктү, шариятты жана толук өкүмдөрдү камтыган Куранды түшүрдү.

• جواز البكاء في الصلاة من خوف الله تعالى.
Намазда Аллахтан коркуп ыйлоого уруксат.

• الدعاء أو القراءة في الصلاة يكون بطريقة متوسطة بين الجهر والإسرار.
Намазда дуба кылууда же Куран окууда жарыя кылбай же өтө купуя кылбай орточо окуу.

• القرآن الكريم قد اشتمل على كل عمل صالح موصل لما تستبشر به النفوس وتفرح به الأرواح.
Ыйык Куран жанды кубанткан жана сүйүнткөн бардык жакшы иш-аракеттерди камтыйт.

 
ترجمهٔ معانی سوره: سوره اسراء
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن