ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی سوره: سوره حج   آیه:

Хаж

از اهداف این سوره:
تعظيم الله سبحانه وتعالى وشعائره والتسليم لأمره.
Аллах Тааланы жана Анын шариятын улуктоо жана Анын буйруктарына баш ийүү (тууралуу айтылган).

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱتَّقُواْ رَبَّكُمۡۚ إِنَّ زَلۡزَلَةَ ٱلسَّاعَةِ شَيۡءٌ عَظِيمٞ
Эй, адамдар! Раббиңердин буйруктарын аткарып жана тыйгандарын таштап Андан корккула! Чындыгында кыямат менен коштоло турган жер титирөөлөр жана башка коркунучтар – улуу нерсе. Ага Аллах ыраазы болгон иштерди кылып даярдык көрүү милдет.
تفسیرهای عربی:
يَوۡمَ تَرَوۡنَهَا تَذۡهَلُ كُلُّ مُرۡضِعَةٍ عَمَّآ أَرۡضَعَتۡ وَتَضَعُ كُلُّ ذَاتِ حَمۡلٍ حَمۡلَهَا وَتَرَى ٱلنَّاسَ سُكَٰرَىٰ وَمَا هُم بِسُكَٰرَىٰ وَلَٰكِنَّ عَذَابَ ٱللَّهِ شَدِيدٞ
Ал күндө силер катуу коркунучтан улам бала эмгизген аял баласын унутуп калганын, кош бойлуу аял боюндагысын түшүрүп салганын көрөсүңөр. Ал жердеги катуу коркунучтан адамдарды акылынан адашкан мас адамдардай абалда көрөсүң. Алар арак ичип мас болушкан жок. Бирок Аллахтын азабынын катаалдыгы аларды акылдарынан адаштырып койду.
تفسیرهای عربی:
وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يُجَٰدِلُ فِي ٱللَّهِ بِغَيۡرِ عِلۡمٖ وَيَتَّبِعُ كُلَّ شَيۡطَٰنٖ مَّرِيدٖ
Адамдардын арасында өлүктөрдү кайра тирилтүүгө болгон Аллахтын кудуреттүүлүгү туурасында таянар илими жок туруп талашкандар бар. Алар өз ишениминде жана сөздөрүндө Раббисине баш ийбеген шайтандарды жана адаштырган башчыларды ээрчишет.
تفسیرهای عربی:
كُتِبَ عَلَيۡهِ أَنَّهُۥ مَن تَوَلَّاهُ فَأَنَّهُۥ يُضِلُّهُۥ وَيَهۡدِيهِ إِلَىٰ عَذَابِ ٱلسَّعِيرِ
Ал баш ийбеген адам менен шайтандын тагдырына «Ким аларды ээрчисе жана аларга ишенсе, анда алар аны акыйкат жолдон адаштырат, ошондой эле каапырлык жана күнөө кылдырып тозок азабына алып барат» деп жазылган.
تفسیرهای عربی:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِن كُنتُمۡ فِي رَيۡبٖ مِّنَ ٱلۡبَعۡثِ فَإِنَّا خَلَقۡنَٰكُم مِّن تُرَابٖ ثُمَّ مِن نُّطۡفَةٖ ثُمَّ مِنۡ عَلَقَةٖ ثُمَّ مِن مُّضۡغَةٖ مُّخَلَّقَةٖ وَغَيۡرِ مُخَلَّقَةٖ لِّنُبَيِّنَ لَكُمۡۚ وَنُقِرُّ فِي ٱلۡأَرۡحَامِ مَا نَشَآءُ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗى ثُمَّ نُخۡرِجُكُمۡ طِفۡلٗا ثُمَّ لِتَبۡلُغُوٓاْ أَشُدَّكُمۡۖ وَمِنكُم مَّن يُتَوَفَّىٰ وَمِنكُم مَّن يُرَدُّ إِلَىٰٓ أَرۡذَلِ ٱلۡعُمُرِ لِكَيۡلَا يَعۡلَمَ مِنۢ بَعۡدِ عِلۡمٖ شَيۡـٔٗاۚ وَتَرَى ٱلۡأَرۡضَ هَامِدَةٗ فَإِذَآ أَنزَلۡنَا عَلَيۡهَا ٱلۡمَآءَ ٱهۡتَزَّتۡ وَرَبَتۡ وَأَنۢبَتَتۡ مِن كُلِّ زَوۡجِۭ بَهِيجٖ
Оо, адамдар! Өлүмдөн кийин силерди кайра тирилтүүгө болгон кудуреттүүлүгүбүз тууралуу шектенип жатсаңар, анда өзүңөрдүн жаралганыңарга ой жүгүртүп көргүлөчү. Биз түпкү атаңар Адамды топурактан жараттык. Андан соң анын урпактарын аялдын жатынына атылып куюлган эркектин бел суусунан жараттык. Кийин ал коюу канга айланды, кийин тиштелген этке окшош бир тиштем этке айланды, кийин бир кесим этке айланды, анан толук кандуу түйүлдүк болуп анан тирүү ымыркай болуп төрөлгүчө жатында болду, же толук кандуу түйүлдүк болбой жатындан түшүп калды. Биз муну силерди түрдүү баскычтарда жаратууга кудуреттүү экенибизди баяндоо үчүн кылдык. Жана Биз Өзүбүз каалаган түйүлдүктү белгилүү бир убакка чейин жатында кармайбыз. Ал тогуз ай. Кийин силерди энеңердин курсагынан ымыркай кылып чыгарабыз. Кийин силер толук акылга жана күч-кубатка жетесиңер. Кээ бирөөлөрүңөр ага жетпей кайтыш болот, кээ бирөөлөрүңөр күч-кубаттан жана акылдан алсыраган карылык куракка чейин жетесиңер. Ал кезде силердин абалыңар жаш наристенин абалынан да начар болот. Ага чейин билгенин да билбей калат. Ошондой эле сен жерди өсүмдүк өспөгөн кургак абалда көрөсүң. Эгерде Биз ага жамгыр суусун жаадырсак, өсүмдүктөр өнүп ал ачылат, алардын өнүшү менен ал көөп көтөрүлөт, анан кооз көрүнүштөгү өсүмдүктөрдүн түрлөрүн чыгарат.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• وجوب الاستعداد ليوم القيامة بزاد التقوى.
Такыбалык азыгы менен кыямат күнүнө даярдык көрүүнүн милдеттиги.

• شدة أهوال القيامة حيث تنسى المرضعة طفلها وتسقط الحامل حملها وتذهب عقول الناس.
Кыямат коркунучтарынын катуулугу. Ал күндө эмгизген аял баласын унутуп калат, кош бойлуу аялдын боюнан түшүп калат жана адамдар акылын жоготуп коюшат.

• التدرج في الخلق سُنَّة إلهية.
Акырындык менен баскыч-баскычтардан өтүү менен жаратуу – Аллахтын карманган жолу.

• دلالة الخلق الأول على إمكان البعث.
Абалкы жаратуу – кийин кайра жаратууга болгон кудуреттүүлүккө далил болот.

• ظاهرة المطر وما يتبعها من إنبات الأرض دليل ملموس على بعث الأموات.
Жамгырдын жаашы жана анын артынан эле жер бетинде өсүмдүктөрдүн өнүп чыгышы өлүктөрдү кайра тирилтүүгө карата негиздүү далил болот.

ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡحَقُّ وَأَنَّهُۥ يُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰ وَأَنَّهُۥ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
Силердин абалкы жаралууңар, анын баскычтары жана араңардан төрөлгөндөрдүн абалдары сыяктуу Биз силерге айтып өткөн нерселерди – чыныгы акыйкат силер сыйынган айкел-буттар эмес, силерди жараткан Аллах чыныгы акыйкат экенине ыйман келтирүүңөр үчүн жана Ал өлүктөрдү тирилтерине, Ал бардык нерсеге кудуреттүү жана Аны эч бир нерсе алсырата албасына ыйман келтирүүңөр үчүн айттык.
تفسیرهای عربی:
وَأَنَّ ٱلسَّاعَةَ ءَاتِيَةٞ لَّا رَيۡبَ فِيهَا وَأَنَّ ٱللَّهَ يَبۡعَثُ مَن فِي ٱلۡقُبُورِ
Ошондой эле кыямат сөзсүз келерине ыйман келтирүүңөр үчүн айттык. Аллах алардын кылган иштеринин сыйлыгын же жазасын бериш үчүн өлүктөрдү кайра тирилтип кабырларынан чыгарат.
تفسیرهای عربی:
وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يُجَٰدِلُ فِي ٱللَّهِ بِغَيۡرِ عِلۡمٖ وَلَا هُدٗى وَلَا كِتَٰبٖ مُّنِيرٖ
Каапырлардын кээ бирлери акыйкатка жеткирген, тууралыкка жол көргөзгөн илими, Аллах тараптан түшкөн Ага багыттаган нурдуу китеби жок туруп эле, Аллахтын жалгыздыгы туурасында талаша беришет.
تفسیرهای عربی:
ثَانِيَ عِطۡفِهِۦ لِيُضِلَّ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِۖ لَهُۥ فِي ٱلدُّنۡيَا خِزۡيٞۖ وَنُذِيقُهُۥ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ عَذَابَ ٱلۡحَرِيقِ
Ал адамдарды ыймандан жана Аллахтын динине киришинен буруш үчүн текеберленип моюн толгойт. Ким ушундай сыпатта болсо, анда анын бул дүйнөдөгү жазасы кордук болот. Ал эми акыретте ага күйгүзүүчү тозок азабын таттырабыз.
تفسیرهای عربی:
ذَٰلِكَ بِمَا قَدَّمَتۡ يَدَاكَ وَأَنَّ ٱللَّهَ لَيۡسَ بِظَلَّٰمٖ لِّلۡعَبِيدِ
Ага айтылат: «Бул каапырлык жана күнөө кылганың себептүү көргөн азабың. Аллах адамдардан күнөө кылгандарды гана азаптайт».
تفسیرهای عربی:
وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَعۡبُدُ ٱللَّهَ عَلَىٰ حَرۡفٖۖ فَإِنۡ أَصَابَهُۥ خَيۡرٌ ٱطۡمَأَنَّ بِهِۦۖ وَإِنۡ أَصَابَتۡهُ فِتۡنَةٌ ٱنقَلَبَ عَلَىٰ وَجۡهِهِۦ خَسِرَ ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةَۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡخُسۡرَانُ ٱلۡمُبِينُ
Адамдардын арасында Аллахка шектенип ара жолдо сыйынгандар бар. Эгерде ал ден-соолук, байлык сыяктуу жакшылыктарга жетсе, анда ыйман жолунда Аллахка сыйынуусун уланта берет. А эгер оору, кедейлик сыяктуу оор сыноолорго кабылса, анда динин жамандыкка жооруп, андан кайтып кетет. Ал бул дүйнөсүн жоготот, анын каапырлыгы бул дүйнөдө ага жазылбаган насибин эч качан көбөйтпөйт. Жана ал акыретин жоготот, анткени ал Аллахтын азабына дуушар болот. Мына ушул анык жоготуу!
تفسیرهای عربی:
يَدۡعُواْ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَضُرُّهُۥ وَمَا لَا يَنفَعُهُۥۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلضَّلَٰلُ ٱلۡبَعِيدُ
Ал Аллахтан башка айкел-буттарга сыйынат. Алар ага зыян беришпейт, эгер аларга баш ийбестик кылган болсо жана пайда да беришпейт, эгер аларга баш ийген болсо. Анын ошол пайда да, зыян да бербеген айкел-буттарга кылган дубасы – акыйкаттан алыс болгон адашуу.
تفسیرهای عربی:
يَدۡعُواْ لَمَن ضَرُّهُۥٓ أَقۡرَبُ مِن نَّفۡعِهِۦۚ لَبِئۡسَ ٱلۡمَوۡلَىٰ وَلَبِئۡسَ ٱلۡعَشِيرُ
Айкел-буттарга сыйынган бул каапыр адам жок пайдасынан да анык зыяны болгон кудайларга дуба кылат. Пайда бул жакта турсун, анык эле зыянда турган кудайы кандай жаман! Ал колдоо сурагандарга кандай жаман колдоочу жана ага жанашкандарга кандай жаман дос!
تفسیرهای عربی:
إِنَّ ٱللَّهَ يُدۡخِلُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُۚ إِنَّ ٱللَّهَ يَفۡعَلُ مَا يُرِيدُ
Чындыгында Аллах ыйман келтиргендерди жана жакшылык иштерди кылгандарды хансарайларынын алдынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Чындыгында Аллах Өзү каалаганды кылат, кимге кааласа ырайым кылат, кимди кааласа жазалайт. Аны эч ким мажбурлай албайт.
تفسیرهای عربی:
مَن كَانَ يَظُنُّ أَن لَّن يَنصُرَهُ ٱللَّهُ فِي ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِ فَلۡيَمۡدُدۡ بِسَبَبٍ إِلَى ٱلسَّمَآءِ ثُمَّ لۡيَقۡطَعۡ فَلۡيَنظُرۡ هَلۡ يُذۡهِبَنَّ كَيۡدُهُۥ مَا يَغِيظُ
Кимде-ким Аллах бул дүйнөдө жана акыретте пайгамбарына жардам бербейт деп ойлосо, анда үйүнүн төбөсүнө узун жип байласын да, кийин өзүн жерден үзүлгөндөй кылып муунтсун. Анан карасын, бул анын ичиндеги кыжырдануусун кетирет бекен. Ал каршы чыккан адам кааласа-каалабаса дагы Аллах пайгамбарына жардам берет.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• أسباب الهداية إما علم يوصل به إلى الحق، أو هادٍ يدلهم إليه، أو كتاب يوثق به يهديهم إليه.
Туура жолго түшүүнүн себептери – акыйкатка жеткирген илим же ага багыттаган багыттоочу же ага жол көргөзгөн ишенимдүү китеп аркылуу болот.

• الكبر خُلُق يمنع من التوفيق للحق.
Текеберлик — акыйкатка ийгиликтүү жетүүгө тоскоолдук кылган сыпат.

• من عدل الله أنه لا يعاقب إلا على ذنب.
Күнөө үчүн гана жазалоо – Аллахтын адилеттүүлүгүнөн.

• الله ناصرٌ نبيَّه ودينه ولو كره الكافرون.
Каапырлар жаман көрүшсө да Аллах пайгамбарын жана динин колдойт.

وَكَذَٰلِكَ أَنزَلۡنَٰهُ ءَايَٰتِۭ بَيِّنَٰتٖ وَأَنَّ ٱللَّهَ يَهۡدِي مَن يُرِيدُ
Биз силерге кайра тирилүүгө ачык-айкын далилдерибизди баяндаган сыяктуу Мухаммадга да Куранды ачык-айкын аяттар түрүндө түшүрдүк. Аллах Өз урматы менен каалаган адамдарына туура жолго ийгилик берет.
تفسیرهای عربی:
إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَٱلَّذِينَ هَادُواْ وَٱلصَّٰبِـِٔينَ وَٱلنَّصَٰرَىٰ وَٱلۡمَجُوسَ وَٱلَّذِينَ أَشۡرَكُوٓاْ إِنَّ ٱللَّهَ يَفۡصِلُ بَيۡنَهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ شَهِيدٌ
Чындыгында бул элдерден Аллахка ыйман келтиргендер, жөөттөр, сабиилер (кээ бир пайгамбарларды ээрчиген топтор), христиандар, отко табынгандар жана айкел-буттарга сыйынгандардын ортосунда Аллах кыямат күнү өкүм кылып, ыймандууларды бейишке киргизет, калгандарын тозокко киргизет. Чындыгында Аллах пенделеринин бардык сөздөрүнө жана иштерине күбө. Алардын эч нерсеси Ага жашыруун эмес жана Ал жакында алардын сыйлыгын же жазасын берет.
تفسیرهای عربی:
أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ يَسۡجُدُۤ لَهُۥۤ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ وَٱلشَّمۡسُ وَٱلۡقَمَرُ وَٱلنُّجُومُ وَٱلۡجِبَالُ وَٱلشَّجَرُ وَٱلدَّوَآبُّ وَكَثِيرٞ مِّنَ ٱلنَّاسِۖ وَكَثِيرٌ حَقَّ عَلَيۡهِ ٱلۡعَذَابُۗ وَمَن يُهِنِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِن مُّكۡرِمٍۚ إِنَّ ٱللَّهَ يَفۡعَلُ مَا يَشَآءُ۩
Оо, пайгамбар! Билбейсиңби, Аллахка асмандардагы периштелер, жердеги адамдар менен жиндердин ыймандуулары моюн сунуп сажда кылышат, ошондой эле Ага Күн, Ай, асмандардагы жылдыздар, тоо-таштар, бак-дарактар жана жер бетиндеги жан-жаныбарлар Ага моюн сунуп сажда кылышат. Ага көп адамдар баш ийип сажда кылышат жана көп адамдар моюн сунуп сажда кылуудан баш тартышат. Ошолорго каапырлыктары үчүн Аллахтын азабы түшөрү анык. Эгерде Аллах кимдир бирөөгө каапырлыгы себептүү кордукду жана төмөндүктү өкүм кылган болсо, анда аны эч ким урматтабайт. Чындыгында Аллах Өзү каалаганды кылат. Аны эч ким мажбурлай албайт.
تفسیرهای عربی:
۞ هَٰذَانِ خَصۡمَانِ ٱخۡتَصَمُواْ فِي رَبِّهِمۡۖ فَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ قُطِّعَتۡ لَهُمۡ ثِيَابٞ مِّن نَّارٖ يُصَبُّ مِن فَوۡقِ رُءُوسِهِمُ ٱلۡحَمِيمُ
Кимибиздики акыйкат деп Раббиси тууралуу талашкан бул эки топ – ыймандуулар менен каапырлар тобу. Каапырлар тобун кийим адамды чулгагандай тозок да аларды чулгап ороп алат жана алардын баштарынан катуу кайнаган суу куюлат.
تفسیرهای عربی:
يُصۡهَرُ بِهِۦ مَا فِي بُطُونِهِمۡ وَٱلۡجُلُودُ
Анын ушунчалык ысыктыгынан алардын ичиндеги ичеги-карындары эзилип-ээрип кетет жана терилерине жеткенде алар да ылжырап-ээрип кетет.
تفسیرهای عربی:
وَلَهُم مَّقَٰمِعُ مِنۡ حَدِيدٖ
Тозокто алар үчүн атайын темир союлдар болот. Аны менен периштелер аларды баштарына урушат.
تفسیرهای عربی:
كُلَّمَآ أَرَادُوٓاْ أَن يَخۡرُجُواْ مِنۡهَا مِنۡ غَمٍّ أُعِيدُواْ فِيهَا وَذُوقُواْ عَذَابَ ٱلۡحَرِيقِ
Алар тозоктогу кабылган кыйынчылыктын катаалдыгынан ал жактан чыгууга аракет жасашкан сайын кайра-кайра азапка кайтарылышып жана аларга: «Тозоктун куйкалаган азабын таткыла!» – деп айтылат.
تفسیرهای عربی:
إِنَّ ٱللَّهَ يُدۡخِلُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ يُحَلَّوۡنَ فِيهَا مِنۡ أَسَاوِرَ مِن ذَهَبٖ وَلُؤۡلُؤٗاۖ وَلِبَاسُهُمۡ فِيهَا حَرِيرٞ
Ал эми ыймандуулар тобу – алар Аллахка ыйман келтиргендер жана жакшылык иштерди кылгандар. Аллах аларды хансарайларынын алдынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Аллах аларга алтын билериктерди жана берметтерди тагып жасантат. Алар ал жакта жибек кийимдерди кийишет.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الهداية بيد الله يمنحها من يشاء من عباده.
Туура жолго салуу Аллахтын колунда. Ал аны Өзү каалаган пендесине берет.

• رقابة الله على كل شيء من أعمال عباده وأحوالهم.
Аллах пенделеринин иш-аракеттерин жана абалдарын көзөмөлдөп турат.

• خضوع جميع المخلوقات لله قدرًا، وخضوع المؤمنين له طاعة.
Бүткүл жаратылгандар Аллахты урматтап моюн сунушат. Ал эми ыймандуулар Анын буйруктарын аткарып, баш ийип моюн сунушат.

• العذاب نازل بأهل الكفر والعصيان، والرحمة ثابتة لأهل الإيمان والطاعة.
Азап каапырлар менен күнөөкөрлөргө түшөт. Ал эми ырайымдуулук ыймандуулар менен баш ийгендерге болот.

وَهُدُوٓاْ إِلَى ٱلطَّيِّبِ مِنَ ٱلۡقَوۡلِ وَهُدُوٓاْ إِلَىٰ صِرَٰطِ ٱلۡحَمِيدِ
Аллах аларды дүйнө жашоосунда күбөлүк келмеси “Лаа илааха иллаллах”, “Аллаху акбар” (Аллахты улуктоо) жана “Алхамдулиллах” (Аллахка мактоолорду айтуу) сыяктуу асыл сөздөргө багыттаган. Ошондой эле мактоого ылайык Ислам жолуна багыттаган.
تفسیرهای عربی:
إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَيَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِ ٱلَّذِي جَعَلۡنَٰهُ لِلنَّاسِ سَوَآءً ٱلۡعَٰكِفُ فِيهِ وَٱلۡبَادِۚ وَمَن يُرِدۡ فِيهِ بِإِلۡحَادِۭ بِظُلۡمٖ نُّذِقۡهُ مِنۡ عَذَابٍ أَلِيمٖ
Аллахка каапырлык кылгандарга жана башкаларды Исламга кирүүдөн бургандарга, ошондой эле адамдарды Худайбия жылындагыдай Аль-Харам мечитинен тоскондорго жакында кыйноочу азапты таттырабыз. Биз адамдар үчүн намаздарында кыбыла кылган жана ажылык менен умранын жөрөлгөлөрүнөн кылган Аль-Харам мечити – ал жерде жашаган меккеликке да, Мекке элинен эмес сырттан келгендерге да бирдей. Ким анын ичинде акыйкаттан бурулуп атайылап күнөө иш кылган болсо, анда Биз ага кыйноочу азапты тартырабыз.
تفسیرهای عربی:
وَإِذۡ بَوَّأۡنَا لِإِبۡرَٰهِيمَ مَكَانَ ٱلۡبَيۡتِ أَن لَّا تُشۡرِكۡ بِي شَيۡـٔٗا وَطَهِّرۡ بَيۡتِيَ لِلطَّآئِفِينَ وَٱلۡقَآئِمِينَ وَٱلرُّكَّعِ ٱلسُّجُودِ
Оо, пайгамбар! Эстечи, Биз Ибрахимге Каабанын жайгашкан жерин жана анын чегарасын айтып бердик. Ал ага чейин белгисиз болуп кеткен. Ошондой эле Биз ага вахий кылдык: «Мага сыйынууда эч кимди шерик кылба, жалгыз Өзүмө гана сыйын жана таваф кылгандар (Каабаны айлангандар) менен намаз окугандар үчүн Үйүмдү ички жана сырткы ыпыластардан тазала».
تفسیرهای عربی:
وَأَذِّن فِي ٱلنَّاسِ بِٱلۡحَجِّ يَأۡتُوكَ رِجَالٗا وَعَلَىٰ كُلِّ ضَامِرٖ يَأۡتِينَ مِن كُلِّ فَجٍّ عَمِيقٖ
Адамдарга жар салып, Биз сага кур деп буйруган бул Үйгө аларды ажылык кылууга чакыр! Алар сага жөө жалаң же жол жүрүп арыктап азган төөлөрдү минип келишет. Аларды төөлөрү алыскы жолдордон ташып келет.
تفسیرهای عربی:
لِّيَشۡهَدُواْ مَنَٰفِعَ لَهُمۡ وَيَذۡكُرُواْ ٱسۡمَ ٱللَّهِ فِيٓ أَيَّامٖ مَّعۡلُومَٰتٍ عَلَىٰ مَا رَزَقَهُم مِّنۢ بَهِيمَةِ ٱلۡأَنۡعَٰمِۖ فَكُلُواْ مِنۡهَا وَأَطۡعِمُواْ ٱلۡبَآئِسَ ٱلۡفَقِيرَ
Алар күнөөнүн кечирилүүсү, соопторго жетүү жана бирдиктүү сөзгө келүү сыяктуу пайдаларды алып келген нерселерге күбө болушсун. Ошондой эле аларга берилген төө, уй, кой сыяктуу ырыскылары үчүн Аллахка шүгүр келтирүү максатта белгилүү күндөрдө союшкан курмандыктарына Аллахтын атын аташсын. Ал күндөр – Зулхижжа айынын ону жана андан кийинки үч күн. Ал курмандыктардан өзүңөр жегиле жана андан байкуш, кембагалдарды тамактандыргыла!
تفسیرهای عربی:
ثُمَّ لۡيَقۡضُواْ تَفَثَهُمۡ وَلۡيُوفُواْ نُذُورَهُمۡ وَلۡيَطَّوَّفُواْ بِٱلۡبَيۡتِ ٱلۡعَتِيقِ
Андан кийин алар ажылыктын калган жөрөлгөлөрүн аткарышсын, чачтарын жана тырмактарын алышсын, ихрам кийиминде бир нече күндөр жүргөнү себептүү чогулуп калган денелериндеги кирлеринен тазаланышсын. Жана ажылык же умра же курмандык чалуу сыяктуу өздөрүнө милдет кылган убадаларын аткарышсын. Ошондой эле Аллах залымдардын карамагынан чыгарган Үйдү (Каабаны) айланып (парз) тавафын кылышсын.
تفسیرهای عربی:
ذَٰلِكَۖ وَمَن يُعَظِّمۡ حُرُمَٰتِ ٱللَّهِ فَهُوَ خَيۡرٞ لَّهُۥ عِندَ رَبِّهِۦۗ وَأُحِلَّتۡ لَكُمُ ٱلۡأَنۡعَٰمُ إِلَّا مَا يُتۡلَىٰ عَلَيۡكُمۡۖ فَٱجۡتَنِبُواْ ٱلرِّجۡسَ مِنَ ٱلۡأَوۡثَٰنِ وَٱجۡتَنِبُواْ قَوۡلَ ٱلزُّورِ
Биз силерге чачты жана тырмакты алуу, кирлерди кетирүү, өзүнө милдет кылган убадаларды аткаруу жана Үйдү таваф кылуу сыяктуу буйруган нерселерди – Аллах силерге милдет кылды. Аллахтын силерге кылган милдеттерин урматтагыла! Кимде-ким ихрамда жүргөндө Аллах ташта деп буйруган нерселерди таштап, Аллахты улукташ үчүн Анын чектерин карманса жана Ал арам кылган нерселерди адал дебесе, анда бул кылганы Аллахтын алдында ал үчүн дүйнөдө да, акыретте да жакшыраак. Эй, адамдар! Силерге төө, уй жана кой сыяктуу айбандар адал кылынды. Ошондой эле алардын ичинен хами, бахира жана васыла (Исламдан алдынкы доордо жашаган араб мушриктеринде бул аты аталган жаныбарларды буттарына арнап же кайсы бир нерсеге жеткенде пайдаланууга болбойт деп өкүм чыгарып, таштап салышчу. Хами: бул төөнүн эркеги болуп саналат. Андан бир нече жакшы тукум алынса, аны болду, кызматты бүттү дегендей талаага бош коюп жиберишчү. Бахира: эгерде төө жандыгы көп жолу бала тууган болсо анын кулагына белги салып, болду эми аны пайдаланууга болбойт деп таштап коюшчу. Васыла: бул төөнүн ургачысы эгерде удаама-удаа бир нече жолу ургаачы гана ботолорду тууган болсо, аны да кызматы бүттү деп пайдаланбастан талаага бош коюп жиберишчү. Ислам бул туура эмес өкүмдөрдү жокко чыгарган.) төөлөрүн силерге арам кылган эмес. Ал силерге өлүмтүк, кан ж.б.у.с. Куранда арам деп келген нерселерди гана арам кылды. Эми силер ыплас айкел-буттардан алыс болгула! Ошондой эле Аллахка жана Анын жараткандарына карата айтылган жалган жалаа сөздөрдөн алыс болгула!
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• حرمة البيت الحرام تقتضي الاحتياط من المعاصي فيه أكثر من غيره.
Аль-Харам мечитинин ыйыктыгы – башка жерлерге караганда ал жерде күнөө кылуудан көбүрөөк этият болууну талап кылат.

• بيت الله الحرام مهوى أفئدة المؤمنين في كل زمان ومكان.
Аллахтын үйү (Харам мечити) – бардык учурда жана бардык жерде ыймандуулардын жүрөгүнө чеп-калкан.

• منافع الحج عائدة إلى الناس سواء الدنيوية أو الأخروية.
Ажылыктын пайдалары дүйнөлүк же акыреттик болобу адамдардын өзүнө кайтат.

• شكر النعم يقتضي العطف على الضعفاء.
Жакшылыктарга шүгүр кылуу алсыздарга мээримдүүлүк кылууну талап кылат.

حُنَفَآءَ لِلَّهِ غَيۡرَ مُشۡرِكِينَ بِهِۦۚ وَمَن يُشۡرِكۡ بِٱللَّهِ فَكَأَنَّمَا خَرَّ مِنَ ٱلسَّمَآءِ فَتَخۡطَفُهُ ٱلطَّيۡرُ أَوۡ تَهۡوِي بِهِ ٱلرِّيحُ فِي مَكَانٖ سَحِيقٖ
Силер Аллах Өзү ыраазы болгон динден башка диндерден алыс болуп, сыйынууда Ага эч бир нерсени шерик кылбагыла! Кимде-ким Аллахка ширк кылса, ал асмандан кулап түшкөн же куштар аны эт-сөөгүн апчып жулушкан же шамал аны алыс жактарга учуруп таштаган сыяктуу.
تفسیرهای عربی:
ذَٰلِكَۖ وَمَن يُعَظِّمۡ شَعَٰٓئِرَ ٱللَّهِ فَإِنَّهَا مِن تَقۡوَى ٱلۡقُلُوبِ
Мына ушулар – Аллахты жалгыздоо, Ага ыкластуу болуу, айкел-буттардан жана жалган сөздөрдөн алыс болуу сыяктуу Аллах буйруган нерселер. Кимде-ким курмандык чалуу, ажылык жөрөлгөлөрүн аткаруу сыяктуу Аллахтын диний белгилерин урматтаса, анда ал урматтаганы жүрөктөрдүн Раббисине болгон такыбалыгынан.
تفسیرهای عربی:
لَكُمۡ فِيهَا مَنَٰفِعُ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗى ثُمَّ مَحِلُّهَآ إِلَى ٱلۡبَيۡتِ ٱلۡعَتِيقِ
Силер Ыйык Үйдө курмандыкка чалган мал-жандыктарда силер үчүн пайдалар бар. Силер аларды Аллах залымдардын карамагынан чыгарган Өзүнүн Үйүнө жакын жерде сойгонго чейин белгилүү убакыт аралыгында минесиңер, урук аласыңар, жүнүн жана сүтүн пайдаланасыңар.
تفسیرهای عربی:
وَلِكُلِّ أُمَّةٖ جَعَلۡنَا مَنسَكٗا لِّيَذۡكُرُواْ ٱسۡمَ ٱللَّهِ عَلَىٰ مَا رَزَقَهُم مِّنۢ بَهِيمَةِ ٱلۡأَنۡعَٰمِۗ فَإِلَٰهُكُمۡ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞ فَلَهُۥٓ أَسۡلِمُواْۗ وَبَشِّرِ ٱلۡمُخۡبِتِينَ
Биз мурунку бардык үммөттөргө Аллахка жакындаш үчүн кан чыгарууга байланышкан диний жөрөлгөнү кылганбыз. Биз аны аларга берген төө, уй жана кой сыяктуу ырыскылары үчүн Аллахка шүгүр кылуу максатта алар курмандыктарды союп жаткан учурда Аллахтын атын атасын деген үмүттө кылганбыз. Эй, адамдар! Силердин чыныгы кудайыңар жалгыз кудай жана Анын шериги жок. Жалгыз ага гана моюн сунуп баш ийгиле! Эй, пайгамбар! Ыкластууларга, жалбаруучуларга сүйүнчү кабарды жеткир!
تفسیرهای عربی:
ٱلَّذِينَ إِذَا ذُكِرَ ٱللَّهُ وَجِلَتۡ قُلُوبُهُمۡ وَٱلصَّٰبِرِينَ عَلَىٰ مَآ أَصَابَهُمۡ وَٱلۡمُقِيمِي ٱلصَّلَوٰةِ وَمِمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡ يُنفِقُونَ
Аларга Аллах тууралуу эскертилгенде Анын жазасынан коркот, Анын буйругуна каршы чыкпайт, башына келген балээге сабыр кылат жана намазды жеткиликтүү аткарат. Аллах аларга берген ырыскыдан жакшы жолдорго сарптайт.
تفسیرهای عربی:
وَٱلۡبُدۡنَ جَعَلۡنَٰهَا لَكُم مِّن شَعَٰٓئِرِ ٱللَّهِ لَكُمۡ فِيهَا خَيۡرٞۖ فَٱذۡكُرُواْ ٱسۡمَ ٱللَّهِ عَلَيۡهَا صَوَآفَّۖ فَإِذَا وَجَبَتۡ جُنُوبُهَا فَكُلُواْ مِنۡهَا وَأَطۡعِمُواْ ٱلۡقَانِعَ وَٱلۡمُعۡتَرَّۚ كَذَٰلِكَ سَخَّرۡنَٰهَا لَكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ
Биз Ыйык Үйгө курмандыкка союлган төөлөр менен уйларды силер үчүн диний жөрөлгө жана белги кылдык. Аларда силер үчүн дүйнөлүк жана диний пайдалар бар. Эй, курмандык чалуучулар! Аларды сойордо “Бисмиллах (Аллахтын ысымы менен)” деп айткыла! Ага чейин буттарын түздөп, ал качпаш үчүн тике турган абалында бир бутуна тушоо салгыла. Сойгондон кийин ал капталына жыгылат, андан өзүңөр жегиле, ошондой эле сураган кедейлерге жана суроодон уяттуулугунан тыйылган кембагалдарга бергиле! Ошол сыяктуу эле алар менен жүк ташуу үчүн жана аларды миниш үчүн силерге моюн сундурдук. Жана Аллахка жакындаш үчүн аларды кай жерде сойсоңор да баш бере турган кылып силерге моюн сундуруп койдук. Балким Аллах силерге аларды баш ийдирген жакшылыгына шүгүр кыларсыңар.
تفسیرهای عربی:
لَن يَنَالَ ٱللَّهَ لُحُومُهَا وَلَا دِمَآؤُهَا وَلَٰكِن يَنَالُهُ ٱلتَّقۡوَىٰ مِنكُمۡۚ كَذَٰلِكَ سَخَّرَهَا لَكُمۡ لِتُكَبِّرُواْ ٱللَّهَ عَلَىٰ مَا هَدَىٰكُمۡۗ وَبَشِّرِ ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Силердин чалган курмандыгыңардын эти да, каны да Аллахка жетпейт жана Ага көтөрүлбөйт. Бирок бул нерседе силердин Аллахтан болгон такыбалыгыңар гана көтөрүлөт. Андыктан Ага жакындаш үчүн баш ийип аткарганыңарды ыкластуулук менен кылгыла. Ошондой эле Аллах силерди туура жолго салганы үчүн Ага шүгүр кылып, Аны улукташыңар үчүн жандыктарды силерге моюн сундурду. Оо, пайгамбар! Раббисине болгон сыйынууда жана адамдар менен болгон мамиледе жакшылык кылгандарга сүйүнчү кабарды жеткир!
تفسیرهای عربی:
۞ إِنَّ ٱللَّهَ يُدَٰفِعُ عَنِ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ كُلَّ خَوَّانٖ كَفُورٍ
Аллах ыйман келтиргендерди душмандарынын жамандыгынан коргойт. Чындыгында Аллах аманатка кыянатчылдарды, Аллахтын жакшылыгын танып, Ага шүгүр кылбагандарды жакшы көрбөйт. Тескерисинче, аларды жек көрөт.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• ضَرْب المثل لتقريب الصور المعنوية بجعلها في ثوب حسي، مقصد تربوي عظيم.
Абстрактуу элестерди конкреттүү элестерге жакындатып бериш үчүн мисал келтирүү – тарбиянын бийик максаттарынан.

• فضل التواضع.
Кичипейилдиктин артыкчылыгы.

• الإحسان سبب للسعادة.
Жакшылык кылуу – бактылуулукка жетүүнүн себеби.

• الإيمان سبب لدفاع الله عن العبد ورعايته له.
Ыйман – Аллахтын пендесине болгон коргоосунун жана камкордугунун себеби.

أُذِنَ لِلَّذِينَ يُقَٰتَلُونَ بِأَنَّهُمۡ ظُلِمُواْۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ نَصۡرِهِمۡ لَقَدِيرٌ
Мушриктердин чабуулуна туш болгон ыймандуулар душмандары тараптан көргөн зулумдуктары үчүн аларга каршы согушууга Аллах уруксат берди. Албетте Аллах ыймандууларга душмандарына каршы согушсуз эле жардам берүүгө кудуреттүү. Бирок Анын даанышмандыгы ыймандууларды каапырларга каршы согуштуруп сыноону талап кылат.
تفسیرهای عربی:
ٱلَّذِينَ أُخۡرِجُواْ مِن دِيَٰرِهِم بِغَيۡرِ حَقٍّ إِلَّآ أَن يَقُولُواْ رَبُّنَا ٱللَّهُۗ وَلَوۡلَا دَفۡعُ ٱللَّهِ ٱلنَّاسَ بَعۡضَهُم بِبَعۡضٖ لَّهُدِّمَتۡ صَوَٰمِعُ وَبِيَعٞ وَصَلَوَٰتٞ وَمَسَٰجِدُ يُذۡكَرُ فِيهَا ٱسۡمُ ٱللَّهِ كَثِيرٗاۗ وَلَيَنصُرَنَّ ٱللَّهُ مَن يَنصُرُهُۥٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ
Каапырлар аларды өз мекенинен зулумдук менен алар эч кандай кылмыш кылышпаса да “Раббибиз Аллах, Андан башка Раббибиз жок” деп айткандары үчүн гана кууп чыгышты. Эгерде Аллах пайгамбарларына жана ыймандууларга душмандарга каршы согушууну өкүм кылбаганда, алардын ибадат жайларына кол салышып, кечилдердин ибадатканаларын, христиандардын чиркөөлөрүн, жөөттөрдүн синагогаларын, намаз окуу үчүн даярдалган жана Аллахты көп зикир кылган мусулмандардын мечиттерин талкалашмак. Аллахтын динине жана пайгамбарына жардам бергендерге Аллах сөзсүз жардам берет. Чындыгында Аллах динине жардам бергендерге жардам берүүгө Кубаттуу жана Аны эч ким жеңе албаган Кудуреттүү.
تفسیرهای عربی:
ٱلَّذِينَ إِن مَّكَّنَّٰهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ أَقَامُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتَوُاْ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَمَرُواْ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَنَهَوۡاْ عَنِ ٱلۡمُنكَرِۗ وَلِلَّهِ عَٰقِبَةُ ٱلۡأُمُورِ
Жардам убада кылынган ал адамдарга эгер Биз душмандарына каршы жардам берип, аларды жер бетинде бийлик кылдырсак, анда алар намазды толук түрдө аткарышат, мал-мүлктөрүнөн зекет беришет, шарият буйруганды буйрушат жана ал тыйганды тыйышат. Сооп же жаза алууда иштердин акыбети жалгыз Аллахка гана кайтат.
تفسیرهای عربی:
وَإِن يُكَذِّبُوكَ فَقَدۡ كَذَّبَتۡ قَبۡلَهُمۡ قَوۡمُ نُوحٖ وَعَادٞ وَثَمُودُ
Оо, пайгамбар! Эгерде элиң сени жалганга чыгарса, анда сабыр кыл! Сен коому жалганга чыгарган пайгамбарлардын биринчиси эмессиң. Сенин коомуңдан мурун Нухту коому жалганга чыгарган, Аад коому Худду жалганга чыгарган, Самуд коому Салихти жалганга чыгарган.
تفسیرهای عربی:
وَقَوۡمُ إِبۡرَٰهِيمَ وَقَوۡمُ لُوطٖ
Ибрахимди коому жалганга чыгарган, Лутту коому жалганга чыгарган.
تفسیرهای عربی:
وَأَصۡحَٰبُ مَدۡيَنَۖ وَكُذِّبَ مُوسَىٰۖ فَأَمۡلَيۡتُ لِلۡكَٰفِرِينَ ثُمَّ أَخَذۡتُهُمۡۖ فَكَيۡفَ كَانَ نَكِيرِ
Мадиян эли Шуайбды жалганга чыгарган, Фараон менен анын коому Мусаны жалганга чыгарган. Мен алардын коомдоруна мөөнөт берип жазаны кечиктирдим, кийин аларды азап менен кармадым. Карачы, Мен алардын каапырлыгын кайтарып азаптап жок кылганымды.
تفسیرهای عربی:
فَكَأَيِّن مِّن قَرۡيَةٍ أَهۡلَكۡنَٰهَا وَهِيَ ظَالِمَةٞ فَهِيَ خَاوِيَةٌ عَلَىٰ عُرُوشِهَا وَبِئۡرٖ مُّعَطَّلَةٖ وَقَصۡرٖ مَّشِيدٍ
Биз каапырлык себептүү зулум кылган нечендеген шаарларды кыргын азап менен кыйратып жок кылдык. Эми алардын үйлөрү талкаланып, жашоочулары жок ээн калды. Нечендеген кудуктар таштандыда калды, алардан суу алгандар кыйрап жок болду. Нечендеген бийик кооз хансарайлар андагы жашагандарды азаптан коргой албады.
تفسیرهای عربی:
أَفَلَمۡ يَسِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَتَكُونَ لَهُمۡ قُلُوبٞ يَعۡقِلُونَ بِهَآ أَوۡ ءَاذَانٞ يَسۡمَعُونَ بِهَاۖ فَإِنَّهَا لَا تَعۡمَى ٱلۡأَبۡصَٰرُ وَلَٰكِن تَعۡمَى ٱلۡقُلُوبُ ٱلَّتِي فِي ٱلصُّدُورِ
Пайгамбар алып келгенди жалганга чыгаргандар ошол кыйраган шаарлардын урандыларын көрүш үчүн жер бетин кыдырышпайбы? Акыл жүгүртүп үлгү-насаат алышпайбы, алардын окуяларын кабыл алуу менен угуп сабак алышпайбы? Чындыгында көзү көрбөгөндүк сокурлук эмес, чыныгы кыйратуучу сокурлук жүрөктүн, түшүнүктүн сокурлугу. Анткени андай адам үлгү да, сабак да албайт.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• إثبات صفتي القوة والعزة لله.
Аллах таала кубаттуулук жана кудуреттүүлүк сыпаттарына ээ экендигин тастыктоо.

• إثبات مشروعية الجهاد؛ للحفاظ على مواطن العبادة.
Ибадат жайларын коргош үчүн Аллах жолунда согушуунун шариятта уруксат экендигин тастыктоо.

• إقامة الدين سبب لنصر الله لعبيده المؤمنين.
Динди тургузуу Аллахтын ыймандуу пенделерине жардам берүүсүнө себеп болот.

• عمى القلوب مانع من الاعتبار بآيات الله.
Жүрөктүн сокурлугу Аллахтын аяттарынан үлгү-насаат алуудан тосот.

وَيَسۡتَعۡجِلُونَكَ بِٱلۡعَذَابِ وَلَن يُخۡلِفَ ٱللَّهُ وَعۡدَهُۥۚ وَإِنَّ يَوۡمًا عِندَ رَبِّكَ كَأَلۡفِ سَنَةٖ مِّمَّا تَعُدُّونَ
Оо, пайгамбар! Коомуңдун каапырларына бул дүйнөнүн эрте азабы жана кийин боло турган акырет азабы эскертилгенде алар сенден аны тездетчи деп шаштырышат. Аллах аларга берген убадасын эч качан бузбайт. Аларга бул дүйнөдө болгон эрте азаптардын бири Бадр күнү болду. Ал эми акыреттеги азаптын бир күнү силер бул дүйнөдө эсептеген жыл санак боюнча миң жылга барабар.
تفسیرهای عربی:
وَكَأَيِّن مِّن قَرۡيَةٍ أَمۡلَيۡتُ لَهَا وَهِيَ ظَالِمَةٞ ثُمَّ أَخَذۡتُهَا وَإِلَيَّ ٱلۡمَصِيرُ
Дагы нечендеген шаарларды алар каапырлык кылып залым болушса да Мен аларга азапты кечиктирдим жана мөөнөт берип аларга азапты тездетпедим. Кийин аларды күтүүсүздөн кыргын азап менен алдым. Кыяматта Мага гана кайтасыңар. Ошондо Мен силерди каапырлыгыңар үчүн түбөлүк азап менен жазалайм.
تفسیرهای عربی:
قُلۡ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنَّمَآ أَنَا۠ لَكُمۡ نَذِيرٞ مُّبِينٞ
"Эй, адамдар! Чынында, мен силерге эскертүүчү элемин. Мага берилген динди силерге жеткиремин жана ачык эскертип, (түшүндүрөмүн)" деп айт.
تفسیرهای عربی:
فَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَهُم مَّغۡفِرَةٞ وَرِزۡقٞ كَرِيمٞ
Ал эми ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар үчүн Раббиси тараптан күнөөлөрүнө болгон кечирим бар жана алар үчүн бейиште эч качан түгөнбөгөн берекелүү ырыскы бар.
تفسیرهای عربی:
وَٱلَّذِينَ سَعَوۡاْ فِيٓ ءَايَٰتِنَا مُعَٰجِزِينَ أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَحِيمِ
Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарууга аракеттенип Аллахты алсыратабыз жана Анын азабынан кутулуп кетебиз деп ойлогондор – алар тозок ээлери. Алар тозок менен дос доско жанашкандай бирге болушуп, андан кутулушпайт.
تفسیرهای عربی:
وَمَآ أَرۡسَلۡنَا مِن قَبۡلِكَ مِن رَّسُولٖ وَلَا نَبِيٍّ إِلَّآ إِذَا تَمَنَّىٰٓ أَلۡقَى ٱلشَّيۡطَٰنُ فِيٓ أُمۡنِيَّتِهِۦ فَيَنسَخُ ٱللَّهُ مَا يُلۡقِي ٱلشَّيۡطَٰنُ ثُمَّ يُحۡكِمُ ٱللَّهُ ءَايَٰتِهِۦۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٞ
Оо, пайгамбар! Биз сенден мурда кандай элчи же пайгамбар жибербейли, ал Аллахтын китебин окуп жатканда шайтан анын окуган кыраатына аны вахийден дегендей кылып адамдарды чаташтырган нерселерди байкатпай кошкон. Аллах шайтан кошкон нерселерди жок кылат жана Өз аяттарын бекем орнотот. Аллах бардык нерсени Билүүчү. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес. Ал жаратууда, тагдыр кылууда жана башкарууда Даанышман.
تفسیرهای عربی:
لِّيَجۡعَلَ مَا يُلۡقِي ٱلشَّيۡطَٰنُ فِتۡنَةٗ لِّلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ وَٱلۡقَاسِيَةِ قُلُوبُهُمۡۗ وَإِنَّ ٱلظَّٰلِمِينَ لَفِي شِقَاقِۭ بَعِيدٖ
Шайтан пайгамбардын окуганына кошкон нерселерди Аллах эки жүздүүлөр үчүн жана жүрөктөрү мерез болуп катып калган мушриктер үчүн сыноо кылып койду. Чындыгында эки жүздүүлөрдөн жана мушриктерден болгон залымдар Аллах жана Анын элчиси менен анык душмандыкта жана акыйкат жолдон алыс.
تفسیرهای عربی:
وَلِيَعۡلَمَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ أَنَّهُ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّكَ فَيُؤۡمِنُواْ بِهِۦ فَتُخۡبِتَ لَهُۥ قُلُوبُهُمۡۗ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَهَادِ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ
Аллах илим берген адамдар Мухаммадга түшкөн Куран акыйкат экенин анык билишсин. Оо, пайгамбар! Аллах аны сага вахий кылды, ошондо ал себептүү алардын ыймандары күчөдү жана жүрөктөрү Ага моюн сунду. Чындыгында Аллах ыйман келтиргендерди эч кандай бурмаланбаган түз акыйкат жолго салат. Бул алардын Ага моюн сунгандарынын сыйлыгы.
تفسیرهای عربی:
وَلَا يَزَالُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فِي مِرۡيَةٖ مِّنۡهُ حَتَّىٰ تَأۡتِيَهُمُ ٱلسَّاعَةُ بَغۡتَةً أَوۡ يَأۡتِيَهُمۡ عَذَابُ يَوۡمٍ عَقِيمٍ
Аллахка каапыр болгондор жана Анын элчисин жалганга чыгаргандар Аллах сага түшүргөн Куранга шектене берет. Алардын бул кылыгы, капыстан Кыямат кайым болгонго чейин же аларга эч кандай жакшылык жана ырайым болбой турган күн келгенге чейин улана берет, бул күн алар үчүн Кыямат болот.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• استدراج الظالم حتى يتمادى في ظلمه سُنَّة إلهية.
Залым чектен чыкканга чейин ага мөөнөт берүү – Аллахтын койгон эреже - мыйзамдарынан.

• حفظ الله لكتابه من التبديل والتحريف وصرف مكايد أعوان الشيطان عنه.
Аллах Өз Китебин өзгөрүүдөн жана бурмалануудан коргоосу жана аны шайтандын жардамчыларынын айла-амалдарынан сактоосу.

• النفاق وقسوة القلوب مرضان قاتلان.
Эки жүздүүлүк жана жүрөктүн мерездиги коркунучтуу оорулар.

• الإيمان ثمرة للعلم، والخشوع والخضوع لأوامر الله ثمرة للإيمان.
Илимдин мөмөсү – ыйман. Ал эми ыймандын мөмөсү – Аллахтын буйруктарына баш ийүү.

ٱلۡمُلۡكُ يَوۡمَئِذٖ لِّلَّهِ يَحۡكُمُ بَيۡنَهُمۡۚ فَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فِي جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ
Азап убада кылынгандар билип алышсын: келе турган кыямат күнүндөгү бийлик Аллахка гана таандык. Ал күндө Аны менен эч ким талашып тартышпайт. Ал ыймандуулар менен каапырлардын ортосунда өкүм кылат. Алардын ар бирине өздөрүнө ылайык өкүм кылат. Ошондо Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар үчүн эч качан бүтпөгөн түбөлүк жыргалчылык бейиштери болгон улуу сооптор бар.
تفسیرهای عربی:
وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَكَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا فَأُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ عَذَابٞ مُّهِينٞ
Ал эми Аллахка каапырлык кылып, пайгамбарыбызга түшүргөн аяттарыбызды жалганга чыгаргандар үчүн тозокто Аллах аларды кордогон азап бар.
تفسیرهای عربی:
وَٱلَّذِينَ هَاجَرُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ ثُمَّ قُتِلُوٓاْ أَوۡ مَاتُواْ لَيَرۡزُقَنَّهُمُ ٱللَّهُ رِزۡقًا حَسَنٗاۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَهُوَ خَيۡرُ ٱلرَّٰزِقِينَ
Аллахтын ыраазылыгын жана динди кубаттоону көздөп өз үй-жайларын жана мекенин таштап, кийин Анын жолунда согушта өлтүрүлгөндөргө же өлгөндөргө Аллах бейиште эч качан түгөнбөгөн эң сонун ырыскыларды берет. Чындыгында Аллах эң жакшы ырыскы берүүчү.
تفسیرهای عربی:
لَيُدۡخِلَنَّهُم مُّدۡخَلٗا يَرۡضَوۡنَهُۥۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَعَلِيمٌ حَلِيمٞ
Аллах аларды өздөрү ыраазы болгон бейиш жайларына сөзсүз киргизет. Чындыгында Аллах алардын кылган иш-аракеттерин жана ниеттерин анык Билүүчү. Жана Ал алардын кемчиликтери үчүн жазаны тездетпеген Кең пейил.
تفسیرهای عربی:
۞ ذَٰلِكَۖ وَمَنۡ عَاقَبَ بِمِثۡلِ مَا عُوقِبَ بِهِۦ ثُمَّ بُغِيَ عَلَيۡهِ لَيَنصُرَنَّهُ ٱللَّهُۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَعَفُوٌّ غَفُورٞ
Бул айтылгандар, башкача айтканда Аллах жолунда көчкөндөрдү бейишке киргизүү, залымга өзүндөй кылып жооп кайтаруунун уруксаттыгы, ал бул нерседе күнөөкөр болбойт. Эгерде залым кайра дагы зулумдук кыла турган болсо, Аллах залымга каршы ага жардам берет. Чындыгында Аллах ыймандуулардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга дайым кечиримдүү.
تفسیرهای عربی:
ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ يُولِجُ ٱلَّيۡلَ فِي ٱلنَّهَارِ وَيُولِجُ ٱلنَّهَارَ فِي ٱلَّيۡلِ وَأَنَّ ٱللَّهَ سَمِيعُۢ بَصِيرٞ
Бул жапа чеккен адамга болгон колдоо. Анткени Аллах Өзү каалаган нерсеге кудуреттүү. Анын кудуреттүүлүгүнөн — бирин экинчисинен узартып же кыскартып түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизет. Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Билүүчү. Ага алардын эч бири жашыруун эмес. Жакында аларга сыйлыгын же жазасын берет.
تفسیرهای عربی:
ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡحَقُّ وَأَنَّ مَا يَدۡعُونَ مِن دُونِهِۦ هُوَ ٱلۡبَٰطِلُ وَأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡعَلِيُّ ٱلۡكَبِيرُ
Аллах түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизгени тууралуу бул айтылгандар Аллахтын Өзү Акыйкат Зат экендигин көргөзүп-билгизет, ошондой эле Анын дини акыйкат, убадасы акыйкат жана ыймандууларды колдоосу акыйкат. Ал эми мушриктер сыйынган Андан башка айкел-буттар эч кандай негизи жок жалган. Жана Аллах Өзүнүн Заты, кудурети жана каардуулугу менен жаратылгандардан Бийик жана Өзүнүн бийик тутуусу, улуктугу жана ыйыктыгы менен Улук.
تفسیرهای عربی:
أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَتُصۡبِحُ ٱلۡأَرۡضُ مُخۡضَرَّةًۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَطِيفٌ خَبِيرٞ
Оо, пайгамбар! Көрбөйсүңбү, Аллах асмандан жамгырды түшүрүп, ал жааган жамгырдан кийин жерден өсүмдүктөр өнүп чыгып ал жапжашыл болуп калды. Чындыгында Аллах пенделерине Мээримдүү, анткени аларга жамгырды түшүрдү жана жерден өсүмдүктөр чыкты. Ал пенделерине эмне пайдалуу экенин эң жакшы Билүүчү. Алардын эч нерсеси Ага жашыруун эмес.
تفسیرهای عربی:
لَّهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَهُوَ ٱلۡغَنِيُّ ٱلۡحَمِيدُ
Асмандардагы жана жердеги бардык мүлк жалгыз Ага гана таандык. Чындыгында Аллах Өзү гана эч бир нерсеге, эч кимге муктаж болбогон Бай, бүткүл абалда Мактоого татыктуу.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• مكانة الهجرة في الإسلام وبيان فضلها.
Аллах жолунда көчүүнүн Исламдагы орду жогоруу экендигин жана анын артыкчылыгын баяндоо.

• جواز العقاب بالمثل.
Өзүндөй кылып жазалоого уруксат.

• نصر الله للمُعْتَدَى عليه يكون في الدنيا أو الآخرة.
Жапа чеккен адамга болгон Аллахтын колдоосу бул дүйнөдө да, акыретте да болот.

• إثبات الصفات العُلَا لله بما يليق بجلاله؛ كالعلم والسمع والبصر والعلو.
Аллах билүү, угуу, көрүү жана бийик болуу сыяктуу Анын улуктугуна ылайык келген бийик сыпаттарга ээ экендигин билип бул сыпаттарды Ага бекемдейбиз.

أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ سَخَّرَ لَكُم مَّا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَٱلۡفُلۡكَ تَجۡرِي فِي ٱلۡبَحۡرِ بِأَمۡرِهِۦ وَيُمۡسِكُ ٱلسَّمَآءَ أَن تَقَعَ عَلَى ٱلۡأَرۡضِ إِلَّا بِإِذۡنِهِۦٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ بِٱلنَّاسِ لَرَءُوفٞ رَّحِيمٞ
Оо, пайгамбар! Аллах сага жана адамдарга жер бетиндеги жаныбарларды, жансыз заттарды өзүңөрдүн пайдаңар жана муктаждыгыңар үчүн баш ийдирип койгонун, ошондой эле Анын буйругу жана моюн сундуруусу менен бир шаардан экинчи шаарга деңизде сүзгөн кемелерде силер жүргөнгө жеңил кылып койгонун көрбөдүңбү? Ал Өз уруксаты менен асманды жерге кулап кетүүсүнөн кармап турат. Эгер Ал ага кулап кетүүгө уруксат бергенде, ал сөзсүз куламак. Чындыгында Аллах адамдарга Мээримдүү, Ырайымдуу. Анткени Ал адамдардын зулумдугуна карабастан бул нерселерди аларга моюн сундуруп койду.
تفسیرهای عربی:
وَهُوَ ٱلَّذِيٓ أَحۡيَاكُمۡ ثُمَّ يُمِيتُكُمۡ ثُمَّ يُحۡيِيكُمۡۗ إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ لَكَفُورٞ
Аллах силерди жок нерседен жаратып тирилтти. Кийин өмүрүңөр бүткөндө силерди өлтүрөт. Андан соң өлүмдөн кийин кылган иш-аракеттериңерге сурак алыш үчүн жана анын сыйлык же жазасын бериш үчүн силерди кайра тирилтет. Чындыгында инсан Аллахтан башкага сыйынуу менен Анын жакшылыктары ачык-айкын көрүнүп турса да, танып кетүүчү.
تفسیرهای عربی:
لِّكُلِّ أُمَّةٖ جَعَلۡنَا مَنسَكًا هُمۡ نَاسِكُوهُۖ فَلَا يُنَٰزِعُنَّكَ فِي ٱلۡأَمۡرِۚ وَٱدۡعُ إِلَىٰ رَبِّكَۖ إِنَّكَ لَعَلَىٰ هُدٗى مُّسۡتَقِيمٖ
Биз ар бир дин ээлерине өзүнчө шарият кылганбыз. Алар өз шарияттарын аткарышкан. Оо, пайгамбар! Мушриктер жана башка диндегилер сенин шариятың тууралуу талашпасын! Сен аларга караганга акыйкатка татыктуусуң. Анткени алар туура эмес жолдогулар. Адамдарды жалгыз Аллахка гана ыкластуулук менен сыйынууга чакыр! Чындыгында сен эч кандай бурмалануусу жок түз жолдосуң.
تفسیرهای عربی:
وَإِن جَٰدَلُوكَ فَقُلِ ٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِمَا تَعۡمَلُونَ
Эгерде алар буга да көнүшпөй, далилдин ачыктыгынан кийин да сени менен талаша беришсе, анда алардын ишин Аллахка тапшыр да, аларга эскертүү иретинде айт: «Аллах силер кылып жаткан иштериңерди жакшы билет. Кылган иштериңердин эч бири ага жашыруун эмес. Жакында ал үчүн силерге жазасын же сыйлыгын берет».
تفسیرهای عربی:
ٱللَّهُ يَحۡكُمُ بَيۡنَكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فِيمَا كُنتُمۡ فِيهِ تَخۡتَلِفُونَ
Аллах кыямат күнү ыймандуулар менен каапырлардын бул дүйнөдөгү динге байланышкан иштердеги талашып тартышкан нерселери тууралуу пенделеринин ортосунда өкүм кылат.
تفسیرهای عربی:
أَلَمۡ تَعۡلَمۡ أَنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ مَا فِي ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِۚ إِنَّ ذَٰلِكَ فِي كِتَٰبٍۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٞ
Оо, пайгамбар! Билбейсиңби, Аллах асмандагы жана жердеги нерселердин бардыгын билет. Алардагы эч бир нерсе Ага жашыруун эмес. Чындыгында мунун илими сакталган Тагдыр Китепте жазылган. Бул илимдин баарысы Аллахга жеңил.
تفسیرهای عربی:
وَيَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَمۡ يُنَزِّلۡ بِهِۦ سُلۡطَٰنٗا وَمَا لَيۡسَ لَهُم بِهِۦ عِلۡمٞۗ وَمَا لِلظَّٰلِمِينَ مِن نَّصِيرٖ
Мушриктер Аллахтан башка айкел-буттарга сыйынышат, бирок Аллах китептеринде аларга сыйынууга эч кандай далил түшүргөн эмес. Жана алардын илимден да ага эч кандай далилдери жок. Алардын таянган нерсеси – ата-бабаларына сокур ээрчүүлөрү гана. Залимдерге түшкөн Аллахтын азабын токтоткон эч бир жардамчы, коргоочу болбойт.
تفسیرهای عربی:
وَإِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتُنَا بَيِّنَٰتٖ تَعۡرِفُ فِي وُجُوهِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ ٱلۡمُنكَرَۖ يَكَادُونَ يَسۡطُونَ بِٱلَّذِينَ يَتۡلُونَ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتِنَاۗ قُلۡ أَفَأُنَبِّئُكُم بِشَرّٖ مِّن ذَٰلِكُمُۚ ٱلنَّارُ وَعَدَهَا ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْۖ وَبِئۡسَ ٱلۡمَصِيرُ
Эгерде сен аларга ачык-айкын Куран аяттарын окусаң, Аллахка каапырлык кылышкандар аларды уккан кезде кабагын түйүп жактырбагандарын жүздөрүнөн эле билесиң. Алар катуу ызырынганынан Биздин аяттарыбызды окугандарды мыкчып салгылары келет. Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силерге бул ызырынганыңардан, кабагыңарды түйгөнүңөрдөн да жаман нерсени айтайынбы? Ал – тозок! Аллах каапырларды ага киргизем деп убада кылган. Ал бара турган жай кандай гана жаман!».
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• من نعم الله على الناس تسخير ما في السماوات وما في الأرض لهم.
Асмандардагы жана жердеги нерселерди адамдарга моюн сундуруу – Аллахтын жакшылыктарынан.

• إثبات صفتي الرأفة والرحمة لله تعالى.
Аллах мээримдүүлүк жана ырайымдуулук сыпаттарына ээ экендигин тастыктоо.

• إحاطة علم الله بما في السماوات والأرض وما بينهما.
Аллахтын илими Асмандар менен Жердеги жана алардын ортосундагы нерселерди өзүнө камтып алган.

• التقليد الأعمى هو سبب تمسك المشركين بشركهم بالله.
Сокур ээрчүү – мушриктердин Аллахка ширк кылуусунун себеби.

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ضُرِبَ مَثَلٞ فَٱسۡتَمِعُواْ لَهُۥٓۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ لَن يَخۡلُقُواْ ذُبَابٗا وَلَوِ ٱجۡتَمَعُواْ لَهُۥۖ وَإِن يَسۡلُبۡهُمُ ٱلذُّبَابُ شَيۡـٔٗا لَّا يَسۡتَنقِذُوهُ مِنۡهُۚ ضَعُفَ ٱلطَّالِبُ وَٱلۡمَطۡلُوبُ
Эй, адамдар! Келтирилген мисалга кулак салгыла, сабак алгыла, чындыгында силер сыйынып жаткан Аллахтан башка айкел-буттар алсыздыктары себептүү кичинекей болгон чымынды да жарата алышпайт. Эгерде алардын баары биригип аны жаратабыз дешсе да жарата алышпайт. А эгер ал чымын айкел-буттардын үстүндөгү атырдан же ошол сыяктуу нерседен алып алса, алар аны андан кайтара да алышпайт. Алар чымынды да жарата алышпаса жана андан өз нерселерин да кайтарып ала алышпаса, анда алар андан чоң нерселерди жарата албашы анык нерсе. Анан Аллахтан башка аларга алсыздыгына карабай кантип сыйынып жатасыңар?! Талап кылуучу да алсыз, ал айкел кудайы, ал чымын алып койгон нерсени да кайтарып ала албайт. Жана талап кылынганы да алсыз, анысы болсо чымын.
تفسیرهای عربی:
مَا قَدَرُواْ ٱللَّهَ حَقَّ قَدۡرِهِۦٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ
Алар Аллах менен катар кээ бир нерселерге сыйынып Аны чындап улукташпады. Чындыгында Аллах өтө Кубаттуу. Асмандар менен жерди жана алардын ортосундагы нерселерди жаратуу Анын күч-кудуреттүүлүгүнөн. Ал Кудуреттүү. Аны эч ким жеңе албайт. Ал эми мушриктердин айкел-буттары эч нерсени жарата албаган алсыз жана төмөн.
تفسیرهای عربی:
ٱللَّهُ يَصۡطَفِي مِنَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ رُسُلٗا وَمِنَ ٱلنَّاسِۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعُۢ بَصِيرٞ
Аллах таала периштелерден элчилерди тандап алат жана адамдардан да элчилерди тандап алат. Ал Жебрейил сыяктуу периштелердин кээ бирин адамзаттан болгон пайгамбарларга жиберди. Ошондой эле адамзаттан болгон элчилерди өздөрүнө окшогон инсандарга жиберди. Чындыгында Аллах мушриктердин Анын элчилери тууралуу айтып жаткандарын Угуучу жана элчиликке кимди тандаш керек экенин Билүүчү.
تفسیرهای عربی:
يَعۡلَمُ مَا بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَمَا خَلۡفَهُمۡۚ وَإِلَى ٱللَّهِ تُرۡجَعُ ٱلۡأُمُورُ
Аллах таала периштелерден жана адамзаттан болгон элчилеринин алар жаралганга чейинки жана өлүмдөн кийинки абалдарын билет. Кыяматта иштер жалгыз Аллахка гана кайтат. Анткени Ал пенделерин кайра тирилтип, алардын кылган иштеринин сыйлыгын же жазасын берет.
تفسیرهای عربی:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱرۡكَعُواْ وَٱسۡجُدُواْۤ وَٱعۡبُدُواْ رَبَّكُمۡ وَٱفۡعَلُواْ ٱلۡخَيۡرَ لَعَلَّكُمۡ تُفۡلِحُونَ۩
О, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын шариятын аткаргандар! Көздөгөнүңөргө жетүү жана коркконуңардан кутулууну үмүт кылсаңар, анда үрүкү жана сажданы жалгыз Аллахка багыштап намаз окугула! Ошондой эле садага берүү, карым-катнаш кылуу сымал жакшы иштерди аткаргыла!
تفسیرهای عربی:
وَجَٰهِدُواْ فِي ٱللَّهِ حَقَّ جِهَادِهِۦۚ هُوَ ٱجۡتَبَىٰكُمۡ وَمَا جَعَلَ عَلَيۡكُمۡ فِي ٱلدِّينِ مِنۡ حَرَجٖۚ مِّلَّةَ أَبِيكُمۡ إِبۡرَٰهِيمَۚ هُوَ سَمَّىٰكُمُ ٱلۡمُسۡلِمِينَ مِن قَبۡلُ وَفِي هَٰذَا لِيَكُونَ ٱلرَّسُولُ شَهِيدًا عَلَيۡكُمۡ وَتَكُونُواْ شُهَدَآءَ عَلَى ٱلنَّاسِۚ فَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُواْ ٱلزَّكَوٰةَ وَٱعۡتَصِمُواْ بِٱللَّهِ هُوَ مَوۡلَىٰكُمۡۖ فَنِعۡمَ ٱلۡمَوۡلَىٰ وَنِعۡمَ ٱلنَّصِيرُ
Силер Аллах жолунда Анын ыраазылыгы үчүн гана согушкула! Ал силерди тандады жана диниңерди эч кандай тардыгы, катуулугу болбогон айкөл кылды. Бул айкөл дин – силердин бабаңар Ибрахимдин дини. Пайгамбар өзүнө буйрулган нерсени силерге жеткиргенине күбө болушу үчүн жана силер дагы мурунку пайгамбарлар өз үммөттөрүнө жеткиргенине күбө болууңар үчүн Аллах силерди мурунку китептерде жана Куранда “мусулмандар” деп атады. Эми силер ушул нерселерге намазды толук аткаруу менен Аллахка шүгүр кылгыла! Ошондой эле мал-мүлкүңөрдөн зекет бергиле, Аллахка калкалангыла, бардык ишиңерде Ага гана таянгыла! Ал колдоо сураган ыймандууларга кандай жакшы Колдоочу! Жана Ал жардам сурагандарга кандай жакшы жардам Берүүчү! Аны кожоюн тутсаңар Ал силерди колдойт, Андан жардам сурасаңар Ал жардам берет.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• أهمية ضرب الأمثال لتوضيح المعاني، وهي طريقة تربوية جليلة.
Маанилерди ачыкташ үчүн мисалдарды келтирүүнүн маанилүүлүгү. Ал чоң тарбиялык ыкма болуп эсептелет.

• عجز الأصنام عن خلق الأدنى دليل على عجزها عن خلق غيره.
Айкел-буттардын кичинекей нерсени да жарата албаганы алардын башка нерселерди да жарата албашына далил болот.

• الإشراك بالله سببه عدم تعظيم الله.
Аллахка ширк кылуу Аны кадырына ылайык улуктабагандыктан.

• إثبات صفتي القوة والعزة لله، وأهمية أن يستحضر المؤمن معاني هذه الصفات.
Аллах күч-кубаттуулук жана кудуреттүүлүк сыпаттарына ээ экендигин тастыктоо. Жана ыймандуу адам ал сыпаттардын маанилерине ой-жүгүртүүсүнүн маанилүүлүгү.

 
ترجمهٔ معانی سوره: سوره حج
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن