ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی سوره: سوره قصص   آیه:

Касас

از اهداف این سوره:
سنة الله في تمكين المؤمنين المستضعفين وإهلاك الطغاة المستكبرين.
Алсыз, ыймандуу мусулмандарды колдоо, чектен чыккан текеберлерди жок кылуу Аллах Тааланын сүннөт жолу.

طسٓمٓ
Та. Син. Мим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.
تفسیرهای عربی:
تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡمُبِينِ
Бул ачык-айкын Курандын аяттары.
تفسیرهای عربی:
نَتۡلُواْ عَلَيۡكَ مِن نَّبَإِ مُوسَىٰ وَفِرۡعَوۡنَ بِٱلۡحَقِّ لِقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ
Биз сага эч кандай шеги жок чындык менен Муса менен Фараондун окуясын ыйман келтиргендер үчүн окуп беребиз. Анткени алар андагы айтылгандардан пайда алышат.
تفسیرهای عربی:
إِنَّ فِرۡعَوۡنَ عَلَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَجَعَلَ أَهۡلَهَا شِيَعٗا يَسۡتَضۡعِفُ طَآئِفَةٗ مِّنۡهُمۡ يُذَبِّحُ أَبۡنَآءَهُمۡ وَيَسۡتَحۡيِۦ نِسَآءَهُمۡۚ إِنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلۡمُفۡسِدِينَ
Чындыгында Фараон байыркы Египет жеринде бийлик жүргүзүп чектен чыкты. Ал анын элин бытыранды топторго бөлүп, алардын арасынан Исраилдин урпактарын кордукка салды. Аларды ашыкча кордош үчүн уулдарын өлтүрүп, кыздарын кызмат үчүн калтырды. Чындыгында ал жер бетинде зулумдук, канкордук жана текеберлик менен бузукулук кылгандардан болду.
تفسیرهای عربی:
وَنُرِيدُ أَن نَّمُنَّ عَلَى ٱلَّذِينَ ٱسۡتُضۡعِفُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَنَجۡعَلَهُمۡ أَئِمَّةٗ وَنَجۡعَلَهُمُ ٱلۡوَٰرِثِينَ
Анан Биз байрыкы Миср жергесинде Фираун кордогон Исраил урпактарынын душманын жок кылып, аларды кордуктан куткаруу аркылуу аларга жакшылык кылууну жана аларды акыйкат жолдо ээрчий турган башчы кылууну кааладык. Ошондой эле Аллах Таала: «Биз кор болгон коомго жердин берекелүү чыгышын жана батышын мураска бердик» – деп айткандай, Фираунду жок кылгандан кийин аларды берекелүү Шам жергесине мураскор кылдык.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الإيمان والعمل الصالح سببا النجاة من الفزع يوم القيامة.
Ыйман келтирүү жана жакшы иштерди кылуу кыямат күндөгү коркунучтан кутулууга себеп болот.

• الكفر والعصيان سبب في دخول النار.
Каапырлык жана баш ийбестик кылуу тозокко кирүүгө себеп болот.

• تحريم القتل والظلم والصيد في الحرم.
Аль-Харамда өлтүрүү, зулумдук кылуу жана аңчылык кылуу тыйылган.

• النصر والتمكين عاقبة المؤمنين.
Жеңишке жетүү жана бийлик кылуу акыры ыймандууларга келет.

وَنُمَكِّنَ لَهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَنُرِيَ فِرۡعَوۡنَ وَهَٰمَٰنَ وَجُنُودَهُمَا مِنۡهُم مَّا كَانُواْ يَحۡذَرُونَ
Биз аларды бийлик ээлери кылуу менен жер бетинде бекем жайгаштырууну жана Фараон менен анын бийликтеги эң чоң жардамчысы Хаманга жана ал экөөнүн бийлигин колдогон аскерлерине бийликтеринен кол жууп калабыз деп кооптонгон нерселерин жана Исраил урпактарынан төрөлгөн эркек баланын кол астында жок болоорун көрсөтүүнү кааладык.
تفسیرهای عربی:
وَأَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰٓ أُمِّ مُوسَىٰٓ أَنۡ أَرۡضِعِيهِۖ فَإِذَا خِفۡتِ عَلَيۡهِ فَأَلۡقِيهِ فِي ٱلۡيَمِّ وَلَا تَخَافِي وَلَا تَحۡزَنِيٓۖ إِنَّا رَآدُّوهُ إِلَيۡكِ وَجَاعِلُوهُ مِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Биз Мусанын апасына илхам кылдык: «Аны эмгиз! Эгер аны Фараон жана анын аскерлери өлтүрүп коёт деп корксоң, анда аны сандыкка салып Нил дарыясына ташта. Аны чөгүп кетет, Фараондон зыян жетет деп коркпо жана андан айрылганың үчүн кайгырба. Чындыгында Биз аны сага тирүү кайтарып беребиз жана аны Аллахтын адамдарга жиберген пайгамбарларынан кылабыз».
تفسیرهای عربی:
فَٱلۡتَقَطَهُۥٓ ءَالُ فِرۡعَوۡنَ لِيَكُونَ لَهُمۡ عَدُوّٗا وَحَزَنًاۗ إِنَّ فِرۡعَوۡنَ وَهَٰمَٰنَ وَجُنُودَهُمَا كَانُواْ خَٰطِـِٔينَ
Ошондо ал аны сандыкка салып дарыяга ташта деп илхам кылынган буйрукту аткарды. Кийин аны Фараондун үй-бүлөсү таап алып, Аллахтын Муса Фараонго душман болсун, анын кол астында бийлигин жок кылып, аларды кайгыга батсын деген каалоосун ишке ашырыш үчүн аны колуна алышты. Чындыгында Фараон менен анын вазири Хаман жана ал экөөнүн жардамчылары каапырлык, чектен чыгуу жана жер бетинде бузукулук кылуу себептүү күнөөкөр болушту.
تفسیرهای عربی:
وَقَالَتِ ٱمۡرَأَتُ فِرۡعَوۡنَ قُرَّتُ عَيۡنٖ لِّي وَلَكَۖ لَا تَقۡتُلُوهُ عَسَىٰٓ أَن يَنفَعَنَآ أَوۡ نَتَّخِذَهُۥ وَلَدٗا وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ
Качан Фараон аны өлтүрүүнү каалаганда анын аялы айтты: «Бул бала мен үчүн да, сен үчүн кубаныч болсун! Аны өлтүрбөй эле койгулачы. Балким ал бизге кызмат кылып пайдасы тиет же аны бала кылып алабыз». Бирок алар бийлиги анын кол астында жок болорун билишкен жок.
تفسیرهای عربی:
وَأَصۡبَحَ فُؤَادُ أُمِّ مُوسَىٰ فَٰرِغًاۖ إِن كَادَتۡ لَتُبۡدِي بِهِۦ لَوۡلَآ أَن رَّبَطۡنَا عَلَىٰ قَلۡبِهَا لِتَكُونَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Ал эми Мусанын апасынын жүрөгү Мусадан башка бүткүл дүйнө иштерине бопбош болуп аңгырап калды. Эгер Биз аны Раббисине тобокел кылган, Анын жазган тагдырына сабыр кылган ыймандуулардан болушу үчүн анын жүрөгүн кубаттоо жана сабыр кылдыруу менен бекем кылбаганыбызда, ал ага катуу байланганы үчүн сабыры кетип, ал анын баласы экенин айтарына аз эле калган.
تفسیرهای عربی:
وَقَالَتۡ لِأُخۡتِهِۦ قُصِّيهِۖ فَبَصُرَتۡ بِهِۦ عَن جُنُبٖ وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ
Апасы Мусаны дарыяга ыргыткандан кийин анын бир тууган эжесине: «Анын артынан калбай ээрчи! Муну эмне кылышарын бил» – деди. Ал билинип калбаш үчүн аны алыстан карап турду. Фараон менен анын коому ал анын бир тууган эжеси экенин жана ал андан кабар алып жатканын сезишкен жок.
تفسیرهای عربی:
۞ وَحَرَّمۡنَا عَلَيۡهِ ٱلۡمَرَاضِعَ مِن قَبۡلُ فَقَالَتۡ هَلۡ أَدُلُّكُمۡ عَلَىٰٓ أَهۡلِ بَيۡتٖ يَكۡفُلُونَهُۥ لَكُمۡ وَهُمۡ لَهُۥ نَٰصِحُونَ
Муса Аллахтын башкаруусу менен аялдарды эмүүдөн баш тартты. Качан анын эжеси аялдар аны эмизүүгө аракет кылып жатканын көргөндө, аларга: «Силерге муну эмизип, ага кам көрүп, тарбия бере турган үй-бүлөнү көргөзөйүнбү?» деди.
تفسیرهای عربی:
فَرَدَدۡنَٰهُ إِلَىٰٓ أُمِّهِۦ كَيۡ تَقَرَّ عَيۡنُهَا وَلَا تَحۡزَنَ وَلِتَعۡلَمَ أَنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Ошентип Биз Мусанын энеси аны жакындан көрүп кубануусу үчүн, андан айрылгандагы кайгысы басылсын жана Аллахтын "балаңды кайтарып берем" деген убадасы шексиз чындык экенин билсин деп аны ага кайтарып бердик. Бирок алардын көпчүлүгү бул убаданы билишпейт эле жана ал аял анын энеси экенин да эч ким билген эмес.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• تدبير الله لعباده الصالحين بما يسلمهم من مكر أعدائهم.
Аллахтын ыймандуу-жакшы пенделерин душмандардын айла-амалдарынан коргоого болгон башкаруусу.

• تدبير الظالم يؤول إلى تدميره.
Залимдин ойлогон ойлорунун акыры кыйроого алып барат.

• قوة عاطفة الأمهات تجاه أولادهن.
Эненин баласына катара болгон мээриминин күчтүүлүгү.

• جواز استخدام الحيلة المشروعة للتخلص من ظلم الظالم.
Залимдин зулумдугунан кутулуш үчүн шариятка ылайык айла-амалды колдонууга уруксат.

• تحقيق وعد الله واقع لا محالة.
Аллахтын берген убадасы сөзсүз ишке ашат.

وَلَمَّا بَلَغَ أَشُدَّهُۥ وَٱسۡتَوَىٰٓ ءَاتَيۡنَٰهُ حُكۡمٗا وَعِلۡمٗاۚ وَكَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Качан ал күч-кубатка толуп, баралына келгенде, Биз анын пайгамбарлыгына чейин ага Исраил урпактарынын дини тууралуу түшүнүк жана илим бердик. Биз Мусанын моюн сунганына сыйлык бергенибиз сыяктуу бардык жердеги жана бардык замандагы жакшылык кылгандарга да сыйлыктарды беребиз.
تفسیرهای عربی:
وَدَخَلَ ٱلۡمَدِينَةَ عَلَىٰ حِينِ غَفۡلَةٖ مِّنۡ أَهۡلِهَا فَوَجَدَ فِيهَا رَجُلَيۡنِ يَقۡتَتِلَانِ هَٰذَا مِن شِيعَتِهِۦ وَهَٰذَا مِنۡ عَدُوِّهِۦۖ فَٱسۡتَغَٰثَهُ ٱلَّذِي مِن شِيعَتِهِۦ عَلَى ٱلَّذِي مِنۡ عَدُوِّهِۦ فَوَكَزَهُۥ مُوسَىٰ فَقَضَىٰ عَلَيۡهِۖ قَالَ هَٰذَا مِنۡ عَمَلِ ٱلشَّيۡطَٰنِۖ إِنَّهُۥ عَدُوّٞ مُّضِلّٞ مُّبِينٞ
Муса адамдар үйлөрүндө эс алып жатышкан маалда шаарга кирди. Анда эки адам чатакташып мушташып жатканын көрдү. Бирөөсү Мусанын коому болгон Исраил урпактарынан, экинчиси болсо Мусанын душманы Фараондун коому болгон копттордон экен. Ошондо өз коомунан болгону анын душмандарынан болгон коптко каршы андан жардам сурады. Ал аны муштуму менен бир урду, ошол замат күчтүү урулган соккудан улам мерт кетти. Муса айтты: «Бул шайтандын кооз көргөзүп, алдаган азгырыктарынан. Чындыгында шайтан аны ээрчигендерди адаштырган ачык душман. Менин бул кылганым анын душмандыгы жана ал мени адаштырууну каалаганы себептүү болду».
تفسیرهای عربی:
قَالَ رَبِّ إِنِّي ظَلَمۡتُ نَفۡسِي فَٱغۡفِرۡ لِي فَغَفَرَ لَهُۥٓۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ
Муса кылганын мойнуна алып Раббисине жалбарды: «Оо, Раббим! Мен бул коптту өлтүрүп өзүмө зулум кылдым. Менин күнөөмдү кечир». Аллах бизге Мусага болгон кечиримин баяндап, чындыгында Ал тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу экенин айтты.
تفسیرهای عربی:
قَالَ رَبِّ بِمَآ أَنۡعَمۡتَ عَلَيَّ فَلَنۡ أَكُونَ ظَهِيرٗا لِّلۡمُجۡرِمِينَ
Андан соң Мусанын кылган дубасы тууралуу кабарды улады. Ал мындай деп айткан: «Оо, Раббим! Сен мага жакшылык кылып берген күч-кубат, даанышмандык жана илим себептүү мен кылымышкерлердин күнөөлөрүнө жардамчы болбоймун».
تفسیرهای عربی:
فَأَصۡبَحَ فِي ٱلۡمَدِينَةِ خَآئِفٗا يَتَرَقَّبُ فَإِذَا ٱلَّذِي ٱسۡتَنصَرَهُۥ بِٱلۡأَمۡسِ يَسۡتَصۡرِخُهُۥۚ قَالَ لَهُۥ مُوسَىٰٓ إِنَّكَ لَغَوِيّٞ مُّبِينٞ
Ал коптту өлтүрүп, болор иш болгондон кийин эртең менен эми эмне болот деп коркуп шаар ичинде бара жатса, капыстан эле кечээ копт душманына каршы жардам сураган киши башка коптко каршы дагы жардамга чакырып калды. Муса ага: «Чындыгында сен анык эле азрыгылып адашкан адам экенсиң» – деди.
تفسیرهای عربی:
فَلَمَّآ أَنۡ أَرَادَ أَن يَبۡطِشَ بِٱلَّذِي هُوَ عَدُوّٞ لَّهُمَا قَالَ يَٰمُوسَىٰٓ أَتُرِيدُ أَن تَقۡتُلَنِي كَمَا قَتَلۡتَ نَفۡسَۢا بِٱلۡأَمۡسِۖ إِن تُرِيدُ إِلَّآ أَن تَكُونَ جَبَّارٗا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا تُرِيدُ أَن تَكُونَ مِنَ ٱلۡمُصۡلِحِينَ
Качан Муса исраилдик экөөсүнө душман болгон коптту күч менен кармайын дегенде, ал исраилдик Муса аны кармайын деп жатат деп ойлоду. Качан тигил адам анын: «Чындыгында сен анык азгырылган адам экенсиң» дегенин укканда Мусага мындай деди: «Сен кечээ бир адамды өлтүргөнүң сыяктуу мени да өлтүргөнү жатасыңбы? Сен адамдарды өлтүрүп, зулумдук кылып жер бетинде канкор болууну гана каалайт экенсиң. Сен чатакташкандарды жараштырууну такыр каалабайт турбайсыңбы».
تفسیرهای عربی:
وَجَآءَ رَجُلٞ مِّنۡ أَقۡصَا ٱلۡمَدِينَةِ يَسۡعَىٰ قَالَ يَٰمُوسَىٰٓ إِنَّ ٱلۡمَلَأَ يَأۡتَمِرُونَ بِكَ لِيَقۡتُلُوكَ فَٱخۡرُجۡ إِنِّي لَكَ مِنَ ٱلنَّٰصِحِينَ
Качан кабар таркаганда Мусанын артынан түшпөсүн деп ага боору ооруган бир адам шаардын алыскы четинен шашып келип мындай деди: «Оо, Муса! Чындыгында Фараондун коомунун төбөлдөрү сени өлтүрүү тууралуу кеңешип жатышат. Шаардан тез чыгып кет! Алар сени кармап өлтүрүп коюшпасын.
تفسیرهای عربی:
فَخَرَجَ مِنۡهَا خَآئِفٗا يَتَرَقَّبُۖ قَالَ رَبِّ نَجِّنِي مِنَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ
Муса ал насаат айткан адамдын сөзүн угуп эми эмне болор экен деп, ал жак бул жакты карап, этияттап, корккон бойдон шаардан чыгып кетти. Ал Раббисине жалбарып: «Оо, Раббим! Мени заалым коомдон куткара көр. Мага алардын жамандыгы жетпесин» – деп дуба кылды.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الاعتراف بالذنب من آداب الدعاء.
Күнөөнү моюнга алуу – дуба кылуунун адептеринен.

• الشكر المحمود هو ما يحمل العبد على طاعة ربه، والبعد عن معصيته.
Мактоого татыктуу шүгүр кылуу – пендени Раббисине моюн сунууга түртүп, Ага күнөө кылуудан алыстатканы.

• أهمية المبادرة إلى النصح خاصة إذا ترتب عليه إنقاذ مؤمن من الهلاك.
Насаат кылууга шашылуунун маанилүүлүгү, айрыкча ал мусулмандын жанын сактап калууга байланыштуу болсо.

• وجوب اتخاذ أسباب النجاة، والالتجاء إلى الله بالدعاء.
Кутулууга себептерди кылуунун жана Аллахка дуба кылып кайрылуунун милдеттүүлүгү.

وَلَمَّا تَوَجَّهَ تِلۡقَآءَ مَدۡيَنَ قَالَ عَسَىٰ رَبِّيٓ أَن يَهۡدِيَنِي سَوَآءَ ٱلسَّبِيلِ
Качан ал Мадянды көздөй бет алып жөнөгөндө: «Балким Аллах мени эң жакшы жолго жолдойт чыгар. Анан мен андан адашпайм» – деди.
تفسیرهای عربی:
وَلَمَّا وَرَدَ مَآءَ مَدۡيَنَ وَجَدَ عَلَيۡهِ أُمَّةٗ مِّنَ ٱلنَّاسِ يَسۡقُونَ وَوَجَدَ مِن دُونِهِمُ ٱمۡرَأَتَيۡنِ تَذُودَانِۖ قَالَ مَا خَطۡبُكُمَاۖ قَالَتَا لَا نَسۡقِي حَتَّىٰ يُصۡدِرَ ٱلرِّعَآءُۖ وَأَبُونَا شَيۡخٞ كَبِيرٞ
Качан ал Мадяндын суу алган жайына жеткенде бир топ адамдар малдарын сугарып жатышканын көрдү. Алардан нарыраак жерде эки аялды көрдү, алар адамдар сугарып бүткүчө койлорун суудан тосуп жатышты. Муса ал экөөсүнө: «Силер адамдар менен кошо сугарбай эмне турасыңар?» – деди. Ал экөөсү айтты: «Биз буларга аралашуудан сактаныш үчүн адатта койчумандар сугарып кеткенге чейин күтүп турабыз. Атабыз болсо улгайып калган кары адам. Ал сугара албайт. Анан биз койлорду өзүбүз келип сугарганга мажбурбуз».
تفسیرهای عربی:
فَسَقَىٰ لَهُمَا ثُمَّ تَوَلَّىٰٓ إِلَى ٱلظِّلِّ فَقَالَ رَبِّ إِنِّي لِمَآ أَنزَلۡتَ إِلَيَّ مِنۡ خَيۡرٖ فَقِيرٞ
Анан ал ал экөөсүнө боору ооруп, койлорун сугарып берди. Андан соң көлөкөгө барып эс алды. Жана Раббисине өз муктаждыгын айтып: «Оо, Раббим! Чындыгында Сен мага түшүргөн кандай жакшылык болбосун, мен ага муктажмын» – деп дуба кылды.
تفسیرهای عربی:
فَجَآءَتۡهُ إِحۡدَىٰهُمَا تَمۡشِي عَلَى ٱسۡتِحۡيَآءٖ قَالَتۡ إِنَّ أَبِي يَدۡعُوكَ لِيَجۡزِيَكَ أَجۡرَ مَا سَقَيۡتَ لَنَاۚ فَلَمَّا جَآءَهُۥ وَقَصَّ عَلَيۡهِ ٱلۡقَصَصَ قَالَ لَا تَخَفۡۖ نَجَوۡتَ مِنَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ
Ал экөөсү барып атасына ал тууралуу айтышты. Ошондо бирөөсүн аны чакырып келгенге жиберди. Ал ага уялып басып келип: «Атам сизди бизге сугарышканыңыз үчүн сыйлайм деп чакырып жатат» – деди. Муса алардын атасына келип, башынан өткөндөрдү айтып бергенде ал аны жоошута: «Коркпо! Сен Фараон жана анын жан-жөкөрлөрү болгон заалым коомдон кутулдуң. Алар Мадиянда бийлик кылышпайт. Эми алар сага эч кандай зыян келтире алышпайт» – деди.
تفسیرهای عربی:
قَالَتۡ إِحۡدَىٰهُمَا يَٰٓأَبَتِ ٱسۡتَـٔۡجِرۡهُۖ إِنَّ خَيۡرَ مَنِ ٱسۡتَـٔۡجَرۡتَ ٱلۡقَوِيُّ ٱلۡأَمِينُ
Эки кызынын бирөөсү айтты: «Оо, атаке! Аны койлорубузду жайганга жалдабайсызбы? Ал жалдаганга татыктуу экен. Анткени ал күчтүү жана аманаткөй экен. Ал күчү менен милдеттерин аткарат, аманаткөйлүгү менен ага берилген аманатты сактайт».
تفسیرهای عربی:
قَالَ إِنِّيٓ أُرِيدُ أَنۡ أُنكِحَكَ إِحۡدَى ٱبۡنَتَيَّ هَٰتَيۡنِ عَلَىٰٓ أَن تَأۡجُرَنِي ثَمَٰنِيَ حِجَجٖۖ فَإِنۡ أَتۡمَمۡتَ عَشۡرٗا فَمِنۡ عِندِكَۖ وَمَآ أُرِيدُ أَنۡ أَشُقَّ عَلَيۡكَۚ سَتَجِدُنِيٓ إِن شَآءَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ
Алардын атасы Мусага кайрылып мындай деди: «Мен сага бул эки кызымдын бирөөсүн никелеп берейин. Сен анын калыңынын (кызга берилүүчү белектин) ордуна биздин койлорубузду сегиз жыл жайып бер. Эгер мөөнөттү он жылга толуктасаң, анда бул сенин жакшылыгың болот. Бирок бул милдеттүү түрдө эмес. Анткени ортодогу келишим сегиз жылга гана түзүлгөн. Андан ашыгы ыктыярдуу. Мен сага ашыкча түйшүктү милдет кылууну каалабайм. Кудай буйруса, сен жакында мени убадасын бузбай аткарган жакшы адамдардан экенимди билесиң».
تفسیرهای عربی:
قَالَ ذَٰلِكَ بَيۡنِي وَبَيۡنَكَۖ أَيَّمَا ٱلۡأَجَلَيۡنِ قَضَيۡتُ فَلَا عُدۡوَٰنَ عَلَيَّۖ وَٱللَّهُ عَلَىٰ مَا نَقُولُ وَكِيلٞ
Муса айтты: «Бул сиз экөөбүздүн ортобуздагы келишим болсун. Мен сизге бул эки мөөнөттүн кайсынысын аткарбайын, сегиз жылбы же он жылбы, мен мойнумдагы милдетти толук өтөйм. Мага мындан ашыгын талап кылбаңыз. Биздин келишимге Аллах Өзү кепил жана күбө».
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الالتجاء إلى الله طريق النجاة في الدنيا والآخرة.
Аллахка кайтуу – бул дүйнөдөгү жана акыреттеги кутулуу жолу.

• حياء المرأة المسلمة سبب كرامتها وعلو شأنها.
Мусулман аялдын уяттуулугу – анын урматтуулугунун жана кадыр-барктуулугунун себеби.

• مشاركة المرأة بالرأي، واعتماد رأيها إن كان صوابًا أمر محمود.
Аялдын оюн угуу жана ал туура болсо аны алуу мактоого татырлык иштерден.

• القوة والأمانة صفتا المسؤول الناجح.
Күчтүүлүк жана аманатка бекем болуу – ийгиликтүү, жоопкер адамдын сыпаты.

• جواز أن يكون المهر منفعة.
Калыңдын пайдалуу иш түрүндө болушунун уруксаттыгы.

۞ فَلَمَّا قَضَىٰ مُوسَى ٱلۡأَجَلَ وَسَارَ بِأَهۡلِهِۦٓ ءَانَسَ مِن جَانِبِ ٱلطُّورِ نَارٗاۖ قَالَ لِأَهۡلِهِ ٱمۡكُثُوٓاْ إِنِّيٓ ءَانَسۡتُ نَارٗا لَّعَلِّيٓ ءَاتِيكُم مِّنۡهَا بِخَبَرٍ أَوۡ جَذۡوَةٖ مِّنَ ٱلنَّارِ لَعَلَّكُمۡ تَصۡطَلُونَ
Муса он жылдык мөөнөттү толук өтөгөндөн кийин үй-бүлөсү менен Мадияндан Мисирге чыкты. Тур тоосунун капталынан от көрдү. Үй-бүлөсүнө айтты: «Туруп тургула! Мен от көрдүм. Балким ал жерге барып кабар алып келейин же от тутантыш үчүн чок алып келейин, жылынып аларсыңар».
تفسیرهای عربی:
فَلَمَّآ أَتَىٰهَا نُودِيَ مِن شَٰطِيِٕ ٱلۡوَادِ ٱلۡأَيۡمَنِ فِي ٱلۡبُقۡعَةِ ٱلۡمُبَٰرَكَةِ مِنَ ٱلشَّجَرَةِ أَن يَٰمُوسَىٰٓ إِنِّيٓ أَنَا ٱللَّهُ رَبُّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Муса көргөн отко жакын келгенде берекелүү жердеги өрөөндүн оң жагындагы дарак тараптан Аллах аны менен сүйлөшүп, мындай деди: «Оо, Муса! Акыйкатта, Мен Аллах – бүткүл ааламдардын Раббисимин.
تفسیرهای عربی:
وَأَنۡ أَلۡقِ عَصَاكَۚ فَلَمَّا رَءَاهَا تَهۡتَزُّ كَأَنَّهَا جَآنّٞ وَلَّىٰ مُدۡبِرٗا وَلَمۡ يُعَقِّبۡۚ يَٰمُوسَىٰٓ أَقۡبِلۡ وَلَا تَخَفۡۖ إِنَّكَ مِنَ ٱلۡأٓمِنِينَ
Таягыңды ташта!». Ал Раббисинин буйругун аткарып аны таштады. Качан анын жыландай болуп тез кыймылдап жатканын көргөндө, коркконунан артын карабай качып жөнөдү. Ал кайра артка келген жок. Ошондо Раббиси аны чакырды: «Оо, Муса! Бери кел, андан коркпо! Сен андан жана башка сен корккон нерселерден саламатта болосуң».
تفسیرهای عربی:
ٱسۡلُكۡ يَدَكَ فِي جَيۡبِكَ تَخۡرُجۡ بَيۡضَآءَ مِنۡ غَيۡرِ سُوٓءٖ وَٱضۡمُمۡ إِلَيۡكَ جَنَاحَكَ مِنَ ٱلرَّهۡبِۖ فَذَٰنِكَ بُرۡهَٰنَانِ مِن رَّبِّكَ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ وَمَلَإِيْهِۦٓۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَوۡمٗا فَٰسِقِينَ
Оң колуңду моюндан ылдый көйгөнүңдүн ачык жерине сал, ал ала оорусунун агындай эмес кардай аппак болуп чыгат. Муса колун салып кайра чыгарганда кардай аппак болуп чыкты. Коркконуң кетиш үчүн колуңдү өзүңө кыс. Ошондо Муса колун өзүнө кысты, коркунучу тарап кетти. Мына ушул айтылган эки нерсе (таяк менен кол) Раббиң тараптан Фараон менен анын төбөлдөрүнө жиберилген далилдер. Чындыгында алар каапырлык жана күнөөлөрдү кылып Аллахка моюн сунуудан баш тартышкан эле».
تفسیرهای عربی:
قَالَ رَبِّ إِنِّي قَتَلۡتُ مِنۡهُمۡ نَفۡسٗا فَأَخَافُ أَن يَقۡتُلُونِ
Муса Раббисине жалбарып мындай деди: «Чындыгында мен алардан бирөөнү өлтүрүп койгонмун. Эми мен Сенин жолдомоңду аларга жеткирип барсам, алар мени ошол себептүү өлтүрүп коюшунан коркомун.
تفسیرهای عربی:
وَأَخِي هَٰرُونُ هُوَ أَفۡصَحُ مِنِّي لِسَانٗا فَأَرۡسِلۡهُ مَعِيَ رِدۡءٗا يُصَدِّقُنِيٓۖ إِنِّيٓ أَخَافُ أَن يُكَذِّبُونِ
Бир тууганым Харун мага караганда жакшы сүйлөйт. Аны жардамчы кылып мени менен жибер. Эгерде Фараон жана анын коому мени жалганга чыгарышса, ал сөзүмдү кубаттап коштоп турат. Чындыгында менден мурунку пайгамбарлар жиберилип, аларды жалганга чыгарган элдердин адатынча алар да мени жалганга чыгарууларынан коркомун».
تفسیرهای عربی:
قَالَ سَنَشُدُّ عَضُدَكَ بِأَخِيكَ وَنَجۡعَلُ لَكُمَا سُلۡطَٰنٗا فَلَا يَصِلُونَ إِلَيۡكُمَا بِـَٔايَٰتِنَآۚ أَنتُمَا وَمَنِ ٱتَّبَعَكُمَا ٱلۡغَٰلِبُونَ
Аллах анын дубасына жооп кылып: «Оо, Муса! Биз бир тууганыңды сени менен кошо жардамчы пайгамбар кылып жиберип сени кубаттайбыз жана силерге далилдерди берип, колдоо көрсөтөбүз. Ошондо алар силерге жакпагандай жамандык жеткире алышпайт. Биз силер аркылуу жиберген аят-белгилерибиз себептүү силерди жана силерди ээрчиген ыймандууларды жеңүүчү кылабыз».
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الوفاء بالعقود شأن المؤمنين.
Убаданы аткаруу – ыймандууларга тийиштүү сыпат.

• تكليم الله لموسى عليه السلام ثابت على الحقيقة.
Аллахтын Муса менен сүйлөшүүсү акыйкатта болгон иш.

• حاجة الداعي إلى الله إلى من يؤازره.
Аллахка чакырган адамдын аны колдогондорго болгон муктаждыгы.

• أهمية الفصاحة بالنسبة للدعاة.
Ыйманга чакыргандар үчүн чечендиктин маанилүүлүгү.

فَلَمَّا جَآءَهُم مُّوسَىٰ بِـَٔايَٰتِنَا بَيِّنَٰتٖ قَالُواْ مَا هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ مُّفۡتَرٗى وَمَا سَمِعۡنَا بِهَٰذَا فِيٓ ءَابَآئِنَا ٱلۡأَوَّلِينَ
Качан Муса аларга Биздин ачык аят-белгилерибиз менен келгенде алар: «Бул Муса ойлоп тапкан жалгандан башка эч нерсе эмес. Биз мындайды мурунку ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз» – дешти.
تفسیرهای عربی:
وَقَالَ مُوسَىٰ رَبِّيٓ أَعۡلَمُ بِمَن جَآءَ بِٱلۡهُدَىٰ مِنۡ عِندِهِۦ وَمَن تَكُونُ لَهُۥ عَٰقِبَةُ ٱلدَّارِۚ إِنَّهُۥ لَا يُفۡلِحُ ٱلظَّٰلِمُونَ
Муса Фараонго кайрылып: «Раббим Өз алдынан туура жолду алып келген чынчылды жакшы билет жана акыретте мактоого татырлык акыбет кимге болорун да жакшы билет. Чындыгында заалымдар көздөгөнүнө жетишпейт жана корккон нерселеринен да кутулушпайт» – деди.
تفسیرهای عربی:
وَقَالَ فِرۡعَوۡنُ يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡمَلَأُ مَا عَلِمۡتُ لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرِي فَأَوۡقِدۡ لِي يَٰهَٰمَٰنُ عَلَى ٱلطِّينِ فَٱجۡعَل لِّي صَرۡحٗا لَّعَلِّيٓ أَطَّلِعُ إِلَىٰٓ إِلَٰهِ مُوسَىٰ وَإِنِّي لَأَظُنُّهُۥ مِنَ ٱلۡكَٰذِبِينَ
Фараон коомундагы төбөлдөргө кайрылып мындай деди: «Эй, кадырмандар! Мен силер үчүн өзүмдөн башка кудай бар экенин билбейм. Эй, Хаман! От жагып ылайды катканча бышыр. Анан аны менен мага бийик мунара кур. Мен ага чыгып туруп Мусанын Кудайын көрөйүн. Чындыгында мен Мусанын мага жана коомума пайгамбар болуп жиберилдим деген сөзүндө жалганчы деп ойлойм».
تفسیرهای عربی:
وَٱسۡتَكۡبَرَ هُوَ وَجُنُودُهُۥ فِي ٱلۡأَرۡضِ بِغَيۡرِ ٱلۡحَقِّ وَظَنُّوٓاْ أَنَّهُمۡ إِلَيۡنَا لَا يُرۡجَعُونَ
Фараон менен анын аскеринин текеберлиги күч алып, Мисир жеринде акыйкатсыздык менен үстөм кылууга өтүштү жана кайра тирилүүнү жокко чыгарышты. Алар кыямат күнү сурак жана жаза үчүн Бизге кайтпайбыз деп ойлошту.
تفسیرهای عربی:
فَأَخَذۡنَٰهُ وَجُنُودَهُۥ فَنَبَذۡنَٰهُمۡ فِي ٱلۡيَمِّۖ فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلظَّٰلِمِينَ
Анан Биз аны жана аскерин кармап, бүт баарысын деңизге чөктүрүп жок кылдык. Оо, пайгамбар! Карачы, залимдердин акыбети кандай болуп бүткөнүн! Алардын акыбети кыйроо болду.
تفسیرهای عربی:
وَجَعَلۡنَٰهُمۡ أَئِمَّةٗ يَدۡعُونَ إِلَى ٱلنَّارِۖ وَيَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ لَا يُنصَرُونَ
Биз аларды чектен чыккандарга жана адашкандарга үлгү кылдык. Аларды өздөрү жайылткан каапырлык жана адашуу менен тозокко чакырышат. Ал эми кыямат күнү аларды азаптан куткарып жардам бере алышпайт. Тескерисинче, аларга эселеп азаптар берилет. Анткени алар жаман жолдорду түзүшкөн, адашуу менен аларга үндөшкөн. Ошондуктан аларга өздөрү кылгандын күнөөсү жана аларды ээрчип кылгандардын күнөөлөрү жазылат.
تفسیرهای عربی:
وَأَتۡبَعۡنَٰهُمۡ فِي هَٰذِهِ ٱلدُّنۡيَا لَعۡنَةٗۖ وَيَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ هُم مِّنَ ٱلۡمَقۡبُوحِينَ
Жана Биз аларга кошумча жаза катары бул дүйнөдө кордук менен куугунтук ээрчий турган кылып койдук. Ал эми кыямат күнү алар Аллахтын ырайымынан алыстап, жаман адамдардан болушат.
تفسیرهای عربی:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ مِنۢ بَعۡدِ مَآ أَهۡلَكۡنَا ٱلۡقُرُونَ ٱلۡأُولَىٰ بَصَآئِرَ لِلنَّاسِ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٗ لَّعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ
Биз мурунку коомдорго пайгамбарларды жибергенде аларды жалганга чыгарышты, анан Биз аларды жалганга чыгаргандары себептүү жок кылгандан кийин Мусага Тооратты бердик. Анын ичинде адамдарга пайдалууну көрсөткөн нерселер бар, аларды аткарышат жана зыяндууну көрсөткөн нерселер бар, аларды ташташат. Жана анын ичинде аларды жакшылыкка багыттоо жана эки дүйнө жакшылыктарын камтыган ырайымдуулук бар. Балким алар Аллахтын берген жакшылыктарын эстеп, Ага шүгүр кылышат жана Ага ыйман келтиришет.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• رَدُّ الحق بالشبه الواهية شأن أهل الطغيان.
Негизсиз шектүү ойлор менен акыйкатты четке кагуу чектен чыккандардын кылар иши.

• التكبر مانع من اتباع الحق.
Текеберлик акыйкатты ээрчүүдөн тосот.

• سوء نهاية المتكبرين من سنن رب العالمين.
Тебекерлердин акыры жаман бүтүшү – ааламдардын Раббисинин койгон эрежелеринен.

• للباطل أئمته ودعاته وصوره ومظاهره.
Жалгандын өзүнө ылайык башчылары, үгүттөөчүлөрү, түрлөрү жана көрүнүштөрү болот.

وَمَا كُنتَ بِجَانِبِ ٱلۡغَرۡبِيِّ إِذۡ قَضَيۡنَآ إِلَىٰ مُوسَى ٱلۡأَمۡرَ وَمَا كُنتَ مِنَ ٱلشَّٰهِدِينَ
Оо, пайгамбар! Биз Мусаны Фараон менен анын жан-жөкөрлөрүнө жиберүү тууралуу ишти ага толук тапшырган мезгилде сен Мусанын батыш тарабындагы тоонун капталында жок болчусуң. Жана сен бул окуяны билип, адамдарга айтып бергидей ага күбө да болгон эмессиң. Сен аларга айтып берген нерсе сага Аллах тараптан түшкөн вахий.
تفسیرهای عربی:
وَلَٰكِنَّآ أَنشَأۡنَا قُرُونٗا فَتَطَاوَلَ عَلَيۡهِمُ ٱلۡعُمُرُۚ وَمَا كُنتَ ثَاوِيٗا فِيٓ أَهۡلِ مَدۡيَنَ تَتۡلُواْ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتِنَا وَلَٰكِنَّا كُنَّا مُرۡسِلِينَ
Бирок Биз Мусадан кийин үммөттөрдү, коомдорду жараттык. Арадан көп замандар өтүп, алар Аллахтын убадасын унутуп коюшту. Сен Мадян элинин арасында туруп, аларга Биздин аяттарыбызды окуп берген да эмес болчусуң. Бирок Биз сени Өз алдыбыздан жиберип, сага Мусанын окуясын жана анын Мадянда жашаганын вахий кылдык. Эми сен Аллах сага вахий кылгандарды адамдарга айтып жатасың.
تفسیرهای عربی:
وَمَا كُنتَ بِجَانِبِ ٱلطُّورِ إِذۡ نَادَيۡنَا وَلَٰكِن رَّحۡمَةٗ مِّن رَّبِّكَ لِتُنذِرَ قَوۡمٗا مَّآ أَتَىٰهُم مِّن نَّذِيرٖ مِّن قَبۡلِكَ لَعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ
Биз Мусага чакырык таштап, ага вахий кылган кезде сен муну айтып бериш үчүн Тур тоосунун жанында жок болчусуң. Бирок Биз сени адамдарга Раббиң тараптан ырайым иретинде жибердик жана сенден мурун аларга эскертүүчү пайгамбар келбеген коомго эскертишиң үчүн мунун кабарын сага вахий кылдык. Балким алар үлгү-сабак алышып, Аллах таала тараптан сен аларга алып келген нерсеге ыйман келтиришет.
تفسیرهای عربی:
وَلَوۡلَآ أَن تُصِيبَهُم مُّصِيبَةُۢ بِمَا قَدَّمَتۡ أَيۡدِيهِمۡ فَيَقُولُواْ رَبَّنَا لَوۡلَآ أَرۡسَلۡتَ إِلَيۡنَا رَسُولٗا فَنَتَّبِعَ ءَايَٰتِكَ وَنَكُونَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
А эгер аларга каапырлык жана күнөөлөр себептүү Аллахтын жазасы түшкөндө, анда алар пайгамбар жиберилбегенин бетке кармап: «Эмнеге Сен бизге пайгамбар жибербедиң, биз Сенин аяттарыңды ээрчип, аны аткармакпыз жана Раббисинин буйругун аткарган ыймандуулардан болмокпуз?» – деп айтышмак. Эгер ушул болбогондо Биз аларды тезинен жазаламакпыз. Бирок Биз аларга пайгамбар жибергенге чейин алардын жазасын кечиктирдик.
تفسیرهای عربی:
فَلَمَّا جَآءَهُمُ ٱلۡحَقُّ مِنۡ عِندِنَا قَالُواْ لَوۡلَآ أُوتِيَ مِثۡلَ مَآ أُوتِيَ مُوسَىٰٓۚ أَوَلَمۡ يَكۡفُرُواْ بِمَآ أُوتِيَ مُوسَىٰ مِن قَبۡلُۖ قَالُواْ سِحۡرَانِ تَظَٰهَرَا وَقَالُوٓاْ إِنَّا بِكُلّٖ كَٰفِرُونَ
Качан Мухаммад Раббиси тараптан Курайш уруусуна пайгамбарлыкты алып келгенде алар жөөттөрдөн ал тууралуу сурашты. Ошондо алар ушуну далил кылып: «Эмнеге Мухаммадга анын пайгамбар экенин далилдеген Мусага берилгендей таяк жана кол сыяктуу аят-белгилер берилген жок?» – дешти. Оо, Мухаммад! Аларга жооп иретинде айт: «Буга чейин жөөттөр Мусага түшкөн нерсеге каапырлык кылышпады беле? Алар Тоорат жана Куран тууралуу: «Чындыгында бул экөөсү бири-бирин кубаттаган сыйкыр» – дешкен. Ошондой эле айтышты: «Биз Тооратка да, Куранга да ишенбейбиз».
تفسیرهای عربی:
قُلۡ فَأۡتُواْ بِكِتَٰبٖ مِّنۡ عِندِ ٱللَّهِ هُوَ أَهۡدَىٰ مِنۡهُمَآ أَتَّبِعۡهُ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Эгерде силер Тоорат менен Куранды сыйкыр деген сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, анда Аллах тараптан Тоорат менен Курандан да туурараак китеп алып келгиле. Эгер алып келсеңер, мен аны ээрчийм».
تفسیرهای عربی:
فَإِن لَّمۡ يَسۡتَجِيبُواْ لَكَ فَٱعۡلَمۡ أَنَّمَا يَتَّبِعُونَ أَهۡوَآءَهُمۡۚ وَمَنۡ أَضَلُّ مِمَّنِ ٱتَّبَعَ هَوَىٰهُ بِغَيۡرِ هُدٗى مِّنَ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ
Эгер Курайш сенин аларга Тоорат менен Курандан да туурараак китепти алып келгиле деп айтканыңа жооп бере алышпаса, анда ал экөөсүн жалганга чыгаргандары далилдин негизинде болгон жок. Бул напсинин каалоолоруна ээрчигендиктен гана болду. Аллахтын туура жолуна ээрчибей өз напси каалоосуна ээрчиген адамдан да катуу адашкан эч ким жок. Чындыгында Аллахка каапырлык кылып өздөрүнө зыян кылган залим коомго Аллах туура жолго түшүүгө ийгилик бербейт.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• نفي علم الغيب عن رسول الله صلى الله عليه وسلم إلَّا ما أطلعه الله عليه.
Пайгамбар кайып илиминен Аллах ага билдирген нерсени гана билет.

• اندراس العلم بتطاول الزمن.
Убакыттын өтүүсү менен илимдин окулбай калуусу мүмкүн.

• تحدّي الكفار بالإتيان بما هو أهدى من وحي الله إلى رسله.
Каапырларга Аллах пайгамбарларга түшүргөн вахийден да туурараак нерсени алып келгиле деп чакырык таштоо.

• ضلال الكفار بسبب اتباع الهوى، لا بسبب اتباع الدليل.
Каапырлар далилдерге ээрчиген себептүү эмес, напси каалоолорго ээрчигендери үчүн адашышкан.

۞ وَلَقَدۡ وَصَّلۡنَا لَهُمُ ٱلۡقَوۡلَ لَعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ
Биз мушриктер менен Исраил урпактарынан болгон жөөттөргө мурунку коомдордун окуялары тууралуу сөздү жеткирдик. Алар Биздин пайгамбарларды жалганга чыгарганда, балким алар мындан сабак алышабы, алардын башына түшкөн нерсе келгенге чейин ыйман келтиришеби деген үмүттө Биз аларга азапты милдет кылган жокпуз.
تفسیرهای عربی:
ٱلَّذِينَ ءَاتَيۡنَٰهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ مِن قَبۡلِهِۦ هُم بِهِۦ يُؤۡمِنُونَ
Куран түшкөнгө чейин Тооратка бекем ыйман келтиргендер – алар өз китептеринен ал тууралуу жана анын сыпаттары тууралуу келген нерселерди табышканда Куранга да ыйман келтиришет.
تفسیرهای عربی:
وَإِذَا يُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡ قَالُوٓاْ ءَامَنَّا بِهِۦٓ إِنَّهُ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّنَآ إِنَّا كُنَّا مِن قَبۡلِهِۦ مُسۡلِمِينَ
Эгерде аларга окуп берилсе алар айтышат: «Биз буга ыйман келтирдик. Чындыгында бул Раббибиз тараптан түшкөн эч кандай шек-күмөнү жок акыйкат. Биз бул Куранга чейин эле пайгамбарлар алып келген нерселерге ыйман келтирген мусулмандардан болгонбуз».
تفسیرهای عربی:
أُوْلَٰٓئِكَ يُؤۡتَوۡنَ أَجۡرَهُم مَّرَّتَيۡنِ بِمَا صَبَرُواْ وَيَدۡرَءُونَ بِٱلۡحَسَنَةِ ٱلسَّيِّئَةَ وَمِمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡ يُنفِقُونَ
Мына ушул айтылган сыпаттагы адамдарга Аллах алардын кылган иштерине эки эсе сооп берет. Себеби алар өздөрүнүн китебине ыйман келтирип, ал жолдо сабыр кылышты жана Мухаммад жиберилгенде ага ыйман келтиришти. Ошондой эле күнөө иштерин жакшылык иштери менен кетирип турушту жана Биз аларга берген ырыскыдан жакшылык жолдорго сарпташты.
تفسیرهای عربی:
وَإِذَا سَمِعُواْ ٱللَّغۡوَ أَعۡرَضُواْ عَنۡهُ وَقَالُواْ لَنَآ أَعۡمَٰلُنَا وَلَكُمۡ أَعۡمَٰلُكُمۡ سَلَٰمٌ عَلَيۡكُمۡ لَا نَبۡتَغِي ٱلۡجَٰهِلِينَ
Эгерде китеп ээлеринен болгон ыймандуулар жалган сөздү угушса, ага көңүл бурбастан жүз буруп, аны айткандарга кайрылып: «Биз өз ишибиздин сыйлыгын алабыз, силер өз ишиңердин жазасын аласыңар. Силер бизден сөгүш укпайсыңар жана зыян тартпайсыңар. Биз наадан адамдар менен жанашпайбыз. Анткени бул нерсе динге да, дүйнөгө да зыян берет» – дешти.
تفسیرهای عربی:
إِنَّكَ لَا تَهۡدِي مَنۡ أَحۡبَبۡتَ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ يَهۡدِي مَن يَشَآءُۚ وَهُوَ أَعۡلَمُ بِٱلۡمُهۡتَدِينَ
Оо, пайгамбар! Чындыгында сен Абу Талиб жана башка өзүң жакшы көргөн адамдарды ыйманга келтирип, туура жолго сала албайсың. Бирок Аллах жалгыз Өзү каалаган адамдарды гана туура жолго салат. Ал Өзүнүн абалкы илиминде ким туура жолго түшүүчүлөрдөн болорун жакшы билет.
تفسیرهای عربی:
وَقَالُوٓاْ إِن نَّتَّبِعِ ٱلۡهُدَىٰ مَعَكَ نُتَخَطَّفۡ مِنۡ أَرۡضِنَآۚ أَوَلَمۡ نُمَكِّن لَّهُمۡ حَرَمًا ءَامِنٗا يُجۡبَىٰٓ إِلَيۡهِ ثَمَرَٰتُ كُلِّ شَيۡءٖ رِّزۡقٗا مِّن لَّدُنَّا وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Мекке элинен болгон мушриктер Исламды ээрчий албайбыз, ага ыйман келтире албайбыз деп үзүрлөрүн айтышып: «Эгер биз сен алып келген бул Исламды ээрчисек, анда душмандарыбыз кээ бир жерлерибизди тез эле тартып алышат» – дешти. Биз ал мушриктерди ыйык жерге отурукташтырдык го? Ал жерде кан төгүү, зулумдук кылуу арам кылынган. Алар ал жерде башкалардын басып кирүүсүнөн коркушпайт жана Биз Өз алдыбыздан ал жерге ар кандай мөмө-жемиштерди ырыскы кылып алып келдик. Бирок алардын көпчүлүгү Аллахтын берген жакшылыктарын билип шүгүр кылышпайт.
تفسیرهای عربی:
وَكَمۡ أَهۡلَكۡنَا مِن قَرۡيَةِۭ بَطِرَتۡ مَعِيشَتَهَاۖ فَتِلۡكَ مَسَٰكِنُهُمۡ لَمۡ تُسۡكَن مِّنۢ بَعۡدِهِمۡ إِلَّا قَلِيلٗاۖ وَكُنَّا نَحۡنُ ٱلۡوَٰرِثِينَ
Күнөөгө батып Аллахтын жакшылыктарын танган нечендеген шаарларга Биз азап жиберип, аларды кырып жок кылдык. Мынакей алардын бузулуп жок болгон турак жайлары. Адамдар ал жерден кесип өтүшөт, анда-санда гана кээ бир жолоочулардын турганы эле болбосо, ал жерде алардан кийин эч ким жашаган жок. Аларга асмандар менен Жерди жана алардын ортосундагыларга ээлик кылган Биз мураскер болдук.
تفسیرهای عربی:
وَمَا كَانَ رَبُّكَ مُهۡلِكَ ٱلۡقُرَىٰ حَتَّىٰ يَبۡعَثَ فِيٓ أُمِّهَا رَسُولٗا يَتۡلُواْ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتِنَاۚ وَمَا كُنَّا مُهۡلِكِي ٱلۡقُرَىٰٓ إِلَّا وَأَهۡلُهَا ظَٰلِمُونَ
Оо, пайгамбар! Раббиң сени шаарлардын энеси болгон Меккеге жиберген сыяктуу кайсы бир чоң шаардын эли шылтоо кылбаш үчүн аларга пайгамбар жибермейинче ал шаарларды кыйратып жок кылбайт. Ошондой эле шаарлардын эли акыйкат жолдо болушса, Биз аларды кыйратып жок кылбайбыз. Алар каапырлык жана күнөө кылып зулумдук кылышса гана Биз аларды жок кылабыз.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• فضل من آمن من أهل الكتاب بالنبي محمد صلى الله عليه وسلم، وأن له أجرين.
Мухаммад пайгамбарга ыйман келтирген Китеп ээлеринин артыкчылыгы жана алар үчүн эки эсе сооп бар.

• هداية التوفيق بيد الله لا بيد غيره من الرسل وغيرهم.
Туура жолго салуу пайгамбардын же башкалардын колунда эмес, Аллахтын гана колунда.

• اتباع الحق وسيلة للأمن لا مَبْعث على الخوف كما يدعي المشركون.
Акыйкатты ээрчүү мушриктер айткандай коркунучка эмес, тынчтыкка себеп болот.

• خطر الترف على الفرد والمجتمع.
Ашкере барчылыкта жашоонун жеке адам үчүн жана коомчулук үчүн коркунучу.

• من رحمة الله أنه لا يهلك الناس إلا بعد الإعذار إليهم بإرسال الرسل.
Аллахтын адамдарга пайгамбарларды жиберип, аларда шылтоо калбай калгандан кийин гана аларды кыйратып жок кылуусу Анын ырайымдуулугунан.

وَمَآ أُوتِيتُم مِّن شَيۡءٖ فَمَتَٰعُ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَزِينَتُهَاۚ وَمَا عِندَ ٱللَّهِ خَيۡرٞ وَأَبۡقَىٰٓۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ
Раббиңер силерге берген нерселер бул дүйнө жашоосунда силер пайдаланган жана кооздонгон нерселер, кийин ал бүтөт. Ал эми акыреттеги Аллахтын алдындагы улуу сооптор – бул дүйнөдө силер пайдаланган нерселерден жана кооздуктардан жакшыраак жана түбөлүктүү. Буга акыл жүгүртпөйсүңөрбү, силер түбөлүктүү нерседен убактылууну артык көрүп жатасыңар?!
تفسیرهای عربی:
أَفَمَن وَعَدۡنَٰهُ وَعۡدًا حَسَنٗا فَهُوَ لَٰقِيهِ كَمَن مَّتَّعۡنَٰهُ مَتَٰعَ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا ثُمَّ هُوَ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ مِنَ ٱلۡمُحۡضَرِينَ
Биз акыреттеги бейишти жана андагы түбөлүктүү жыргалды убада кылган адам менен, бул дүйнө жашоосунда пайдаланчу байлык жана ырахат берип, анын жыргалына батып, кийин кыямат күнү тозокко келүүчүлөрдөн болгон адам бирдейби?!
تفسیرهای عربی:
وَيَوۡمَ يُنَادِيهِمۡ فَيَقُولُ أَيۡنَ شُرَكَآءِيَ ٱلَّذِينَ كُنتُمۡ تَزۡعُمُونَ
Ал күнү алардын Раббиси чакырык таштап: «Силер Менден башка сыйынган жана аларды Мага шерик деп ойлогон шериктерим кайда?» – деп айтат.
تفسیرهای عربی:
قَالَ ٱلَّذِينَ حَقَّ عَلَيۡهِمُ ٱلۡقَوۡلُ رَبَّنَا هَٰٓؤُلَآءِ ٱلَّذِينَ أَغۡوَيۡنَآ أَغۡوَيۡنَٰهُمۡ كَمَا غَوَيۡنَاۖ تَبَرَّأۡنَآ إِلَيۡكَۖ مَا كَانُوٓاْ إِيَّانَا يَعۡبُدُونَ
Каапырлыкка чакырган, башына азап келери анык болгон адамдар: «О, Раббибиз! Биз буларды өзүбүз адашкан сыяктуу адаштырганбыз, Сага алардын бизге катышы жок деп айтабыз. Алар бизге сыйынган эмес, алар шайтандарга сыйынган».
تفسیرهای عربی:
وَقِيلَ ٱدۡعُواْ شُرَكَآءَكُمۡ فَدَعَوۡهُمۡ فَلَمۡ يَسۡتَجِيبُواْ لَهُمۡ وَرَأَوُاْ ٱلۡعَذَابَۚ لَوۡ أَنَّهُمۡ كَانُواْ يَهۡتَدُونَ
Аларга: «Шериктериңерди чакыргыла, алар силерди кордуктан куткарсын!» – деп айтылат. Алар шериктерин чакырышат, бирок алар чакырыктарына жооп беришпейт. Кийин алар үчүн даярдалган азапты көрүшөт. Ошондо алар дүйнөдө акыйкатты ээрчигендер болсок кана дешет.
تفسیرهای عربی:
وَيَوۡمَ يُنَادِيهِمۡ فَيَقُولُ مَاذَآ أَجَبۡتُمُ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Ал күнү алардын Раббиси чакырык таштап: «Мен силерге жиберген пайгамбарларга эмне деп жооп бердиңер эле?» – деп айтат.
تفسیرهای عربی:
فَعَمِيَتۡ عَلَيۡهِمُ ٱلۡأَنۢبَآءُ يَوۡمَئِذٖ فَهُمۡ لَا يَتَسَآءَلُونَ
Алар далил кылган нерселер бүдөмүк болуп, эч бирин эстей алышпайт жана бири-биринен да сурашпайт. Анткени алар азапка көздөй баратышканын анык билишкени себептүү аларды коркунуч басат.
تفسیرهای عربی:
فَأَمَّا مَن تَابَ وَءَامَنَ وَعَمِلَ صَٰلِحٗا فَعَسَىٰٓ أَن يَكُونَ مِنَ ٱلۡمُفۡلِحِينَ
Ал эми мушриктерден кимиси каапырлыгынан тообо кылып, Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирсе, жакшылык иштерди кылса, балким ошондо ал көздөгөнүнө жеткен жеңүүчүлөрдөн жана коркконунан кутулгандардан болот.
تفسیرهای عربی:
وَرَبُّكَ يَخۡلُقُ مَا يَشَآءُ وَيَخۡتَارُۗ مَا كَانَ لَهُمُ ٱلۡخِيَرَةُۚ سُبۡحَٰنَ ٱللَّهِ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشۡرِكُونَ
Оо, пайгамбар! Раббиң Өзү каалаган нерсени жаратат жана Өзүнө моюн сунууга жана пайгамбар кылууга Өзү каалаганды тандайт. Мушриктер Аллахка каршы чыккандай аларда ыктыяр жок. Аллах алар сыйынган шериктерден аруу жана ыйык.
تفسیرهای عربی:
وَرَبُّكَ يَعۡلَمُ مَا تُكِنُّ صُدُورُهُمۡ وَمَا يُعۡلِنُونَ
Жана Раббиң алардын көкүрөктөрү жашырган жана ашкере кылган нерселерди билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында ал үчүн аларга сыйлыгын же жазасын берет.
تفسیرهای عربی:
وَهُوَ ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ لَهُ ٱلۡحَمۡدُ فِي ٱلۡأُولَىٰ وَٱلۡأٓخِرَةِۖ وَلَهُ ٱلۡحُكۡمُ وَإِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ
Ал – Аллах! Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Бул дүйнөдө жана акыретте мактоо жалгыз Ага гана таандык. Өкүм жүргүзүү, да Ага гана таандык, ал эч кайтарылбайт. Жана кыямат күнү сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн Ага гана кайтарыласыңар.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• العاقل من يؤثر الباقي على الفاني.
Акылдуу адам убактылуудан түбөлүктүүнү артык көрөт.

• التوبة تَجُبُّ ما قبلها.
Тообо кылуу ага чейинки күнөөлөрдү өчүрөт.

• الاختيار لله لا لعباده، فليس لعباده أن يعترضوا عليه.
Ыктыяр кылуу пенделерге эмес, Аллахка гана таандык. Ага каршы чыгууга пенделердин акысы жок.

• إحاطة علم الله بما ظهر وما خفي من أعمال عباده.
Аллахтын илими пенделердин жашыруун жана ашкере иш-аракеттерин камтып турат.

قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ إِن جَعَلَ ٱللَّهُ عَلَيۡكُمُ ٱلَّيۡلَ سَرۡمَدًا إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ مَنۡ إِلَٰهٌ غَيۡرُ ٱللَّهِ يَأۡتِيكُم بِضِيَآءٍۚ أَفَلَا تَسۡمَعُونَ
Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Айткылачы, эгер Аллах силерге түндү кыяматка чейин үзүлбөй дайым улана турган кылып койсо, анда Аллахтан башка кайсы кудай силерге күндүзгүдөй жарыкты алып келе алат? Бул далилдерге кулак салбайсыңарбы жана муну Аллахтан башка эч бир кудай алып келе албасын билбейсиңерби?».
تفسیرهای عربی:
قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ إِن جَعَلَ ٱللَّهُ عَلَيۡكُمُ ٱلنَّهَارَ سَرۡمَدًا إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ مَنۡ إِلَٰهٌ غَيۡرُ ٱللَّهِ يَأۡتِيكُم بِلَيۡلٖ تَسۡكُنُونَ فِيهِۚ أَفَلَا تُبۡصِرُونَ
Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Айткылачы, эгер Аллах силерге күндүздү кыяматка чейин дайым улана турган кылып койсо, анда силер күндүзгү иштен чарчап эс алууңар үчүн силерге түндү Аллахтан башка кайсы кудай алып келе алат? Силер бул аят-белгилерди көрбөйсүңөрбү жана мунун баарын Аллахтан башка эч бир кудай алып келе албасын билбейсиңерби?».
تفسیرهای عربی:
وَمِن رَّحۡمَتِهِۦ جَعَلَ لَكُمُ ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَ لِتَسۡكُنُواْ فِيهِ وَلِتَبۡتَغُواْ مِن فَضۡلِهِۦ وَلَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ
Оо, адамдар! Силер күндүзгү иштен чарчагандан кийин эс алууңар үчүн Аллах силерге түндү караңгы кылуусу жана ырыскы издешиңер үчүн күндүздү жарык кылуусу Анын ырайымдуулугунан. Балким силер Аллахтын силерге берген жакшылыктарын четке какпастан Ага шүгүр кыласыңар.
تفسیرهای عربی:
وَيَوۡمَ يُنَادِيهِمۡ فَيَقُولُ أَيۡنَ شُرَكَآءِيَ ٱلَّذِينَ كُنتُمۡ تَزۡعُمُونَ
Ал күнү аларга Раббиси чакырык таштап: «Силер Менден башка сыйынган жана Мага шерик деп ойлогон шериктерим кайда?» – деп айтат.
تفسیرهای عربی:
وَنَزَعۡنَا مِن كُلِّ أُمَّةٖ شَهِيدٗا فَقُلۡنَا هَاتُواْ بُرۡهَٰنَكُمۡ فَعَلِمُوٓاْ أَنَّ ٱلۡحَقَّ لِلَّهِ وَضَلَّ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يَفۡتَرُونَ
Биз ар бир үммөттөн өз пайгамбарын алып келебиз. Пайгамбарлар алардын каапырлыктары менен жалганга чыгаргандарына күбө болушат. Биз ошол үммөттөрдөн жалганга чыгаргандарга: «Силер кылган каапырлыгыңарга жана жалганга чыгарууңарга далилдериңерди алып келгиле» — дейбиз. Алар далил алып келе алышпайт. Ошондо алар эч кандай шеги жок акыйкат Аллахка таандык экенин анык билишет жана алардын Аллахка карата ойлоп тапкан шериктери жок болуп кетет.
تفسیرهای عربی:
۞ إِنَّ قَٰرُونَ كَانَ مِن قَوۡمِ مُوسَىٰ فَبَغَىٰ عَلَيۡهِمۡۖ وَءَاتَيۡنَٰهُ مِنَ ٱلۡكُنُوزِ مَآ إِنَّ مَفَاتِحَهُۥ لَتَنُوٓأُ بِٱلۡعُصۡبَةِ أُوْلِي ٱلۡقُوَّةِ إِذۡ قَالَ لَهُۥ قَوۡمُهُۥ لَا تَفۡرَحۡۖ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ ٱلۡفَرِحِينَ
Чындыгында Карун Мусанын коомунан эле. Ал аларга текеберлик кылды. Биз ага казыналарынын эле ачкычтары алдуу-күчтүү жамаат көтөрсө оор жүк болчудай байлык казыналарын бергенбиз. Коому ага айтты: «Текеберлик кылып кубанбай эле кой. Чындыгында Аллах текеберленип кубангандарды жакшы көрбөйт. Тескерисинче аларды жек көрөт жана ал үчүн аларды азаптайт».
تفسیرهای عربی:
وَٱبۡتَغِ فِيمَآ ءَاتَىٰكَ ٱللَّهُ ٱلدَّارَ ٱلۡأٓخِرَةَۖ وَلَا تَنسَ نَصِيبَكَ مِنَ ٱلدُّنۡيَاۖ وَأَحۡسِن كَمَآ أَحۡسَنَ ٱللَّهُ إِلَيۡكَۖ وَلَا تَبۡغِ ٱلۡفَسَادَ فِي ٱلۡأَرۡضِۖ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ ٱلۡمُفۡسِدِينَ
Аллах сага берген байлыктан жакшылык жолдорго сарптап акыреттеги соопторду талап кылбайсыңбы. Бирок ысырап жана текеберлик кылбастан жеп-ичүү, кийинүү жана башка ушу сыяктуу жакшылыктардан өз насибиңди унутпа. Аллах сага жакшылык кылгандай сен дагы Раббиң жана Анын пенделери менен мамилеңди оңдо. Жана күнөө кылып, ибадаттарды таштап жер бетинде бузукулук кылба. Чындыгында Аллах жер бетинде бузукулук кылгандарды сүйбөйт, тескерисинче аларды жек көрөт.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• تعاقب الليل والنهار نعمة من نعم الله يجب شكرها له.
Түн менен күндүн алмашуусу Аллахка шүгүр кылууну милдет кылган жакшылыктардан.

• الطغيان كما يكون بالرئاسة والملك يكون بالمال.
Чектен чыгуу башчылык жана бийлик менен болгону сыяктуу байлык менен да болот.

• الفرح بَطَرًا معصية يمقتها الله.
Текеберленип кубануу Аллах жек көргөн күнөө иштерден.

• ضرورة النصح لمن يُخاف عليه من الفتنة.
Азгырыкка кабылат деп корккон адамга насаат кылуунун зарылдыгы.

• بغض الله للمفسدين في الأرض.
Жер бетинде бузукулук кылгандарды Аллахтын жек көрүүсү.

قَالَ إِنَّمَآ أُوتِيتُهُۥ عَلَىٰ عِلۡمٍ عِندِيٓۚ أَوَلَمۡ يَعۡلَمۡ أَنَّ ٱللَّهَ قَدۡ أَهۡلَكَ مِن قَبۡلِهِۦ مِنَ ٱلۡقُرُونِ مَنۡ هُوَ أَشَدُّ مِنۡهُ قُوَّةٗ وَأَكۡثَرُ جَمۡعٗاۚ وَلَا يُسۡـَٔلُ عَن ذُنُوبِهِمُ ٱلۡمُجۡرِمُونَ
Карун айтты: «Мага бул байлыктар мендеги билим жана жөндөм себептүү берилди. Мен ага татыктуумун». Карун билбейт бекен, Аллах андан мурунку коомдордон андан да күчтүү, андан да көп байлык чогулткан адамдарды жок кылганын?! Аларга күч-кубаты да, байлыктары да пайда берген жок. Кыямат күнү Аллах күнөөкөрлөрдүн күнөөлөрүн билгени себептүү ал тууралуу суралышпайт. Алардын суралуусу айыптоо, ыйлатуу иретинеде болот.
تفسیرهای عربی:
فَخَرَجَ عَلَىٰ قَوۡمِهِۦ فِي زِينَتِهِۦۖ قَالَ ٱلَّذِينَ يُرِيدُونَ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا يَٰلَيۡتَ لَنَا مِثۡلَ مَآ أُوتِيَ قَٰرُونُ إِنَّهُۥ لَذُو حَظٍّ عَظِيمٖ
Карун улуулугун көрсөтүп зыйнаттары менен чыкканда, дүйнө жашоосунун кооздуктарын каалаган анын жоро-жолдоштору: «Аттиң, бизге да Карунга берилгендей нерселер берилсе! Чындыгында Карун эбегейсиз мол насипке ээ адам».
تفسیرهای عربی:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ وَيۡلَكُمۡ ثَوَابُ ٱللَّهِ خَيۡرٞ لِّمَنۡ ءَامَنَ وَعَمِلَ صَٰلِحٗاۚ وَلَا يُلَقَّىٰهَآ إِلَّا ٱلصَّٰبِرُونَ
Ал эми илимдүүлөр зыйнаттары менен чыккан Карунду көргөндө жана анын жоро-жолдошторунун каалагандарын укканда мындай дешти: «Силер куруп кеткиле! Аллахтын акыреттеги сооп-сыйлыктары жана Ага ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар үчүн даярдаган нерселери Карунга берилген дүйнө кооздуктарынан жакшыраак. Мындай сөздү айтуу жана анын талабына ылайык иш-аракет кылуу сабырдууларга гана насип кылынган. Алар бул дүйнөнүн убактылуу ырахаттарынан да Аллахтын алдындагы сооп-сыйлыктарды артык көрүп сабыр кылгандар».
تفسیرهای عربی:
فَخَسَفۡنَا بِهِۦ وَبِدَارِهِ ٱلۡأَرۡضَ فَمَا كَانَ لَهُۥ مِن فِئَةٖ يَنصُرُونَهُۥ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَمَا كَانَ مِنَ ٱلۡمُنتَصِرِينَ
Анан Биз аны чектен чыкканы үчүн өч алуу максатта аны үй-жайы жана андагылар менен кошо жерге жуткуруп жибердик. Ага Аллахтан башка жардам берген эч бир жамаат болбоду жана ал өзүнө да жардам бере алган жок.
تفسیرهای عربی:
وَأَصۡبَحَ ٱلَّذِينَ تَمَنَّوۡاْ مَكَانَهُۥ بِٱلۡأَمۡسِ يَقُولُونَ وَيۡكَأَنَّ ٱللَّهَ يَبۡسُطُ ٱلرِّزۡقَ لِمَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦ وَيَقۡدِرُۖ لَوۡلَآ أَن مَّنَّ ٱللَّهُ عَلَيۡنَا لَخَسَفَ بِنَاۖ وَيۡكَأَنَّهُۥ لَا يُفۡلِحُ ٱلۡكَٰفِرُونَ
Аны жер жутканга чейин анын байлыгын жана зыйнаттарын каалап жаткандар өкүнүп, эстерине келип, мындай деп айта баштады: «Аллах пенделеринен Өзү каалаганына ырыскыны кенен кылып жана Өзү каалаганына тар кылып берерин билбептирбиз?! Эгер бизге Аллахтын ырайымы болбогондо бизди да Карунга окшоп жер жутуп кетмек. Ал бизди айткан сөзүбүз үчүн жазалаган жок. Чындыгында каапырлар бул дүйнөдө да, акыретте да жеңишке жетишпейт. Тескерисинче алардын акыры эки дүйнөдө зыянга учуроо менен бүтөт».
تفسیرهای عربی:
تِلۡكَ ٱلدَّارُ ٱلۡأٓخِرَةُ نَجۡعَلُهَا لِلَّذِينَ لَا يُرِيدُونَ عُلُوّٗا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَا فَسَادٗاۚ وَٱلۡعَٰقِبَةُ لِلۡمُتَّقِينَ
Биз тигил жактагы акырет жайын жер бетинде акыйкатка ыйман келтирип, аны ээрчүүдөн текеберлик кылууну жана бузукулук кылууну каалабаган адамдар үчүн жыргалчылык жана сый-урмат жайы кылабыз. Мактоого татырлык акыбет – Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштаган такыбалар үчүн берилген бейиштеги жыргалчылык жана андагы Аллахтын ыраазылыгынан болгон нерселерге жетүү.
تفسیرهای عربی:
مَن جَآءَ بِٱلۡحَسَنَةِ فَلَهُۥ خَيۡرٞ مِّنۡهَاۖ وَمَن جَآءَ بِٱلسَّيِّئَةِ فَلَا يُجۡزَى ٱلَّذِينَ عَمِلُواْ ٱلسَّيِّـَٔاتِ إِلَّا مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Кимде-ким кыямат күнү намаз, зекет, орозо ж.б. жакшылыктар менен келсе, анда ага ал жакшылыктардан да артык сыйлыктар берилет, бир жакшылыгы он эсеге көбөйтүлөт. Ал эми ким кыямат күнү каапырлык, сүткорлук, зына ж.б. жамандыктар менен келсе, анда ал жамандыктарды кылгандар өз кылгандарына жараша ашырбастан жазаларын алышат.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• كل ما في الإنسان من خير ونِعَم، فهو من الله خلقًا وتقديرًا.
Адамдагы ар бир жакшылык жаралган жактан да, тагдыр кылынган жактан да Аллах тараптан болот.

• أهل العلم هم أهل الحكمة والنجاة من الفتن؛ لأن العلم يوجه صاحبه إلى الصواب.
Илимдүүлөр – даанышмандык ээлери жана азгырыктардан кутулууга себеп болгон адамдар. Анткени илим адамды тууралыкка багыттайт.

• العلو والكبر في الأرض ونشر الفساد عاقبته الهلاك والخسران.
Жер бетинде керсейип жүрүүнүн, текеберлик кылуунун жана бузукулукту жаюунун акыбети кыйроого алып барат.

• سعة رحمة الله وعدله بمضاعفة الحسنات للمؤمن وعدم مضاعفة السيئات للكافر.
Ыймандууга жакшылыктарын эселеп көбөйтүү жана каапырдын жамандыктарын көбөйтпөстүк – Аллахтын ырайымдуулугунун кеңдиги жана адилеттүүлүгү.

إِنَّ ٱلَّذِي فَرَضَ عَلَيۡكَ ٱلۡقُرۡءَانَ لَرَآدُّكَ إِلَىٰ مَعَادٖۚ قُل رَّبِّيٓ أَعۡلَمُ مَن جَآءَ بِٱلۡهُدَىٰ وَمَنۡ هُوَ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ
Чындыгында сага Куранды түшүрүп, аны жеткирүүнү жана андагы келгендерди аткарууну сага парз кылган Зат сени Меккеге аны багынтуу үчүн кайтарат. Оо, пайгамбар! Айт: «Менин Раббим ким туура жол алып келгенин жана ким акыйкаттан анык адашууда экенин жакшы билет».
تفسیرهای عربی:
وَمَا كُنتَ تَرۡجُوٓاْ أَن يُلۡقَىٰٓ إِلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبُ إِلَّا رَحۡمَةٗ مِّن رَّبِّكَۖ فَلَا تَكُونَنَّ ظَهِيرٗا لِّلۡكَٰفِرِينَ
Оо, пайгамбар! Ойлонуп көрчү, сен пайгамбарлыкка чейин Аллах тараптан сага Куран вахий кылынат деп күткөн эмессиң. Бирок Анын ырайымдуулугу сага аны түшүрүүнү талап кылды. Эми сен каапырлардын адашууларында аларга жардамчы болбо!
تفسیرهای عربی:
وَلَا يَصُدُّنَّكَ عَنۡ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ بَعۡدَ إِذۡ أُنزِلَتۡ إِلَيۡكَۖ وَٱدۡعُ إِلَىٰ رَبِّكَۖ وَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ
Сага Аллахтын аяттары түшкөндөн кийин ал мушриктер сени андан буруп жиберишпесин, анан сен аны окууну жана жеткирүүнү таштап койбо. Адамдарды Аллахка ыйман келтирүүгө, Аны жалгыздоого жана Анын шариятын аткарууга чакыр. Жана Аллах менен катар башка кудайларга сыйынган мушриктерден болбо. Жалгыз Аллахка гана сыйынган адамдардан бол!
تفسیرهای عربی:
وَلَا تَدۡعُ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَۘ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۚ كُلُّ شَيۡءٍ هَالِكٌ إِلَّا وَجۡهَهُۥۚ لَهُ ٱلۡحُكۡمُ وَإِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ
Аллах менен катар башка кудайга сыйынба! Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Анын Жүзүнөн — Өзүнөн башка бардык нерселер жок болот. Өкүм кылуу Ага гана таандык, Ал Өзү каалаганды өкүм кылат. Кыямат күнү сурак бериш үчүн жана сыйлык же жаза алыш үчүн жалгыз Ага гана кайтасыңар.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• النهي عن إعانة أهل الضلال.
Адашкандардын туура эмес иштерине жардам берүүдөн тыйылуу керек.

• الأمر بالتمسك بتوحيد الله والبعد عن الشرك به.
Жалгыз Аллахка сыйынууга жана ширктен алыс болууга буйруу.

• ابتلاء المؤمنين واختبارهم سُنَّة إلهية.
Ыймандууларды сыноо – Аллахтын койгон эрежелеринен.

• غنى الله عن طاعة عبيده.
Аллах пенделердин моюн сунууларына муктаж эмес.

 
ترجمهٔ معانی سوره: سوره قصص
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن