ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی سوره: سوره عنكبوت   آیه:

Анкабут

از اهداف این سوره:
الأمر بالصبر والثبات عند الابتلاء والفتن، وبيان حسن عاقبته.
Башына сыноо, фитна келген учурда сабырдуу, бекем болууга буйруу жана мындайлардын акыбети жакшы болорун баяндаган.

الٓمٓ
Алиф. Лам. Мим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.
تفسیرهای عربی:
أَحَسِبَ ٱلنَّاسُ أَن يُتۡرَكُوٓاْ أَن يَقُولُوٓاْ ءَامَنَّا وَهُمۡ لَا يُفۡتَنُونَ
Адамдар «Аллахка ыйман келтирдик» деп айтып коюшса эле, алардын айткан сөзүнөн «алар чындап эле ыймандуу бекен?» деп анын чындыгын аныктабастан туруп, аларды сыноосуз таштап коёт деп ойлоп жатышабы? Бул иш алар ойлогондой эмес.
تفسیرهای عربی:
وَلَقَدۡ فَتَنَّا ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۖ فَلَيَعۡلَمَنَّ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ صَدَقُواْ وَلَيَعۡلَمَنَّ ٱلۡكَٰذِبِينَ
Биз алардан мурункуларды да сынаганбыз. Аллах чындап ыйман келтиргендердин чындыгын жана жалган ыйман келтиргендин жалганын сөзсүз билет жана аны силерге билдирет.
تفسیرهای عربی:
أَمۡ حَسِبَ ٱلَّذِينَ يَعۡمَلُونَ ٱلسَّيِّـَٔاتِ أَن يَسۡبِقُونَاۚ سَآءَ مَا يَحۡكُمُونَ
Ширк жана башка ушул сыяктуу күнөөлөрдү кылгандар Бизге жеткирбей жазабыздан кутулуп кетебиз деп ойлоп жатышабы? Алардын кылган чечими кандай жаман чечим! Алар Аллахты алсыз кыла алышпайт жана Анын жазасынан да кутулушпайт, эгер каапыр болуп өлүшкөн болсо.
تفسیرهای عربی:
مَن كَانَ يَرۡجُواْ لِقَآءَ ٱللَّهِ فَإِنَّ أَجَلَ ٱللَّهِ لَأٓتٖۚ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ
Кимде-ким кыямат күнү Аллахтын сыйлыгына жетиш үчүн Ага жолугууну үмүт кылса, анда Аллах ал үчүн белгилеген мөөнөт жакында сөзсүз келет. Ал пенделеринин сөздөрүн Угуучу, алардын иш-аракеттерин Билүүчү. Алардын баарысы Ага белгилүү. Жакында ал үчүн сыйлыгын же жазасын берет.
تفسیرهای عربی:
وَمَن جَٰهَدَ فَإِنَّمَا يُجَٰهِدُ لِنَفۡسِهِۦٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَغَنِيٌّ عَنِ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Ал эми ким ибадат кылууда, күнөөлөрдөн алыс болууда өз напсиси менен күрөшсө жана Аллах жолунда согушса, анда ал өзү үчүн гана күрөшкөн болот. Анткени анын пайдасы өзүнө кайтат. Аллах жаратылгандардын эч бирине муктаж эмес. Алардын кылган ибадаттары Ага эч нерсени кошпойт жана алардын күнөөлөрү Андан эч нерсени кемитпейт.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• النهي عن إعانة أهل الضلال.
Адашкандардын туура эмес иштерине жардам берүүдөн тыйылуу керек.

• الأمر بالتمسك بتوحيد الله والبعد عن الشرك به.
Жалгыз Аллахка сыйынууга жана ширктен алыс болууга буйруу.

• ابتلاء المؤمنين واختبارهم سُنَّة إلهية.
Ыймандууларды сыноо – Аллахтын койгон эрежелеринен.

• غنى الله عن طاعة عبيده.
Аллах пенделердин моюн сунууларына муктаж эмес.

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَنُكَفِّرَنَّ عَنۡهُمۡ سَيِّـَٔاتِهِمۡ وَلَنَجۡزِيَنَّهُمۡ أَحۡسَنَ ٱلَّذِي كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Ыйман келтирип, сыноолорубузга сабыр кылып жана жакшылык иштерди кылгандарга Биз алардын кылган жакшылык иштери себептүү күнөөлөрүн өчүрөбүз жана акыретте алардын бул дүйнөдө кылган жакшы иштерине соопторун эң жакшы кылып беребиз.
تفسیرهای عربی:
وَوَصَّيۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ بِوَٰلِدَيۡهِ حُسۡنٗاۖ وَإِن جَٰهَدَاكَ لِتُشۡرِكَ بِي مَا لَيۡسَ لَكَ بِهِۦ عِلۡمٞ فَلَا تُطِعۡهُمَآۚ إِلَيَّ مَرۡجِعُكُمۡ فَأُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Биз инсанга ата-энесин урматтап, аларга жакшылык кылуусун буйрудук. Эй, инсан! Эгерде ата-энең Саад ибн Абу Ваккастын энесиндей болуп сени өзүң билбеген нерсени Мага шерик кыл деп кыйнаса, анда бул нерседе аларга моюн сунба! Аллахтын алдында күнөө болгон иште адамдарга моюн сунулбайт. Кыямат күнү Мага гана кайтасыңар. Ошондо Мен силердин дүйнөдө кылган иштериңердин кабарын берем жана алардын сыйлыгын же жазасын берем.
تفسیرهای عربی:
وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَنُدۡخِلَنَّهُمۡ فِي ٱلصَّٰلِحِينَ
Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарды кыямат күнү жакшы иш жасаган адамдарга кошобуз, алар менен бирге чогултабыз жана алардын сообундай соопторду беребиз.
تفسیرهای عربی:
وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَقُولُ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ فَإِذَآ أُوذِيَ فِي ٱللَّهِ جَعَلَ فِتۡنَةَ ٱلنَّاسِ كَعَذَابِ ٱللَّهِۖ وَلَئِن جَآءَ نَصۡرٞ مِّن رَّبِّكَ لَيَقُولُنَّ إِنَّا كُنَّا مَعَكُمۡۚ أَوَلَيۡسَ ٱللَّهُ بِأَعۡلَمَ بِمَا فِي صُدُورِ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Адамдардын кээ бирлери «Аллахка ыйман келтирдик» – дешет. Эгер каапырлар аны ыйманы себептүү кыйнашчу болсо, алардын азаптаганын Аллахтын азаптаганындай кабыл алып, каапырларды туура көрүп ыймандан баш тартат. Оо, пайгамбар! Эгерде Раббиң тараптан сага жеңиш келсе алар: «Оо, ыймандуулар! Чындыгында биз ыйманда силер менен бирге болчубуз» – дешет. Аллах адамдардын көкүрөгүндөгүнү билбейт бекен?! Ага андагы каапырлыктын жана ыймандын бири да жашыруун эмес. Аллах алардын жүрөгүндөгү нерсени алардан да жакшы билген болсо, анда алар кантип жүрөктөрүндөгү нерсени Аллахка айтып жатышат?!
تفسیرهای عربی:
وَلَيَعۡلَمَنَّ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَلَيَعۡلَمَنَّ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ
Аллах чындап ыйман келтиргендерди жакшы билет жана сыртынан ыймандуу көрүнүп, ичинде каапырлыкты жашырган эки жүздүүлөрдү да жакшы билет.
تفسیرهای عربی:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لِلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّبِعُواْ سَبِيلَنَا وَلۡنَحۡمِلۡ خَطَٰيَٰكُمۡ وَمَا هُم بِحَٰمِلِينَ مِنۡ خَطَٰيَٰهُم مِّن شَيۡءٍۖ إِنَّهُمۡ لَكَٰذِبُونَ
Каапырлар жалгыз Аллахка ыйман келтиргендерге: «Биздин динибизди жана жолубузду ээрчигиле. Биз силердин күнөөңөрдү көтөрөбүз жана жазасын да өзүбүз тартабыз» – дешет. Алар силердин эч бир күнөөңөрдү көтөрбөйт. Чындыгында алар бул айткан сөздөрүндө жалганчылар.
تفسیرهای عربی:
وَلَيَحۡمِلُنَّ أَثۡقَالَهُمۡ وَأَثۡقَالٗا مَّعَ أَثۡقَالِهِمۡۖ وَلَيُسۡـَٔلُنَّ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ عَمَّا كَانُواْ يَفۡتَرُونَ
Жалганга чакырган ал мушриктер өздөрү кылган күнөөлөрүн көтөрөт, алардын чакырыгына ээрчигендердин күнөөлөрүн да көтөрөт, бирок аларды ээрчигендердин күнөөлөрүнөн эч бир нерсе кемитилбейт. Ошондой эле кыямат күнү бул дүйнөдө ойлоп тапкан жалгандары үчүн суралышат.
تفسیرهای عربی:
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوۡمِهِۦ فَلَبِثَ فِيهِمۡ أَلۡفَ سَنَةٍ إِلَّا خَمۡسِينَ عَامٗا فَأَخَذَهُمُ ٱلطُّوفَانُ وَهُمۡ ظَٰلِمُونَ
Биз Нухту өз элине пайгамбар кылып жибердик. Ал алардын арасында тогуз жүз элүү жыл туруп, аларды Аллахка гана сыйынууга чакырды. Алар аны жалганга чыгарышты жана каапырлыктарын уланта беришти. Алар Аллахка каапырлык кылышканы жана Анын пайгамбарларын жалганга чыгарышканы себептүү аларды топон суу алып, сууга чөгүп жок болушту.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الأعمال الصالحة يُكَفِّر الله بها الذنوب.
Аллах жакшылык иштерди күнөөлөрдүн кечирилишине себеп кылат.

• تأكُّد وجوب البر بالأبوين.
Ата-энени урматтоо милдеттүү түрдө экендиги дагы бир ирет тастыкталды.

• الإيمان بالله يقتضي الصبر على الأذى في سبيله.
Аллахка ыйман келтирүү Анын жолундагы кыйынчылыктарга сабыр кылууну талап кылат.

• من سنَّ سُنَّة سيئة فعليه وزرها ووزر من عمل بها من غير أن ينقص من أوزارهم شيء.
Ким жаман иш же жалган жол ойлоп тапса, анда ал анын күнөөсүн жана аны кылгандардын күнөөсүн көтөрөт, бирок алардын күнөөлөрүнөн эч бир нерсе кемитилбейт.

فَأَنجَيۡنَٰهُ وَأَصۡحَٰبَ ٱلسَّفِينَةِ وَجَعَلۡنَٰهَآ ءَايَةٗ لِّلۡعَٰلَمِينَ
Кийин Биз Нухту жана аны менен бирге болгон ыймандууларды чөктүрүп жок кылбастан кемеде куткардык жана кемени адамдар сабак алыш үчүн эскертме кылдык.
تفسیرهای عربی:
وَإِبۡرَٰهِيمَ إِذۡ قَالَ لِقَوۡمِهِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ وَٱتَّقُوهُۖ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ
Оо, пайгамбар! Ибрахимдин окуясын эстечи, бир кезде ал элине айтты: «Жалгыз Аллахка сыйынгыла! Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоо менен Анын жазасынан корккула! Эгер билсеңер, силерге буйрулган ушул нерсе силер үчүн жакшы».
تفسیرهای عربی:
إِنَّمَا تَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَوۡثَٰنٗا وَتَخۡلُقُونَ إِفۡكًاۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ تَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ لَا يَمۡلِكُونَ لَكُمۡ رِزۡقٗا فَٱبۡتَغُواْ عِندَ ٱللَّهِ ٱلرِّزۡقَ وَٱعۡبُدُوهُ وَٱشۡكُرُواْ لَهُۥٓۖ إِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ
Эй, мушриктер! Чындыгында силер сыйынган айкелдер пайда да, зыян да бере алышпайт. Силер аларды сыйынууга татыктуу деп ойлоо менен жалганды ойлоп таап жатасыңар. Чындыгында силер Аллахтан башка сыйынып жаткан нерселер силерге ырыскы бере алышпайт. Ырыскыны Аллахтан сурагыла, Ал ырыскы Берүүчү. Ага гана сыйынгыла жана Ал силерге берген ырыскы үчүн Ага шүгүр кылгыла. Кыямат күнү сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн айкелдериңерге эмес, жалгыз Ага гана кайтасыңар.
تفسیرهای عربی:
وَإِن تُكَذِّبُواْ فَقَدۡ كَذَّبَ أُمَمٞ مِّن قَبۡلِكُمۡۖ وَمَا عَلَى ٱلرَّسُولِ إِلَّا ٱلۡبَلَٰغُ ٱلۡمُبِينُ
Эй, мушриктер! Эгерде Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) силерге алып келгенди жалганга чыгарсаңар, силерден алдыңкы коомдор да өзүлөрүнө келген пайгамбарларды жалганга чыгарышкан. Мисал катары Нух, Аад, Самуд коомдору сыяктуу. Пайгамбар ачык-айкын жеткирүүгө гана милдеттүү. Ал силерге Раббиси буйруган нерсени жеткирди.
تفسیرهای عربی:
أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ كَيۡفَ يُبۡدِئُ ٱللَّهُ ٱلۡخَلۡقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥٓۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٞ
Ал жалганчылар Аллах жаратылгандарды алгач ирет кандай жаратарын, кийин ал жок болуп кеткенден кийин аны кайрадан жаратканын көрүшпөйбү? Чындыгында бул нерсе Аллах үчүн жеңил. Ал кудуреттүү, Аны эч ким алсыз кыла албайт.
تفسیرهای عربی:
قُلۡ سِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَٱنظُرُواْ كَيۡفَ بَدَأَ ٱلۡخَلۡقَۚ ثُمَّ ٱللَّهُ يُنشِئُ ٱلنَّشۡأَةَ ٱلۡأٓخِرَةَۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
Оо, пайгамбар! Кайра жаралууну жалганга чыгаргандарга айт: «Жер бетин кезгиле, Аллах жаратылгандарды баштапкы жолу кантип жаратканына назар салгыла. Кийин Аллах адамдар өлгөндөн кийин аларды сурак бериш үчүн экинчи жашоого кайрадан тирилтет. Чындыгында Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү. Аны эч бир нерсе алсыз кыла албайт. Ал адамдарды алгачкы ирет жаратууда алсыз болбогону сыяктуу аларды кайрадан тирилтүүгө да алсыз эмес».
تفسیرهای عربی:
يُعَذِّبُ مَن يَشَآءُ وَيَرۡحَمُ مَن يَشَآءُۖ وَإِلَيۡهِ تُقۡلَبُونَ
Ал жараткандарынан Өзү каалаганын адилеттиги менен азаптайт, Өзү каалаганына айкөлдүгү менен ырайым кылат. Ал силерди кыямат күнү кабырларыңардан кайра тирилткенде силер сурак бериш үчүн жалгыз Ага гана кайтасыңар.
تفسیرهای عربی:
وَمَآ أَنتُم بِمُعۡجِزِينَ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَا فِي ٱلسَّمَآءِۖ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِن وَلِيّٖ وَلَا نَصِيرٖ
Силер Раббиңерден кутула албайсыңар, жер бетинде жана асманда Анын жазасынан качып кете албайсыңар. Силер үчүн ишиңерди жөнгө сала тургандай Аллахтан башка колдоочу жок жана силерди Анын азабынан куткара тургандай Андан башка жардамчы да жок.
تفسیرهای عربی:
وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ وَلِقَآئِهِۦٓ أُوْلَٰٓئِكَ يَئِسُواْ مِن رَّحۡمَتِي وَأُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ
Аллахтын аят-белгилерине жана кыяматта Аны менен жолугууга каапырлык кылган адамдар – мына ошолор Менин ырайымымдан үмүт үзгөндөр. Алар каапырлыктары себептүү эч качан бейишке киришпейт. Мына ошолорду акыретте күтүп турган кыйноочу азап бар.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الأصنام لا تملك رزقًا، فلا تستحق العبادة.
Айкел-буттар ырыскы берүүгө кудуреттүү эмес. Андыктан алар сыйынууга татыктуу эмес.

• طلب الرزق إنما يكون من الله الذي يملك الرزق.
Ырыскыны ага ээлик кылган Аллахтан гана сураш керек.

• بدء الخلق دليل على البعث.
Баштапкы жаралуу кайрадан тирилүүгө далил болот.

• دخول الجنة محرم على من مات على كفره.
Каапырлык жолдо өлгөндөр бейишке киргизилбейт.

فَمَا كَانَ جَوَابَ قَوۡمِهِۦٓ إِلَّآ أَن قَالُواْ ٱقۡتُلُوهُ أَوۡ حَرِّقُوهُ فَأَنجَىٰهُ ٱللَّهُ مِنَ ٱلنَّارِۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ
Ибрахим элин жалгыз Аллахка гана сыйынууга жана Андан башка сыйынган кудайларды таштоону буйругандан кийин алардын ага берген жообу ушул болду: «Кудайларыңарды колдоп аны өлтүргүлө же аны отко ыргыткыла!». Бирок Аллах аны оттон сактады. Чындыгында отко ыргытылгандан кийин анын аман калуусунда ыйман келтирген коом үчүн үлгү-сабактар бар. Анткени ошолор гана үлгү-сабактардан пайда алышат.
تفسیرهای عربی:
وَقَالَ إِنَّمَا ٱتَّخَذۡتُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ أَوۡثَٰنٗا مَّوَدَّةَ بَيۡنِكُمۡ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۖ ثُمَّ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ يَكۡفُرُ بَعۡضُكُم بِبَعۡضٖ وَيَلۡعَنُ بَعۡضُكُم بَعۡضٗا وَمَأۡوَىٰكُمُ ٱلنَّارُ وَمَا لَكُم مِّن نَّٰصِرِينَ
Ибрахим элине айтты: «Силер дүйнө жашоосунда айкел-буттарга сыйынууда бири-бириңерди жакшы көргөнүңөр үчүн жана тааныганыңар үчүн аларды кудай кылып сыйынып жатасыңар. Кийин кыямат күнү ортоңордогу ал сүйүү жок болот, азапты көргөндө бири-бириңерден баш тартасыңар, бири-бириңерге каргыш айтасыңар. Силердин баш калкалар жайыңар тозок болот. Силердин Аллахтан башка сыйынган айкелдериңерден жана алардан башкаларынан да силерди Аллахтын азабынан сактаган эч бир жардамчы болбойт».
تفسیرهای عربی:
۞ فَـَٔامَنَ لَهُۥ لُوطٞۘ وَقَالَ إِنِّي مُهَاجِرٌ إِلَىٰ رَبِّيٓۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Ага Лут ыйман келтирди. Жана Ибрахим айтты: «Чындыгында мен Раббиме, берекелүү Шам жергесине көчөмүн. Чындыгында Ал Кудуреттүү, Ага көчкөн адам жеңилбейт жана кордолбойт. Ал Өз башкаруусунда жана тагдыр кылуусунда Даанышман».
تفسیرهای عربی:
وَوَهَبۡنَا لَهُۥٓ إِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَ وَجَعَلۡنَا فِي ذُرِّيَّتِهِ ٱلنُّبُوَّةَ وَٱلۡكِتَٰبَ وَءَاتَيۡنَٰهُ أَجۡرَهُۥ فِي ٱلدُّنۡيَاۖ وَإِنَّهُۥ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ لَمِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ
Жана Биз Ибрахимге Исхак менен анын уулу Яькубду берип, анын белек кылып урпактарына пайгамбарлык жана Аллах тараптан түшкөн китептерди бердик. Ошондой эле ага бул дүйнөдө акыйкатка сабыр кылганынын сыйлыгы катары таза урпак жана ага эң жакшы алкыш-мактоолор айтылуучу кылдык. Чындыгында ал акыретте жакшы-такыбалуулардын сыйлыгындай сыйлык алат. Бул дүйнөдө ага берилген нерселер акыретте ал үчүн даярдалган улуу сыйлыкты кемитпейт.
تفسیرهای عربی:
وَلُوطًا إِذۡ قَالَ لِقَوۡمِهِۦٓ إِنَّكُمۡ لَتَأۡتُونَ ٱلۡفَٰحِشَةَ مَا سَبَقَكُم بِهَا مِنۡ أَحَدٖ مِّنَ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Оо, пайгамбар! Лутту эстечи, бир кезде ал элине айтты: «Силер өзүңөрдөн мурун ааламдардан эч ким кылбаган жаман күнөөнү кылып жатасыңар. Адамдын табияты жийиркенген бул күнөөнү эң биринчи силер баштадыңар.
تفسیرهای عربی:
أَئِنَّكُمۡ لَتَأۡتُونَ ٱلرِّجَالَ وَتَقۡطَعُونَ ٱلسَّبِيلَ وَتَأۡتُونَ فِي نَادِيكُمُ ٱلۡمُنكَرَۖ فَمَا كَانَ جَوَابَ قَوۡمِهِۦٓ إِلَّآ أَن قَالُواْ ٱئۡتِنَا بِعَذَابِ ٱللَّهِ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ
Силер кумарыңарды кандырыш үчүн эркектердин артынан кошулуп жатасыңарбы?! Жолоочулардын жолун тосуп жатасыңарбы?! Алар силердин кылган бузукулугуңардан коркуп өтпөй калышты го. Ошондой эле чогулган жериңерде жылаңачтануу жана жаныңардан өткөндөргө сөзүңөр жана ишиңер менен зыян берип күнөө иштерди кылып жатасыңарбы?!». Ал элин күнөөлөрдү кылуудан тыйгандан кийин алардын ага айткан сөзү ушул болду: «Эгерде айтып жатканың чын болсо, анда бизди коркутуп жаткан Аллахтын азабын алып келчи».
تفسیرهای عربی:
قَالَ رَبِّ ٱنصُرۡنِي عَلَى ٱلۡقَوۡمِ ٱلۡمُفۡسِدِينَ
Луттун эли ага көшөрүүчүлүк кылып, аны шылдыңдай азапты алып келчи дегенден кийин ал Раббисине дуба кылып: «Оо, Раббим! Жер бетинде каапырлыкты жана жийиркеничтүү күнөөлөрдү жайып бузукулук кылган коомго каршы мага жардам бер!» – деди.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• عناية الله بعباده الصالحين حيث ينجيهم من مكر أعدائهم.
Аллахтын ыймандуу-жакшы пенделерине болгон камкордугу. Анткени аларды душмандарынын айла-амалдарынан куткарды.

• فضل الهجرة إلى الله.
Аллахка карай көчүүнүн артыкчылыгы.

• عظم منزلة إبراهيم وآله عند الله تعالى.
Ибрахим менен анын үй-бүлөсү Аллахтын алдында бийик орунга ээ.

• تعجيل بعض الأجر في الدنيا لا يعني نقص الثواب في الآخرة.
Кээ бир сыйлыктарды бул дүйнөдө берүү – акыреттеги сооптордон кемитилет дегенди билдирбейт.

• قبح تعاطي المنكرات في المجالس العامة.
Адамдар чогулган жерлерде күнөө кылуунун жийиркеничтүүлүгү.

وَلَمَّا جَآءَتۡ رُسُلُنَآ إِبۡرَٰهِيمَ بِٱلۡبُشۡرَىٰ قَالُوٓاْ إِنَّا مُهۡلِكُوٓاْ أَهۡلِ هَٰذِهِ ٱلۡقَرۡيَةِۖ إِنَّ أَهۡلَهَا كَانُواْ ظَٰلِمِينَ
Качан Биз жиберген периштелер Ибрахимге Исхак жана анын уулу Яькуб тууралуу сүйүнчүлөп келишкенде алар ага айтышты: «Чындыгында биз Луттун шаары Садумду жок кылабыз. Чындыгында анын эли бузукулук кылып заалым болушту».
تفسیرهای عربی:
قَالَ إِنَّ فِيهَا لُوطٗاۚ قَالُواْ نَحۡنُ أَعۡلَمُ بِمَن فِيهَاۖ لَنُنَجِّيَنَّهُۥ وَأَهۡلَهُۥٓ إِلَّا ٱمۡرَأَتَهُۥ كَانَتۡ مِنَ ٱلۡغَٰبِرِينَ
Ибрахим (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы болсун) периштелерге: «Силер жок кылабыз деген шаарда Лут бар го. Ал заалымдардан эмес» – деди. Периштелер айтышты: «Биз ал жакта кимдер бар экенин жакшы билебиз. Биз аны жана үй-бүлөсүн шаар элине түшкөн кыйроодон куткарабыз. Бирок анын аялын куткарбайбыз. Ал ошол жерде калган кыйроочулардан болот, аны алар менен кошо жок кылабыз».
تفسیرهای عربی:
وَلَمَّآ أَن جَآءَتۡ رُسُلُنَا لُوطٗا سِيٓءَ بِهِمۡ وَضَاقَ بِهِمۡ ذَرۡعٗاۖ وَقَالُواْ لَا تَخَفۡ وَلَا تَحۡزَنۡ إِنَّا مُنَجُّوكَ وَأَهۡلَكَ إِلَّا ٱمۡرَأَتَكَ كَانَتۡ مِنَ ٱلۡغَٰبِرِينَ
Биз Луттун коомун жок кылуу үчүн жиберген периштелер ага келишкенде ал алар үчүн элинин бузукулугунан коркуп жаман абалга түштү, алардын келгенине кыжалат болду. Анткени ал периштелер эркектердин келбетинде келишкен эле. Коому болсо аялдардан эмес, эркектерден жыныстык кумарларын кандырышчу. Периштелер ага айтышты: «Коркпо! Элиң сага эч кандай зыян бере албайт. Биз аларды кыйратып жок кылабыз дегенибиз үчүн кайгырба! Биз сени жана үй-бүлөңдү куткарабыз. Аялың гана кыйрагандар менен кошо калат. Биз аны алар менен бирге жок кылабыз.
تفسیرهای عربی:
إِنَّا مُنزِلُونَ عَلَىٰٓ أَهۡلِ هَٰذِهِ ٱلۡقَرۡيَةِ رِجۡزٗا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ بِمَا كَانُواْ يَفۡسُقُونَ
Биз бузукулуктарды кылган бул калаанын элине асмандан бышкан чопо таштарды жаадырып азап түшүрөбүз. Аларга берилген бул жаза Аллахка баш ийбестик кылышканы үчүн болду. Анткени алар аялдарга эмес, эркектерге кошулуп жийиркеничтүү бузукулук кылышты.
تفسیرهای عربی:
وَلَقَد تَّرَكۡنَا مِنۡهَآ ءَايَةَۢ بَيِّنَةٗ لِّقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ
Биз ал жок кылган калаадан акыл жүгүрткөн адамдар үчүн аят-белгилерди калтырдык. Анткени ошолор аят-белгилерден сабак алышат.
تفسیرهای عربی:
وَإِلَىٰ مَدۡيَنَ أَخَاهُمۡ شُعَيۡبٗا فَقَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ وَٱرۡجُواْ ٱلۡيَوۡمَ ٱلۡأٓخِرَ وَلَا تَعۡثَوۡاْ فِي ٱلۡأَرۡضِ مُفۡسِدِينَ
Жана Биз Мадиянга алардын тектеш тууганы Шуайбды пайгамбар кылып жибердик. Ал айтты: «Оо, элим! Аллахка гана сыйынгыла. Кылган ибадатыңар менен акырет күндөгү Анын сыйлыгын гана үмүт кылгыла. Жана жер бетинде күнөөлөрдү кылуу жана жаюу менен бузукулук кылбагыла».
تفسیرهای عربی:
فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلرَّجۡفَةُ فَأَصۡبَحُواْ فِي دَارِهِمۡ جَٰثِمِينَ
Эли аны жалганга чыгарды. Ошондо аларга жер титирөө келип тийип, өз турак-жайларында жүзү менен жер сүзгөн абалда кыймылсыз сулап жатып калышты.
تفسیرهای عربی:
وَعَادٗا وَثَمُودَاْ وَقَد تَّبَيَّنَ لَكُم مِّن مَّسَٰكِنِهِمۡۖ وَزَيَّنَ لَهُمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ أَعۡمَٰلَهُمۡ فَصَدَّهُمۡ عَنِ ٱلسَّبِيلِ وَكَانُواْ مُسۡتَبۡصِرِينَ
Ошондой эле Салихтин коому "Аадды" жана Худдун коому "Самудду" да кыйратып жок кылдык. Эй, Мекке эли! Силерге алардын кыйраганын билдирген белгилер Хадрамаут тараптагы Аль-Хижр менен Аль-Шихрдеги турак-жайларынан көрүнүп турат го. Алардын бош калган турак-жайлары алардын кыйрап жок болгонуна далил. Шайтан алардын каапырлыктарын жана күнөөлөрүн аларга кооз көргөзүп, аларды туура жолдон адаштырды. Аларга пайгамбарлары үйрөткөндүктөн, алар акыйкат менен жалганды, туура жол менен адашууну айырмалай билген адамдар болгон. Бирок, туура жолду эрчибей, напсинин бузулган каалоосуна ээрчип кетишти.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• قوله تعالى:﴿ وَقَد تَّبَيَّنَ..﴾ تدل على معرفة العرب بمساكنهم وأخبارهم.
Аллахтын «…анык билинип турат» деген сөзү арабдар алардын турак-жайларын жана кабарларын билишерине далил болот.

• العلائق البشرية لا تنفع إلا مع الإيمان.
Адамдардын ортосундагы мамиле ыймандын негизинде болгондо гана пайда берет.

• الحرص على أمن الضيوف وسلامتهم من الاعتداء عليهم.
Коноктордун тынчтыгына жана зомбулуктан коопсуз болуусуна көңүл буруу.

• منازل المُهْلَكين بالعذاب عبرة للمعتبرين.
Азап менен кыйроого дуушар болгондордун жашаган жайлары адамдар үчүн үлгү-сабак болот.

• العلم بالحق لا ينفع مع اتباع الهوى وإيثاره على الهدى.
Эгер напсинин бузук каалоолорун ээрчип, аны туура жолдон артык көрсө, анда акыйкатты билүү пайда бербейт.

وَقَٰرُونَ وَفِرۡعَوۡنَ وَهَٰمَٰنَۖ وَلَقَدۡ جَآءَهُم مُّوسَىٰ بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَٱسۡتَكۡبَرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا كَانُواْ سَٰبِقِينَ
Жана Биз Мусанын элине зомбулук көргөзгөн Карунду турак-жайы менен кошо жерге жуткуруп жок кылдык. Ошондой эле Фараон менен анын вазири Хаманды деңизге чөктүрүп жок кылдык. Муса аларга анын чынчылдыгын билдирген аят-белгилерди алып келген. Бирок алар Байыркы Египет жеринде ага ыйман келтирүүдөн текеберленишти. Алар Биздин азабыбыздан качып кутулушкан жок.
تفسیرهای عربی:
فَكُلًّا أَخَذۡنَا بِذَنۢبِهِۦۖ فَمِنۡهُم مَّنۡ أَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِ حَاصِبٗا وَمِنۡهُم مَّنۡ أَخَذَتۡهُ ٱلصَّيۡحَةُ وَمِنۡهُم مَّنۡ خَسَفۡنَا بِهِ ٱلۡأَرۡضَ وَمِنۡهُم مَّنۡ أَغۡرَقۡنَاۚ وَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيَظۡلِمَهُمۡ وَلَٰكِن كَانُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ يَظۡلِمُونَ
Жогоруда айтылгандардын баарысын кыйратуучу азабыбыз менен алдык. Луттун коомуна чокморлошуп бышкан чопо таштарды жаадырдык, Салих менен Шуайбдын коомдорун катуу кыйкырык алды, Карунду турак-жайы менен кошо жерге жуткурдук, ал эми Нухтун, Фараондун жана Хамандын коомдорун сууга чөктүрдүк. Аллах аларды күнөөсүз эле кыйратып жок кылган жок. Бирок алар күнөөлөрдү кылуу менен өздөрүнө зулум кылышты. Ошон үчүн азапка татыктуу болушту.
تفسیرهای عربی:
مَثَلُ ٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَوۡلِيَآءَ كَمَثَلِ ٱلۡعَنكَبُوتِ ٱتَّخَذَتۡ بَيۡتٗاۖ وَإِنَّ أَوۡهَنَ ٱلۡبُيُوتِ لَبَيۡتُ ٱلۡعَنكَبُوتِۚ لَوۡ كَانُواْ يَعۡلَمُونَ
Аллахтан башка айкел-буттарды пайда келтирет же шапаат кылат деп кудай кылып сыйынган мушриктердин мисалы – зыяндан коргонуш үчүн өзүнө үй жасаган жөргөмүш сымал. Чындыгында эң начар үй жөргөмүштүн үйү. Ал аны душмандан коргой албайт. Ошол сыяктуу эле алардын айкелдери пайда да, зыян да келтире алышпайт жана шапаат да кылышпайт. Эгерде мушриктер муну билишкенде Аллахтан башка айкел-буттарды кудай кылып сыйынышпайт эле.
تفسیرهای عربی:
إِنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ مَا يَدۡعُونَ مِن دُونِهِۦ مِن شَيۡءٖۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Албетте Аллах алардын башкаларга сыйынып жаткандарын билет. Мунун эч бири Ага жашыруун эмес. Ал жеңилбеген Кудуреттүү. Өз жаратуусунда, тагдыр кылуусунда жана башкаруусунда Даанышман.
تفسیرهای عربی:
وَتِلۡكَ ٱلۡأَمۡثَٰلُ نَضۡرِبُهَا لِلنَّاسِۖ وَمَا يَعۡقِلُهَآ إِلَّا ٱلۡعَٰلِمُونَ
Биз, адамдарды ойготуу, аларга акыйкатты көргөзүп, ага багыттоо үчүн ушундай мисалдарды келтиребиз. Аны Аллахтын шариятын жана шарият сырларын билген илимдүү адамдар гана талаптагыдай түшүнөт.
تفسیرهای عربی:
خَلَقَ ٱللَّهُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ بِٱلۡحَقِّۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّلۡمُؤۡمِنِينَ
Аллах таала асмандар менен Жерди акыйкат менен жаратты. Аны жалгандан же жөн эле жараткан жок. Чындыгында бул жаратууда ыймандуулар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүнө ачык-айкын далилдер бар. Анткени ошолор Аллахтын жараткандары аркылуу Жаратуучунун бар экенин далил кылышат. Ал эми каапырлар ааламдагы жана өздөрүндөгү аят-белгилерди көргөндө Жаратуучунун улуктугуна жана кудуреттүүлүгүнө көңүл бурушпайт.
تفسیرهای عربی:
ٱتۡلُ مَآ أُوحِيَ إِلَيۡكَ مِنَ ٱلۡكِتَٰبِ وَأَقِمِ ٱلصَّلَوٰةَۖ إِنَّ ٱلصَّلَوٰةَ تَنۡهَىٰ عَنِ ٱلۡفَحۡشَآءِ وَٱلۡمُنكَرِۗ وَلَذِكۡرُ ٱللَّهِ أَكۡبَرُۗ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ مَا تَصۡنَعُونَ
Оо, пайгамбар! Аллах сага вахий кылган Куранды адамдарга окуп бер жана намазды толук түрдө аткар. Чындыгында толук сыпатта аткарылган намаз адамды күнөөлөрдү, жамандыктарды кылуудан тыят. Анткени ал жүрөктө күнөө кылуудан тоскон нурду пайда кылат жана жакшылык иштерге багыттайт. Аллахты зикир кылуу бүткүл нерседен да улук жана бийик. Аллах силердин эмне кылып жатканыңарды билет. Силердин иштериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал силерге иштериңердин сыйлыгын же жазасын берет, жакшы болсо жакшысын, жаман болсо жаманын берет.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• أهمية ضرب المثل: (مثل العنكبوت) .
Жөргөмүштүн мисалы сыяктуу мисалдарды келтирүүнүн маанилүүлүгү.

• تعدد أنواع العذاب في الدنيا.
Бул дүйнөдөгү азаптар ар түрдүү болот.

• تَنَزُّه الله عن الظلم.
Аллах зулумдук кылуудан аруу.

• التعلق بغير الله تعلق بأضعف الأسباب.
Аллахтан башкага байлануу – себептердин эң алсызына байлануу дегендик.

• أهمية الصلاة في تقويم سلوك المؤمن.
Мусулмандын жүрүм-турумун оңдоодо намаздын маанилүүлүгү.

۞ وَلَا تُجَٰدِلُوٓاْ أَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ إِلَّا بِٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُ إِلَّا ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ مِنۡهُمۡۖ وَقُولُوٓاْ ءَامَنَّا بِٱلَّذِيٓ أُنزِلَ إِلَيۡنَا وَأُنزِلَ إِلَيۡكُمۡ وَإِلَٰهُنَا وَإِلَٰهُكُمۡ وَٰحِدٞ وَنَحۡنُ لَهُۥ مُسۡلِمُونَ
Эй, ыймандуулар! Жөөттөр жана христиандар менен эң жакшы ыкмада жана үлгү болорлук жолдо гана талкууга түшүп, талашып-тартышкыла. Ал анык далилдерди келтирүү жана насаат айтуунун негизинде үгүт кылуу жолу. Бирок алардан ким баш ийбестик жана текеберлик менен зулумдук кылса жана силерге согуш жарыяласа, анда алар Исламды кабыл алып же кор болуп өз колу менен салык төлөмөйүнчө аларга каршы согушкула. Жөөттөр менен христиандарга айткыла: «Аллах бизге түшүргөн Куранга ыйман келтирдик жана силерге түшкөн Тоорат менен Инжилге да ыйман келтирдик. Биздин кудай менен силердин кудайыңар бир кудай. Сыйынууда, жаратууда жана толуктукта Анын шериги жок. Биз жалгыз Ага гана моюн сунуп, баш ийебиз.
تفسیرهای عربی:
وَكَذَٰلِكَ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَۚ فَٱلَّذِينَ ءَاتَيۡنَٰهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ يُؤۡمِنُونَ بِهِۦۖ وَمِنۡ هَٰٓؤُلَآءِ مَن يُؤۡمِنُ بِهِۦۚ وَمَا يَجۡحَدُ بِـَٔايَٰتِنَآ إِلَّا ٱلۡكَٰفِرُونَ
Биз сенден мурун Китептерди түшүргөнүбүз сыяктуу сага да Куранды түшүрдүк. Алардан Абдуллах ибн Салам сыяктуу Тооратты окуган кээ бирлери өз китептеринен Курандын сыпаттарын табышканы үчүн ага ыйман келтиришти. Мушриктердин арасында да ага ыйман келтиргендер бар. Биздин аяттарыбызга каапырлыкты жана акыйкатты көрүп туруп четке какканды адат кылган каапырлар гана каапырлык кылышат.
تفسیرهای عربی:
وَمَا كُنتَ تَتۡلُواْ مِن قَبۡلِهِۦ مِن كِتَٰبٖ وَلَا تَخُطُّهُۥ بِيَمِينِكَۖ إِذٗا لَّٱرۡتَابَ ٱلۡمُبۡطِلُونَ
Оо, пайгамбар! Сен Куранга чейин эч бир китеп окуган эмессиң жана оң колуң менен эч нерсе жазган эмессиң. Анткени сен окуганды да, жазганды да билбеген кат-сабаты жоюлбаган адамсың. Эгерде сен окуганды жана жазганды билгениңде, анда адамдардын арасындагы наадандар сенин пайгамбарлыгың тууралуу шектенишип, сени мурунку Китептерден жазып алды деп айтып чыгышмак.
تفسیرهای عربی:
بَلۡ هُوَ ءَايَٰتُۢ بَيِّنَٰتٞ فِي صُدُورِ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَۚ وَمَا يَجۡحَدُ بِـَٔايَٰتِنَآ إِلَّا ٱلظَّٰلِمُونَ
Тескерисинче сага түшкөн Куран ыймандуулардын арасында илим берилгендердин көкүрөгүндөгү ачык-айкын аяттар. Биздин аяттарыбызды Аллахка каапырлык жана ширк кылып өздөрүнө зулумдук кылгандар гана четке кагышат.
تفسیرهای عربی:
وَقَالُواْ لَوۡلَآ أُنزِلَ عَلَيۡهِ ءَايَٰتٞ مِّن رَّبِّهِۦۚ قُلۡ إِنَّمَا ٱلۡأٓيَٰتُ عِندَ ٱللَّهِ وَإِنَّمَآ أَنَا۠ نَذِيرٞ مُّبِينٌ
Мушриктер: «Эмнеге Мухаммадга Раббиси тараптан мурунку пайгамбарларга түшкөндөй аят-белгилер түшкөн жок?» – дешет. Оо, пайгамбар! Ал сурагандарга айт: «Чындыгында аят-белгилер Аллахтын гана колунда. Ал аны качан кааласа түшүрөт. Аны түшүрүү менин ыктыярымда эмес. Мен болгону силерге Аллахтын жазасын ачык эскертүүчүмүн».
تفسیرهای عربی:
أَوَلَمۡ يَكۡفِهِمۡ أَنَّآ أَنزَلۡنَا عَلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ يُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَرَحۡمَةٗ وَذِكۡرَىٰ لِقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ
Оо, пайгамбар! Ал аят-белгилерди сурагандарга Биз сага түшүргөн, аларга окулуп жаткан Куран жетиштүү эмес бекен? Чындыгында аларга түшүрүлгөн Куранда ыйман келтирген коом үчүн ырайымдуулук жана насааттар бар. Мына ошолор андагы келгендерден пайда алышат. Аларга түшүрүлгөн нерсе ага чейинки пайгамбарларга түшүрүлгөндөй нерсени сурагандарына караганда жакшыраак.
تفسیرهای عربی:
قُلۡ كَفَىٰ بِٱللَّهِ بَيۡنِي وَبَيۡنَكُمۡ شَهِيدٗاۖ يَعۡلَمُ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۗ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱلۡبَٰطِلِ وَكَفَرُواْ بِٱللَّهِ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ
Оо, пайгамбар! Айт: «Мен силерге алып келген нерседе чынчыл экениме жана силердин аны жалганга чыгарууңарга Аллах Өзү күбө болууга жетиштүү. Ал асмандар менен Жердегини билет жана ал экөөсүндөгү эч бир нерсе Ага жашыруун эмес. Ал эми Аллахтан башка сыйынылган бүткүл жалган нерселерге ишенгендер жана сыйынууга Өзү гана татыктуу болгон Аллахка каапырлык кылгандар – мына ошолор кыйроого учурагандар. Анткени алар ыйманды каапырлыкка алмаштырышты».
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• مجادلة أهل الكتاب تكون بالتي هي أحسن.
Китеп ээлери менен талашып-тартышуу эң жакшы деңгээлде болууга тийиш.

• الإيمان بجميع الرسل والكتب دون تفريق شرط لصحة الإيمان.
Бардык пайгамбарларга жана китептерге аларды бөлбөстөн ыйман келтирүү – ыймандын тууралыгынын шарты.

• القرآن الكريم الآية الخالدة والحجة الدائمة على صدق النبي صلى الله عليه وسلم.
Ыйык Куран – пайгамбардын чынчылдыгын билдирген түбөлүк керемет жана туруктуу далил.

وَيَسۡتَعۡجِلُونَكَ بِٱلۡعَذَابِ وَلَوۡلَآ أَجَلٞ مُّسَمّٗى لَّجَآءَهُمُ ٱلۡعَذَابُۚ وَلَيَأۡتِيَنَّهُم بَغۡتَةٗ وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ
Оо, пайгамбар! Сен мушриктерге эскерткен азапты алар сенден шаштырып жатышат. Эгерде аларга кечикпеген, алдыга да жылбаган Аллах белгилеген убакыт болбогондо, анда алар талап кылган азап аларга келмек. Азап өз кезинде алар күтпөгөн абалда, капыстан келет.
تفسیرهای عربی:
يَسۡتَعۡجِلُونَكَ بِٱلۡعَذَابِ وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمُحِيطَةُۢ بِٱلۡكَٰفِرِينَ
Сен аларга убада кылган азапты сенден шаштырып жатышат. Чындыгында Аллах каапырларга убада кылган тозок аларды ороп-чулгап алат. Алар анын азабынан качып кете алышпайт.
تفسیرهای عربی:
يَوۡمَ يَغۡشَىٰهُمُ ٱلۡعَذَابُ مِن فَوۡقِهِمۡ وَمِن تَحۡتِ أَرۡجُلِهِمۡ وَيَقُولُ ذُوقُواْ مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Ал күнү азап аларды үстүлөрүнөн жана буттарынын астына төшөлүп ороп-чулгап алат. Аллах аларды айыптап: «Силер кылган ширк менен күнөөлөрдүн жазасын таткыла» – деп айтат.
تفسیرهای عربی:
يَٰعِبَادِيَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِنَّ أَرۡضِي وَٰسِعَةٞ فَإِيَّٰيَ فَٱعۡبُدُونِ
Оо, Мага ыйман келтирген пенделерим! Мага ибадат кылуу мүмкүн болбой калган жерден көчкүлө. Чындыгында Менин жерим кенен. Мага гана сыйынгыла жана Мага эч кимди шерик кылбагыла!
تفسیرهای عربی:
كُلُّ نَفۡسٖ ذَآئِقَةُ ٱلۡمَوۡتِۖ ثُمَّ إِلَيۡنَا تُرۡجَعُونَ
Силерди өлүмдөн болгон коркунуч көчүүдөн тосуп койбосун. Ар бир жан өлүм даамын татат. Кийин кыямат күнү сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн Бизге гана кайтасыңар.
تفسیرهای عربی:
وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَنُبَوِّئَنَّهُم مِّنَ ٱلۡجَنَّةِ غُرَفٗا تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَاۚ نِعۡمَ أَجۡرُ ٱلۡعَٰمِلِينَ
Аллахка ыйман келтирип жана Ага жакындаткан жакшылык иштерди кылгандарды Бейиштеги эң бийик орундарга жайгаштырабыз. Алардын астынан дарыялар агып турат. Алар ал жакта түбөлүк калышат жана эч качан жок болушпайт. Аллахка ибадат кылгандардын бул сыйлыгы кандай сонун сыйлык!
تفسیرهای عربی:
ٱلَّذِينَ صَبَرُواْ وَعَلَىٰ رَبِّهِمۡ يَتَوَكَّلُونَ
Аллахка ибадат кылгандардын сыйлыгы кандай жакшы! Алар Ага моюн сунууга жана Ага күнөө кылуудан тыйылууга сабыр кылышып, бардык иштеринде жалгыз Раббисине гана таянышат.
تفسیرهای عربی:
وَكَأَيِّن مِّن دَآبَّةٖ لَّا تَحۡمِلُ رِزۡقَهَا ٱللَّهُ يَرۡزُقُهَا وَإِيَّاكُمۡۚ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ
Бүткүл жан-жаныбарлар көптүгүнө карабастан өз азыктарын жыйнап, камдай алышпайт. Аллах аларга да, силерге да ырыскы берет. Андыктан ачкалыктан коркуп көчүүнү таштооңорго кечиримдүү себеп жок. Ал силердин сөздөрүңөрдү Угуучу, ниеттериңерди жана иш-аракеттериңерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында алар үчүн силерге сыйлыгын же жазасын берет.
تفسیرهای عربی:
وَلَئِن سَأَلۡتَهُم مَّنۡ خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَسَخَّرَ ٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَ لَيَقُولُنَّ ٱللَّهُۖ فَأَنَّىٰ يُؤۡفَكُونَ
Оо, пайгамбар! Эгерде сен ал мушриктерден: «Асмандарды ким жараткан? Жерди ким жараткан? Өз ара алмашып турган Күн менен Айды ким моюн сундурган?» – деп сурасаң, алар: «Аларды Аллах жараткан» – деп гана айтышат. Анда эмнеге Аллахка гана ыйман келтирүүдөн жүз буруп, аларга пайда да, зыян да келтире албаган Андан башка кудайларга сыйынып жатышат?
تفسیرهای عربی:
ٱللَّهُ يَبۡسُطُ ٱلرِّزۡقَ لِمَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦ وَيَقۡدِرُ لَهُۥٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٞ
Аллах пенделеринен Өзү каалаганына ырыскыны кенен кылат, Өзү каалаганына тар кылат. Бул нерселер Анын даанышмандыгы менен гана болот. Чындыгында Аллах бардык нерсени Билүүчү. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес. Пенделерин башкарууда аларга эмне пайдалуу экени Ага жашыруун эмес.
تفسیرهای عربی:
وَلَئِن سَأَلۡتَهُم مَّن نَّزَّلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَحۡيَا بِهِ ٱلۡأَرۡضَ مِنۢ بَعۡدِ مَوۡتِهَا لَيَقُولُنَّ ٱللَّهُۚ قُلِ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِۚ بَلۡ أَكۡثَرُهُمۡ لَا يَعۡقِلُونَ
Оо, пайгамбар! Эгерде сен мушриктерден: «Ким асмандан сууну түшүрүп, аны менен кургап калган жерди гүлдөтүп өстүрдү?» – деп сурасаң, алар: «Асмандан жамгырды түшүрүп, аны менен жерди гүлдөтүп өстүргөн Аллах» – деп гана айтышат. Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силерге далилди ачыктап көргөзгөн Аллахка мактоо болсун! Бирок акыр-аягы алардын көпчүлүгү акыл жүгүртүшкөн жок. Эгер алар акыл жүгүртүшкөндө, анда аларга пайда да, зыян да келтире албаган айкелдерди Аллахка шерик кылышмак эмес».
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• استعجال الكافر بالعذاب دليل على حمقه.
Каапырдын азапты шаштыруусу анын кем акылдыгына далил болот.

• باب الهجرة من أجل سلامة الدين مفتوح.
Динин сакташ үчүн Аллах жолунда көчүүнүн эшиги ачык.

• فضل الصبر والتوكل على الله.
Сабырдуулуктун жана Аллахка тобокел кылуунун артыкчылыгы.

• الإقرار بالربوبية دون الإقرار بالألوهية لا يحقق لصاحبه النجاة والإيمان.
Аллахка сыйынууну моюнга албастан, Анын жаратуучулугун гана моюнга алган адам азаптан кутулбайт жана туура ыйман келтирди деп эсептелбейт.

وَمَا هَٰذِهِ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَآ إِلَّا لَهۡوٞ وَلَعِبٞۚ وَإِنَّ ٱلدَّارَ ٱلۡأٓخِرَةَ لَهِيَ ٱلۡحَيَوَانُۚ لَوۡ كَانُواْ يَعۡلَمُونَ
Бул дүйнө жашоосу андагы кумарлар жана ырахат тартуулаган нерселер – ага байланган жүрөктөр үчүн көңүл ачуудан жана оюн-зооктон башка эч нерсе эмес. Ал тез эле өтүп кетет. Ал эми акырет жайы – ал түбөлүк калуучу чыныгы жашоо. Эгер алар билишкенде, анда убактылууну түбөлүктүүдөн артык көрүшмөк эмес.
تفسیرهای عربی:
فَإِذَا رَكِبُواْ فِي ٱلۡفُلۡكِ دَعَوُاْ ٱللَّهَ مُخۡلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ فَلَمَّا نَجَّىٰهُمۡ إِلَى ٱلۡبَرِّ إِذَا هُمۡ يُشۡرِكُونَ
Эгерде мушриктер деңизде кемелерге отурушса, бизди чөгүп кетүүдөн сакта деп чын ыкластан Аллахка гана жалбарып сыйынышат. Ал эми Аллах аларды чөктүрбөй куткарса, кайрадан кудайларына сыйынып ширк кыла башташат.
تفسیرهای عربی:
لِيَكۡفُرُواْ بِمَآ ءَاتَيۡنَٰهُمۡ وَلِيَتَمَتَّعُواْۚ فَسَوۡفَ يَعۡلَمُونَ
Биз аларга берген жакшылыктарды танып, аларга берилген дүйнө жашоосунун кооздуктары менен жыргалга батуулары үчүн алар мушрик болуп кетишти. Жакында алар өлгөндө алардын акыбети жаман экенин билишет.
تفسیرهای عربی:
أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّا جَعَلۡنَا حَرَمًا ءَامِنٗا وَيُتَخَطَّفُ ٱلنَّاسُ مِنۡ حَوۡلِهِمۡۚ أَفَبِٱلۡبَٰطِلِ يُؤۡمِنُونَ وَبِنِعۡمَةِ ٱللَّهِ يَكۡفُرُونَ
Аллахтын жакшылыктарын жокко чыгаргандар (Аллах аларды сууга чөгүүдөн куткарганын) көрүшпөйбү? Дагы башка бир жакшылык, Биз алар үчүн Меккени ыйык кылдык, алар ал жерде каны төгүлүүдөн жана мал-мүлктөрү талап-тонолуудан коопсуз, ошол эле учурда алардан башкаларга туш тараптан кол салынып өлтүрүлүүдө, өздөрү, аялдары, бала-чакалары туткундалууда жана мал-мүлктөрү тонолууда. Ушунун баарын көрүп туруп алар ойлошкон жалган кудайларына ыйман келтиришеби жана Аллахтын аларга берген жакшылыктарына шүгүр кылышпай танып кетишеби?!
تفسیرهای عربی:
وَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّنِ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا أَوۡ كَذَّبَ بِٱلۡحَقِّ لَمَّا جَآءَهُۥٓۚ أَلَيۡسَ فِي جَهَنَّمَ مَثۡوٗى لِّلۡكَٰفِرِينَ
Аллахка шерик кошуп же Анын элчиси алып келген акыйкатты жалганга чыгарып Ага карата жалганды ойлоп тапкан адамдан да өткөн заалым адам жок. Тозок каапырлар жана аларга окшогон адамдар үчүн турак-жай экендигинде шек жок.
تفسیرهای عربی:
وَٱلَّذِينَ جَٰهَدُواْ فِينَا لَنَهۡدِيَنَّهُمۡ سُبُلَنَاۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَمَعَ ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Биздин ыраазылыктарды каалап, жаман напсилери, шайтан, Аллахтын душмандары менен күрөшүп, Биздин жолго аракеттенип, умтулган адамдарды туура жолго түшүүгө ийгилик беребиз. Чындыгында Аллах Өз жардамы, колдоосу жана туура жолго салуусу менен жакшылык кылуучулар менен бирге.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• لجوء المشركين إلى الله في الشدة ونسيانهم لأصنامهم، وإشراكهم به في الرخاء؛ دليل على تخبطهم.
Мушриктердин кыйынчылыкта Аллахка кайрылып жалбаруусу жана бакубатчылыкта Аны унутуп кудайларына кайтуусу, аларды Аллахка шерик кылуусу – алардын адашууларына далил.

• الجهاد في سبيل الله سبب للتوفيق إلى الحق.
Аллах жолунда согушуу акыйкатка карай ийгиликтин себеби.

• إخبار القرآن بالغيبيات دليل على أنه من عند الله.
Курандын кайып нерселер тууралуу кабар берүүсү Аллах тараптан экендигине далил болот.

 
ترجمهٔ معانی سوره: سوره عنكبوت
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن