ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی سوره: سوره حشر   آیه:

Хашр

از اهداف این سوره:
إظهار قوة الله وعزته في توهين اليهود والمنافقين، وإظهار تفرقهم، في مقابل إظهار تآلف المؤمنين.
Жөөттөрдү жана эки жүздүүлөрдү алсыратууда Аллахтын күч-кубатын жана кудуретин көрсөтүү жана мусулмандардын биримдигинин жанында алардын бөлүнүп-жарылуусун көрсөтүү.

سَبَّحَ لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۖ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Асмандагы жана жердеги бүткүл макулуктар Аллахты улукташты жана Ага ылайык келбеген нерселерден аруулашты. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, шариятында жана кудуреттүүлүгүндө Даанышман.
تفسیرهای عربی:
هُوَ ٱلَّذِيٓ أَخۡرَجَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ مِن دِيَٰرِهِمۡ لِأَوَّلِ ٱلۡحَشۡرِۚ مَا ظَنَنتُمۡ أَن يَخۡرُجُواْۖ وَظَنُّوٓاْ أَنَّهُم مَّانِعَتُهُمۡ حُصُونُهُم مِّنَ ٱللَّهِ فَأَتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِنۡ حَيۡثُ لَمۡ يَحۡتَسِبُواْۖ وَقَذَفَ فِي قُلُوبِهِمُ ٱلرُّعۡبَۚ يُخۡرِبُونَ بُيُوتَهُم بِأَيۡدِيهِمۡ وَأَيۡدِي ٱلۡمُؤۡمِنِينَ فَٱعۡتَبِرُواْ يَٰٓأُوْلِي ٱلۡأَبۡصَٰرِ
Ал Аллахка каапырлык кылган жана Анын элчисин жалганга чыгарган Бану Надир уруусун Мединадагы өз турак-жайларынан Мединадан Шамга карай биринчи сүргүн катары чыгарды. Алар Тоорат ээлери болгон жөөттөр. Алар келишимди бузуп, мушриктер менен бирге ага каршы болгондон кийин Шам жергесине куугунтукталды. Оо, ыймандуулар! Силер алардын күч-кубаттуулугу жана коргонуусу себептүү аларды өз турак-жайларынан чыгып кетет деп ойлогон эмессиңер. Жана алар дагы курган чептери аларды Аллахтын кудурети менен жазасынан коргойт деп ойлошкон. Аллах Өз элчисине алар менен согушууну жана турак-жайларынан кууп чыгууну буйруган кезде Аллахтын күч-кубаты алар ойлобогон тараптан келди. Аллах алардын жүрөктөрүнө катуу коркунуч салды. Алар мусулмандар пайдаланбасын деп турак-жайларынын ичин өз колу менен бузуп талкалашты. Ал эми мусулмандар болсо аны сыртынан талкалашты. Эй, көзү бар адамдар! Аларга каапырлыктары себептүү башына түшкөн нерседен сабак алгыла жана алардай болбогула! Болбосо, силер да алар жазалангандай жаза аласыңар.
تفسیرهای عربی:
وَلَوۡلَآ أَن كَتَبَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِمُ ٱلۡجَلَآءَ لَعَذَّبَهُمۡ فِي ٱلدُّنۡيَاۖ وَلَهُمۡ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ عَذَابُ ٱلنَّارِ
Эгер Аллах аларга турак-жайларын таштап чыгып кетүүнү буйрубаганда, (анда Бану Курайза уруусу сыяктуу) аларды блу дүйнөдө өлтүрүү жана туткунга түшүрүү менен азаптамак. А акыретте болсо, аларды азап күтүп турат, алар анда түбөлүк калышат.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• المحبة التي لا تجعل المسلم يتبرأ من دين الكافر ويكرهه، فإنها محرمة، أما المحبة الفطرية؛ كمحبة المسلم لقريبه الكافر، فإنها جائزة.
Мусулманды каапырдын дининен баш тартууга жана аны жек көрүүгө түрткү бербеген сүйүү арам болуп эсептелет. Ал эми мусулмандын каапыр тууганына болгон табиятындагы сүйүүгө уруксат.

• رابطة الإيمان أوثق الروابط بين أهل الإيمان.
Ыйман байланышы – ыймандуулардын ортосундагы эң күчтүү байланыш.

• قد يعلو أهل الباطل حتى يُظن أنهم لن ينهزموا، فتأتي هزيمتهم من حيث لا يتوقعون.
Кээде жалганчылар үстөмдүк кылып, биз эми эч качан жеңилбейбиз деп ойлоп башташы мүмкүн. Ошондо алардын жеңилүүсү алар күтпөгөн тараптан келет.

• من قدر الله في الناس دفع المصائب بوقوع ما دونها من المصائب.
Кичине кыйынчылыктарды кылуу менен чоң кыйынчылыктардан куткаруу – Аллахтын адамдарга кылган тагдырынан.

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ شَآقُّواْ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥۖ وَمَن يُشَآقِّ ٱللَّهَ فَإِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ
Алардын башына түшкөн бул нерсенин себеби, алар каапырлыктары жана келишимди бузуулары менен Аллахка жана Анын элчисине душмандык кылышты.
تفسیرهای عربی:
مَا قَطَعۡتُم مِّن لِّينَةٍ أَوۡ تَرَكۡتُمُوهَا قَآئِمَةً عَلَىٰٓ أُصُولِهَا فَبِإِذۡنِ ٱللَّهِ وَلِيُخۡزِيَ ٱلۡفَٰسِقِينَ
Оо, ыймандуулар жамааты! Эгерде силер Бану Надир согушунда Аллахтын душмандарынын кыжырын келтириш үчүн курмаларды кыйсаңар же өзүңөр пайдалануу үчүн аны тамырында турган бойдон калтырсаңар, демек, Аллахтын буйругу менен болду. Бул алар ойлошкондой жер бетинде бузукулукту жаюуга жатпайт. Ошондой эле Аллах муну менен Ага баш ийбестик кылып келишимди бузган жана ишеним жолун таштап, кыянат жолун тандаган жөөттөрдү кордойт.
تفسیرهای عربی:
وَمَآ أَفَآءَ ٱللَّهُ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ مِنۡهُمۡ فَمَآ أَوۡجَفۡتُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ خَيۡلٖ وَلَا رِكَابٖ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ يُسَلِّطُ رُسُلَهُۥ عَلَىٰ مَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
Аллах Өз элчисине кайтарып берген Бану Надирдин мал-мүлктөрүнө жетиш үчүн силер ат чаап же төө жортуп шашылып барбадыңар жана силер кыйынчылык да тарткан жоксуңар. Бирок Аллах Өзү каалаганын элчилерине баш ийдирет. Бану Надирди да Өз элчисине баш ийдирип, алардын мекенин согушсуз багынтып берди. Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, Аны эч бир нерсе алсыратпайт.
تفسیرهای عربی:
مَّآ أَفَآءَ ٱللَّهُ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ مِنۡ أَهۡلِ ٱلۡقُرَىٰ فَلِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ وَلِذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡيَتَٰمَىٰ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِ كَيۡ لَا يَكُونَ دُولَةَۢ بَيۡنَ ٱلۡأَغۡنِيَآءِ مِنكُمۡۚ وَمَآ ءَاتَىٰكُمُ ٱلرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَىٰكُمۡ عَنۡهُ فَٱنتَهُواْۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۖ إِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ
Аллах Өз элчисине согушсуз тартуу кылган айыл элинин мал-мүлкү Аллахка таандык, Ал аны Өзү каалагандарга жана пайгамбарга мүлк кылды, ошондой эле анын жакын туугандары болгон Хашим менен Абдулмутталибдин урпактарына, алар садака албагандыгынын ордуна кылды, ошондой эле жетимдерге, кедей-кембагалдарга, каражаты түгөнгөн бөтөн жердиктерге кылды. Ал муну мал-мүлк кедейлерге тийбей, байлардын гана ортосунда айланып калбашы үчүн кылды. Оо, ыймандуулар! Пайгамбар силерге олжодон кандай мал-мүлк берсе, ошону алгыла, кайсыдан тыйса, аны таштагыла! Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула! Чындыгында Аллахтын жазасы катаал. Анын жазасынан сак болгула.
تفسیرهای عربی:
لِلۡفُقَرَآءِ ٱلۡمُهَٰجِرِينَ ٱلَّذِينَ أُخۡرِجُواْ مِن دِيَٰرِهِمۡ وَأَمۡوَٰلِهِمۡ يَبۡتَغُونَ فَضۡلٗا مِّنَ ٱللَّهِ وَرِضۡوَٰنٗا وَيَنصُرُونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓۚ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلصَّٰدِقُونَ
Бул мал-мүлктүн бир бөлүгү Аллах жолунда көчкөн кедей мухажирлерге сарпталат. Алар мал-мүлкүн жана бала-чакасын таштоого аргасыз болушкан. Алар Аллахтан дүйнөдө мол ырыскыны жана акыретте ыраазылыкты тартуу кылат деп үмүттөнүшөт жана алар Аллах жолунда согушуу менен Ага жана Анын элчисине жардам беришет. Бул сыпаттарга ээ болгондор, чыныгы ыйманга бекем адамдар.
تفسیرهای عربی:
وَٱلَّذِينَ تَبَوَّءُو ٱلدَّارَ وَٱلۡإِيمَٰنَ مِن قَبۡلِهِمۡ يُحِبُّونَ مَنۡ هَاجَرَ إِلَيۡهِمۡ وَلَا يَجِدُونَ فِي صُدُورِهِمۡ حَاجَةٗ مِّمَّآ أُوتُواْ وَيُؤۡثِرُونَ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمۡ وَلَوۡ كَانَ بِهِمۡ خَصَاصَةٞۚ وَمَن يُوقَ شُحَّ نَفۡسِهِۦ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ
Мухажирлерден мурун Мединада турукташкан ансарлар Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиришти. Алар Меккеден көчүп келгендерди жакшы көрүшөт жана аларга берилбей, Аллах жолундагы мухажирлерге берилген олжо себептүү көкүрөктөрүндө аларга карата кыжырланууну жана көрө албастыкты сезбейт. Өздөрү кедей жана муктаж болуп турса да, дүйнө жакшылыктарын өздөрүнөн мурун мухажирлерге ыраа көрүшөт. Аллах кимди байлыкка болгон напси сугалактыгынан сактап, ал аны Аллах жолуна сарптаса, мына ошолор өздөрү каалаганына жетип жана корккон нерселеринен аман калуу менен жеңишке жетишет.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• فعل ما يُظنُّ أنه مفسدة لتحقيق مصلحة عظمى لا يدخل في باب الفساد في الأرض.
Чоң пайданы ишке ашыруу үчүн зыяндуу деп ойлогон нерсени кылуу – жер бетинде бузукулук кылууга кирбейт.

• من محاسن الإسلام مراعاة ذي الحاجة للمال، فَصَرَفَ الفيء لهم دون الأغنياء المكتفين بما عندهم.
Исламдын жакшылыктарынын бири акчага муктаж болгондорду эсепке алуу. Ошондуктан олжо колунда бар байларга эмес, ошолорго сарпталды.

• الإيثار منقبة عظيمة من مناقب الإسلام ظهرت في الأنصار أحسن ظهور.
Башкага ыраа көрүү – Исламдагы улуу артыкчылыкка ээ болгон сыпаттардан. Ал ансарларда эң жакшы көрүнүштө байкалган.

وَٱلَّذِينَ جَآءُو مِنۢ بَعۡدِهِمۡ يَقُولُونَ رَبَّنَا ٱغۡفِرۡ لَنَا وَلِإِخۡوَٰنِنَا ٱلَّذِينَ سَبَقُونَا بِٱلۡإِيمَٰنِ وَلَا تَجۡعَلۡ فِي قُلُوبِنَا غِلّٗا لِّلَّذِينَ ءَامَنُواْ رَبَّنَآ إِنَّكَ رَءُوفٞ رَّحِيمٌ
Алардан кийин келип жана аларды кыяматка чейин жакшылыкта ээрчигендер айтышат: «Раббибиз! Бизди кечир жана Аллахка жана Анын элчисине бизден мурун ыйман келтирген диндеш бир туугандарыбызды кечир. Биздин жүрөгүбүзгө ыймандуулардын эч бирине карата көрө албастыкты жана жек көрүүнү салба. Раббибиз! Чындыгында Сен пенделериңе Боорукерсиң, аларга Ырайымдуусуң».
تفسیرهای عربی:
۞ أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ نَافَقُواْ يَقُولُونَ لِإِخۡوَٰنِهِمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ لَئِنۡ أُخۡرِجۡتُمۡ لَنَخۡرُجَنَّ مَعَكُمۡ وَلَا نُطِيعُ فِيكُمۡ أَحَدًا أَبَدٗا وَإِن قُوتِلۡتُمۡ لَنَنصُرَنَّكُمۡ وَٱللَّهُ يَشۡهَدُ إِنَّهُمۡ لَكَٰذِبُونَ
Оо, пайгамбар! Ичине каапырлыкты жашырып, сыртынан ыйманды көргөзгөндөрдү карабайсыңбы, алар бурмаланган Тооратты ээрчиген каапыр жолдогу бир туугандары жөөттөргө: «Үйүңөрдө калгыла, биз силерди жардамсыз таштабайбыз, силерди сатып кетпейбиз. Эгерде силерди ал жактан кууп чыкса, биз дагы силер менен бирге чыгабыз. Бизди силер менен чыгып кетүүдөн тыюуну каалагандарга баш ийбейбиз. Эгерде силер менен согушса, анда биз дагы аларга каршы силерге жардам беребиз» – деп айтышат. Аллах эки жүздүүлөрдүн «жөөттөр кууп чыгарылса, биз дагы кошо чыгабыз, аларга согуш ачылса, алар менен бирге согушабыз» деген сөздөрүндө анык жалганчылар экенине күбөлүк берет.
تفسیرهای عربی:
لَئِنۡ أُخۡرِجُواْ لَا يَخۡرُجُونَ مَعَهُمۡ وَلَئِن قُوتِلُواْ لَا يَنصُرُونَهُمۡ وَلَئِن نَّصَرُوهُمۡ لَيُوَلُّنَّ ٱلۡأَدۡبَٰرَ ثُمَّ لَا يُنصَرُونَ
Эгерде мусулмандар жөөттөрдү кууп чыгышса, алар менен бирге чыгышпайт. Эгерде алар менен согушса, аларды колдоп жардам беришпейт. Эгерде мусулмандарга каршы аларды колдоп жардам беришсе, алардан качып жөнөшмөк. Ошондон кийин эки жүздүүлөргө колдоо болмок эмес. Тескересинче, Аллах аларды кордукка салмак.
تفسیرهای عربی:
لَأَنتُمۡ أَشَدُّ رَهۡبَةٗ فِي صُدُورِهِم مِّنَ ٱللَّهِۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ قَوۡمٞ لَّا يَفۡقَهُونَ
Оо, ыймандуулар! Силер эки жүздүүлөрдүн жана жөөттөрдүн жүрөктөрүнө Аллахтан да катуураак коркунуч салдыңар. Алардын силерден катуу корккондугу жана Аллахтан болгон коркунучтарынын аздыгы тууралуу бул айтылгандардын себеби, алар түшүнбөгөн жана аңдабаган коом. Эгерде алар түшүнгөндө, анда коркууга жана сестенүүгө Аллах гана татыктуу экенин билишмек. Ошондуктан Ал силерге алардын үстүнөн бийлик берди.
تفسیرهای عربی:
لَا يُقَٰتِلُونَكُمۡ جَمِيعًا إِلَّا فِي قُرٗى مُّحَصَّنَةٍ أَوۡ مِن وَرَآءِ جُدُرِۭۚ بَأۡسُهُم بَيۡنَهُمۡ شَدِيدٞۚ تَحۡسَبُهُمۡ جَمِيعٗا وَقُلُوبُهُمۡ شَتَّىٰۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ قَوۡمٞ لَّا يَعۡقِلُونَ
Оо, ыймандуулар! Жөөттөр силер менен бирге чептер менен корголгон шаарлардын ичинде же дубалдардын арт жагында гана согушушат. Алар коркоктугу үчүн силер менен бетме-бет чыга алышпайт. Алардын ич ара душмандыктары себептүү күч-кубаттуулугу өздөрүнүн ортосунда гана күчтүү. Сен алардын сөзү жана катары бир деп ойлойсуң, бирок акыйкатта алардын жүрөктөрү бытыранды жана ар башка. Бул пикир келишпестик жана душмандык алардын акыл жүгүртпөгөнү себептүү. Эгерде алар акыл жүгүртүшкөндө, анда акыйкатты билишмек жана аны ээрчишмек, ал тууралуу талашып-тартышмак эмес.
تفسیرهای عربی:
كَمَثَلِ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ قَرِيبٗاۖ ذَاقُواْ وَبَالَ أَمۡرِهِمۡ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ
Бул жөөттөрдүн каапырлыктагы жана башына түшкөн азаптагы мисалы, жакындагы эле алардан мурунку Мекке мушриктеринин мисалына окшойт. Алар каапырлыктын эң жаман акыбетин татып, Бадр күнү өлтүрүлгөнү өлтүрүлдү, туткундалганы туткундалды. Алар үчүн акыретте кыйноочу азап бар.
تفسیرهای عربی:
كَمَثَلِ ٱلشَّيۡطَٰنِ إِذۡ قَالَ لِلۡإِنسَٰنِ ٱكۡفُرۡ فَلَمَّا كَفَرَ قَالَ إِنِّي بَرِيٓءٞ مِّنكَ إِنِّيٓ أَخَافُ ٱللَّهَ رَبَّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Алардын эки жүздүүлөргө кулак салганы шайтанга окшош. Ал инсанга каапырлыкты кооз кылып көргөздү. Качан ал анын кооз көргөзгөнү себептүү каапыр болгондо: «Мен сенин каапыр болгонуңа катышым жок. Мен макулуктардын Раббисинен коркомун» – деп айтты.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• رابطة الإيمان لا تتأثر بتطاول الزمان وتغير المكان.
Ыйман байланышына убакыттын узактыгы жана жердин өзгөрүшү таасир этпейт.

• صداقة المنافقين لليهود وغيرهم صداقة وهمية تتلاشى عند الشدائد.
Эки жүздүүлөрдүн жөөттөр жана башкалар менен достугу элес сымал. Ал кыйынчылык жаралганда жок болуп кетет.

• اليهود جبناء لا يواجهون في القتال، ولو قاتلوا فإنهم يتحصنون بِقُرَاهم وأسلحتهم.
Жөөттөр коркок келишет, согушта бетме-бет чыгышпайт. Эгерде согушса, анда алар шаарларында жана курал-жарактары менен коргонушат.

فَكَانَ عَٰقِبَتَهُمَآ أَنَّهُمَا فِي ٱلنَّارِ خَٰلِدَيۡنِ فِيهَاۚ وَذَٰلِكَ جَزَٰٓؤُاْ ٱلظَّٰلِمِينَ
Шайтандын жана ага баш ийген адамдын ишинин акыры кыямат күнү түбөлүк тозок болот. Ал экөөсүн күтүп турган мындай жаза – Аллахтын чектеринен чыгып өздөрүнө зулумдук кылгандардын жазасы.
تفسیرهای عربی:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَلۡتَنظُرۡ نَفۡسٞ مَّا قَدَّمَتۡ لِغَدٖۖ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ خَبِيرُۢ بِمَا تَعۡمَلُونَ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахтын буйруктарын аткарып жана тыйгандарын таштап Андан корккула! Ар бир жан кыямат күнүнө кандай жакшылык иш даярдаганын карасын. Аллахтан корккула! Чындыгында Аллах силердин кылган ишиңерден Кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында силерге алардын жазасын же сыйлыгын берет.
تفسیرهای عربی:
وَلَا تَكُونُواْ كَٱلَّذِينَ نَسُواْ ٱللَّهَ فَأَنسَىٰهُمۡ أَنفُسَهُمۡۚ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡفَٰسِقُونَ
Анын буйруктарына баш ийбей, тыйгандарын таштабай Аллахты унуткан жана Аллах да аларга өздөрүн унуттурган адамдардай болбогула. Алар Аллахтын каарынан жана жазасынан куткара турган иштерди кылышпады. Аллахтын буйругун аткарбай, тыйгандарын таштабай Аллахты унуткан мына ошол адамдар – Аллахка баш ийбестик кылгандар.
تفسیرهای عربی:
لَا يَسۡتَوِيٓ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِ وَأَصۡحَٰبُ ٱلۡجَنَّةِۚ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَنَّةِ هُمُ ٱلۡفَآئِزُونَ
Тозок ээлери менен бейиш ээлери бирдей эмес. Тескерисинче, алар дүйнөдө кылган иш-аракеттериндеги айырмачылыктар сыяктуу жаза-сыйлыктары да айырмаланат. Бейиш ээлери – алар көздөгөнүнө жетип, коркконунан кутулуу менен жеңишке жеткендер.
تفسیرهای عربی:
لَوۡ أَنزَلۡنَا هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانَ عَلَىٰ جَبَلٖ لَّرَأَيۡتَهُۥ خَٰشِعٗا مُّتَصَدِّعٗا مِّنۡ خَشۡيَةِ ٱللَّهِۚ وَتِلۡكَ ٱلۡأَمۡثَٰلُ نَضۡرِبُهَا لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمۡ يَتَفَكَّرُونَ
Оо, пайгамбар! Эгер Биз бул Куранды тоого түшүргөн болсок, анда сен ал тоонун бекемдигине карабастан, Аллахтан болгон катуу коркунучтан улам бой сунуп, бөлүнүп-жарылганын көрмөксүң. Анткени Куранда эскертүүчү насааттар жана катаал азаптар тууралуу убадалар бар. Биз бул мисалдарды адамдар акыл жүгүртүп, андагы аяттарда камтылган осуяттардан жана насааттардан сабак алсын үчүн келтиребиз.
تفسیرهای عربی:
هُوَ ٱللَّهُ ٱلَّذِي لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ عَٰلِمُ ٱلۡغَيۡبِ وَٱلشَّهَٰدَةِۖ هُوَ ٱلرَّحۡمَٰنُ ٱلرَّحِيمُ
Ал – Аллах. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал жашыруунду да, ачыкты да Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Дүйнө менен акыреттин Ырайымдуусу жана алардын Мээримдүүсү. Анын ырайымы бүткүл ааламды өзүнө камтыйт. Ал – Падыша, бүткүл кемчиликтерден Аруу жана Ыйык, бардык айыптардан Таза, Өзүнүн элчилерин кереметтүү аяттар менен Тастыктоочу, пенделеринин иш-аракеттерин Көзөмөлдөөчү, эч кимге жеңилбес Кудуреттүү, Өзүнүн күч-кудурети менен бардык нерсени багыткан Күчтүү, Текебер. Ал мушриктердин шерик кылган кудайларынан жана башка нерселеринен Аруу жана Ыйык.
تفسیرهای عربی:
هُوَ ٱللَّهُ ٱلَّذِي لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلۡمَلِكُ ٱلۡقُدُّوسُ ٱلسَّلَٰمُ ٱلۡمُؤۡمِنُ ٱلۡمُهَيۡمِنُ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡجَبَّارُ ٱلۡمُتَكَبِّرُۚ سُبۡحَٰنَ ٱللَّهِ عَمَّا يُشۡرِكُونَ
Ал – Аллах. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал жашыруунду да, ачыкты да Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Дүйнө менен акыреттин Ырайымдуусу жана алардын Мээримдүүсү. Анын ырайымы бүткүл ааламды өзүнө камтыйт. Ал – Падыша, бүткүл кемчиликтерден Аруу жана Ыйык, бардык айыптардан Таза, Өзүнүн элчилерин кереметтүү аяттар менен Тастыктоочу, пенделеринин иш-аракеттерин Көзөмөлдөөчү, эч кимге жеңилбес Кудуреттүү, Өзүнүн күч-кудурети менен бардык нерсени багыткан Күчтүү, Текебер. Ал мушриктердин шерик кылган кудайларынан жана башка нерселеринен Аруу жана Ыйык.
تفسیرهای عربی:
هُوَ ٱللَّهُ ٱلۡخَٰلِقُ ٱلۡبَارِئُ ٱلۡمُصَوِّرُۖ لَهُ ٱلۡأَسۡمَآءُ ٱلۡحُسۡنَىٰۚ يُسَبِّحُ لَهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Ал – Аллах, бүткүл нерселерди жараткан Жаратуучу, заттарды бар Кылуучу, макулуктарга Өзү каалагандай келбет Берүүчү. Ал улуу сыпаттарды камтыган эң көркөм ысымдарга ээ. Аны асмандар менен жердеги нерселер бүткүл айып-кемчиликтерден аруулашат. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, шариятында жана тагдырында Даанышман.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• من علامات توفيق الله للمؤمن أنه يحاسب نفسه في الدنيا قبل حسابها يوم القيامة.
Аллахтын ыймандууга берген ийгилик белгилеринин бири – ал кыяматтагы суракка чейин бул дүйнөдө өзүн-өзү суракка алуусу.

• في تذكير العباد بشدة أثر القرآن على الجبل العظيم؛ تنبيه على أنهم أحق بهذا التأثر لما فيهم من الضعف.
Курандын улуу тоого болгон күчтүү таасирин пенделерге эскертүүдө, алар өздөрүндөгү болгон алсыздык себептүү андан да катуу таасир алууга татыктуу экенин эстерине салуу камтылган.

• أشارت الأسماء (الخالق، البارئ، المصور) إلى مراحل تكوين المخلوق من التقدير له، ثم إيجاده، ثم جعل له صورة خاصة به، وبذكر أحدها مفردًا فإنه يدل على البقية.
Аллахтын Жаратуучу, бар Кылуучу, келбет Берүүчү деген ысымдары макулуктун жаралуу этаптарына ишарат берет. Мисалы, анын тагдырын белгилөө, кийин аны бар кылуу, кийин ага өзүнө жараша келбет берүү. Бул ысымдар жекече айтылганда башкаларынын да маанилерин өзүнө камтыйт.

 
ترجمهٔ معانی سوره: سوره حشر
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن