ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی آیه: (2) سوره: سوره حشر
هُوَ ٱلَّذِيٓ أَخۡرَجَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ مِن دِيَٰرِهِمۡ لِأَوَّلِ ٱلۡحَشۡرِۚ مَا ظَنَنتُمۡ أَن يَخۡرُجُواْۖ وَظَنُّوٓاْ أَنَّهُم مَّانِعَتُهُمۡ حُصُونُهُم مِّنَ ٱللَّهِ فَأَتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِنۡ حَيۡثُ لَمۡ يَحۡتَسِبُواْۖ وَقَذَفَ فِي قُلُوبِهِمُ ٱلرُّعۡبَۚ يُخۡرِبُونَ بُيُوتَهُم بِأَيۡدِيهِمۡ وَأَيۡدِي ٱلۡمُؤۡمِنِينَ فَٱعۡتَبِرُواْ يَٰٓأُوْلِي ٱلۡأَبۡصَٰرِ
Ал Аллахка каапырлык кылган жана Анын элчисин жалганга чыгарган Бану Надир уруусун Мединадагы өз турак-жайларынан Мединадан Шамга карай биринчи сүргүн катары чыгарды. Алар Тоорат ээлери болгон жөөттөр. Алар келишимди бузуп, мушриктер менен бирге ага каршы болгондон кийин Шам жергесине куугунтукталды. Оо, ыймандуулар! Силер алардын күч-кубаттуулугу жана коргонуусу себептүү аларды өз турак-жайларынан чыгып кетет деп ойлогон эмессиңер. Жана алар дагы курган чептери аларды Аллахтын кудурети менен жазасынан коргойт деп ойлошкон. Аллах Өз элчисине алар менен согушууну жана турак-жайларынан кууп чыгууну буйруган кезде Аллахтын күч-кубаты алар ойлобогон тараптан келди. Аллах алардын жүрөктөрүнө катуу коркунуч салды. Алар мусулмандар пайдаланбасын деп турак-жайларынын ичин өз колу менен бузуп талкалашты. Ал эми мусулмандар болсо аны сыртынан талкалашты. Эй, көзү бар адамдар! Аларга каапырлыктары себептүү башына түшкөн нерседен сабак алгыла жана алардай болбогула! Болбосо, силер да алар жазалангандай жаза аласыңар.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• المحبة التي لا تجعل المسلم يتبرأ من دين الكافر ويكرهه، فإنها محرمة، أما المحبة الفطرية؛ كمحبة المسلم لقريبه الكافر، فإنها جائزة.
Мусулманды каапырдын дининен баш тартууга жана аны жек көрүүгө түрткү бербеген сүйүү арам болуп эсептелет. Ал эми мусулмандын каапыр тууганына болгон табиятындагы сүйүүгө уруксат.

• رابطة الإيمان أوثق الروابط بين أهل الإيمان.
Ыйман байланышы – ыймандуулардын ортосундагы эң күчтүү байланыш.

• قد يعلو أهل الباطل حتى يُظن أنهم لن ينهزموا، فتأتي هزيمتهم من حيث لا يتوقعون.
Кээде жалганчылар үстөмдүк кылып, биз эми эч качан жеңилбейбиз деп ойлоп башташы мүмкүн. Ошондо алардын жеңилүүсү алар күтпөгөн тараптан келет.

• من قدر الله في الناس دفع المصائب بوقوع ما دونها من المصائب.
Кичине кыйынчылыктарды кылуу менен чоң кыйынчылыктардан куткаруу – Аллахтын адамдарга кылган тагдырынан.

 
ترجمهٔ معانی آیه: (2) سوره: سوره حشر
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن