Firo maanaaji al-quraan tedduɗo oo - الترجمة القيرغيزية * - Tippudi firooji ɗii

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Firo maanaaji Aaya: (16) Simoore: Simoore yuunus
قُل لَّوۡ شَآءَ ٱللَّهُ مَا تَلَوۡتُهُۥ عَلَيۡكُمۡ وَلَآ أَدۡرَىٰكُم بِهِۦۖ فَقَدۡ لَبِثۡتُ فِيكُمۡ عُمُرٗا مِّن قَبۡلِهِۦٓۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ
Айткын: “Эгер Аллах каалаганда мен силерге муну окуп бербейт элем жана Ал (Аллах) да аны силерге үйрөтпөйт эле. Мен өмүр бою өзүңөрдүн араңарда (жашап) келем го! Акылыңарды иштетпейсиңерби?».[1]
[1] Эгер Аллах каалаганда Кураанды тап-такыр түшүрбөй койсо да Өз эрки. Бирок, элдер туура жол таап жүрсүн деп түшүрдү эле, мушриктер: “Эй, Мухаммад, муну өзүң жазгансың, бизге аны өзгөртүп бер” деп жатышат. Аллах болсо, Өз пайгамбарын мушриктерге мындай жооп берүүгө буюрду: “Эй, силер! Акылыңарды иштетип, ойлонуп сүйлөбөйсүңөрбү? Мен, акыры өмүр бою араңарда жашадым го? Менин сабатсыз экенимди билесиңер го? Кырк жашыма чейин, кат жазмак тургай, окууну да билбей туруп, кантип эле, Курандай нерсени жазып жибермек элем. Ага окшогонду мен эмес, ак таңдай акындарыңардын баары биригип деле жаза албай жатат го! Акылыңарды иштеткиле! Бул менин сөзүм эмес, Аллахтын Сөзү. Эсиңердин барында Ага ыйман келтирип, өкүмдөрүнө моюн сунгула. Антпесеңер, накта жалганчы болосуңар!”
Faccirooji aarabeeji:
 
Firo maanaaji Aaya: (16) Simoore: Simoore yuunus
Tippudi cimooje Tonngoode hello ngoo
 
Firo maanaaji al-quraan tedduɗo oo - الترجمة القيرغيزية - Tippudi firooji ɗii

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

Uddude