Firo maanaaji al-quraan tedduɗo oo - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Tippudi firooji ɗii


Firo maanaaji Aaya: (4) Simoore: Simoore njamndi
هُوَ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰ عَلَى ٱلۡعَرۡشِۖ يَعۡلَمُ مَا يَلِجُ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا يَخۡرُجُ مِنۡهَا وَمَا يَنزِلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ وَمَا يَعۡرُجُ فِيهَاۖ وَهُوَ مَعَكُمۡ أَيۡنَ مَا كُنتُمۡۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٞ
Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратты. Жекшемби күнү баштап, жума күнү бүттү. Ал аны көз ирмемден аз убакытта жаратууга кудуреттүү. Андан соң Аллах Өзүнө ылайык абалда Аршка көтөрүлдү жана бийиктеди. Ал жерге кирген жамгырды, дандарды ж.б. билет жана андан чыкканда өсүмдүктөрдү, кендерди ж.б. билет. Ошондой эле асмандан түшкөн жамгырды, вахийди ж.б. билет жана ага көтөрүлгөн периштелерди, пенделердин иш-аракеттерин жана жандарын билет. Оо, адамдар! Силер кайда болсоңор да, Ал силер менен Өз илими менен бирге. Силердин эч бир нерсеңер Ага жашыруун эмес. Аллах силердин кылган нерсеңерди Көрүүчү. Ага силердин иш-аракеттериңердин эч бири жашыруун эмес. Жакында Ал силерге сыйлыгын же жазасын берет.
Faccirooji aarabeeji:
Ina jeyaa e nafoore aayeeje ɗee e ngol hello:
• المال مال الله، والإنسان مُسْتَخْلَف فيه.
Мал-мүлктөр – Аллахтын мүлкү жана ал инсандын убактылуу карамагында болот.

• تفاوت درجات المؤمنين بحسب السبق إلى الإيمان وأعمال البر.
Ыйманга жана жакшылык иштерге умтулууга жараша ыймандуулардын даражаларынын ар кандай болуусу.

• الإنفاق في سبيل الله سبب في بركة المال ونمائه.
Аллах жолунда сарптоо – мал-мүлктүн берекесине жана көбөйүшүнө себеп болот.

 
Firo maanaaji Aaya: (4) Simoore: Simoore njamndi
Tippudi cimooje Tonngoode hello ngoo
 
Firo maanaaji al-quraan tedduɗo oo - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Tippudi firooji ɗii

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Uddude