Firo maanaaji al-quraan tedduɗo oo - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Tippudi firooji ɗii


Firo maanaaji Aaya: (38) Simoore: Simoore al-araaf
قَالَ ٱدۡخُلُواْ فِيٓ أُمَمٖ قَدۡ خَلَتۡ مِن قَبۡلِكُم مِّنَ ٱلۡجِنِّ وَٱلۡإِنسِ فِي ٱلنَّارِۖ كُلَّمَا دَخَلَتۡ أُمَّةٞ لَّعَنَتۡ أُخۡتَهَاۖ حَتَّىٰٓ إِذَا ٱدَّارَكُواْ فِيهَا جَمِيعٗا قَالَتۡ أُخۡرَىٰهُمۡ لِأُولَىٰهُمۡ رَبَّنَا هَٰٓؤُلَآءِ أَضَلُّونَا فَـَٔاتِهِمۡ عَذَابٗا ضِعۡفٗا مِّنَ ٱلنَّارِۖ قَالَ لِكُلّٖ ضِعۡفٞ وَلَٰكِن لَّا تَعۡلَمُونَ
Периштелер аларга: "Эй, бутпарастар, силерден мурда каапырлык жана адашуу менен өткөн жин жана инсандардын жамааты менен бирге тозокко киргиле" деп айтышат. Ар бир үммөт тозокко кирген сайын, аларды ушул жолго баштаган, мурдараак тозокко кирген жол башчыларына каргыш айтышат. Баары тозокко киргенден кийин, мурдагыларды кем акылдык менен ээрчип, анан тозокко акыры болуп киргендер, мурда кирген башчы, чоңдоруна карап, (анан Раббисине): "Эй, Раббибиз, мына ушул чоңдорубуз бизди туура жолдон адаштырган, бизге адашууну кооздоп көрсөткөнү үчүн алардын азабына катуу кыл" дешет. Аллах аларга жооп кылып:Силердин ар бириңерге тиешелүү күчөтүлгөн азап бар, бирок, силер аны билбейсиңер.
Faccirooji aarabeeji:
Ina jeyaa e nafoore aayeeje ɗee e ngol hello:
• المودة التي كانت بين المكذبين في الدنيا تنقلب يوم القيامة عداوة وملاعنة.
Жалганчылардын бул дүйнөдөгү достугу, кыяматта душмандыкка айланат.

• أرواح المؤمنين تفتح لها أبواب السماء حتى تَعْرُج إلى الله، وتبتهج بالقرب من ربها والحظوة برضوانه.
Ыймандуулардын рухтарына асман эшиктери ачылып, Аллахка көтөрүлөт, Раббисине жакын болгонуна жана Анын ыраазылыгына киргенине кубанат.

• أرواح المكذبين المعرضين لا تفتح لها أبواب السماء، وإذا ماتوا وصعدت فهي تستأذن فلا يؤذن لها، فهي كما لم تصعد في الدنيا بالإيمان بالله ومعرفته ومحبته، فكذلك لا تصعد بعد الموت، فإن الجزاء من جنس العمل.
Тоң моюн, жалганчылардын рухтарына асман эшиктери ачылбайт. Алар өлгөндө рухтары көтөрүлүп кирүүгө уруксат сурайт, бирок, уруксат берилбейт. Бул дүйнөдө да алар Аллахка ыйман келтирүү, Аны таануу жана сүйүү менен көтөрүлгөн эмес. Ар бир ишке өзүнө жараша жаза каралат.

• أهل الجنة نجوا من النار بعفو الله، وأدخلوا الجنة برحمة الله، واقتسموا المنازل وورثوها بالأعمال الصالحة وهي من رحمته، بل من أعلى أنواع رحمته.
Бейишке кирүүчүлөр Аллахтын кечирими менен тозоктон кутулуп, Аллахтын ырайымы менен бейишке киришет.

 
Firo maanaaji Aaya: (38) Simoore: Simoore al-araaf
Tippudi cimooje Tonngoode hello ngoo
 
Firo maanaaji al-quraan tedduɗo oo - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Tippudi firooji ɗii

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Uddude