Check out the new design

Traduction des sens du Noble Coran - La traduction kirghize - Chams Ad-Dîn Hakîmov * - Lexique des traductions

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Traduction des sens Sourate: Al Baqarah   Verset:
وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡۗ قُلۡ إِنَّ هُدَى ٱللَّهِ هُوَ ٱلۡهُدَىٰۗ وَلَئِنِ ٱتَّبَعۡتَ أَهۡوَآءَهُم بَعۡدَ ٱلَّذِي جَآءَكَ مِنَ ٱلۡعِلۡمِ مَا لَكَ مِنَ ٱللَّهِ مِن وَلِيّٖ وَلَا نَصِيرٍ
Яхудилер менен христиандар сенден, алардын динине ээрчимейинче эч ыраазы болушпайт. (Сен аларга) “Аллахтын (мага түшүргөн) хидаяты гана туура жол!” дегин. Эгер сен өзүңө (Раббиң тарабынан) келген илимден кийин деле алардын каалоо-кызыкчылыктарына ээрчип кетчү болсоң, анда сага Аллах тарабынан эч кандай жакын (дос) жана жардамчы болбойт!
Les exégèses en arabe:
ٱلَّذِينَ ءَاتَيۡنَٰهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ يَتۡلُونَهُۥ حَقَّ تِلَاوَتِهِۦٓ أُوْلَٰٓئِكَ يُؤۡمِنُونَ بِهِۦۗ وَمَن يَكۡفُرۡ بِهِۦ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ
Биз китеп (Тоорат) берген адамдар (арасындагы анын бардык өкүмдөрүнө моюн сунгандары) аны туура (бурмалабай) окушат. Ошолор ага (Куранга) ыйман келтиришет. Ал эми, кимде-ким ага ыйман келтирбесе, ошолор (эки дүйнөдө) зыян көрүүчүлөр!
Les exégèses en arabe:
يَٰبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ ٱذۡكُرُواْ نِعۡمَتِيَ ٱلَّتِيٓ أَنۡعَمۡتُ عَلَيۡكُمۡ وَأَنِّي فَضَّلۡتُكُمۡ عَلَى ٱلۡعَٰلَمِينَ
Эй, Исраил урпактары! Силерге берген жакшылыгымды жана (бир мезгилдерде) силерди бардык ааламдан абзел кылганымды эстегиле.
Les exégèses en arabe:
وَٱتَّقُواْ يَوۡمٗا لَّا تَجۡزِي نَفۡسٌ عَن نَّفۡسٖ شَيۡـٔٗا وَلَا يُقۡبَلُ مِنۡهَا عَدۡلٞ وَلَا تَنفَعُهَا شَفَٰعَةٞ وَلَا هُمۡ يُنصَرُونَ
Эч ким башка бир адамга жардам бере албай турган жана (Аллахтан уруксат болмоюнча) эч кимден шапаат кабыл кылынбай турган, эч кимден (күнөөсүнөн кутулуу үчүн) акы-төлөм алынбай турган жана эч кимге жардам берилбей турган күндөн (кыяматтан) корккула!
Les exégèses en arabe:
۞ وَإِذِ ٱبۡتَلَىٰٓ إِبۡرَٰهِـۧمَ رَبُّهُۥ بِكَلِمَٰتٖ فَأَتَمَّهُنَّۖ قَالَ إِنِّي جَاعِلُكَ لِلنَّاسِ إِمَامٗاۖ قَالَ وَمِن ذُرِّيَّتِيۖ قَالَ لَا يَنَالُ عَهۡدِي ٱلظَّٰلِمِينَ
Эстегин: Раббиси Ибрахимди бир нече сөздөр менен сынады эле, аларды толук аткарды. (Анан ага) “Мен сени (бардык) адамдарга (динде) жолбашчы кыламын” деди. (Ибрахим) айтты: “Менин урпактарымдан дагы (жолбашчыларды чыгара көр).[1] (Анда Аллах:) “Менин убадам заалым (каапыр) адамдарга тийбейт” - деди.
[1] Яхудилер дагы, арабдар дагы Ибрахим алейхис-саламдын урпактары. Аллах яхудилер арасынан Якуб, Муса, Дауд, Сулайман, Иляс, жана башка салих (таза ибадаттуу) адамдарды динде жолбашчы кылды. Яхудилерден чыккан эң акыркы жолбашчы (пайгамбар) – Иса алейхис-салам. Андан кийин яхудилердин арасынан пайгамбарчылык жүгүн көтөрүп кетүүгө ылайык адам чыкпады. Аллах эң акыркы пайгамбарды арабдар арасынан тандап алууну каалады.
Les exégèses en arabe:
وَإِذۡ جَعَلۡنَا ٱلۡبَيۡتَ مَثَابَةٗ لِّلنَّاسِ وَأَمۡنٗا وَٱتَّخِذُواْ مِن مَّقَامِ إِبۡرَٰهِـۧمَ مُصَلّٗىۖ وَعَهِدۡنَآ إِلَىٰٓ إِبۡرَٰهِـۧمَ وَإِسۡمَٰعِيلَ أَن طَهِّرَا بَيۡتِيَ لِلطَّآئِفِينَ وَٱلۡعَٰكِفِينَ وَٱلرُّكَّعِ ٱلسُّجُودِ
Жана эстегин, Биз Үйдү (Каабаны) адамдар умтулуп бара турган жай жана тынч орун кылып: “Ибрахимдин ордун[1] ибадат жайы кылып алгыла” (деп буюрдук). Ибрахим менен Исмаилге: “Менин Үйүмдү тооп кылуучулар, эьтикафка отуруучулар[2], рүкү жана сажда кылуучулар үчүн (ширктен, күнөөдөн жана нажастардан) тазалагыла” деп вахий (буйрук) кылдык.
[1] "Ибрахимдин орду" бул – Ибрахим пайгамбар Каабаны куруп жатканда бутунун астына койгон таш жана ага түшүп калган изи. (Тафсиру Муяссар). Ошондой эле, "Ибрахимдин орду" деген сөздү ажылыктын шарттарынан болгон тооп, саай (Сафа-Марва тоосунун аралыгында жүгүрүү), Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндө туруу, шайтанга таш атуу, курмандык чалуу ж.б. Ибрахим пайгамбар аткарган иштерге карата колдонсо да болот. Анткени, айтылган жерлердин ар биринде Ибрахимдин орду бар. (Садий).
[2] "Эьтикафка отуруу" – бул мусулман пенденин үйдөн, дүйнө түйшүктөрүнөн арылып, белгилүү убакытты ниет кылып, кайсы бир мечитте ибадат, дуба менен күн өткөрүүсү.
Les exégèses en arabe:
وَإِذۡ قَالَ إِبۡرَٰهِـۧمُ رَبِّ ٱجۡعَلۡ هَٰذَا بَلَدًا ءَامِنٗا وَٱرۡزُقۡ أَهۡلَهُۥ مِنَ ٱلثَّمَرَٰتِ مَنۡ ءَامَنَ مِنۡهُم بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِۚ قَالَ وَمَن كَفَرَ فَأُمَتِّعُهُۥ قَلِيلٗا ثُمَّ أَضۡطَرُّهُۥٓ إِلَىٰ عَذَابِ ٱلنَّارِۖ وَبِئۡسَ ٱلۡمَصِيرُ
Эстегин, Ибрахим (Раббисине дуба кылып) “Оо, Раббим! Бул жерди тынч шаар кылгын жана анын элинин арасынан Аллахка жана акырет күнүнө ишенген адамдарды (ар түркүн) мөмө-жемиштер менен ырыскылай көр!”- дегенде, Аллах айтты: “Каапыр болгон адамды дагы (ошол ырыскылар менен) бир аз пайдалантам. Анан тозок азабына мажбурлап киргизем. Ал кандай жаман акыбет!
Les exégèses en arabe:
 
Traduction des sens Sourate: Al Baqarah
Lexique des sourates Numéro de la page
 
Traduction des sens du Noble Coran - La traduction kirghize - Chams Ad-Dîn Hakîmov - Lexique des traductions

Traduite par Shams ad-Din Hakimov Abdulkhaliq, développement achevé sous la supervision du Centre Rouwwâd At-Tarjamah (Les Pionniers de la Traduction).

Fermeture