Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية * - Lexique des traductions

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Traduction des sens Sourate: AN-NAML   Verset:

Намл

طسٓۚ تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡقُرۡءَانِ وَكِتَابٖ مُّبِينٍ
Та, син. Булар – Курандын жана ачык-айкын (катасы жок) китептин аяттары.
Les exégèses en arabe:
هُدٗى وَبُشۡرَىٰ لِلۡمُؤۡمِنِينَ
Туура жол жана ыймандууларга сүйүнчү кабар.
Les exégèses en arabe:
ٱلَّذِينَ يُقِيمُونَ ٱلصَّلَوٰةَ وَيُؤۡتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَهُم بِٱلۡأٓخِرَةِ هُمۡ يُوقِنُونَ
Алар (ыймандуулар) намазды толук окушат, зекетти беришет жана акыретке бекем ишенишет.
Les exégèses en arabe:
إِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ زَيَّنَّا لَهُمۡ أَعۡمَٰلَهُمۡ فَهُمۡ يَعۡمَهُونَ
Ал эми акыретке ишенбеген адамдарга Биз (күнөө) иштерин кооз көргөзүп койдук. Эми алар адашып-тентип жүрө беришет.
Les exégèses en arabe:
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ لَهُمۡ سُوٓءُ ٱلۡعَذَابِ وَهُمۡ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ هُمُ ٱلۡأَخۡسَرُونَ
Алар үчүн азаптын эң жаманы болот жана алар акыретте эң көп зыян тартуучулар!
Les exégèses en arabe:
وَإِنَّكَ لَتُلَقَّى ٱلۡقُرۡءَانَ مِن لَّدُنۡ حَكِيمٍ عَلِيمٍ
«Жана чынында (сага түшүрүлгөн) Куран – Билүүчү, Даанышман (Аллах) тарабынан берилген».
Les exégèses en arabe:
إِذۡ قَالَ مُوسَىٰ لِأَهۡلِهِۦٓ إِنِّيٓ ءَانَسۡتُ نَارٗا سَـَٔاتِيكُم مِّنۡهَا بِخَبَرٍ أَوۡ ءَاتِيكُم بِشِهَابٖ قَبَسٖ لَّعَلَّكُمۡ تَصۡطَلُونَ
(Оо, Мухаммад эстегин), бир кезде Муса (Мадяндан келе жатып) өз үй-бүлөсүнө: «Мен (алыстан) от көрдүм. Дароо андан кабар же силерге бир аз чок ала келейин, (аны менен) жылынып алаарсыңар» - деди.
Les exégèses en arabe:
فَلَمَّا جَآءَهَا نُودِيَ أَنۢ بُورِكَ مَن فِي ٱلنَّارِ وَمَنۡ حَوۡلَهَا وَسُبۡحَٰنَ ٱللَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Ал отко (жакындап) келгенде (кайыптан): «Оттун жанындагы кишиге жана тегерегиндегилерге береке болсун![1] Ааламдардын Раббиси – Аллах аруу!» - деген добуш угулду.
[1] Аллах Өзүнүн ыйык элчи-пайгамбарчылыгын берүү үчүн Мусанын көзүнө «от» көргөзүп, айланасы берекеттүү, Ыйык Тува өрөөнүнө алып келген.
Les exégèses en arabe:
يَٰمُوسَىٰٓ إِنَّهُۥٓ أَنَا ٱللَّهُ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
«Оо, Муса бул Мен – Кудуреттүү, Даанышман Аллахмын!
Les exégèses en arabe:
وَأَلۡقِ عَصَاكَۚ فَلَمَّا رَءَاهَا تَهۡتَزُّ كَأَنَّهَا جَآنّٞ وَلَّىٰ مُدۡبِرٗا وَلَمۡ يُعَقِّبۡۚ يَٰمُوسَىٰ لَا تَخَفۡ إِنِّي لَا يَخَافُ لَدَيَّ ٱلۡمُرۡسَلُونَ
Таягыңды ташта!» (таягын жерге таштады эле) Анын чоң жылан болуп сойлогонун көрүп артына карабай качып жөнөдү. «Оо, Муса! – (деди кайрадан жанагы добуш) – коркпогун, Менин алдымда пайгамбарлар коркушпайт.
Les exégèses en arabe:
إِلَّا مَن ظَلَمَ ثُمَّ بَدَّلَ حُسۡنَۢا بَعۡدَ سُوٓءٖ فَإِنِّي غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Ал эми, зулумдук кылган адамдар (Менден коркушат)ظ (Бирок) кийин күнөөсүн сооп ишке алмаштырса, Мен Кечиримдүү, Ырайымдуумун.
Les exégèses en arabe:
وَأَدۡخِلۡ يَدَكَ فِي جَيۡبِكَ تَخۡرُجۡ بَيۡضَآءَ مِنۡ غَيۡرِ سُوٓءٖۖ فِي تِسۡعِ ءَايَٰتٍ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ وَقَوۡمِهِۦٓۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَوۡمٗا فَٰسِقِينَ
(Оо, Муса), колуңду колтугуңа киргиз, ал жамандыгы жок[1] аппак болуп чыгат. (آТаяк менен ак кол) Фараон жана анын коомуна арналган тогуз кереметтин[2] (экөөсү). Чынында алар бузулган коомдор.
[1] «Жамандыгы жок» дегендин мааниси, пес (ала) оорусу менен ооруган дене сыяктуу жийиркеничтүү ак эмес, нурлуу, татынакай, жылтыраган ак дегенди түшүндүрөт.
[2] Аллах Мусага ушул экөөнөн: таяк менен ак колдон башка дагы жети керемет берген. Бардык кереметтери биригип тогуз болот.
Les exégèses en arabe:
فَلَمَّا جَآءَتۡهُمۡ ءَايَٰتُنَا مُبۡصِرَةٗ قَالُواْ هَٰذَا سِحۡرٞ مُّبِينٞ
Ал эми, качан аларга Биздин кереметтер келгенде! «Бул анык сыйкыр» дешти.
Les exégèses en arabe:
وَجَحَدُواْ بِهَا وَٱسۡتَيۡقَنَتۡهَآ أَنفُسُهُمۡ ظُلۡمٗا وَعُلُوّٗاۚ فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُفۡسِدِينَ
Жана өздөрү (чындык экенин) билип турса да, зулумдук, текебердик менен четке кагып коюшту. Эми сен бузулган адамдардын акыбет-натыйжасы кандай болгонун көрүп кой.[1]
[1] Бузулган Фараон адамдардын акыбет-натыйжасы деңизге чөктүрүп өлтүрүү болгон эле.
Les exégèses en arabe:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا دَاوُۥدَ وَسُلَيۡمَٰنَ عِلۡمٗاۖ وَقَالَا ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي فَضَّلَنَا عَلَىٰ كَثِيرٖ مِّنۡ عِبَادِهِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Биз Дауд менен (анын уулу) Сулайманга илим (пайгамбарлык) бердик. Анан алар: «Аллахка мактоолор болсун! Ал Өзүнүн көп ыймандуу пенделеринен бизди артыкчылыктуу кылды!» дешти.
Les exégèses en arabe:
وَوَرِثَ سُلَيۡمَٰنُ دَاوُۥدَۖ وَقَالَ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ عُلِّمۡنَا مَنطِقَ ٱلطَّيۡرِ وَأُوتِينَا مِن كُلِّ شَيۡءٍۖ إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ ٱلۡفَضۡلُ ٱلۡمُبِينُ
Сулайман Дауддан (илими менен пайгамбарлыгын) мураска алды жана: «Оо, адамдар, Бизге куштардын тили үйрөтүлдү жана (ушул кезге чейин, эч кимге берилбеген) бардык нерселер берилди. Акыйкатта бул (Аллах тарабынан берилген) анык артыкчылык!» - деди.
Les exégèses en arabe:
وَحُشِرَ لِسُلَيۡمَٰنَ جُنُودُهُۥ مِنَ ٱلۡجِنِّ وَٱلۡإِنسِ وَٱلطَّيۡرِ فَهُمۡ يُوزَعُونَ
Жана (күндөрдүн биринде) Сулайманга жиндерден, инсандардан, куштардан турган аскерлери чогултулду жана тизилип турушту.
Les exégèses en arabe:
حَتَّىٰٓ إِذَآ أَتَوۡاْ عَلَىٰ وَادِ ٱلنَّمۡلِ قَالَتۡ نَمۡلَةٞ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّمۡلُ ٱدۡخُلُواْ مَسَٰكِنَكُمۡ لَا يَحۡطِمَنَّكُمۡ سُلَيۡمَٰنُ وَجُنُودُهُۥ وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ
Алар качан гана кумурскалардын өрөөнүнө жетип келишкенде, бир кумурска: «Э-э-й, кумурскалар! Уяңарга киргиле! Сулайман менен аскерлери байкабастан силерди тебелеп-жанчып кетишпесин!» - деди.
Les exégèses en arabe:
فَتَبَسَّمَ ضَاحِكٗا مِّن قَوۡلِهَا وَقَالَ رَبِّ أَوۡزِعۡنِيٓ أَنۡ أَشۡكُرَ نِعۡمَتَكَ ٱلَّتِيٓ أَنۡعَمۡتَ عَلَيَّ وَعَلَىٰ وَٰلِدَيَّ وَأَنۡ أَعۡمَلَ صَٰلِحٗا تَرۡضَىٰهُ وَأَدۡخِلۡنِي بِرَحۡمَتِكَ فِي عِبَادِكَ ٱلصَّٰلِحِينَ
Анын сөзүнө Сулайман жылмайып күлдү да, (дуба кылып, мындай) деди: «Оо, Раббим! Мага жана ата-энеме берген жакшылыктарыңа шүгүр кылууга жана Өзүң ыраазы боло турган иштерди аткарууга мени жөндөмдүү кыл жана жакшы, ыймандуу пенделериңдин катарында Өз ырайымыңдын астына киргиз!».
Les exégèses en arabe:
وَتَفَقَّدَ ٱلطَّيۡرَ فَقَالَ مَالِيَ لَآ أَرَى ٱلۡهُدۡهُدَ أَمۡ كَانَ مِنَ ٱلۡغَآئِبِينَ
(Бир жерде) куштарды кароодон өткөрдү жана: «Мага эмне болгон, үпүптү көрбөй жатамын? Же ал (бир жагына) көрүнбөй кеттиби?
Les exégèses en arabe:
لَأُعَذِّبَنَّهُۥ عَذَابٗا شَدِيدًا أَوۡ لَأَاْذۡبَحَنَّهُۥٓ أَوۡ لَيَأۡتِيَنِّي بِسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٖ
Мен аны катуу азап менен жазалаймын: же союп жиберемин же болбосо мага (жоголгонунун) анык-ишенимдүү далилин алып келсин!» деди.
Les exégèses en arabe:
فَمَكَثَ غَيۡرَ بَعِيدٖ فَقَالَ أَحَطتُ بِمَا لَمۡ تُحِطۡ بِهِۦ وَجِئۡتُكَ مِن سَبَإِۭ بِنَبَإٖ يَقِينٍ
Көп турбай (үпүп келип калды) жана ошол замат (маалымат берип мындай) деди: «Мен сен билбеген нерсени билип келдим. Мен сага Саба[1] элинен анык кабар алып келдим.
[1] «Саба» - Йемен өлкөсүндөгү бир уруунун аты.
Les exégèses en arabe:
إِنِّي وَجَدتُّ ٱمۡرَأَةٗ تَمۡلِكُهُمۡ وَأُوتِيَتۡ مِن كُلِّ شَيۡءٖ وَلَهَا عَرۡشٌ عَظِيمٞ
Мен аларга бийлик кылган (Билкийс деген) аялды таптым. Ага бүткүл (керектүү кубаттуулуктун, бийликтин) себептери берилиптир. Жана анын улук тактысы да бар экен.
Les exégèses en arabe:
وَجَدتُّهَا وَقَوۡمَهَا يَسۡجُدُونَ لِلشَّمۡسِ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَزَيَّنَ لَهُمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ أَعۡمَٰلَهُمۡ فَصَدَّهُمۡ عَنِ ٱلسَّبِيلِ فَهُمۡ لَا يَهۡتَدُونَ
Мен ал аял менен анын коомун, Аллахты коюп, күнгө сажда (табынып) жатканын көрдүм. Шайтан аларга (ширк) амалдарын кооздоп көргөзүп туура жолдон тосуп коюптур. Алар (ошондуктан, туура жолго) түшүшкөн жок.
Les exégèses en arabe:
أَلَّاۤ يَسۡجُدُواْۤ لِلَّهِ ٱلَّذِي يُخۡرِجُ ٱلۡخَبۡءَ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَيَعۡلَمُ مَا تُخۡفُونَ وَمَا تُعۡلِنُونَ
Аллахтын Өзүнө сажда кылышса болбойт беле?! Ал асмандардагы жана жердеги жашыруун нерселерди чыгарган жана силер жашырган же жарыя кылган (бардык) нерселерди билет!
Les exégèses en arabe:
ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ رَبُّ ٱلۡعَرۡشِ ٱلۡعَظِيمِ۩
Аллах(тын) бир Өзүнөн башка (сыйынууга татыктуу) кудай жок! (Ал) улук Арштын Раббиси! (Үпүп өз маалыматын ушинтип бүтүрдү. Сулайман аны уккан соң...,)
Les exégèses en arabe:
۞ قَالَ سَنَنظُرُ أَصَدَقۡتَ أَمۡ كُنتَ مِنَ ٱلۡكَٰذِبِينَ
(мындай) деди: «Чын сүйлөдүңбү же жалганчылардан болдуңбу, (муну) азыр эле байкап көрөбүз.
Les exégèses en arabe:
ٱذۡهَب بِّكِتَٰبِي هَٰذَا فَأَلۡقِهۡ إِلَيۡهِمۡ ثُمَّ تَوَلَّ عَنۡهُمۡ فَٱنظُرۡ مَاذَا يَرۡجِعُونَ
Менин мына бул катымды алып жөнөгүн. Аларга алпарып таштагын дагы, өзүң ыраак болуп, карап тур: эмне жооп айтышаар экен. (Үпүп куш катты алпарып таштады да, буюрулганы сыяктуу, окуянын кандай уланышын бир четте карап турду. Саба канышасы катты ачып, мындай)
Les exégèses en arabe:
قَالَتۡ يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡمَلَؤُاْ إِنِّيٓ أُلۡقِيَ إِلَيَّ كِتَٰبٞ كَرِيمٌ
деди: «Оо, кадырмандар, мага бир урматтуу кат келиптир.
Les exégèses en arabe:
إِنَّهُۥ مِن سُلَيۡمَٰنَ وَإِنَّهُۥ بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
Сулаймандан экен. Анда «Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын ысымы менен (баштаймын).
Les exégèses en arabe:
أَلَّا تَعۡلُواْ عَلَيَّ وَأۡتُونِي مُسۡلِمِينَ
(Оо, Сабалыктар,) өзүңөрдү менден бийик сезбей, моюн сунган абалда мага келүүңөрдү (буюрамын» деп жазыптыр)».
Les exégèses en arabe:
قَالَتۡ يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡمَلَؤُاْ أَفۡتُونِي فِيٓ أَمۡرِي مَا كُنتُ قَاطِعَةً أَمۡرًا حَتَّىٰ تَشۡهَدُونِ
(Дагы) айтты: «Кана, (акылман) улуктар, мага ишимде кеңеш бергиле. Качан силер (бир нерсеге) күбөлүк бермейинче, мен эч кандай чечим чыгарбаймын».
Les exégèses en arabe:
قَالُواْ نَحۡنُ أُوْلُواْ قُوَّةٖ وَأُوْلُواْ بَأۡسٖ شَدِيدٖ وَٱلۡأَمۡرُ إِلَيۡكِ فَٱنظُرِي مَاذَا تَأۡمُرِينَ
(Улуктар) айтышты: «Биз Кудуреттүү жана күчтүү кошуун ээсибиз.[1] Бирок, ыктыяр өзүңүздө. Эмне буйрук чыгарууну өзүңүз карап көрүңүз». (Каныша ойлонуп, эң жакшы чечимге келди жана:)
[1] «Сулаймандын бул каты бизди коркутпайт. Кааласак анын үстүнө кошуун тартып барышыбыз мүмкүн» демекчи болушууда.
Les exégèses en arabe:
قَالَتۡ إِنَّ ٱلۡمُلُوكَ إِذَا دَخَلُواْ قَرۡيَةً أَفۡسَدُوهَا وَجَعَلُوٓاْ أَعِزَّةَ أَهۡلِهَآ أَذِلَّةٗۚ وَكَذَٰلِكَ يَفۡعَلُونَ
Айтты: «Чынында падышалар бир айылга (айыл, шаарларга) басып кирсе, анын ойронун чыгарып, кадырлуу элин кор кылышат. Дал ушундай кылышат.
Les exégèses en arabe:
وَإِنِّي مُرۡسِلَةٌ إِلَيۡهِم بِهَدِيَّةٖ فَنَاظِرَةُۢ بِمَ يَرۡجِعُ ٱلۡمُرۡسَلُونَ
А, мен болсо аларга (кымбат баалуу) белектер жиберемин. Көрөйүнчү, элчилер(им) кандай кабар менен кайтаар экен».
Les exégèses en arabe:
فَلَمَّا جَآءَ سُلَيۡمَٰنَ قَالَ أَتُمِدُّونَنِ بِمَالٖ فَمَآ ءَاتَىٰنِۦَ ٱللَّهُ خَيۡرٞ مِّمَّآ ءَاتَىٰكُمۚ بَلۡ أَنتُم بِهَدِيَّتِكُمۡ تَفۡرَحُونَ
(Элчилер кымбат белектер менен) Сулайманга келгенде, ал: «Силер мага мал-дүйнө менен жардам берейин дедиңерби-ыя! Аллах берген нерселер (чексиз мүлк, илим жана пайгамбарлык) силер алып келгендерден артык. (Бул) белек-бечкегиңер менен өзүңөр сүйүнө бергиле!
Les exégèses en arabe:
ٱرۡجِعۡ إِلَيۡهِمۡ فَلَنَأۡتِيَنَّهُم بِجُنُودٖ لَّا قِبَلَ لَهُم بِهَا وَلَنُخۡرِجَنَّهُم مِّنۡهَآ أَذِلَّةٗ وَهُمۡ صَٰغِرُونَ
(Бул белегиң менен) аларга кайтып жөнөгүн! Эми Биз алардын үстүнө (адамдар, жиндер жана куштардан болгон) туруштук бере албай турган аскер менен барып, моюн сунган, кордолгон абалда журтунан сүрүп чыгарабыз!».[1]
[1] Ал каапыр элге, өзүңөр моюн сунган абалда келип, туура жолго түшкүлө деп кат жазса, алар белек жиберип сынаганы Сулаймандын ачуусун келтирген эле.
Les exégèses en arabe:
قَالَ يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡمَلَؤُاْ أَيُّكُمۡ يَأۡتِينِي بِعَرۡشِهَا قَبۡلَ أَن يَأۡتُونِي مُسۡلِمِينَ
(Анан) айтты: «Оо, аскерлерим! Кимиңер мага анын тактысын, өзү моюн сунган абалда келгенге чейин жеткирип келе аласыңар?».
Les exégèses en arabe:
قَالَ عِفۡرِيتٞ مِّنَ ٱلۡجِنِّ أَنَا۠ ءَاتِيكَ بِهِۦ قَبۡلَ أَن تَقُومَ مِن مَّقَامِكَۖ وَإِنِّي عَلَيۡهِ لَقَوِيٌّ أَمِينٞ
Жиндерден «Ифрит» деген бирөөсү: «Мен аны сен ушул ордуңдан турганга чейин алып келе аламын жана ушуга мен кудуреттүү, ишенимдүүмүн» - деди.
Les exégèses en arabe:
قَالَ ٱلَّذِي عِندَهُۥ عِلۡمٞ مِّنَ ٱلۡكِتَٰبِ أَنَا۠ ءَاتِيكَ بِهِۦ قَبۡلَ أَن يَرۡتَدَّ إِلَيۡكَ طَرۡفُكَۚ فَلَمَّا رَءَاهُ مُسۡتَقِرًّا عِندَهُۥ قَالَ هَٰذَا مِن فَضۡلِ رَبِّي لِيَبۡلُوَنِيٓ ءَأَشۡكُرُ أَمۡ أَكۡفُرُۖ وَمَن شَكَرَ فَإِنَّمَا يَشۡكُرُ لِنَفۡسِهِۦۖ وَمَن كَفَرَ فَإِنَّ رَبِّي غَنِيّٞ كَرِيمٞ
Ал эми, китептен илими болгон анын (Сулаймандын) алдындагы бир адам: «Мен аны көзүңдү жумуп ачканга чейин эле, келтире аламын» деди. (Сулайман көзүн ачып) тактыны өз алдында орношуп калганын көргөндө: «Бул Раббимдин мени, шүгүр кыламынбы же шүгүрсүз боломунбу, (ушуну) сынаш үчүн мага берген өзгөчөлүгү, артыкчылыгы. Ким шүгүр кылса, өзүнө пайда. Ал эми, ким каапыр (шүгүрсүз) болсо, Раббим (андан) Беймуктаж жана Улук!» - деди.
Les exégèses en arabe:
قَالَ نَكِّرُواْ لَهَا عَرۡشَهَا نَنظُرۡ أَتَهۡتَدِيٓ أَمۡ تَكُونُ مِنَ ٱلَّذِينَ لَا يَهۡتَدُونَ
(Анан) айтты: «Анын тактысын өзгөртүп койгула. Көрөбүз, ал тааныйбы же тааныбагандардан болобу».[1]
[1] Сулайман Саба канышасынын элчисин кайтарып жибергенде, Аллах ага канышанын келишин билдирген жана Сулайман анын парасатын сынап, анан Аллахтын кереметтерин көргөзүп акыйкат динге үгүт кылып чакырууну ойлогон.
Les exégèses en arabe:
فَلَمَّا جَآءَتۡ قِيلَ أَهَٰكَذَا عَرۡشُكِۖ قَالَتۡ كَأَنَّهُۥ هُوَۚ وَأُوتِينَا ٱلۡعِلۡمَ مِن قَبۡلِهَا وَكُنَّا مُسۡلِمِينَ
(Билкийс) жетип келгенде «Сенин тактың ушундай беле?» деп суралды. «Дал өзү го!» - деди ал. (Анда Сулайман айтты): «Бизге мындан мурун илим (пайгамбарлык жана башка илимдер) берилген жана биз мусулмандардан болдук».
Les exégèses en arabe:
وَصَدَّهَا مَا كَانَت تَّعۡبُدُ مِن دُونِ ٱللَّهِۖ إِنَّهَا كَانَتۡ مِن قَوۡمٖ كَٰفِرِينَ
Ал эми, канышаны болсо, өздөрү ибадат кылган, Аллахтан башка «кудайлары»(на болгон ишеними, Аллахка ыйман келтирүүдөн) тосуп турган. Ал каапыр коомдордон эле.
Les exégèses en arabe:
قِيلَ لَهَا ٱدۡخُلِي ٱلصَّرۡحَۖ فَلَمَّا رَأَتۡهُ حَسِبَتۡهُ لُجَّةٗ وَكَشَفَتۡ عَن سَاقَيۡهَاۚ قَالَ إِنَّهُۥ صَرۡحٞ مُّمَرَّدٞ مِّن قَوَارِيرَۗ قَالَتۡ رَبِّ إِنِّي ظَلَمۡتُ نَفۡسِي وَأَسۡلَمۡتُ مَعَ سُلَيۡمَٰنَ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
(Анан ага): «Сарайга кириңиз» деп айтылды. Сарайды көргөндө..., аны суу деп ойлоп, (бутун чечип, кийимин) балтырына чейин көтөргөндө,[1] (Сулайман): «Бул тегизделген жылмакай айнектен жасалган сарай» - деди. (Сулаймандын Аллахтын Кудуретинен жардам алган пайгамбар экенине эми Саба канышасында эч шек-күмөн калбады. Ошондуктан:) «Оо, Раббим! Мен өз жаныма зулум кылып жүргөн экенмин! Мен Сулайман менен бирге ааламдардын Раббисине моюн сундум!» - деди.
[1] Сулайман жиндердин жардамы жана өзүнүн жетишкен илими менен суунун үстүнө жылмакай айнектен сарай салган. Ал айнектер ушунчалык тунук болгондуктан, бар экени билинген эмес. Астындагы суу эле көрүнүп, агып турат. Бирок добушу жок. Каныша айран таң! «Сарайга кириңиз» деп, сууга жетелешүүдө. Жана эле айткандай ал өтө зирек. Сулаймандын көңүлү оорубасын деп, «кана, сарай дегениңиз?» «эмне үчүн мени сарай деп сууга жетелеп жатасыз?» деген жок. Эмне болоор экен, кечсем, кечип коеюн деп, бут кийимин чечип, этегин көтөрүп, «кечип кирсе»..., суу жок! Тамандын астындагы айнектен жасалган сарайдын тепкичи экен! Сулайман анын таңыркоосуна экинчи ирет жооп берип «Бул тегизделген жылмакай айнектен жасалган сарай» - деди.
Les exégèses en arabe:
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَآ إِلَىٰ ثَمُودَ أَخَاهُمۡ صَٰلِحًا أَنِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ فَإِذَا هُمۡ فَرِيقَانِ يَخۡتَصِمُونَ
Биз Самуд элине өздөрүнүн тууганы Салихти «Аллахка ибадат кылгыла!» (деп буюрушу үчүн) пайгамбар кылып жибердик. Анан алар эки бөлүк (мусулман-каапыр) болуп талашып-тартыша баштады. (Каапырлар Салих пайгамбарды жалганчы дешип, «эгер чын пайгамбар болсоң, биздин башыбызга бир азап түшүрчү, кана» деп кыстай баштады. Анда:)
Les exégèses en arabe:
قَالَ يَٰقَوۡمِ لِمَ تَسۡتَعۡجِلُونَ بِٱلسَّيِّئَةِ قَبۡلَ ٱلۡحَسَنَةِۖ لَوۡلَا تَسۡتَغۡفِرُونَ ٱللَّهَ لَعَلَّكُمۡ تُرۡحَمُونَ
(Салих) айтты: «Оо, коомум! Эмнеге силер жакшылыктан мурун (азапка алып баруучу) күнөөлүү иштерге шашыласыңар?! (Андан көрө) Аллахтан кечирим сурасаңар болбойбу?! Ырайымына арзып калышыңар ажеп эместир!».
Les exégèses en arabe:
قَالُواْ ٱطَّيَّرۡنَا بِكَ وَبِمَن مَّعَكَۚ قَالَ طَٰٓئِرُكُمۡ عِندَ ٱللَّهِۖ بَلۡ أَنتُمۡ قَوۡمٞ تُفۡتَنُونَ
(Каапырлар) айтты: «Сенден жана сени менен бирге болгондордон (кесепеттүү экенсиңер деп) жаман жышаан кылып жатабыз» (Салих) айтты: «Жаман жышааныңар Аллахтын алдында. Жок! (Силер айткандай эмес) Чынында, силер сыналып жаткан коомсуңар».[1]
[1] Адамдардын башына түшкөн ар түрдүү жаман-жакшы нерселер, («келиндин аягынан...» дегендей) бирөөнүн аягынан же башкасынан болбойт. Булар-болбогур ырымдар! Аллах таала Өзүнүн алдындагы Тагдыр китебине эмне жазган болсо ошол иш болот. Аны бирөөнүн «аягына» байлап койгон эмес. Бул дүйнө сыноо дүйнөсү. Аллах кээ бирде бакыт-таалай, байлык-мүлк берип сынаса, кээде кайгы-капачылык, кедейчилик менен сынайт.
Les exégèses en arabe:
وَكَانَ فِي ٱلۡمَدِينَةِ تِسۡعَةُ رَهۡطٖ يُفۡسِدُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَا يُصۡلِحُونَ
Шаарда, жер бетинде жакшылык эмес, бузукулукту таратып жүргөн тогуз киши бар эле.
Les exégèses en arabe:
قَالُواْ تَقَاسَمُواْ بِٱللَّهِ لَنُبَيِّتَنَّهُۥ وَأَهۡلَهُۥ ثُمَّ لَنَقُولَنَّ لِوَلِيِّهِۦ مَا شَهِدۡنَا مَهۡلِكَ أَهۡلِهِۦ وَإِنَّا لَصَٰدِقُونَ
Алар:«Аллахтын аты менен бири-бириңерге ант бергиле. Салих менен үй-бүлөсүн түн ичинде өлтүрүп, кийин тууган(дар)ына «Анын үй-бүлөсүнүн өлгөнүнөн кабарыбыз жок, биз чын сүйлөгөн кишилербиз – дейбиз» дешти.
Les exégèses en arabe:
وَمَكَرُواْ مَكۡرٗا وَمَكَرۡنَا مَكۡرٗا وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ
Алар (ушундай) айла кылышты Биз дагы айла кылдык. Алар билбей калышты.[1]
[1] Инсанияттын ниет-максатын, эреже-долбоорун Аллах билип турат. Бирок, Аллахтын пландарын эч ким билбейт. Алар эртең Салих менен үй-бүлөсүн кыйратабыз деген максаттарына жетпей өздөрү Аллах жиберген азаптан кыйрап калышты.
Les exégèses en arabe:
فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ مَكۡرِهِمۡ أَنَّا دَمَّرۡنَٰهُمۡ وَقَوۡمَهُمۡ أَجۡمَعِينَ
Карачы, алардын айлакерликтеринин акыбети эмне болгонун: Биз аларды (тогуз мыкаачыны) бардык (каапыр) коомдору менен бирге кыйратып койдук!
Les exégèses en arabe:
فَتِلۡكَ بُيُوتُهُمۡ خَاوِيَةَۢ بِمَا ظَلَمُوٓاْۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّقَوۡمٖ يَعۡلَمُونَ
Мына алардын үйлөрү! Зулумдук (каапырлык) кылгандары себептүү бош калды! Билген адамдар үчүн бул окуяда (кудуретибизге) белги бар.
Les exégèses en arabe:
وَأَنجَيۡنَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَكَانُواْ يَتَّقُونَ
Ал эми, ыйман келтирген адамдарды, биз куткардык. Алар такыба кишилер болчу.
Les exégèses en arabe:
وَلُوطًا إِذۡ قَالَ لِقَوۡمِهِۦٓ أَتَأۡتُونَ ٱلۡفَٰحِشَةَ وَأَنتُمۡ تُبۡصِرُونَ
Жана (оо, Мухаммад!) Лутту да (эстегин). Бир кезде ал коомуна: «Силер көрүп, билип туруп бузукулук жасай бересиңерби?!
Les exégèses en arabe:
أَئِنَّكُمۡ لَتَأۡتُونَ ٱلرِّجَالَ شَهۡوَةٗ مِّن دُونِ ٱلنِّسَآءِۚ بَلۡ أَنتُمۡ قَوۡمٞ تَجۡهَلُونَ
Аялдар калып, эркектерге кумар менен (артынан) келе бересиңерби?! Жок! Силер тап-такыр (чектен чыккан) наадан коом экенсиңер!» деди.
Les exégèses en arabe:
۞ فَمَا كَانَ جَوَابَ قَوۡمِهِۦٓ إِلَّآ أَن قَالُوٓاْ أَخۡرِجُوٓاْ ءَالَ لُوطٖ مِّن قَرۡيَتِكُمۡۖ إِنَّهُمۡ أُنَاسٞ يَتَطَهَّرُونَ
Коому ага (шылдыңдаган абалда): “Луттун үй-бүлөсүн (жана аны менен бирге болгон ыймандууларды) айылыңардан четке чыгарып таштагыла! Алар таза адамдар экен!” – деген сөз менен гана жооп берди.[1]
[1] Анан аларга азап берүү үчүн Аллахтын эки периштеси сулуу жигит кейпинде Луттун үйүнө келишет. Луттун кемпири бузукулардын ишин туура көргөн каапыр болчу. Ал ыплас адамдарга чуркап барып: «Луттун үйүнө эки сулуу жигит келди» деп сүйүнчүлөдү. Алар бири-биринен озушуп, жетип келип, эки «жигиттен» үмүт кылып калышты. Бирок, «жигиттер» Лутка түнү менен үй-бүлөңдү алып шаардан чыгып кетүүнү дайындап, кайып болушту. Лут кемпиринен башка үй-бүлөсүн чыгарып кетери менен ыпыластардын үстүнө таш жамгыры жаап, жер оодарылып, кыйрап калышты!
Les exégèses en arabe:
فَأَنجَيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥٓ إِلَّا ٱمۡرَأَتَهُۥ قَدَّرۡنَٰهَا مِنَ ٱلۡغَٰبِرِينَ
Анан Биз Лут менен анын үй-бүлөсүн куткардык. Бир гана аялы(н куткарбадык). Биз ага кыйрагандардын (бири) болууну тагдыр кылган элек.
Les exégèses en arabe:
وَأَمۡطَرۡنَا عَلَيۡهِم مَّطَرٗاۖ فَسَآءَ مَطَرُ ٱلۡمُنذَرِينَ
Жана алардын үстүнө (таш) жамгырын жаадырдык. Эскертилгендердин[1] «жамгыры» аябай жаман болду.
[1] Аларга «Эгер ушунуңарды токтотуп, Аллахтын мыйзамына кайтпасаңар, башыңарга азап түшөт» деп эскертилген болчу.
Les exégèses en arabe:
قُلِ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ وَسَلَٰمٌ عَلَىٰ عِبَادِهِ ٱلَّذِينَ ٱصۡطَفَىٰٓۗ ءَآللَّهُ خَيۡرٌ أَمَّا يُشۡرِكُونَ
Айт (оо, Мухаммад): «Аллахка мактоолор, тандап алган пенделерине (пайгамбарларга) салам болсун! Аллах жакшыбы, же силер (Аллахка) шерик кылып жаткан «кудайларбы»?!
Les exégèses en arabe:
أَمَّنۡ خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَأَنزَلَ لَكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَنۢبَتۡنَا بِهِۦ حَدَآئِقَ ذَاتَ بَهۡجَةٖ مَّا كَانَ لَكُمۡ أَن تُنۢبِتُواْ شَجَرَهَآۗ أَءِلَٰهٞ مَّعَ ٱللَّهِۚ بَلۡ هُمۡ قَوۡمٞ يَعۡدِلُونَ
Асмандар менен жерди жаратып, силерге асмандан суу түшүргөн ким?» Биз ал суу менен кооз-көркөм бактарды өндүрдүк. Силер ал бактардын дарактарын өндүрүп-өстүрө албайт элеңер. (Эми, айткылачы, ушуларды) Аллах менен бирге (шерик) болгон «кудайлар» жасадыбы?! Жок! Алар (Аллахка башка «кудайды») тең кылган адамдар!
Les exégèses en arabe:
أَمَّن جَعَلَ ٱلۡأَرۡضَ قَرَارٗا وَجَعَلَ خِلَٰلَهَآ أَنۡهَٰرٗا وَجَعَلَ لَهَا رَوَٰسِيَ وَجَعَلَ بَيۡنَ ٱلۡبَحۡرَيۡنِ حَاجِزًاۗ أَءِلَٰهٞ مَّعَ ٱللَّهِۚ بَلۡ أَكۡثَرُهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Же болбосо, жерди ким (инсаниятка) башпаанек кылды? Анын араларына (ким) дарыяларды агызып, үстүнө тоолорду орнотуп, эки деңиздин (дарыя менен деңиздин) арасына (ким) тосмо койду? (Аллахбы) же Аллах менен (силер ага шерик кылган) «кудайбы»?! Жок! Алардын көпчүлүгү (акыйкатты) билишпейт.
Les exégèses en arabe:
أَمَّن يُجِيبُ ٱلۡمُضۡطَرَّ إِذَا دَعَاهُ وَيَكۡشِفُ ٱلسُّوٓءَ وَيَجۡعَلُكُمۡ خُلَفَآءَ ٱلۡأَرۡضِۗ أَءِلَٰهٞ مَّعَ ٱللَّهِۚ قَلِيلٗا مَّا تَذَكَّرُونَ
Же болбосо, зарыккан-муктаждын дубасына ким жооп берип, жамандыкты ким кетирет? Жана силерди жер бетине бириңердин артынан бириңерди калуучу орун басар кылган (ким)? (Аллахбы) же, Аллах менен (силер Ага шерик кылган башка) «кудайбы»?! Өтө аз ойлоносуңар!
Les exégèses en arabe:
أَمَّن يَهۡدِيكُمۡ فِي ظُلُمَٰتِ ٱلۡبَرِّ وَٱلۡبَحۡرِ وَمَن يُرۡسِلُ ٱلرِّيَٰحَ بُشۡرَۢا بَيۡنَ يَدَيۡ رَحۡمَتِهِۦٓۗ أَءِلَٰهٞ مَّعَ ٱللَّهِۚ تَعَٰلَى ٱللَّهُ عَمَّا يُشۡرِكُونَ
Же болбосо, силерге кургактык менен деңиздердин караңгылыктарында жол көргөзгөн ким? Жана Өз ырайымы астынан, сүйүнүчтүн элчиси катары шамалдарды жиберген ким? (Аллахбы) же, (силердин оюңардагы) Аллах менен бирге (шерик) болгон «кудайбы»?! Аллах алардын ширк амалдарынан (Аруу Таза жана) Бийик!
Les exégèses en arabe:
أَمَّن يَبۡدَؤُاْ ٱلۡخَلۡقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ وَمَن يَرۡزُقُكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِۗ أَءِلَٰهٞ مَّعَ ٱللَّهِۚ قُلۡ هَاتُواْ بُرۡهَٰنَكُمۡ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Же болбосо, (инсанды) абалкы ирет жаратып, кийин аны (өлгөндөн соң) кайрадан жарата турган ким?! Жана силерге асмандан жана жерден ырыскы бере турган ким?! (Аллахбы) же Аллах менен бирге болгон (силер шерик кылган) «кудайбы?!» Айт (оо, Мухаммад): «Эгер (Аллахтын шериги бар деген сөзүңөрдө) чынчыл болсоңор, далилиңерди алып келгиле!»
Les exégèses en arabe:
قُل لَّا يَعۡلَمُ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ ٱلۡغَيۡبَ إِلَّا ٱللَّهُۚ وَمَا يَشۡعُرُونَ أَيَّانَ يُبۡعَثُونَ
Айт: «Асмандардагы жана жердеги эч ким кайыпты[1] билбейт. Бир гана Аллах билет! Качан кайрадан тирилишин сезишпейт.
[1] Кайыпты пайгамбарлар да, периштелер да, жин-шайтандар да, арбактар да билбейт. Аллахтан башка кимдир бирөөлөр кайыпты билет деген адам каапыр болот. Кудум эле Мекке мушриктери сыяктуу. Алар дагы ушинтип ойлошкон.
Les exégèses en arabe:
بَلِ ٱدَّٰرَكَ عِلۡمُهُمۡ فِي ٱلۡأٓخِرَةِۚ بَلۡ هُمۡ فِي شَكّٖ مِّنۡهَاۖ بَلۡ هُم مِّنۡهَا عَمُونَ
Жок, (сезбейт гана эмес) алардын акырет жөнүндө илимдери алсыз. Жок, (алсыз гана эмес) алар акыреттен шектенишет. Жок, (шектенүү менен гана чектелбейт) алар акыреттен таптакыр сокур! (Эч нерсе билишпейт жана ишенишпейт).
Les exégèses en arabe:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ أَءِذَا كُنَّا تُرَٰبٗا وَءَابَآؤُنَآ أَئِنَّا لَمُخۡرَجُونَ
Каапырлар: «Биз жана ата-бабаларыбыз (өлүп, чирип) топурак болуп калсак да (кайра тирилип мүрзөбүздөн) чыгарылабызбы?!
Les exégèses en arabe:
لَقَدۡ وُعِدۡنَا هَٰذَا نَحۡنُ وَءَابَآؤُنَا مِن قَبۡلُ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّآ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Бизге жана ата-бабаларыбызга бул (кайра тирилүү,) буга чейин (пайгамбарлар тарабынан) убада кылынган. Бул (сөздөр) абалкылардын жөө-жомогунан башка нерсе эмес!» - дешти.
Les exégèses en arabe:
قُلۡ سِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَٱنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُجۡرِمِينَ
Айт: «Жер жүзүн кезгиле жана (өзүңөргө окшогон) күнөөкөрлөрдүн акыбети эмне болгонун көрүп алгыла».[1]
[1] Жер жүзүнүн ар кайсыл жерлеринде пайгамбарларды жалганчы кылып, акыбетте баштарына азап-балээ түшүп кыйрап калган адамдардын издери: кулаган сарайлары, көмүлгөн кудуктары калган. Ошолордон сабак алышпайбы?
Les exégèses en arabe:
وَلَا تَحۡزَنۡ عَلَيۡهِمۡ وَلَا تَكُن فِي ضَيۡقٖ مِّمَّا يَمۡكُرُونَ
(Оо, Мухаммад!) Сен аларга кайгырба жана айлакерликтеринен сыгылба.
Les exégèses en arabe:
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا ٱلۡوَعۡدُ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Алар: «Эгер чынчыл болсоңор, бул убада (азап) качан?» дешет.
Les exégèses en arabe:
قُلۡ عَسَىٰٓ أَن يَكُونَ رَدِفَ لَكُم بَعۡضُ ٱلَّذِي تَسۡتَعۡجِلُونَ
Айткын: «Шаштырып жаткан нерсеңердин кээ бири мүмкүн силерге жакындап калды.[1]
[1] Ал азап силерге учкашкан сыяктуу жаныңарда гана болушу да мүмкүн. Же болбосо, Аллах силерге мөөнөт берип, азапты кыяматка калтырышы да мүмкүн.
Les exégèses en arabe:
وَإِنَّ رَبَّكَ لَذُو فَضۡلٍ عَلَى ٱلنَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَشۡكُرُونَ
Жана сенин Раббиң, акыйкатта адамдарга ырайымдуу. Бирок, алардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт.
Les exégèses en arabe:
وَإِنَّ رَبَّكَ لَيَعۡلَمُ مَا تُكِنُّ صُدُورُهُمۡ وَمَا يُعۡلِنُونَ
Чынында, сенин Раббиң алардын көөдөндөрү эмнени жашырып, эмнени ашкере кылганын эң жакшы билет.
Les exégèses en arabe:
وَمَا مِنۡ غَآئِبَةٖ فِي ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِ إِلَّا فِي كِتَٰبٖ مُّبِينٍ
Асмандагы жана Жердеги бардык кайып нерселер анык Китепте (Лавхул Махфузда) жазылуу.
Les exégèses en arabe:
إِنَّ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانَ يَقُصُّ عَلَىٰ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ أَكۡثَرَ ٱلَّذِي هُمۡ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَ
«Чынында, бул Куран Исраил урпактарына алар талашып-тартышкан көп маселелерин(ин анык жообун) баяндап берет».
Les exégèses en arabe:
وَإِنَّهُۥ لَهُدٗى وَرَحۡمَةٞ لِّلۡمُؤۡمِنِينَ
Ал ыймандуулар үчүн ырайым жана туура жол.
Les exégèses en arabe:
إِنَّ رَبَّكَ يَقۡضِي بَيۡنَهُم بِحُكۡمِهِۦۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡعَلِيمُ
Албетте, сенин Раббиң Өзүнүн (Курандагы) өкүмү менен алардын арасында өкүм жүргүзөт. Жана Ал Кудуреттүү, Билүүчү.
Les exégèses en arabe:
فَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱللَّهِۖ إِنَّكَ عَلَى ٱلۡحَقِّ ٱلۡمُبِينِ
Эми сен (ушундай Кудуреттүү, Билүүчү) Аллахка өзүңдү тапшыр (тобокел кыл). Чынында, сен анык акыйкаттын үстүндөсүң. (Бирок, сенин жолуң, колуңдагы Куран канчалык акыйкат болсо да, аны руху өлгөн адамдар укпайт. Ошондуктан...)
Les exégèses en arabe:
إِنَّكَ لَا تُسۡمِعُ ٱلۡمَوۡتَىٰ وَلَا تُسۡمِعُ ٱلصُّمَّ ٱلدُّعَآءَ إِذَا وَلَّوۡاْ مُدۡبِرِينَ
Сен «өлүктөргө» угуза албайсың. Үгүт-чакырыкты тескери басып бараткан «дүлөйлөргө» да угуза албайсың.
Les exégèses en arabe:
وَمَآ أَنتَ بِهَٰدِي ٱلۡعُمۡيِ عَن ضَلَٰلَتِهِمۡۖ إِن تُسۡمِعُ إِلَّا مَن يُؤۡمِنُ بِـَٔايَٰتِنَا فَهُم مُّسۡلِمُونَ
(Ошондой эле), сен сокурларды адашуучулугунан туура жолго сала албайсың. Бир гана мусулман (моюн сунган) абалдарында Биздин аяттарга ыйман келтиргендерге гана (акыйкатты) угуза аласың.
Les exégèses en arabe:
۞ وَإِذَا وَقَعَ ٱلۡقَوۡلُ عَلَيۡهِمۡ أَخۡرَجۡنَا لَهُمۡ دَآبَّةٗ مِّنَ ٱلۡأَرۡضِ تُكَلِّمُهُمۡ أَنَّ ٱلنَّاسَ كَانُواْ بِـَٔايَٰتِنَا لَا يُوقِنُونَ
Качан адамдарга (убада кылынган) сөз (кыямат) келип (жакындап) калганда, аларга жерден бир жаныбар чыгарабыз.[1] Ал аларга адамдар Биздин аяттарыбызга ишенишкен жок деп сүйлөйт.
[1] Арабчада «Дааббатул Ард» деп аталган бул жаныбардын сыпаты Куран менен Сүннөттө айтылган эмес. Ошондуктан аны сүрөттөгөнгө эч кимдин укугу жок. Биз болгону ошол жаныбар чыгып, элдерге сүйлөшүнө жана бул окуя кыяматтын чоң белгилеринен бири экенине ишенебиз.
Les exégèses en arabe:
وَيَوۡمَ نَحۡشُرُ مِن كُلِّ أُمَّةٖ فَوۡجٗا مِّمَّن يُكَذِّبُ بِـَٔايَٰتِنَا فَهُمۡ يُوزَعُونَ
Биз ар бир үммөт арасындагы, аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдардан бир топторун чогултуп, анан алар (Биздин алдыбызда) тизилип калган күндү (кыяматты эстегин).
Les exégèses en arabe:
حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءُو قَالَ أَكَذَّبۡتُم بِـَٔايَٰتِي وَلَمۡ تُحِيطُواْ بِهَا عِلۡمًا أَمَّاذَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Качан алар келгенде (Аллах) айтты: «Менин аяттарымды толук билбей (түшүнбөй) туруп, аны жалганга чыгардыңарбы?! Же анда эмне кылгансыңар?!»
Les exégèses en arabe:
وَوَقَعَ ٱلۡقَوۡلُ عَلَيۡهِم بِمَا ظَلَمُواْ فَهُمۡ لَا يَنطِقُونَ
Ошентип, зулум (каапырчылык) кылгандары себептүү алардын үстүнө Сөз (азап) түштү! Алар (анда) бир да сөз сүйлөй албай калышат. (Ошондой азапка учурап калуудан мурун, бул дүйнөдө:)
Les exégèses en arabe:
أَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّا جَعَلۡنَا ٱلَّيۡلَ لِيَسۡكُنُواْ فِيهِ وَٱلنَّهَارَ مُبۡصِرًاۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ
Карашпайбы (ойлонушпайбы): Биз түндү жаратып койдук, анда эс алып, тыныгуулары үчүн..., Жана күндүздү жаратып койдук, көрүүлөрү (жана жашоо тиричилигин өткөрүүлөрү) үчүн?! Буларда ыйман келтирген адамдарга анык белгилер бар!
Les exégèses en arabe:
وَيَوۡمَ يُنفَخُ فِي ٱلصُّورِ فَفَزِعَ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ إِلَّا مَن شَآءَ ٱللَّهُۚ وَكُلٌّ أَتَوۡهُ دَٰخِرِينَ
Сур (кернейи) тартылган күнү, асмандардагы жана жердеги, Аллах каалагандардан башка бардык жандуулар катуу коркунучка түшөт. Жана экинчи ирет тартылганда бардык адамдар Аллахка моюн сунган абалда келишет.[1]
[1] Кыяматта Исрафил периште Сур деген кернейди эки жолу тартат. Биринчи жолкусунда Аллах каалагандан башка бардык адамдар жүрөгү жарылып өлүп калат. Экинчи жолу тартылганда бардык адамдар: Сурдун добушунан өлгөндөрү да, андан мурун өлгөндөрү да мүрзөлөрүнөн туруп, «Аллахка моюн сунган абалда келишет».
Les exégèses en arabe:
وَتَرَى ٱلۡجِبَالَ تَحۡسَبُهَا جَامِدَةٗ وَهِيَ تَمُرُّ مَرَّ ٱلسَّحَابِۚ صُنۡعَ ٱللَّهِ ٱلَّذِيٓ أَتۡقَنَ كُلَّ شَيۡءٍۚ إِنَّهُۥ خَبِيرُۢ بِمَا تَفۡعَلُونَ
Жана сен (кыямат күнү) тоолор (ордунда) катып турат деп ойлойсуң (жок, андай болбойт). Алар (ал күнү) булуттар учкан сыяктуу учуп жүрөт.[1] Бул ар бир нерсени мыкты жасаган Аллахтын жасаганы. Ал силердин бардык ишиңерден Кабардар.
[1] Ааламдык кагылышуу, катастрофалардын натыйжасында, жер өз огунан чыгып, андагы тоолор да атырылып, майдаланып, булуттар сыяктуу сүзүп жүрүшөт.
Les exégèses en arabe:
مَن جَآءَ بِٱلۡحَسَنَةِ فَلَهُۥ خَيۡرٞ مِّنۡهَا وَهُم مِّن فَزَعٖ يَوۡمَئِذٍ ءَامِنُونَ
Ким (тигил дүйнөгө) жакшылык (сооп иш) алып келсе, ага анысынан жакшыраак (сыйлык) берилет жана алар ошол (кыямат) күндүн коркунучунан аман болушат.
Les exégèses en arabe:
وَمَن جَآءَ بِٱلسَّيِّئَةِ فَكُبَّتۡ وُجُوهُهُمۡ فِي ٱلنَّارِ هَلۡ تُجۡزَوۡنَ إِلَّا مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Ал эми, ким жамандык (күнөө) алып келсе, алар жүздөрү менен тозокко ташталат жана: «Өзүңөрдүн ишиңерге жараша гана жаза аласыңар» (деп айтылат).
Les exégèses en arabe:
إِنَّمَآ أُمِرۡتُ أَنۡ أَعۡبُدَ رَبَّ هَٰذِهِ ٱلۡبَلۡدَةِ ٱلَّذِي حَرَّمَهَا وَلَهُۥ كُلُّ شَيۡءٖۖ وَأُمِرۡتُ أَنۡ أَكُونَ مِنَ ٱلۡمُسۡلِمِينَ
(Айткын): «Мен ушул шаардын (Меккенин) Раббисине ибадат кылууга буюрулдум. Аллах ал шаарды ыйык кылган. Бардык нерселер Аллахтын мүлкү. Жана мен мусулмандардан болууга буюрулдум.
Les exégèses en arabe:
وَأَنۡ أَتۡلُوَاْ ٱلۡقُرۡءَانَۖ فَمَنِ ٱهۡتَدَىٰ فَإِنَّمَا يَهۡتَدِي لِنَفۡسِهِۦۖ وَمَن ضَلَّ فَقُلۡ إِنَّمَآ أَنَا۠ مِنَ ٱلۡمُنذِرِينَ
Жана Куранды окуп берүүгө (да буюрулганмын). Эми, ким туура жолго түшсө, өз пайдасы үчүн. Ал эми, кимде-ким адашса, айткын: «Чынында, мен эскертүүчүлөрдүн биримин».
Les exégèses en arabe:
وَقُلِ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ سَيُرِيكُمۡ ءَايَٰتِهِۦ فَتَعۡرِفُونَهَاۚ وَمَا رَبُّكَ بِغَٰفِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُونَ
Жана айткын: «Аллахка мактоолор болсун! Жакында Ал силерге Өзүнүн аят-белгилерин көргөзөт. Анан аларды таанып аласыңар». Сенин Раббиң (эч бир) ишиңерден бейкапар эмес!
Les exégèses en arabe:
 
Traduction des sens Sourate: AN-NAML
Lexique des sourates Numéro de la page
 
Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية - Lexique des traductions

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

Fermeture