Үстүндөгү асмандар жарылып кетчүдөй болууда! Периштелер Раббисин мактап, Ага тасбих айтышууда жана жердеги пенделердин күнөөсүн кечирүүнү сурап жалбарышууда! Көңүл бургула, чынында Аллах(тын) бир Өзү гана Кечиримдүү, Ырайымдуу!
Аллахтан башка «кудайларды» өздөрүнө башчы кылып алган мушриктерди(н иштерин) Аллах сактоочу (жана Кыяматта ошого жараша жазалоочу). (Оо, Мухаммад), сен аларга өкүл-кароолчу эмессиң.
Биз сага Уммул Курааны(н элин)[1] жана анын айланасындагы элдерди, шексиз келе турган Чогулуш Күндөн (Кыяматтан) эскертишиң үчүн араб тилиндеги Куранды вахий кылдык. (Ошол күнү адамдардын) бир бөлүгү бейиште, бир бөлүгү тозокто (болушат).
[1] Уммул Кура – Мекке шаарынын бир аталышы. Мааниси «Эне шаар» же «шаарлардын энеси».
Эгер Аллах кааласа бардыгын бир (диндеги) эл кылып коймок. Бирок, (даанышмандыгы менен) каалаган пендесин Өз ырайымына (динине) киргизет. Залымдарга болсо, эч бир дос-башчы, эч бир жардамчы жок!
(Аллах-) асмандардын жана жердин Жаратуучусу. Ал силерге өзүңөрдөн жуп-түгөй жаратты. Жана Ал айбанаттардан да жуптарды жаратты. Силерди ошол (жуп-жубайлык) боюнча өндүрүп-өстүрөт. Ага (Аллахка) эч нерсе окшобойт. Ал – Угуучу, Көрүүчү!
Асмандардын жана жер (казынасынын) ачкычтары бир Өзүнүн колунда. Каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Ал бардык нерсени Билүүчү!
Ал силерге Нухка осуят кылган динди Шарият кылып берди. Биз сага вахий кылган динди(н дал өзүн) Ибрахимге, Мусага жана Исага: «Динди толук тургузгула (аткаргыла) жана анда бөлүнүп кетпегиле» – деп вахий кылганбыз. Силер даават кылган нерсе (тавхид ишеними) мушриктерге оор келди. Аллах ал нерсеге Өзү каалаган пендесин тандап, (Өзүнө) умтулган пендесин ага жолдойт.
Алар өздөрүнө (Аллах тарабынан) илим (Тоорат, Инжил) келгенден кийин гана, өз ара көралбастыктан улам бөлүнүп кетишти.[1] Жана эгер Раббиң тарабынан алдын ала айтылган «белгилүү мөөнөткө чейин (азабы кечиктирилет) деген» Сөз болбогондо (каапырлар кыйратылып) алардын арасы (эчак эле) ажырым кылып коюлмак. Алардан кийин Китепке мураскор кылынган урпактар деле Андан (Тоораттан, Инжилден) катуу шектенүүдө болушту.
[1] Аз гана бөлүгү Китепти ээрчип, тавхид (жалгыз Аллахка сыйынуу) ишениминде калды. Көпчүлүк бөлүгү буларга душман болушту.
Ошондуктан эми сен (үммөтүңө бекем) даават кыл, өзүңө буюрулгандай түз бол жана алар (каапырлар, мунафыктыр) каалаган жолдорду ээрчибе! Сен: «Аллах түшүргөн (ар бир) китепке ыйман келтирдим жана силердин араңарда адилет кылууга буюрулдум. Аллах менин да Раббим, силердин да Раббиңер. Бизге өз амал-ибадаттарыбыз, силерге да өз амал-ибадатыңар. Биз менен силердин араңарда (айтылбаган) далил калбады. Аллах биздин арабызды (Кыяматта) чогултат. Кайтуу Анын Өзүнө» – дегин.[1]
[1] Булар Ислам дааватын кабыл албаган Китеп элдерине айтылчу сөздөр. Оболу далил айтылат. Укса-укту. Укпаса «Аллах Кыяматта ажырым кылат» деп, ар ким өз ибадатын жасай берет.
Аллахтын динине (оң) жооп берилгенден (чындыгы тастыкталгандан) кийин (дагы эле) Аллах жөнүндө далилдешип (талашып-тартышып)[1] жүргөн адамдардын далилдери Раббисинин алдында жалган. Аларга (Аллах тарабынан) каар-казап жана катуу азап бар!
[1] Китеп элдери менен мушриктер Аллах жөнүндө талашып «Аллахтын баласы, кызы жардамчылары болот» дешкен.
Кыяматка ишенбеген каапырлар аны(н келишин) шаштырышат. Ыймандуулар болсо, андан коркушат жана анын Акыйкат экенин билишет. Көңүл бургула, чынында Кыяматтан шектенгендер катуу адашууда!
Ким Акырет сыйлыгын кааласа анын сооп-сыйлыгын көбөйтөбүз. Ал эми, ким дүйнө сыйлыгын кааласа, андан (каалашынча) беребиз, бирок ага Акыретте (акыреттик сыйлыктан) насип болбойт.
Же болбосо алардын (Аллахка) шерик кошкон «кудайлары» барбы (жана алар) Аллах уруксат бербеген динди аларга Шарият кылып беришеби?![1] Эгер («Алардын жазасы Кыяматта берилет» деген) чечүүчү сөз болбосо, алардын арасында (ушул дүйнөдө эле, өлүм менен) өкүм кылынмак. Чынында залымдарга жан ооруткан азап бар!
[1] Китеп элдеринин жана мушриктердин кээ бир чоңдору, диний жетекчилери өз ойлорунан адал-арам эрежелерин чыгарып элге таңуулаган. Аллах бул аятта ошол диний жетекчилерди Аллахка шерик кошулган жалган кудайларга, алар түзгөн жолдорду шариятка, алардын жолун тастыктагандарды алардын пенделерине окшотууда жана Өзүнүн жолуна атаандаш жол-шарият түзгөндөрдү эскертүүдө.
Сен залым (каапыр) адамдарды жасаган (күнөө) иштеринен (келчү азаптан) коркуп, жалдыраган абалда көрөсүң. Ал (азап) аларга түшүүчү! Ал эми, ыйман келтирип салих амал кылган адамдар, бейиш бактарында болушат. Аларга Раббилеринин алдында каалаган нерселери даяр. Бул улук пазилет!
Булар Өзүнүн ыймандуу жана салих амал кылган пенделерине Аллах сүйүнчүлөгөн куш кабар. (Оо, Мухаммад!) Айткын: «Мен ал (Куран үйрөткөнүм) үчүн силерден акы сурабаймын. (Тууган-урукчулуктун негизиндеги) жылуу мамилени гана сураймын». Ким жакшылык жасаса, Биз анысына дагы көп жакшылыктарды кошумча кылабыз. Чынында, Аллах (күнөөлөрдү) Кечирүүчү (пенделеринин жакшы иштерине андан жакшыраак) сыйлык берүүчү.
Же болбосо, (мушриктер «Мухаммад) Аллахка доомат кылды» - дешеби?! Эгер Аллах кааласа, жүрөгүңдү мөөрлөп коймок. Аллах (вахий менен) жалганды өчүрөт. Жана Өз сөздөрү менен Акыйкатты орнотот. Ал көкүрөктөрдөгү сырларды Билүүчү!
Жана Ал ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдарга (дубаларын кабыл алуу менен) жооп берет жана аларды Өз пазилетинен аларды(н сообун) көбөйтөт. Ал эми, каапырларга катуу азап бар!
Эгер Аллах пенделерине ырыскыны кенен берсе, алар жер бетинде зулумдукка берилип кетишмек. Бирок Өзү каалаган өлчөмдө түшүрөт. Ал Өз пенделерин(ин табиятын) Көрүүчү (жана) Кабардар.
Асмандар менен жерди жаратканы жана ал экөөнө жаныбарларды таратканы Анын (кудуретинин) белгилеринен. Өзү каалаган убакытта аларды чогултуп алууга Кудуреттүү.
Эгер (Аллах) кааласа, шамалды токтотуп коёт. Анан (ал) кемелер деңиз бетинде токтоп калышат. Албетте бул нерседе ар бир сабырдуу, шүгүр кылуучу пенделер үчүн белгилер (сабактар) бар.
Же болбосо, ал кемелерди (жүргүнчүлөрү) жасаган (күнөө) иштер себептүү кыйроого учуратат. (Бирок) Ал көп адамдарды(н күнөөсүн) кечирип (аман-эсен жээкке чыгарып) жиберет.
Силерге берилген нерселердин бардыгы дүйнө жашоосунун (убактылуу) пайдасы. Ал эми, ыймандуу жана Раббисине тобокел кылган кишилер үчүн Аллахтын алдындагы сыйлыктары жакшы жана түбөлүктүү.
Алар Раббисине (ар дайым) жооп беришет[1] жана намазды (калтырбай) окушат. Алардын (диний жана дүйнөлүк) иштери өз-ара масилет-кеңеш (менен болот). Жана алар Биз ырыскы кылып берген нерселерден садака-ихсан кылышат.
[1] Раббиге жооп берүү Куран өкүмдөрүн жана пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламдын буйруктарын аткаруу менен болот
Жамандыктын жазасы өзүндөй жамандык. Ал эми кимде-ким кечирип, (араны) оңдоп койсо анын сообун Аллах берет. Чынында, Аллах залымдарды сүйбөйт.[1]
[1] Адамдар зулумга карата үч түрдүү мамиле жасайт: 1-адилет; 2-пазилет; 3-зулум. Эгер бир адамга башка бирөө зыян жеткирсе, бул дагы ага өзүндөй жооп менен өчүн алса бул – адилет. Ким сабыр кылып, зулум кылуучу адамды кечирип койсо бул – пазилет. Ал эми, зулум кылган адамга жооп иретинде андан ашыгыраак зулум менен жооп берсе бул – зулум. «Аллах залымдарды сүйбөйт». Бул үч түрдүү мамиленин биринчи, экинчисине сооп, ал эми үчүнчүсүнө күнөө жазылат.
(Күнөөлөш үчүн) жол, (өзүнө зулум кылган), адамдарга (ашыкча) зулум кылган, жер бетинде акыйкатсыздык менен зордук-зомбулук кылган адамдарга каршы (ачылат). Андай адамдарга жан ооруткан азап бар.
Ал эми, Аллах кимди адаштырып койсо, Андан (Аллахтан) кийин ал үчүн эч бир дос-башчы калбайт. Жана сен залымдарды, (кыяматтагы) азапты көргөндө «(дүйнөгө) кайтууга жол бар бекен?!» деп какшап калгандарын көрөсүң.
Жана сен аларды, кордуктан моюндарын шылкыйткан абалда, (тозокко) көз кырын таштап, азапка алып келингенин көрөсүң. (Ошондо) ыймандуу адамдар айтат: «Чынында зыян тарткандар – алар Кыямат Күнү өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө зыян жеткиргендер!» Көңүл бургула! Аныгында, залымдар үзгүлтүксүз азапта!
(Артка) кайтарууга мүмкүн болбогон Күн, Аллах (таала) тарабынан келип калганга чейин Раббиңерге жооп кайтарып (буйруктарын аткарып) калгыла! Ал күндө силерге (Аллахтын азабынан) коргонор жер да, (күнөөлөрдү) четке кагуу (мүмкүнчүлүгү да) болбойт.[1]
[1] Бул аят «эртең жасайт элем» - деп ибадаттарды артка жылдыруунун жамандыгына жана бардык жакшы иштерди тезирээк жасоо керектигине далил болот.
Эгер алар жүз үйрүп кетишсе (жөн кой). Биз сени аларга сакчы кылып жибербедик. Сенин милдетиң жеткирүүдөн гана турат. Биз эгер инсанга Өз ырайымыбызды(н даамын) таттырсак, аны менен сүйүнүп (оолугуп) калат. Ал эми өзү жасаган кылмыштары себептүү бир кайгы жетсе, чынында, инсан шүгүрсүз (экенин көргөзөт).
Асмандар жана жер(дин бардык) мүлкү Аллахка таандык. Каалаган нерсесин жаратат. Каалаган пендесине кыз-перзент берет, каалаган пендесине уул-перзент берет.
Адамзатка Аллах сүйлөбөйт. Бир гана (Өз пайгамбарына) вахий-илхам иретинде, же парданын артынан сүйлөйт. Же болбосо, (периштеден) элчи жиберет. Анан ал, Өзүнүн уруксаты менен (пайгамбарга) Аллах каалаган сөздү вахий кылат. Ал эң Жогорку (жана) Даанышман!
Ошентип, Биз сага Өз буйругубуз менен Рухту (Куранды) аян-кабар кылдык. Сен (мындан мурун) китептин да, ыймандын да эмне экенин билбейт элең. Бирок Биз аны (элдер үчүн) Нур кылып, аны менен каалаган пендебизди туура жолго баштайбыз. Жана сен дагы (Куран Нуру менен) туура жолго баштайсың.
Traduction des sens du Noble Coran - La traduction kirghize - Chams Ad-Dîn Hakîmov - Lexique des traductions
Traduite par Shams ad-Din Hakimov Abdulkhaliq, développement achevé sous la supervision du Centre Rouwwâd At-Tarjamah (Les Pionniers de la Traduction).
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
Résultats de la recherche:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".