Сен Раббиңдин нээматы (пайгамбарлык) себептүү акылынан адашкан киши эмессиң.[1]
[1] Пайгамбарыбызга Ислам дини вахий аркылуу бериле баштаганда элдерге алар сыйынып жаткан ар түрдүү кудайлардын жалгандыгын айткан. Ошондо алар: «Буга эмне болгон? Ата-бабаларыбыздын динин чанып?! Бул соо эмес го! Мүмкүн муну жиндер азгырып жатса керек!» дешкен. Аллах таала жогорку аяттарда илим-билим жана улук Куран аяттары жазыла турган калем жана ал жазган аяттардын урматына ант ичип, пайгамбарын мушриктер айыптаган сөздөрдөн коргоодо.
[1] Пайгамбарыбыз саллоллоху алайхи ва салламдын адеп-ахлагы жөнүндө сурагандарга Айша энебиз: «Анын ахлагы – Куран» деп жооп берген болчу. Мунун мааниси ал ар дайым Куран көргөзгөн адептер менен «сугарылып» турган.
Сенин Раббиң, Өзүнүн жолунан ким адашып кеткенин жана ким туура жол тапканын эң жакшы билет.[1]
*[1]Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам «Аллахтан башка бардык кудайлар жалган. Силердин ата-бабаңар адашкан пенделер болчу» дегенде, жалган «кудайлардын» пенделери ага келип: «Кел, эй, Мухаммад сүйлөшүп алалы, сен биздин кудайларга тил тийгизбе, ата-бабаларыбызды адашкан деп айыптаба. Ошондо биз дагы сенин диниңе каршылык кылбайбыз» - дешет. Кийинки аяттарда Аллах Өз пайгамбарына аларга кандай жооп бериш керектигин үйрөткөн.
орой жана андан соң..., атасынын дайыны жок (тексиз) адамдарга![1]
[1] Куран чындыктарын айттырбай коюу үчүн ислам өкүлдөрү менен келишип алууга умтулган касамкор, атасынын дайыны жок, зынаадан төрөлгөндөр ар бир заманда табылат. Пайгамбарыбыздын заманында ошондой адамдардын бири Валид ибн Мугира деген ашынган каапыр эле. Валид чириген бай жана бала-чакасы көп болгон. Ал мезгилдерде кимдин перзенти көп болсо, ал ошону менен да текеберленчү.
Биз аларды бак-бостон ээлерин сынаганыбыз сыяктуу сынадык.[1] Бир кезде (бак ээлери) бакты(н түшүмүн) таңга маал (эч ким тура элек мезгилде) жыйнап алууга ант ичишти.
[1] Мекке мушриктерине Аллах таала өтө көп мөөнөт берип, дүйнөлүк нээматтардан кем кылбай, бирок ошол эле учурда кана, качан ыйман келтиришет экен деп сынап турду. Бирок алар ыйманга кирүүнүн ордуна каапырчылыкта текеберленип кетишти жана өздөрүнүн акыреттерин күйдүрүп алышты. Эмки аяттарда Аллах таала алардын бул жоругун, бак-дарактарынын түшүмүнөн ихсан (садака) кылууга кызганган, мунун натыйжасында Аллах алардын бактарына асмандан өрт жиберип, не бактан жок, не акыреттик сооптон жок куржалак олтуруп калган кишилерге окшотот.
Же болбосо, силер үчүн Биздин мойнубузда Кыямат күнүнө чейин жете турган «Силер каалаган (бардык) нерсе(лер) силер үчүн мүмкүн» деген ант-убада бар бекен?!
(Кыямат) күнү Балтыр ачылып, (бардык элдер) сажда кылууга чакырылганда, алар (мушриктер сажда кылууга) жарабай калышат.[1]
[1] Бул аят Кыяматтагы оор абал жөнүндө кабар берет. Абу Саид Худрий разияллоху анху мындай хадис риваят кылган: يوم القيامة يشتد الأمر ويصعب هوله, ويأتي الله تعالى لفصل القضاء بين الخلائق، فيكشف عن ساقه الكريمة التي لا يشبهها شيء, قال صلى الله عليه وسلم: "يكشف ربنا عن ساقه, فيسجد له كل مؤمن ومؤمنة, ويبقى مَن كان يسجد في الدنيا؛ رياء وسمعة, فيذهب ليسجد, فيعود ظهره طبقًا واحدًا" رواه البخاري: 4919 “ Мен Расулуллах саллаллоху алайхи ва салламдын мындай дегенин уктум: “(Кыяматтагы оор күндө) Раббибиз калк-калайыкка өкүм кылуу үчүн келет жана Өзүнүн (эч нерсеге окшобогон) Балтырын ачат. Анан Ага ар бир ыймандуу эркек-аял саждага жыгылат. Ошондо бул дүйнөдө эл көрсүнгө гана ийилип жүргөндөр (жана тап-такыр сажда кылбагандар) дагы сажда кылуу үчүн барышат. Бирок, алардын омурткалары катып (саждага жарабай) калат.” (Бухарий: 4919-хадис. Муслим: 183-хадис)
Көздөрү жерге кадалып, аларды кордук орогон абалда (турушат). Алар (дүйнө жашоосунда) сак-саламат болуп (сажда кылууга жарап) турганда саждага чакырылышкан эле.
(Оо, Мухаммад!) Сен бул Сөздү (Куранды) жалган дегендерди Мага кой! Биз аларды билбеген тарабынан эч билгизбей азапка салабыз![1]
[1] Бул аятта Аллах Мекке мушриктерин, каапыр болоор замат азапка салбай, акырындык менен, мөөнөт берип, бир аз - бир аздан нээмат жана өмүр берип, даражама - даража алып барып, качан алар эч нерсени капарына илбей, “Аллах бизге кайра нээмат берип жатат го. Демек, бир нерсебиз Аллахка жаккан окшойт” деп бейкапар болуп калгандан кийин гана азап жиберүү жөнүндө айтып жатат.
Же алардын алдында кайып (ааламындагы Тагдыр Китеби) барбы (жана) алар (ошондон окугандарын) жазышабы?[1]
[1] Эгер Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам дин үйрөткөнү үчүн алардан акы сурабаса же алар кайыптагы тагдыр китеби – Лавхул Махфузду окуп, андагы келечек кабарларды жазып жүрбөгөн болсо, тагыраак айтканда, өздөрүнүн тозокко түшпөөсү жөнүндө кайыптан кабар алышпаган болсо, эмне үчүн акыйкатка ушул даражада назарсыз болушат?! Эмне үчүн динге душман болуп пайгамбарга руханий-денелик зыяндарды жеткиришет?!
Эми (оо, Мухаммад) сен Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл! Балыктын «ээси» (Юнус пайгамбар) сыяктуу (элиңе сабырсыз) болбо! Бир кезде ал (балыктын ичине) жутулган бойдон (капкараңгы курсакта отуруп) Раббисине дуба кылган болчу.[1]
[1] Юнус пайгамбардын толугураак баяны менен таанышуу үчүн “Анбия”, “Саффат” жана “Юнус” сүрөлөрүнө кайрылыңыз.
Эгерде ага Раббисинин нээматы (жакшылыгы) жетпегенде, жек көрүлгөн абалда жайдак жерге (кароосуз) таштап коюлмак.[1]
[1] Бирок, андай болбоду. Аллах анын дубасын угуп, кечирип, ырайым кылганы себептүү, балык аны жайдак, ысык, жалаң жерге оозунан чыгарып таштаар замат ал жерге ашкабак дарагын өстүрүп, анын алсызданган денесин илахий көлөкө менен ырахаттандырды.
(Оо, Мухаммад) каапыр болгон адамдар зикирди (Куранды) уккан мезгилде (ичи өрттөнүп) сени көздөрү менен оодара сала жаздашат жана: «Ал жинди!» – дешет.
Traduction des sens du Noble Coran - La traduction kirghize - Chams Ad-Dîn Hakîmov - Lexique des traductions
Traduite par Shams ad-Din Hakimov Abdulkhaliq, développement achevé sous la supervision du Centre Rouwwâd At-Tarjamah (Les Pionniers de la Traduction).
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
Résultats de la recherche:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".