Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Lexique des traductions


Traduction des sens Verset: (38) Sourate: YOUSOUF
وَٱتَّبَعۡتُ مِلَّةَ ءَابَآءِيٓ إِبۡرَٰهِيمَ وَإِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَۚ مَا كَانَ لَنَآ أَن نُّشۡرِكَ بِٱللَّهِ مِن شَيۡءٖۚ ذَٰلِكَ مِن فَضۡلِ ٱللَّهِ عَلَيۡنَا وَعَلَى ٱلنَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَشۡكُرُونَ
Мен ата-бабаларым – Ибрахим, Исхак жана Якубдун динин ээрчидим. Ал – жалгыз Аллахка сыйынуу дини. Биз үчүн Аллахка башкаларды шерик кылуу ылайык эмес жана жалгыз сыйынуучулук Ага гана таандык. Мен жана ата-бабаларым тутунган ошол жалгыз Аллахка сыйынуучулук менен ыйман – бизге ийгилик берген Аллахтын жакшылыктарынан жана жалпы адамдарга кылган жакшылыктарынан. Анткени Ал аларга пайгамбарларды жиберди. Бирок адамдардын көпчүлүгү Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылышпайт, тескерисинче, аларды танышат».
Les exégèses en arabe:
Parmi les bénéfices ( méditations ) des versets de cette page:
• وجوب اتباع ملة إبراهيم، والبراءة من الشرك وأهله.
Ибрахим пайгамбардын динин ээрчүнүн жана ширк менен мушриктерден баш тартуунун милдеттиги.

• في قوله:﴿ءَأَرْبَابٌ مُّتَفَرِّقُونَ ...﴾ دليل على أن هؤلاء المصريين كانوا أصحاب ديانة سماوية لكنهم أهل إشراك.
Аллахтын «бытыранды кудайларбы?...» деген сөзүндө айтылган адамдар – көктөн түшкөн диндерди тутунгандар экенине далил болот. Бирок алар ширк кылган адамдар.

• كلُّ الآلهة التي تُعبد من دون الله ما هي إلا أسماء على غير مسميات، ليس لها في الألوهية نصيب.
Аллахтан башка сыйынылган кудайлар – алар атына заты туура келбеген аталыштардан башка эч нерсе эмес. Алардын кудай болууга эч кандай укугу жок.

• استغلال المناسبات للدعوة إلى الله، كما استغلها يوسف عليه السلام في السجن.
Аллахка даават кылууда мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып калуу. Юсуф пайгамбар да зынданда ошондой мүмкүнчүлүктү пайдаланды.

 
Traduction des sens Verset: (38) Sourate: YOUSOUF
Lexique des sourates Numéro de la page
 
Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Lexique des traductions

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Fermeture