Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Lexique des traductions


Traduction des sens Verset: (76) Sourate: YOUSOUF
فَبَدَأَ بِأَوۡعِيَتِهِمۡ قَبۡلَ وِعَآءِ أَخِيهِ ثُمَّ ٱسۡتَخۡرَجَهَا مِن وِعَآءِ أَخِيهِۚ كَذَٰلِكَ كِدۡنَا لِيُوسُفَۖ مَا كَانَ لِيَأۡخُذَ أَخَاهُ فِي دِينِ ٱلۡمَلِكِ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُۚ نَرۡفَعُ دَرَجَٰتٖ مَّن نَّشَآءُۗ وَفَوۡقَ كُلِّ ذِي عِلۡمٍ عَلِيمٞ
Аларды Юсуфка куржундарын текшерткени алып келишти. Айла-амалды жашырыш үчүн инисинин куржунунан мурун агаларынын куржундарын текшерип баштады. Андан соң инисинин куржунун текшерди. Анын куржунунан падышанын чөйчөгүн сууруп чыкты. Биз Юсуфка инисинин куржунуна чөйчөктү салдырып айла-амал үйрөткөнүбүз сыяктуу ага башка бир айла-амалды да үйрөттүк. Ал айла-амал бир туугандарын өздөрү жактын салты боюнча ууруну кул кылып жазалоо эле. Эгерде ал падышанын жазасы боюнча ууруга балак уруп, айып пул төлөтүү менен жазалай турган болсо, анда бул нерсе ишке ашпайт болчу. Бир гана Аллах башка айла-амалды кааласа ишке ашмак. Ал ага кудуреттүү. Биз Юсуфтун даражасын көтөргөн сыяктуу Өзүбүз каалаган пенделерибиздин да даражасын көтөрөбүз. Ар бир илимдүүнүн үстүндө андан да илимдүүсү бар. Ал эми Аллахтын илими бүткүл илимден жогору турат. Ал бүт баарын билет.
Les exégèses en arabe:
Parmi les bénéfices ( méditations ) des versets de cette page:
• جواز الحيلة التي يُتَوصَّل بها لإحقاق الحق، بشرط عدم الإضرار بالغير.
Башкаларга зыян алып келбегендей шартта акыйкатты ишке ашырыш үчүн айла-амал колдонууга уруксат.

• يجوز لصاحب الضالة أو الحاجة الضائعة رصد جُعْل «مكافأة» مع تعيين قدره وصفته لمن عاونه على ردها.
Бир нерсесин жоготкон адамга аны табууга жардам бергендерге сыпаты жана өлчөмү белгилүү болгон кызыктыруучу сыйлык коюуга уруксат.

• التغافل عن الأذى والإسرار به في النفس من محاسن الأخلاق.
Ызаны ичке катуу жана аны жашыруу – адамдагы асыл сыпаттардан.

 
Traduction des sens Verset: (76) Sourate: YOUSOUF
Lexique des sourates Numéro de la page
 
Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Lexique des traductions

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Fermeture