Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Lexique des traductions


Traduction des sens Verset: (31) Sourate: AL-ISRÂ’
وَلَا تَقۡتُلُوٓاْ أَوۡلَٰدَكُمۡ خَشۡيَةَ إِمۡلَٰقٖۖ نَّحۡنُ نَرۡزُقُهُمۡ وَإِيَّاكُمۡۚ إِنَّ قَتۡلَهُمۡ كَانَ خِطۡـٔٗا كَبِيرٗا
Эгерде балдарыбызды баксак, кийин ачка калабыз деп коркуп аларды өлтүрбөгүлө. Биз аларга да жана силерге да ырыскы берүүнү Өзүбүздүн кепилдигибизге алабыз. Аларды өлтүрүү чоң күнөө. Анткени алардын күнөөсү жок жана аларды өлтүрүүгө түрткөн себеп да жок.
Les exégèses en arabe:
Parmi les bénéfices ( méditations ) des versets de cette page:
• الأدب الرفيع هو رد ذوي القربى بلطف، ووعدهم وعدًا جميلًا بالصلة عند اليسر، والاعتذار إليهم بما هو مقبول.
Жакын туугандарга жумшактык менен жооп кайтаруу, бакубатчылыкта алар менен карым-катнашты кубаттоо жана үзүрлүү абалдарда алардан кечирим суроо – улуу адептерден болуп эсептелет.

• الله أرحم بالأولاد من والديهم؛ فنهى الوالدين أن يقتلوا أولادهم خوفًا من الفقر والإملاق وتكفل برزق الجميع.
Аллах таала балдарга ата-энесинен да мээримдүү. Ошондуктан Ал кедейликтен, жокчулуктан коркуп ата-энелерди өз балдарын өлтүрүүсүнөн тыйды жана бүт баарынын ырыскысын Өз мойнуна алды.

• في الآيات دليل على أن الحق في القتل للولي، فلا يُقْتَص إلا بإذنه، وإن عفا سقط القصاص.
Кылмышкерди өлтүрүү укугу өлгөн адамдын жакындарына гана берилет жана алардын уруксаты менен гана өч алынат. Эгер аны кечип жиберишкен болсо, анда өч алынбайт. Буга аяттарда далилдер келди.

• من لطف الله ورحمته باليتيم أن أمر أولياءه بحفظه وحفظ ماله وإصلاحه وتنميته حتى يبلغ أشده.
Жетимдин жоопкерчилигин алган адамдарга ал бой жеткенге чейин анын мал-мүлкүн жок кылбай сактоого жана туура пайдаланып аны көбөйтүүгө болгон Аллахтын буйругу – Анын жетимдерге болгон мээримдүүлүгүнөн жана ырайымдуулугунан.

 
Traduction des sens Verset: (31) Sourate: AL-ISRÂ’
Lexique des sourates Numéro de la page
 
Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Lexique des traductions

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Fermeture