Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Lexique des traductions


Traduction des sens Verset: (18) Sourate: AL-KAHF
وَتَحۡسَبُهُمۡ أَيۡقَاظٗا وَهُمۡ رُقُودٞۚ وَنُقَلِّبُهُمۡ ذَاتَ ٱلۡيَمِينِ وَذَاتَ ٱلشِّمَالِۖ وَكَلۡبُهُم بَٰسِطٞ ذِرَاعَيۡهِ بِٱلۡوَصِيدِۚ لَوِ ٱطَّلَعۡتَ عَلَيۡهِمۡ لَوَلَّيۡتَ مِنۡهُمۡ فِرَارٗا وَلَمُلِئۡتَ مِنۡهُمۡ رُعۡبٗا
Эгерде аларды көрсөң алардын көздөрү ачык бойдон турганын көрүп ойгоо деп ойлойсуң. Бирок алар уйкуда. Жер алардын денелерин чиритип жибербеш үчүн аларды уйкуларында кээде оң жакка, кээде сол жакка оодарып турдук. Алар менен бирге жүргөн ити да алдыңкы буттарын сунуп үңкүрдүн оозунда уйкуда болду. Эгерде аларды көрүп калсаң, анда алардан чоочуп артка карай качмаксың. Алардан коркуп кетмексиң.
Les exégèses en arabe:
Parmi les bénéfices ( méditations ) des versets de cette page:
• من حكمة الله وقدرته أن قَلَّبهم على جنوبهم يمينًا وشمالًا بقدر ما لا تفسد الأرض أجسامهم، وهذا تعليم من الله لعباده.
Аллах даанышмандуулугу менен жана кудурети менен жер адамдын денесин чиритип жибербеш үчүн адамды уктаганда оң жагына жана сол жагына оодарып турат.

• جواز اتخاذ الكلاب للحاجة والصيد والحراسة.
Үй-жайды кайтаруу үчүн, ууга чыгуу үчүн жана башка муктаждык үчүн ит бакса уруксат.

• انتفاع الإنسان بصحبة الأخيار ومخالطة الصالحين حتى لو كان أقل منهم منزلة، فقد حفظ ذكر الكلب لأنه صاحَبَ أهل الفضل.
Адам такыба жана жакшы адамдар менен туура мамиледе болуш керек. Алардан даражасы төмөн болсо да алар менен бирге жүрүү керек. Анткени бул окуяда айтылган ит такыба адамдар менен бирге болгондуктан, ал туурасында Куранда айтылып калды.

• دلت الآيات على مشروعية الوكالة، وعلى حسن السياسة والتلطف في التعامل مع الناس.
Бул аяттар соодада башка бирөөнү өкүл кылуу уруксат экендигине далил болот. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөз менен жана жумшак мамиледе болууга үндөйт.

 
Traduction des sens Verset: (18) Sourate: AL-KAHF
Lexique des sourates Numéro de la page
 
Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Lexique des traductions

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Fermeture