Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Lexique des traductions


Traduction des sens Verset: (52) Sourate: AL-KAHF
وَيَوۡمَ يَقُولُ نَادُواْ شُرَكَآءِيَ ٱلَّذِينَ زَعَمۡتُمۡ فَدَعَوۡهُمۡ فَلَمۡ يَسۡتَجِيبُواْ لَهُمۡ وَجَعَلۡنَا بَيۡنَهُم مَّوۡبِقٗا
Оо, пайгамбар! Аларга эскерт, бул дүйнөдө Аллахка шерик кошкондорго кыяматта айтылат: «Кана, силер Мага шерик деп ойлогон шериктериме дуба кылгылачы? Балким алар силерге жардам беришер». Алар жалбарып дуба кылышат, бирок алар дубаларына жооп беришпейт, жардам да беришпейт. Биз алар менен кудайларынын ортосунда аларды бириктирген кыйратуучу жай кылдык, ал тозок оту.
Les exégèses en arabe:
Parmi les bénéfices ( méditations ) des versets de cette page:
• على العبد الإكثار من الباقيات الصالحات، وهي كل عمل صالح من قول أو فعل يبقى للآخرة.
Пенде сообу түбөлүк калуучу иштерди көп кылуусу зарыл. Алар сөз же иш түрүндө аткарылып акыретке калган бардык жакшылык иштер.

• على العبد تذكر أهوال القيامة، والعمل لهذا اليوم حتى ينجو من أهواله، وينعم بجنة الله ورضوانه.
Пендеге кыяматтагы коркунучтарды эстеп туруу жана андагы коркунучтардан аман калыш үчүн ал күн үчүн амал кылуу зарыл. Ошондо ал Аллахтын ыраазылыгына жана бейиш ырахатына бөлөнөт.

• كَرَّم الله تعالى أبانا آدم عليه السلام والجنس البشري بأجمعه بأمره الملائكة أن تسجد له في بدء الخليقة سجود تحية وتكريم.
Аллах таала түпкү атабыз Адамды жана бүткүл адамзатты урматтады жана аны жаңы жаратканда периштелерге ага сый-урмат көрсөтүп саламдашуу иретинде сажда кылууларын буйруду.

• في الآيات الحث على اتخاذ الشيطان عدوًّا.
Аяттарда шайтанды душман туткула деген чакырык айтылды.

 
Traduction des sens Verset: (52) Sourate: AL-KAHF
Lexique des sourates Numéro de la page
 
Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Lexique des traductions

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Fermeture