Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Lexique des traductions


Traduction des sens Verset: (140) Sourate: AL-BAQARAH
أَمۡ تَقُولُونَ إِنَّ إِبۡرَٰهِـۧمَ وَإِسۡمَٰعِيلَ وَإِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَ وَٱلۡأَسۡبَاطَ كَانُواْ هُودًا أَوۡ نَصَٰرَىٰۗ قُلۡ ءَأَنتُمۡ أَعۡلَمُ أَمِ ٱللَّهُۗ وَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّن كَتَمَ شَهَٰدَةً عِندَهُۥ مِنَ ٱللَّهِۗ وَمَا ٱللَّهُ بِغَٰفِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُونَ
Эй, китеп ээлери! Же силер: «Ибрахим, Исмаил, Исхак, Якуб жана анын урпактарынан чыккан пайгамбарлар иудаизм же христиан дининде болгон» – дейсиңерби? Оо, пайгамбар! Аларга жооп кылып: «Силер билесиңерди жа Аллах билеби?» – айт. Эгерде алар ошолордун дининде болгонбуз дешсе, анда жалган айтышты. Анткени алардын жиберилүүсү жана өлүмү Тоорат менен Инжил түшүрүлгөнгө чейин болгон. Ушундан улам алардын айткандары Аллахка жана Анын элчилерине карата жалган жалаа экени жана аларга түшүрүлгөн акыйкатты жашырып жатышканы белгилүү болот. Китеп ээлери кылган сыяктуу Аллахтан келген анык күбөлүктү билип туруп жашырган адамдан өткөн залым жок. Аллах алардын иш-аракеттеринен бейкапар эмес. Жакында аларга анын жазасын берет.
Les exégèses en arabe:
Parmi les bénéfices ( méditations ) des versets de cette page:
• أن دعوى أهل الكتاب أنهم على الحق لا تنفعهم وهم يكفرون بما أنزل الله على نبيه محمد صلى الله عليه وسلم.
Китеп ээлери өздөрүн акыйкаттабыз деп айтуусу аларга пайда келтирбейт жана алар Аллах пайгамбары Мухаммадга түшүргөн нерсеге каапырлык кылышат.

• سُمِّي الدين صبغة لظهور أعماله وسَمْته على المسلم كما يظهر أثر الصبغ في الثوب.
Диндин «боёк (сибга)» деп аталышынын себеби – кийимдеги боёктун тагы көрүнүп турган сыяктуу мусулмандын да иш-аракеттери жана асыл белгилери ачык көрүнүп турат.

• أن الله تعالى قد رَكَزَ في فطرةِ خلقه جميعًا الإقرارَ بربوبيته وألوهيته، وإنما يضلهم عنها الشيطان وأعوانه.
Аллах таала Өзүнүн жалгыз жаратуучулугун (рубубият) жана жалгыз Өзү сыйынууга татыктуулугун (улухият) моюнга алууну бүткүл макулуктардын табиятына салып койгон. Аларды андан шайтан жана анын жан-жөкөрлөрү гана адаштырат.

 
Traduction des sens Verset: (140) Sourate: AL-BAQARAH
Lexique des sourates Numéro de la page
 
Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Lexique des traductions

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Fermeture