Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Lexique des traductions


Traduction des sens Verset: (20) Sourate: AL-BAQARAH
يَكَادُ ٱلۡبَرۡقُ يَخۡطَفُ أَبۡصَٰرَهُمۡۖ كُلَّمَآ أَضَآءَ لَهُم مَّشَوۡاْ فِيهِ وَإِذَآ أَظۡلَمَ عَلَيۡهِمۡ قَامُواْۚ وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ لَذَهَبَ بِسَمۡعِهِمۡ وَأَبۡصَٰرِهِمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
Чагылган катуу жаркырагы менен алардын көзүн алып коё жаздайт. Качан чагылган жарк этип жарык чачканда алдыга жылышат, жарык чачпай калганда карангылыкта жылбай туруп калышат. Алар акыйкаттан жүз бурушканы үчүн Аллах кааласа бүткүл нерсени камтыган Өз кудурети менен алардын көрүүсүн жана угуусун кайтпай тургандай кылып алып коймок. Жамгыр Куранга мисал, күндүн күркүрөгөн үнү тыйылган иштерди камтыган нерселерге мисал, чагылгандын жаркырагы аларга кээде чындык көрүнүп турганына мисал кылынды. Ал эми чагылгандын катуу соккусунан улам кулактарын жабуусу, алардын акыйкаттан жүз буруп, ага жооп бербегендигине мисал кылынды. Эки жүздүүлөр менен эки мисалда айтылган адамдардын окшоштугу – алардын пайда албаганында. От тууралуу мисалда, от жаккан адам караңгылыктан жана күйгүзүүдөн башка пайда алган жок. Ал эми суу тууралуу мисалда, жамгырда калган адамдар, аларды күндүн күркүрөөсү, чагылгандын жаркыроосу сыяктуу нерселер тынчын алып, коркунучка салган нерселерден башка эч кандай пайда алышкан жок. Ошол сыяктуу эки жүздүүлөр да Исламдан катаалдык менен мерездиктен башка эч нерсени көрүшпөйт.
Les exégèses en arabe:
Parmi les bénéfices ( méditations ) des versets de cette page:
• أن الله تعالى يخذل المنافقين في أشد أحوالهم حاجة وأكثرها شدة؛ جزاء نفاقهم وإعراضهم عن الهدى.
Эки жүздүүлөр туура жолдон баш тартып, эки жүздүүлүк кылганы үчүн Аллах таала аларды эң муктаж жана эң оор учурларда жардамсыз таштайт.

• من أعظم الأدلة على وجوب إفراد الله بالعبادة أنه تعالى هو الذي خلق لنا ما في الكون وجعله مسخَّرًا لنا.
Аллахтын Өзүнө гана сыйынуу милдет экендигинин эң чоң далилдеринин бири – Ал биз үчүн ааламды жаратып, аны бизге баш ийдирип койгону.

• عجز الخلق عن الإتيان بمثل سورة من القرآن الكريم يدل على أنه تنزيل من حكيم عليم.
Адамдардын ыйык Курандагыдай бир дагы сүрөө келтире албаганы, ал Даанышман жана Билүүчү тараптан түшкөндүгүнө далил болот.

 
Traduction des sens Verset: (20) Sourate: AL-BAQARAH
Lexique des sourates Numéro de la page
 
Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Lexique des traductions

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Fermeture