Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Lexique des traductions


Traduction des sens Verset: (85) Sourate: AL-BAQARAH
ثُمَّ أَنتُمۡ هَٰٓؤُلَآءِ تَقۡتُلُونَ أَنفُسَكُمۡ وَتُخۡرِجُونَ فَرِيقٗا مِّنكُم مِّن دِيَٰرِهِمۡ تَظَٰهَرُونَ عَلَيۡهِم بِٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡعُدۡوَٰنِ وَإِن يَأۡتُوكُمۡ أُسَٰرَىٰ تُفَٰدُوهُمۡ وَهُوَ مُحَرَّمٌ عَلَيۡكُمۡ إِخۡرَاجُهُمۡۚ أَفَتُؤۡمِنُونَ بِبَعۡضِ ٱلۡكِتَٰبِ وَتَكۡفُرُونَ بِبَعۡضٖۚ فَمَا جَزَآءُ مَن يَفۡعَلُ ذَٰلِكَ مِنكُمۡ إِلَّا خِزۡيٞ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۖ وَيَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ يُرَدُّونَ إِلَىٰٓ أَشَدِّ ٱلۡعَذَابِۗ وَمَا ٱللَّهُ بِغَٰفِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُونَ
Андан соң силер бул келишимди бузуп, бири-бириңерди өлтүрдүңөр, өзүңөрдөн болгон бир топко каршы душмандардан жардам сурап, аларды өз жеринен зулумдук жана душмандык менен кууп чыктыңар. Эгерде алар душмандардын колунда силерге туткун болуп келишсе, аларды өз жеринен кууп чыгуу силерге арам болгондугуна карабастан, аларды туткундан бошотуу үчүн кун төлөгөнгө шаштыңар. Силер Тооратта келген туткундарды кун төлөп бошотуунун милдеттиги тууралуу кээ бир нерселерге ыйман келтирип, ал эми андагы айтылган кан төкпөгүлө, бири-бириңерди кууп чыкпагыла деген сыяктуу кээ бир нерселерге кантип каапырлык кылып жатасыңар? Силердин араңарда ушундай кылган адам үчүн бул дүйнө жашоосунда кордук менен төмөндүктөн башка жаза жок. Ал эми акыретте болсо эң катаал азапка кайтарылат. Аллах силердин кылганыңардан бейкапар эмес, Ал аны билип турат жана жакында силерге анын жазасын берет.
Les exégèses en arabe:
Parmi les bénéfices ( méditations ) des versets de cette page:
• من أعظم الكفر: الإيمان ببعض ما أنزل الله والكفر ببعضه؛ لأن فاعل ذلك قد جعل إلهه هواه.
Аллах түшүргөн нерселердин кээ бирлерине ыйман келтирип, кээ бирлерине каапырлык кылуу – эң чоң каапырлыктардан. Анткени мындай кылган адам өз напси каалоосун кудай кылып алган.

• عِظَم ما بلغه اليهود من العناد، واتباع الهوى، والتلاعب بما أنزل الله تعالى.
Жөөттөрдүн баш ийбестик, напси каалоону ээрчүү жана Аллах түшүргөн нерселерди оюн тутуу аркылуу жеткен нерселеринин оордугу.

• فضل الله تعالى ورحمته بخلقه، حيث تابع عليهم إرسال الرسل وإنزال الكتب لهدايتهم للرشاد.
Пенделерди тууралыкка багыттоо үчүн аларга пайгамбарларды байма-бай жиберүү жана китептерди түшүрүү – Аллахтын аларга болгон жакшылыгы жана ырайымлуулугу.

• أن الله يعاقب المعرضين عن الهدى المعاندين لأوامره بالطبع على قلوبهم وطردهم من رحمته؛ فلا يهتدون إلى الحق، ولا يعملون به.
Туура жолдон баш тарткандарды, буйруктарына баш ийбестик кылгандарды Аллах алардын жүрөктөрүнө мөөр басып, аларды Өз ырайымынан алыстатуу менен жазалайт. Ошондо алар акыйкатка карай жол табышпайт жана аны иш жүзүнө да ашыра алышпайт.

 
Traduction des sens Verset: (85) Sourate: AL-BAQARAH
Lexique des sourates Numéro de la page
 
Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Lexique des traductions

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Fermeture