Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Lexique des traductions


Traduction des sens Verset: (61) Sourate: TÂ-HÂ
قَالَ لَهُم مُّوسَىٰ وَيۡلَكُمۡ لَا تَفۡتَرُواْ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبٗا فَيُسۡحِتَكُم بِعَذَابٖۖ وَقَدۡ خَابَ مَنِ ٱفۡتَرَىٰ
Муса Фараондун сыйкырчыларына насаат кылып айтты: «Сак болгула! Адамдарды сыйкырлык менен алдап Аллахка жалган жалаа жаппагыла! Ал силерге Өз азабын жөнөтүп, түп-тамырыңар менен жок кылып коёт. Аллахка жалган жалаа жапкандар сөзсүз зыянга учурайт».
Les exégèses en arabe:
Parmi les bénéfices ( méditations ) des versets de cette page:
• إخراج أصناف من النبات المختلفة الأنواع والألوان من الأرض دليل واضح على قدرة الله تعالى ووجود الصانع.
Жер бетинен түрдүү-түстүү ар кандай түрдөгү өсүмдүктөрдү чыгаруу – бул Аллахтын кудуреттүүлүгүнө жана Жаратуучунун бар экендигинин ачык-айкын далили.

• ذكرت الآيات دليلين عقليين واضحين على الإعادة: إخراج النبات من الأرض بعد موتها، وإخراج المكلفين منها وإيجادهم.
Аяттарда кайра тирилүү боюнча логикалык эки ачык далил айтылды: өсүмдүктөр өлгөндөн кийин аларды кайра жерден чыгаргандай эле Аллах адамдарды да өлгөндөн кийин кайра тирилтип андан чыгарат.

• كفر فرعون كفر عناد؛ لأنه رأى الآيات عيانًا لا خبرًا، واقتنع بها في أعماق نفسه.
Фараондун каапырлыгы – көшөрмө каапырлык. Анткени ал аят-белгилерди сөз менен эмес, көз менен көрдү жана жүрөк түпкүрүндө аны туура деп эсептеди.

• اختار موسى يوم العيد؛ لتعلو كلمة الله، ويظهر دينه، ويكبت الكفر، أمام الناس قاطبة في المجمع العام ليَشِيع الخبر.
Жапырт чогулган эл алдында Аллахтын сөзү бийик болуш үчүн, дини жеңишке жетип, каапырлык кор болуп жеңилгени элге таркалуусу үчүн Муса пайгамбар майрам күндү тандады.

 
Traduction des sens Verset: (61) Sourate: TÂ-HÂ
Lexique des sourates Numéro de la page
 
Traduction des sens du Noble Coran - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Lexique des traductions

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Fermeture