Check out the new design

Traduction des sens du Noble Coran - La traduction kirghize du Résumé dans l'Exégèse du noble Coran * - Lexique des traductions


Traduction des sens Verset: (18) Sourate: Al Hashr
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَلۡتَنظُرۡ نَفۡسٞ مَّا قَدَّمَتۡ لِغَدٖۖ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ خَبِيرُۢ بِمَا تَعۡمَلُونَ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахтын буйруктарын аткарып жана тыйгандарын таштап Андан корккула! Ар бир жан кыямат күнүнө кандай жакшылык иш даярдаганын карасын. Аллахтан корккула! Чындыгында Аллах силердин кылган ишиңерден Кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында силерге алардын жазасын же сыйлыгын берет.
Les exégèses en arabe:
Parmi les bénéfices ( méditations ) des versets de cette page:
• من علامات توفيق الله للمؤمن أنه يحاسب نفسه في الدنيا قبل حسابها يوم القيامة.
Аллахтын ыймандууга берген ийгилик белгилеринин бири – ал кыяматтагы суракка чейин бул дүйнөдө өзүн-өзү суракка алуусу.

• في تذكير العباد بشدة أثر القرآن على الجبل العظيم؛ تنبيه على أنهم أحق بهذا التأثر لما فيهم من الضعف.
Курандын улуу тоого болгон күчтүү таасирин пенделерге эскертүүдө, алар өздөрүндөгү болгон алсыздык себептүү андан да катуу таасир алууга татыктуу экенин эстерине салуу камтылган.

• أشارت الأسماء (الخالق، البارئ، المصور) إلى مراحل تكوين المخلوق من التقدير له، ثم إيجاده، ثم جعل له صورة خاصة به، وبذكر أحدها مفردًا فإنه يدل على البقية.
Аллахтын Жаратуучу, бар Кылуучу, келбет Берүүчү деген ысымдары макулуктун жаралуу этаптарына ишарат берет. Мисалы, анын тагдырын белгилөө, кийин аны бар кылуу, кийин ага өзүнө жараша келбет берүү. Бул ысымдар жекече айтылганда башкаларынын да маанилерин өзүнө камтыйт.

 
Traduction des sens Verset: (18) Sourate: Al Hashr
Lexique des sourates Numéro de la page
 
Traduction des sens du Noble Coran - La traduction kirghize du Résumé dans l'Exégèse du noble Coran - Lexique des traductions

Émanant du Centre d'Exégèse pour les Études Coraniques.

Fermeture