Check out the new design

Traduction des sens du Noble Coran - La traduction kirghize du Résumé dans l'Exégèse du noble Coran * - Lexique des traductions


Traduction des sens Sourate: Al Mumtahanah   Verset:

Мумтахана

Parmi les objectifs de la sourate:
تحذير المؤمنين من تولي الكافرين.
Ыймандуу мусулмандарга каапырлар менен дос болбогула деген эскертүү.

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَتَّخِذُواْ عَدُوِّي وَعَدُوَّكُمۡ أَوۡلِيَآءَ تُلۡقُونَ إِلَيۡهِم بِٱلۡمَوَدَّةِ وَقَدۡ كَفَرُواْ بِمَا جَآءَكُم مِّنَ ٱلۡحَقِّ يُخۡرِجُونَ ٱلرَّسُولَ وَإِيَّاكُمۡ أَن تُؤۡمِنُواْ بِٱللَّهِ رَبِّكُمۡ إِن كُنتُمۡ خَرَجۡتُمۡ جِهَٰدٗا فِي سَبِيلِي وَٱبۡتِغَآءَ مَرۡضَاتِيۚ تُسِرُّونَ إِلَيۡهِم بِٱلۡمَوَدَّةِ وَأَنَا۠ أَعۡلَمُ بِمَآ أَخۡفَيۡتُمۡ وَمَآ أَعۡلَنتُمۡۚ وَمَن يَفۡعَلۡهُ مِنكُمۡ فَقَدۡ ضَلَّ سَوَآءَ ٱلسَّبِيلِ
Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Мага жана силерге душман болгондорду жакшы көрүп дос тутпагыла! Алар силердин пайгамбарыңардын колу менен келген динге каапырлык кылышты. Алар пайгамбарга кошуп силерди дагы Меккедеги турак-жайларыңардан чыгарышты. Алар силерге келгенде жакындыкка да, туугандыкка да, дегеле эч нерсеге карашпайт. Анткени силер Раббиңер Аллахка ыйман келтиргенсиңер. Эгерде Менин жолумда согушуу үчүн жана Менин ыраазылыгыма жетүү үчүн чыксаңар, анда андай кылбагыла, аларга болгон сүйүүдөн улам мусулмандардын кабарларын жашыруун жеткирбегиле. Мен силердин ал тууралуу эмнени жашырып, эмнени жарыялаганыңарды билемин. Ал болобу же башкасы болобу, алардын эч бири Мага жашыруун эмес. Кимде-ким каапырлар менен ошондой достук мамиледе болуп, аларга жакындык кылса, анда ал жолдун ортосунан чыгып кетти, акыйкаттан адашты жана тууралыктан четтеди.
Les exégèses en arabe:
إِن يَثۡقَفُوكُمۡ يَكُونُواْ لَكُمۡ أَعۡدَآءٗ وَيَبۡسُطُوٓاْ إِلَيۡكُمۡ أَيۡدِيَهُمۡ وَأَلۡسِنَتَهُم بِٱلسُّوٓءِ وَوَدُّواْ لَوۡ تَكۡفُرُونَ
Эгер аларда силерге үстөм кылууга мүмкүнчүлүк түзүлсө эле, алар жүрөктөрүндө каткан кастыкты ачыкка чыгарышат, кордук көрсөтүү жана уруу менен силерге колдорун созушат, сөгүп жана урушуп тилине ээ чыга алышпайт жана алардай болуп Аллахка жана Анын элчисине каапыр болушуңарды каалап турушат.
Les exégèses en arabe:
لَن تَنفَعَكُمۡ أَرۡحَامُكُمۡ وَلَآ أَوۡلَٰدُكُمۡۚ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ يَفۡصِلُ بَيۡنَكُمۡۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٞ
Эгерде каапырлар менен алар үчүн достошсоңор, анда силерге тууган-уругуңар да, бала-чакаңар да пайда келтирбейт. Кыямат күнү Аллах силерди бөлөт, араңардагы бейиш ээлери бейишке, тозок ээлери тозокко кирет. Бири-бириңерге пайда келтире албайсыңар. Аллах кылып жаткан ишиңерди Көрүүчү. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында силерге алардын сыйлыгын же жазасын берет.
Les exégèses en arabe:
قَدۡ كَانَتۡ لَكُمۡ أُسۡوَةٌ حَسَنَةٞ فِيٓ إِبۡرَٰهِيمَ وَٱلَّذِينَ مَعَهُۥٓ إِذۡ قَالُواْ لِقَوۡمِهِمۡ إِنَّا بُرَءَٰٓؤُاْ مِنكُمۡ وَمِمَّا تَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ كَفَرۡنَا بِكُمۡ وَبَدَا بَيۡنَنَا وَبَيۡنَكُمُ ٱلۡعَدَٰوَةُ وَٱلۡبَغۡضَآءُ أَبَدًا حَتَّىٰ تُؤۡمِنُواْ بِٱللَّهِ وَحۡدَهُۥٓ إِلَّا قَوۡلَ إِبۡرَٰهِيمَ لِأَبِيهِ لَأَسۡتَغۡفِرَنَّ لَكَ وَمَآ أَمۡلِكُ لَكَ مِنَ ٱللَّهِ مِن شَيۡءٖۖ رَّبَّنَا عَلَيۡكَ تَوَكَّلۡنَا وَإِلَيۡكَ أَنَبۡنَا وَإِلَيۡكَ ٱلۡمَصِيرُ
Оо, ыймандуулар! Силер үчүн Ибрахимде жана аны менен бирге болгон ыймандуу адамдарда жакшы өрнөк бар. Бир кезде алар каапыр коомуна: «Биз силерге жана Аллахтан башка сыйынган кудайларыңарга эч тиешебиз жок. Биз силер тутунган динге каапырлык кылдык. Силер Аллахка ширк кылбастан, жалгыз Ага ыйман келтирмейинче, биз менен силердин ортобузда душмандык жана жек көрүү жаралды» – деп айтышты. Андыктан силер дагы аларга окшогон каапыр коомуңардан баш тартууңар керек. Бирок Ибрахимдин атасына карата айткан: «Мен сиз үчүн Аллахтан кечирим сураймын. Мен сизди Аллахтын азабынан эч коргой албаймын» – сөзүндө аны өрнөк тутпагыла. Анткени бул Ибрахим атасынан үмүт үзгөнгө чейин болгон. Ошондуктан ыймандуу адам мушрик үчүн кечирим сурабаш керек. Раббибиз! Бүткүл ишибизде Сага таяндык, тообо кылып Сага кайттык жана кыямат күнү кайтып баруу – Өзүңө гана.
Les exégèses en arabe:
رَبَّنَا لَا تَجۡعَلۡنَا فِتۡنَةٗ لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ وَٱغۡفِرۡ لَنَا رَبَّنَآۖ إِنَّكَ أَنتَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Раббибиз! Бизди каапырларга көз каранды кылуу менен аларга сыноо кылба. Ошондо алар бизге: «Эгерде акыйкатта болсоңор, бизге көз каранды болбойт элеңер» – деп айтышпасын. Раббибиз, күнөөлөрүбүздү кечир. Чындыгында Сен жеңилбеген Кудуреттүүсүң жана Өз жаратууңда, шариятыңда жана кудуреттүүлүгүңдө Даанышмансың.
Les exégèses en arabe:
Parmi les bénéfices ( méditations ) des versets de cette page:
• تسريب أخبار أهل الإسلام إلى الكفار كبيرة من الكبائر.
Мусулмандардын кабарын каапырларга жашыруун билдирүү чоң күнөөлөрдөн.

• عداوة الكفار عداوة مُتَأصِّلة لا تؤثر فيها موالاتهم.
Каапырлардын душмандыгы – алар менен достошуу таасир этпеген тамыры терең душмандык.

• استغفار إبراهيم لأبيه لوعده له بذلك، فلما نهاه الله عن ذلك لموته على الكفر ترك الاستغفار له.
Ибрахимдин атасына берген убадасы себептүү ал үчүн кечирим суроосу. Качан Аллах аны каапырлыкта өлөт деп андай кылуудан тыйганда, ал үчүн кечирим суроону токтотту.

 
Traduction des sens Sourate: Al Mumtahanah
Lexique des sourates Numéro de la page
 
Traduction des sens du Noble Coran - La traduction kirghize du Résumé dans l'Exégèse du noble Coran - Lexique des traductions

Émanant du Centre d'Exégèse pour les Études Coraniques.

Fermeture