Check out the new design

Traduction des sens du Noble Coran - La traduction kirghize du Résumé dans l'Exégèse du noble Coran * - Lexique des traductions


Traduction des sens Sourate: Al Anfâl   Verset:
وَٱذۡكُرُوٓاْ إِذۡ أَنتُمۡ قَلِيلٞ مُّسۡتَضۡعَفُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ تَخَافُونَ أَن يَتَخَطَّفَكُمُ ٱلنَّاسُ فَـَٔاوَىٰكُمۡ وَأَيَّدَكُم بِنَصۡرِهِۦ وَرَزَقَكُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَٰتِ لَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ
Оо, ыймандуулар, эстегиле, силер Меккеде аз санда элеңер, Мекке эли силерди алсыратып, кордойт эле. Душмандарыңар силерди тез арада тоноп кетүүсүнөн коркот элеңер. Кийин Аллах силерге Мадинаны орун кылып берди. Бадр сыяктуу согуш жерлеринде душманыңарды жеңилдирип, силерге күч-кубат берди. Силерге адал, таза ырыскы берди, анын ичинде душманыңардан алган олжолор да бар. Балким, Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылсаңар, аны дагы көбөйтүп берет.Анын жакшылыктарына каапырлык кылбагыла, анда аны силерден алып коёт жана силерди азаптайт.
Les exégèses en arabe:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَخُونُواْ ٱللَّهَ وَٱلرَّسُولَ وَتَخُونُوٓاْ أَمَٰنَٰتِكُمۡ وَأَنتُمۡ تَعۡلَمُونَ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын элчисине ээрчигендер, буйруктарын таштоо, тыюларын бузуу аркылуу Аллахка жана Анын элчисине кыянат кылбагыла. Дин жана башка моюнуңарга жүктөлгөн аманаттарга, кылган ишиңер кыянат экенин билип туруп кыянат кылбагыла. Анда кыянатчылардан болуп каласыңар.
Les exégèses en arabe:
وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّمَآ أَمۡوَٰلُكُمۡ وَأَوۡلَٰدُكُمۡ فِتۡنَةٞ وَأَنَّ ٱللَّهَ عِندَهُۥٓ أَجۡرٌ عَظِيمٞ
Оо, ыймандуулар, билгиле, акыйкатта силердин байлыгыңар жана бала-чакаңар Аллахтын силерге болгон сыноосу. Чынында, алар силерди акырет иштеринен тосот жана кыянатчылыкка алып барат. Билгиле, Аллахтын алдында үлкөн сооптор бар. Байлыгыңарга жана бала-чакаңарга берилүү, алардын айынан кыянат кылуу себептүү, сооп-сыйыңарды жоготуп албагыла.
Les exégèses en arabe:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِن تَتَّقُواْ ٱللَّهَ يَجۡعَل لَّكُمۡ فُرۡقَانٗا وَيُكَفِّرۡ عَنكُمۡ سَيِّـَٔاتِكُمۡ وَيَغۡفِرۡ لَكُمۡۗ وَٱللَّهُ ذُو ٱلۡفَضۡلِ ٱلۡعَظِيمِ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарды ээрчигендер, билип алгыла, эгерде силер буйруктарын аткаруу жана тыюуларынан тыйылуу менен Аллахка такыба болсоңор, акыйкат менен жалганды ажырата турган илим берет, ошондо бул экөө силерди чаташтырбай, ачык болот. Силер бут койгон кичине күнөөңөрдү өчүрөт, чоң күнөөңөрдү кечирет. Аллах чоң артыкчылыктын ээси. Анын артыкчылыктарынын бири - пенделеринин такыбаларына даярдап койгон бейиши.
Les exégèses en arabe:
وَإِذۡ يَمۡكُرُ بِكَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لِيُثۡبِتُوكَ أَوۡ يَقۡتُلُوكَ أَوۡ يُخۡرِجُوكَۚ وَيَمۡكُرُونَ وَيَمۡكُرُ ٱللَّهُۖ وَٱللَّهُ خَيۡرُ ٱلۡمَٰكِرِينَ
Оо, элчи, эстегин, бутпарастар сени камоого, же өлтүрүүгө, же шаарыңдан башка шаарга кууп чыгууга айла издеп, куулук кылышканда, Аллах алардын куулугун өздөрүнө кайтарды. Аллах да айлакерлик кылат, Аллах айлакерлердин эң жакшысы.
Les exégèses en arabe:
وَإِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتُنَا قَالُواْ قَدۡ سَمِعۡنَا لَوۡ نَشَآءُ لَقُلۡنَا مِثۡلَ هَٰذَآ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّآ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Аларга Биздин аяттарыбыз окулган учурда, акыйкаттан баш тартып, текеберленип: "Буга окшогонду мурда да укканбыз, кааласак бул Куран сыяктуу сөздөрдү биз деле айта алабыз, биз угуп жаткан бул Куран мурдагылардын жалганы, буга эч ишенбейбиз" - дешет.
Les exégèses en arabe:
وَإِذۡ قَالُواْ ٱللَّهُمَّ إِن كَانَ هَٰذَا هُوَ ٱلۡحَقَّ مِنۡ عِندِكَ فَأَمۡطِرۡ عَلَيۡنَا حِجَارَةٗ مِّنَ ٱلسَّمَآءِ أَوِ ٱئۡتِنَا بِعَذَابٍ أَلِيمٖ
Оо, элчи, дагы эстегин, бутпарастар: "Оо, Аллах, эгер Мухаммад алып келген нерсе акыйкат болсо, биздин үстүбүзгө асмандан таш жаадырып кыйратып жок кыл, же бизге катуу азабыңды жибер" - дешти. Алар муну жокко чыгаруу жана тануунун чегинен чыгып айтышты.
Les exégèses en arabe:
وَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيُعَذِّبَهُمۡ وَأَنتَ فِيهِمۡۚ وَمَا كَانَ ٱللَّهُ مُعَذِّبَهُمۡ وَهُمۡ يَسۡتَغۡفِرُونَ
Оо, Мухаммад, сенин үммөтүңдү, мейли алардын арасында дааватка жооп берүүчүсү болсун, же даават кылуучусу болсун, сен алардын арасында тирүү туруп, алар сени араларында көрүп турган учурда Аллах аларды азаптабайт. Ошондой эле алар кылган күнөөлөрүнө тобо кылып, кечирим тилешсе да, Аллах аларды азаптабайт.
Les exégèses en arabe:
Parmi les bénéfices ( méditations ) des versets de cette page:
• الشكر نعمة عظيمة يزيد بها فضل الله تعالى، وينقص عند إغفالها.
Шүгүр кылуу - чоң жакшылык, шүгүр кылган адамга Аллахтын бергени көбөйөт, шүгүр кылбаса, бергени азаят.

• للأمانة شأن عظيم في استقامة أحوال المسلمين، ما ثبتوا عليها وتخلقوا بها، وهي دليل نزاهة النفس واعتدال أعمالها.
Мусулмандардын абалынын оңолуусу үчүн аманаттын орду чоң...

• ما عند الله من الأجر على كَفِّ النفس عن المنهيات، خير من المنافع الحاصلة عن اقتحام المناهي لأجل الأموال والأولاد.
Напсисин тыюу салынган иштерден сактай алгандарга берилчү Аллахтын сообу, байлык жана бала-чакасы үчүн тыйылган иштерге аралашып тапкан пайдадан жакшыраак.

• في الآيات بيان سفه عقول المعرضين؛ لأنهم لم يقولوا: اللَّهُمَّ إن كان هذا هو الحق من عندك فاهدنا إليه.
Аяттарда акыйкаттан баш тарткандардын акылсыздыгы баяндалган; анткени алар: "Оо, Аллахым, эгер бул нерсе Сенден келген чындык болсо, бизди ушул жолго башта" - деп айткан жок.

• في الآيات فضيلة الاستغفار وبركته، وأنه من موانع وقوع العذاب.
Аяттарда истигфар айтып кечирим суроонун артыкчылыгы жана берекеси айтылды; анткени истигфар азаптын түшүүсүнөн сактайт.

 
Traduction des sens Sourate: Al Anfâl
Lexique des sourates Numéro de la page
 
Traduction des sens du Noble Coran - La traduction kirghize du Résumé dans l'Exégèse du noble Coran - Lexique des traductions

Émanant du Centre d'Exégèse pour les Études Coraniques.

Fermeture