Жана Биз инсанга, өз ата-энесине жакшылык кылууну осуят кылдык. Апасы аны кыйналып боюнда көтөрүп, кыйналып төрөдү. Аны (боюнда) көтөрүү жана (сүттөн) ажыратуу убактысы отуз ай.[1] Эми, ал качан баралына жетип, кырк жашка чыкканда айтты: «Оо, Раббим! Мага жана ата-энеме берген нээматыңа шүгүр кылуум үчүн жана Өзүңдү ыраазы кыла турган салих амалдарды кылуум үчүн мага илхам бер! Жана менин урпактарымды да салих (кишилерден) кылгайсың! Мен сага тообо кылдым. Жана мен мусулмандарданмын!»
[1] Башка бир аятта «Энелер бөбөктөрүн эки жыл толук эмизет» деп айтылат. Эки жыл 24 айга барабар. Ал эми, бойго бүткөн түйүлдүктүн төрөлүшүнүн эң кыска мөөнөтү алты, эң узун мөөнөтү тогуз ай.Бул жерде эң кыска мөөнөтү эсепке алынып, «Аны (боюнда) көтөрүү жана (сүттөн) ажыратуу убактысы отуз ай» деп айтылууда.
Биз ушул адамдардан, жасаган эң жакшы амалдарын кабыл алып, бейиш элдеринин катарында күнөөлөрүн кечиребиз. (Бул) аларга (Раббиси тарабынан) берилген акыйкат убада!
Ал эми, ушундай перзент(тер дагы) бар: Ата-энесине айтат: «Силерден тажадым! Экөөң мени (Кыяматта кайра тирилип) чыгарылуума ишендирип жатасыңбы?! Мага чейин деле (бир нече) муундар өткөн. (Алардан бирөө тирилдиби)?! Экөө (ата-эне) Аллахтан жардам сурап, (айтышат): «Эй, куруп кеткир! Ыйманга кел! Аллахтын убадасы – акыйкат!» Бирок, (перзент) «Бул байыркылардын жомогу» – дейт.
(Кыяматта) бардык (момун-каапыр) адамдарга жасаган иштерине жараша (жакшы-жаман) даражалар бар. Аларга жасаган иштери, (эч кандай) зулум көргөзүлбөгөн абалда толуктап берилет.
Каапыр адамдар тозокко бет маңдай алып келингенде (аларга айтылат): «Силер (бардык) жыргалыңарды дүйнө жашооңордо кетирип алдыңар жана ал (жыргалдар) менен (ошол жакта) пайдаланып бүттүңөр! Эми бүгүн, жер бетинде акыйкатсыздык менен текеберленип жүргөнүңөргө жараша жана бузуку болгонуңарга жараша кордук азабы менен жазаланасыңар!
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
खोज परिणाम:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".