क़ुरआन के अर्थों का अनुवाद - الترجمة القيرغيزية * - अनुवादों की सूची

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

अर्थों का अनुवाद आयत: (65) सूरा: सूरा अल्-अन्आम
قُلۡ هُوَ ٱلۡقَادِرُ عَلَىٰٓ أَن يَبۡعَثَ عَلَيۡكُمۡ عَذَابٗا مِّن فَوۡقِكُمۡ أَوۡ مِن تَحۡتِ أَرۡجُلِكُمۡ أَوۡ يَلۡبِسَكُمۡ شِيَعٗا وَيُذِيقَ بَعۡضَكُم بَأۡسَ بَعۡضٍۗ ٱنظُرۡ كَيۡفَ نُصَرِّفُ ٱلۡأٓيَٰتِ لَعَلَّهُمۡ يَفۡقَهُونَ
Айткын: “Ал силерге үстүңөрдөн, бутуңардын астынан азап жиберүүгө же болбосо, силерди ар түрдүү топторго аралаштырып жана бириңердин азабыңарды бириңерге таттырууга кудуреттүү!”[1] (Оо, Мухаммад, адамдар акыйкатты) түшүнүп алышсын деп, далилдерди ар кандай ыкмада тизмектеп жатканыбызды көрүп кой.
[1] Жиберген элчисин укпай койгондо, Аллах таала тарыхта өткөн мушрик коомдордун үстүнөн таш жаадырып, же болбосо бутунун астындагы жер аларды жутуп жиберип, азаптаган. Аллахтын бейбаш-мушрик коомдорго жибере турган дагы бир азабы бар. Бул - алардын ар түрдүү топторго бөлүнүп алып, өз ара кырылышып, бири-бирине зулумдук кылуулары. Аллах таала Өз ырайымы менен мусулман үммөтүн асмандан таш жаадыруу, жерге жуткуруу сыяктуу азаптардан сактап турат. Бирок, топторго бөлүнүп, бири-бири менен кырды-бычак болуу, биринин жерин бири басып алуу сыяктуу азаптар менен азаптай баштаганына көп болду. Мунун баары Анын өкүмү менен жашабагандыктын кесепети.
अरबी तफ़सीरें:
 
अर्थों का अनुवाद आयत: (65) सूरा: सूरा अल्-अन्आम
सूरों की सूची पृष्ठ संख्या
 
क़ुरआन के अर्थों का अनुवाद - الترجمة القيرغيزية - अनुवादों की सूची

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

बंद करें