क़ुरआन के अर्थों का अनुवाद - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - अनुवादों की सूची


अर्थों का अनुवाद सूरा: सूरा अल्-क़मर   आयत:

аль-Камар

सूरा के उद्देश्य:
التذكير بنعمة تيسير القرآن، وما فيه من الآيات والنذر.
Курандын жеңилдетилгендигин жана андагы аят-эскертүүлөрдү эскертүү.

ٱقۡتَرَبَتِ ٱلسَّاعَةُ وَٱنشَقَّ ٱلۡقَمَرُ
Кыяматтын келиши жакындап калды. Жана пайгамбардын заманында Ай экиге бөлүндү. Айдын бөлүнүшү анын көрүнүктүү аят-белгилеринен болду.
अरबी तफ़सीरें:
وَإِن يَرَوۡاْ ءَايَةٗ يُعۡرِضُواْ وَيَقُولُواْ سِحۡرٞ مُّسۡتَمِرّٞ
Мушриктер анын чынчылдыгынын далилдерин көрүшсө да, аны кабыл алуудан баш тартышты жана айтышты: «Биз андан көргөн далилдер чындыкка дал келбеген сыйкыр».
अरबी तफ़सीरें:
وَكَذَّبُواْ وَٱتَّبَعُوٓاْ أَهۡوَآءَهُمۡۚ وَكُلُّ أَمۡرٖ مُّسۡتَقِرّٞ
Ошондой эле аларга келген акыйкатты жалганга чыгарышты жана жалганга чыгарууда өз каалоолорун ээрчишти. Кыямат күнү кандай гана жакшы же жаман иш болбосун, ал өзүнө татыктуусун табат.
अरबी तफ़सीरें:
وَلَقَدۡ جَآءَهُم مِّنَ ٱلۡأَنۢبَآءِ مَا فِيهِ مُزۡدَجَرٌ
Аларды каапырлыктан жана зулумдуктан кайтарууга жетиштүү болгон, Аллах каапырлыктары жана зулумдуктары себептүү жок кылган коомдордун кабарлары келген эле.
अरबी तफ़सीरें:
حِكۡمَةُۢ بَٰلِغَةٞۖ فَمَا تُغۡنِ ٱلنُّذُرُ
Аларга каршы далил болсун үчүн келген нерсе – кемчиликсиз даанышмандык. Ал эми Аллахка жана акырет күнгө ыйман келтирбегендерге эскертмелер пайда келтирбейт.
अरबी तफ़सीरें:
فَتَوَلَّ عَنۡهُمۡۘ يَوۡمَ يَدۡعُ ٱلدَّاعِ إِلَىٰ شَيۡءٖ نُّكُرٍ
Оо, пайгамбар! Эгерде алар туура жолго түшпөсө, анда сурнай тартууга милдеттүү периште ага чейин эч бир макулук билбеген коркунучтуу ишке чакырган күндү күткөн абалда аларды ташта жана алардан жүзүңдү бур.
अरबी तफ़सीरें:
इस पृष्ठ की आयतों से प्राप्त कुछ बिंदु:
• عدم التأثر بالقرآن نذير شؤم.
Курандан таасир албоо – жамандыктын белгиси.

• خطر اتباع الهوى على النفس في الدنيا والآخرة.
Напси каалоолорго ээрчүүнүн дүйнөдөгү жана акыреттеги коркунучу.

• عدم الاتعاظ بهلاك الأمم صفة من صفات الكفار.
Коомдордун кыйроосунан сабак албоо – каапырлардын сыпаттарынан.

خُشَّعًا أَبۡصَٰرُهُمۡ يَخۡرُجُونَ مِنَ ٱلۡأَجۡدَاثِ كَأَنَّهُمۡ جَرَادٞ مُّنتَشِرٞ
Алар кабырдан басынган көз караш менен чыгышат, алардын сурак жайына жөнөп бараткан абалы каптаган чегирткелер сыяктуу.
अरबी तफ़सीरें:
مُّهۡطِعِينَ إِلَى ٱلدَّاعِۖ يَقُولُ ٱلۡكَٰفِرُونَ هَٰذَا يَوۡمٌ عَسِرٞ
Ошол жайды көздөй чакыруучуга шашылган каапырлар: «Бул өтө оор күн» – дешет. Анткени анда кыйынчылыктар жана коркунучтар бар.
अरबी तफ़सीरें:
۞ كَذَّبَتۡ قَبۡلَهُمۡ قَوۡمُ نُوحٖ فَكَذَّبُواْ عَبۡدَنَا وَقَالُواْ مَجۡنُونٞ وَٱزۡدُجِرَ
Оо, пайгамбар! Ал жалганчылардан мурун сенин дааватыңды Нухтун коому жалганга чыгарган. Биз аларга кулубуз Нухту жибергенде аны жалганга чыгарышты. Аны жинди деп айтышты. Эгерде дааватын таштабаса, аны ар кандай сөгүш сөздөр, мазактоо жана коркутуу менен жемелешти.
अरबी तफ़सीरें:
فَدَعَا رَبَّهُۥٓ أَنِّي مَغۡلُوبٞ فَٱنتَصِرۡ
Ошондо Нух Раббисине жалбарып: «Чындыгында элим мага үстөмдүк кылып, мага жооп бербеди. Эми Өзүң аларга жазаңды берип, өч ал» – деди.
अरबी तफ़सीरें:
فَفَتَحۡنَآ أَبۡوَٰبَ ٱلسَّمَآءِ بِمَآءٖ مُّنۡهَمِرٖ
Анан Биз тынымсыз төккөн суу менен асман эшиктерин ачтык.
अरबी तफ़सीरें:
وَفَجَّرۡنَا ٱلۡأَرۡضَ عُيُونٗا فَٱلۡتَقَى ٱلۡمَآءُ عَلَىٰٓ أَمۡرٖ قَدۡ قُدِرَ
Жана Биз жерди жарып, ал суу атылып чыккан булактарга айланды. Анан абалкы тагдырда жазылган Аллахтын буйругунун негизинде асмандан түшкөн суу менен жерден чыккан суу кошулуп, Аллах сактап калгандардан башка бүт баарысын сууга чөктүрдү.
अरबी तफ़सीरें:
وَحَمَلۡنَٰهُ عَلَىٰ ذَاتِ أَلۡوَٰحٖ وَدُسُرٖ
Биз Нухту тактай жана мыктары бар кемеге түшүрүп, аны жана аны менен бирге болгондорду сууга чөгүүдөн сактап калдык.
अरबी तफ़सीरें:
تَجۡرِي بِأَعۡيُنِنَا جَزَآءٗ لِّمَن كَانَ كُفِرَ
Ал кеме Биздин көз алдыбызда жана камкордугубузда, Нухту жалганга чыгарган жана Аллах тараптан алып келген нерсеге каапырлык кылган коомуна каршы аны колдоо максатта бири-бирине урунган суу толкундарында сүзүп бара жатты.
अरबी तफ़सीरें:
وَلَقَد تَّرَكۡنَٰهَآ ءَايَةٗ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ
Биз аларга берген бул жазаны сабак жана осуят кылып калтырдык. Эми андан сабак ала тургандар бар бекен?
अरबी तफ़सीरें:
فَكَيۡفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ
Жалганчылар үчүн азабым кандай болду жана аларды жок кылам деген эскертүүм кандай болду?
अरबी तफ़सीरें:
وَلَقَدۡ يَسَّرۡنَا ٱلۡقُرۡءَانَ لِلذِّكۡرِ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ
Биз Куранды эскерүү жана сабак алуу үчүн жеңил кылдык. Эми андагы осуяттардан сабак ала тургандар бар бекен?
अरबी तफ़सीरें:
كَذَّبَتۡ عَادٞ فَكَيۡفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ
Аад коому Худ пайгамбарды жалганга чыгарды. Ойлонгула, эй, Мекке калкы! Менин азабым алар үчүн кандай болду? Менин башкаларга азап тууралуу эскертмем кандай болду?
अरबी तफ़सीरें:
إِنَّآ أَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ رِيحٗا صَرۡصَرٗا فِي يَوۡمِ نَحۡسٖ مُّسۡتَمِرّٖ
Биз аларга жаман жана каргашалуу күндө алар тозокко барганга чейин токтобогон ызгаардуу шамал жибердик.
अरबी तफ़सीरें:
تَنزِعُ ٱلنَّاسَ كَأَنَّهُمۡ أَعۡجَازُ نَخۡلٖ مُّنقَعِرٖ
Ал адамдарды жерден жулуп алып, аларды тамыры менен жулунган курмалар сыяктуу башы менен жерге ыргытты.
अरबी तफ़सीरें:
فَكَيۡفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ
Ойлонгула, эй, Мекке калкы! Менин азабым алар үчүн кандай болду? Менин башкаларга азап тууралуу эскертмем кандай болду?
अरबी तफ़सीरें:
وَلَقَدۡ يَسَّرۡنَا ٱلۡقُرۡءَانَ لِلذِّكۡرِ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ
Биз Куранды эскерүү жана сабак алуу үчүн жеңил кылдык. Эми андагы осуяттардан сабак ала тургандар бар бекен?
अरबी तफ़सीरें:
كَذَّبَتۡ ثَمُودُ بِٱلنُّذُرِ
Самуд дагы Салих пайгамбардын эскертмесин жалганга чыгарды.
अरबी तफ़सीरें:
فَقَالُوٓاْ أَبَشَرٗا مِّنَّا وَٰحِدٗا نَّتَّبِعُهُۥٓ إِنَّآ إِذٗا لَّفِي ضَلَٰلٖ وَسُعُرٍ
Алар жактырбагандай айтышты: «Биз өзүбүздөн эле болгон бир адамды ээрчимек белек? Эгерде биз бул абалда аны ээрчисек, анда тууралыктан алыстап, четтеп кетебиз жана кыйынчылыкка кабылабыз.
अरबी तफ़सीरें:
أَءُلۡقِيَ ٱلذِّكۡرُ عَلَيۡهِ مِنۢ بَيۡنِنَا بَلۡ هُوَ كَذَّابٌ أَشِرٞ
Вахий жалгыз ага эле түштүбү жана ал баарыбыздан өзгөчөбү? Жок! Ал жеткен жалганчы, текебер».
अरबी तफ़सीरें:
سَيَعۡلَمُونَ غَدٗا مَّنِ ٱلۡكَذَّابُ ٱلۡأَشِرُ
Алар кыямат күнү ким жеткен жалганчы, текебер экенин, ал менен тигилердин кимиси жакшы экенин билишет.
अरबी तफ़सीरें:
إِنَّا مُرۡسِلُواْ ٱلنَّاقَةِ فِتۡنَةٗ لَّهُمۡ فَٱرۡتَقِبۡهُمۡ وَٱصۡطَبِرۡ
Биз таштан төөнү чыгардык жана аны аларга сыноо үчүн жибердик. Оо, Салих! Эми сен алар аны эмне кыларын жана аларга эмне болорун көз салып күт жана алардын зыяндарына сабыр кыл!
अरबी तफ़सीरें:
इस पृष्ठ की आयतों से प्राप्त कुछ बिंदु:
• مشروعية الدعاء على الكافر المصرّ على كفره.
Каапырлыктан кайтпаган каапырга каршы дуба кылуу шариятта бар.

• إهلاك المكذبين وإنجاء المؤمنين سُنَّة إلهية.
Жалганчыларды жок кылуу жана ыймандууларды куткаруу – Аллахтын тутунган жолу.

• تيسير القرآن للحفظ وللتذكر والاتعاظ.
Куранды жаттоонун, эскерүүнүн жана сабак алуунун жеңилдиги.

وَنَبِّئۡهُمۡ أَنَّ ٱلۡمَآءَ قِسۡمَةُۢ بَيۡنَهُمۡۖ كُلُّ شِرۡبٖ مُّحۡتَضَرٞ
Аларга кабар бер, кудуктун суусу алар менен төөнүн ортосунда бөлүндү, бир күн алар үчүн, бир күн төө үчүн. Ар бири өз үлүшү үчүн өзүнүн күнүндө келет.
अरबी तफ़सीरें:
فَنَادَوۡاْ صَاحِبَهُمۡ فَتَعَاطَىٰ فَعَقَرَ
Анан алар төөнү өлтүрүүгө шеригин чакырышты. Ал элинин буйругун аткарыш үчүн кылычты алды да, төөнү өлтүрүп салды.
अरबी तफ़सीरें:
فَكَيۡفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ
Ойлонгула, эй, Мекке калкы! Менин азабым алар үчүн кандай болду? Менин башкаларга азап тууралуу эскертмем кандай болду?
अरबी तफ़सीरें:
إِنَّآ أَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ صَيۡحَةٗ وَٰحِدَةٗ فَكَانُواْ كَهَشِيمِ ٱلۡمُحۡتَظِرِ
Биз аларды бир кыйкырып жиберип жок кылдык. Алар коргончу кой короосун тоскон как чырпыктай болуп калышты.
अरबी तफ़सीरें:
وَلَقَدۡ يَسَّرۡنَا ٱلۡقُرۡءَانَ لِلذِّكۡرِ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ
Биз Куранды эстөө жана сабак алуу үчүн жеңил кылдык. Эми андагы үлгү-насааттардан сабак алуучулар барбы?
अरबी तफ़सीरें:
كَذَّبَتۡ قَوۡمُ لُوطِۭ بِٱلنُّذُرِ
Луттун коому пайгамбары Лут эскерткен нерсени жалганга чыгарышты.
अरबी तफ़सीरें:
إِنَّآ أَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ حَاصِبًا إِلَّآ ءَالَ لُوطٖۖ نَّجَّيۡنَٰهُم بِسَحَرٖ
Биз аларга таш жаадырган шамал жибердик. Луттун үй-бүлөсү гана азапка дуушар болгон жок. Биз аларды андан куткардык. Ал алар менен бирге азап түшкөнгө чейин түндүн акырында жолго чыгышты.
अरबी तफ़सीरें:
نِّعۡمَةٗ مِّنۡ عِندِنَاۚ كَذَٰلِكَ نَجۡزِي مَن شَكَرَ
Биз аларды Өз жакшылыгыбыз менен азаптан куткардык. Биз Лутка бергендей сыйлыкты Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылгандарга да беребиз.
अरबी तफ़सीरें:
وَلَقَدۡ أَنذَرَهُم بَطۡشَتَنَا فَتَمَارَوۡاْ بِٱلنُّذُرِ
Лут аларды Биздин азабыбыз менен коркутту, бирок алар анын эскертүүсү тууралуу талашып тартышты жана аны четке кагышты.
अरबी तफ़सीरें:
وَلَقَدۡ رَٰوَدُوهُ عَن ضَيۡفِهِۦ فَطَمَسۡنَآ أَعۡيُنَهُمۡ فَذُوقُواْ عَذَابِي وَنُذُرِ
Луттун коому андан бузукулук максатта периштелерден болгон конокторун алар менен жалгыз калтыруусун талап кылышты. Ошондо Биз алардын көздөрүн бууп койдук, алар көрбөй калышты. Жана Биз аларга: «Менин азабымды жана силерге айткан эскертмемдин акыбетин тарткыла» – деп айттык.
अरबी तफ़सीरें:
وَلَقَدۡ صَبَّحَهُم بُكۡرَةً عَذَابٞ مُّسۡتَقِرّٞ
Эртең менен аларга акыретке барышканга чейин токтобогон азап келди жана акырет азабы да келет.
अरबी तफ़सीरें:
فَذُوقُواْ عَذَابِي وَنُذُرِ
Аларга айтылат: «Мен силерге түшүргөн азапты жана Луттун силерге берген эскертмесинин акыбетин тарткыла».
अरबी तफ़सीरें:
وَلَقَدۡ يَسَّرۡنَا ٱلۡقُرۡءَانَ لِلذِّكۡرِ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ
Биз Куранды эскерүү жана сабак алуу үчүн жеңил кылдык. Эми андагы осуяттардан сабак ала тургандар бар бекен?
अरबी तफ़सीरें:
وَلَقَدۡ جَآءَ ءَالَ فِرۡعَوۡنَ ٱلنُّذُرُ
Фараондун үй-бүлөсүнө эскертүүбүз Муса менен Харундун тили аркылуу келди.
अरबी तफ़सीरें:
كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا كُلِّهَا فَأَخَذۡنَٰهُمۡ أَخۡذَ عَزِيزٖ مُّقۡتَدِرٍ
Алар Биз тараптан келген далилдерди жалганга чыгарышты. Анан Биз аларды жалгандары себептүү эч ким үстөм кыла албаган Жеңилгис, эч ким алсырата албаган Кудуреттүүнүн жазасы менен жазаладык.
अरबी तफ़सीरें:
أَكُفَّارُكُمۡ خَيۡرٞ مِّنۡ أُوْلَٰٓئِكُمۡ أَمۡ لَكُم بَرَآءَةٞ فِي ٱلزُّبُرِ
Оо, Мекке калкы! Силердин каапырларыңар жогоруда айтылган Нухтун коому, Аад, Самуд, Луттун коому жана Фараондун коомундагы каапырлардан жакшыраакпы? Же силерде асман китептеринде келген Аллахтын азабынан кутулуу барбы?
अरबी तफ़सीरें:
أَمۡ يَقُولُونَ نَحۡنُ جَمِيعٞ مُّنتَصِرٞ
Же болбосо Мекке калкынан болгон каапырлар: «Биз жамандык каалагандардын жана биздин жамаатты бөлүп жарууну каалагандардын баарысын жеңебиз» – деп айтышабы?
अरबी तफ़सीरें:
سَيُهۡزَمُ ٱلۡجَمۡعُ وَيُوَلُّونَ ٱلدُّبُرَ
Ал каапырлардын жамааты жакында жеңилет жана ыймандуулардын алдында артка карай качышат. Бул Бадр күнү болгон.
अरबी तफ़सीरें:
بَلِ ٱلسَّاعَةُ مَوۡعِدُهُمۡ وَٱلسَّاعَةُ أَدۡهَىٰ وَأَمَرُّ
Алар жалганга чыгарган кыямат – алар азапталуучу убадаланган убакыт. Кыямат – алар Бадр күнү тарткан дүйнө азабынан да оор жана катаал.
अरबी तफ़सीरें:
إِنَّ ٱلۡمُجۡرِمِينَ فِي ضَلَٰلٖ وَسُعُرٖ
Чындыгында каапырлык жана күнөөлөрдү кылган күнөөкөрлөр акыйкаттан адашууда, азапта жана кыйынчылыкта.
अरबी तफ़सीरें:
يَوۡمَ يُسۡحَبُونَ فِي ٱلنَّارِ عَلَىٰ وُجُوهِهِمۡ ذُوقُواْ مَسَّ سَقَرَ
Алар жүздөрү менен тозокко сүйрөлгөн күнү аларга жеме катары: «Тозок азабын таткыла» – деп айтылат.
अरबी तफ़सीरें:
إِنَّا كُلَّ شَيۡءٍ خَلَقۡنَٰهُ بِقَدَرٖ
Чындыгында Биз ааламдагы бүткүл нерсени Өзүбүздүн мурунку тагдырдын негизинде, илимибизге жана каалообузга ылайык жана ошондой эле Сакталган Тактада жазганыбыздай жараттык.
अरबी तफ़सीरें:
इस पृष्ठ की आयतों से प्राप्त कुछ बिंदु:
• شمول العذاب للمباشر للجريمة والمُتَمالئ معه عليها.
Азап өзүнө күнөөкөрдү жана аны менен бирге болгондорду камтыйт.

• شُكْر الله على نعمه سبب السلامة من العذاب.
Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылуу – азаптан кутулуунун себептеринен.

• إخبار القرآن بهزيمة المشركين يوم بدر قبل وقوعها من الإخبار بالغيب الدال على صدق القرآن.
Куранда Бадр күнү боло электен мурун эле мушриктердин жеңилүүсү тууралуу айтылуусу – Курандын чындык экенин билдирген кайып кабарлардан болуп эсептелет.

• وجوب الإيمان بالقدر.
Тагдырга ыйман келтирүүнүн милдеттүүлүгү.

وَمَآ أَمۡرُنَآ إِلَّا وَٰحِدَةٞ كَلَمۡحِۭ بِٱلۡبَصَرِ
Эгерде Биз бир нерсени кааласак «бол!» деген сөздү гана айтып буйрук беребиз, ошондо ал каалаган нерсебиз көз ирмегенчелик тез ишке ашат.
अरबी तफ़सीरें:
وَلَقَدۡ أَهۡلَكۡنَآ أَشۡيَاعَكُمۡ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ
Биз каапырлыкта силерге окшогон мурунку коомдорду жок кылганбыз. Эми андан сабак алып, каапырлыкты таштаган бирөө жарым барбы?
अरबी तफ़सीरें:
وَكُلُّ شَيۡءٖ فَعَلُوهُ فِي ٱلزُّبُرِ
Пенделердин кылган бүткүл иш-аракеттери сактоочу периштелердин китептеринде жазылган. Алар анын бирин дагы калтырбайт.
अरबी तफ़सीरें:
وَكُلُّ صَغِيرٖ وَكَبِيرٖ مُّسۡتَطَرٌ
Майда жана чоң иш-аракеттер менен сөздөрдүн бүт баарысы Сакталган Тактадагы иш-аракеттер баракчаларында жазылган. Жакында алар анын сыйлыгын же жазасын алышат.
अरबी तफ़सीरें:
إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي جَنَّٰتٖ وَنَهَرٖ
Чындыгында Раббисинин буйруктарын аткарган жана тыйгандарын таштаган такыба адамдар бейиштерде жана аккан дарыялардын боюнда жыргалчылыкка батышат.
अरबी तफ़सीरें:
فِي مَقۡعَدِ صِدۡقٍ عِندَ مَلِيكٖ مُّقۡتَدِرِۭ
Алар бүткүл нерсеге ээлик кылган Падышанын жана эч бир нерсеге алсыз болбогон Кудуреттүүнүн алдында курулай сөз же күнөө болбогон акыйкат отурумда болушат. Эми сен алар Андан алышкан түбөлүктүү жыргалчылык жөнүндө сурабай эле кой.
अरबी तफ़सीरें:
इस पृष्ठ की आयतों से प्राप्त कुछ बिंदु:
• كتابة الأعمال صغيرها وكبيرها في صحائف الأعمال.
Иш-аракеттердин кичинеси да, чоңу да амал баракчаларында жазылат.

• ابتداء الرحمن بذكر نعمه بالقرآن دلالة على شرف القرآن وعظم منته على الخلق به.
Мээримдүүнүн Өз жакшылыктарын Куранды айтуу менен баштоосу – Курандын кадыр-барктуулугуна жана адамзатка кылган улуу жакшылыгы экенине далил болот.

• مكانة العدل في الإسلام.
Исламдагы адилеттүүлүктүн орду.

• نعم الله تقتضي منا العرفان بها وشكرها، لا التكذيب بها وكفرها.
Аллахтын жакшылыктары бизден аларды жалганга чыгарууну жана танып кетүүнү эмес, тескерисинче аларды моюнга алууну жана шүгүр кылууну талап кылат.

 
अर्थों का अनुवाद सूरा: सूरा अल्-क़मर
सूरों की सूची पृष्ठ संख्या
 
क़ुरआन के अर्थों का अनुवाद - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - अनुवादों की सूची

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

बंद करें