क़ुरआन के अर्थों का अनुवाद - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - अनुवादों की सूची


अर्थों का अनुवाद आयत: (8) सूरा: सूरा अल्-मुजादिला
أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ نُهُواْ عَنِ ٱلنَّجۡوَىٰ ثُمَّ يَعُودُونَ لِمَا نُهُواْ عَنۡهُ وَيَتَنَٰجَوۡنَ بِٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡعُدۡوَٰنِ وَمَعۡصِيَتِ ٱلرَّسُولِۖ وَإِذَا جَآءُوكَ حَيَّوۡكَ بِمَا لَمۡ يُحَيِّكَ بِهِ ٱللَّهُ وَيَقُولُونَ فِيٓ أَنفُسِهِمۡ لَوۡلَا يُعَذِّبُنَا ٱللَّهُ بِمَا نَقُولُۚ حَسۡبُهُمۡ جَهَنَّمُ يَصۡلَوۡنَهَاۖ فَبِئۡسَ ٱلۡمَصِيرُ
Оо, пайгамбар! Ыймандуу адамды көргөндө өз ара жашыруун сүйлөшкөн жөөттөрдү көрбөдүңбү? Аллах аларды жашыруун сүйлөшүүдөн тыйган эле. Бирок кийин алар Аллахтын тыйган нерсесине кайра кайтышты жана ыймандууларды ушактоо, аларга душмандык кылуу, пайгамбарга баш ийбестик кылуу сыяктуу күнөө иштерди ич ара жашыруун сүйлөштү. Оо, пайгамбар! Качан алар сага келгенде, алар Аллахтын сага айткан саламынан башкача саламды айтышат. Бул алардын «ассааму алейка (сага өлүм болсун)» деген сөзү. Жана алар пайгамбарды жалганга чыгарып: «Аллах бизди бул айткан сөзүбүз үчүн жазалабайт беле? Эгер ал пайгамбармын деген сөзүндө чынчыл болсо, анда Аллах бизди ал тууралуу айткан сөзүбүз үчүн жазаламак» – деп айтышат. Алардын айткан сөздөрүнүн жазасына тозок жетиштүү. Алар анын ысык азабын тартышат. Алардын бара турган жайы кандай жаман жай!
अरबी तफ़सीरें:
इस पृष्ठ की आयतों से प्राप्त कुछ बिंदु:
• مع أن الله عالٍ بذاته على خلقه؛ إلا أنه مطَّلع عليهم بعلمه لا يخفى عليه أي شيء.
Аллах Өзү жараткан нерселерден Заты менен бийик болсо да, аларды Өз илими менен билип турат. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес.

• لما كان كثير من الخلق يأثمون بالتناجي أمر الله المؤمنين أن تكون نجواهم بالبر والتقوى.
Качан адамдардын сырларын ачуу аркылуу күнөөкөр болушканда, Аллах ыймандууларга сырлары жакшылык жана такыбалык тууралуу болсун деп буйруду.

• من آداب المجالس التوسيع فيها للآخرين.
Башкаларга орун берүү – отурумдун адептеринен.

 
अर्थों का अनुवाद आयत: (8) सूरा: सूरा अल्-मुजादिला
सूरों की सूची पृष्ठ संख्या
 
क़ुरआन के अर्थों का अनुवाद - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - अनुवादों की सूची

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

बंद करें