Check out the new design

クルアーンの対訳 - キルギス語対訳 - Shamsuddin Hakimov * - 対訳の目次

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

対訳 章: 婦人章   節:
۞ وَلَكُمۡ نِصۡفُ مَا تَرَكَ أَزۡوَٰجُكُمۡ إِن لَّمۡ يَكُن لَّهُنَّ وَلَدٞۚ فَإِن كَانَ لَهُنَّ وَلَدٞ فَلَكُمُ ٱلرُّبُعُ مِمَّا تَرَكۡنَۚ مِنۢ بَعۡدِ وَصِيَّةٖ يُوصِينَ بِهَآ أَوۡ دَيۡنٖۚ وَلَهُنَّ ٱلرُّبُعُ مِمَّا تَرَكۡتُمۡ إِن لَّمۡ يَكُن لَّكُمۡ وَلَدٞۚ فَإِن كَانَ لَكُمۡ وَلَدٞ فَلَهُنَّ ٱلثُّمُنُ مِمَّا تَرَكۡتُمۚ مِّنۢ بَعۡدِ وَصِيَّةٖ تُوصُونَ بِهَآ أَوۡ دَيۡنٖۗ وَإِن كَانَ رَجُلٞ يُورَثُ كَلَٰلَةً أَوِ ٱمۡرَأَةٞ وَلَهُۥٓ أَخٌ أَوۡ أُخۡتٞ فَلِكُلِّ وَٰحِدٖ مِّنۡهُمَا ٱلسُّدُسُۚ فَإِن كَانُوٓاْ أَكۡثَرَ مِن ذَٰلِكَ فَهُمۡ شُرَكَآءُ فِي ٱلثُّلُثِۚ مِنۢ بَعۡدِ وَصِيَّةٖ يُوصَىٰ بِهَآ أَوۡ دَيۡنٍ غَيۡرَ مُضَآرّٖۚ وَصِيَّةٗ مِّنَ ٱللَّهِۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَلِيمٞ
Силерге (өлгөн) аялыңар калтырган нерсенин-эгер алардын балдары болбосо-тең жарымы. Эгер алардын (уулбу же кызбы, өзүнүнбү же уул-кызынынбы) балдары калган болсо, анда, (ал калтырган) осуяттан кийин же болбосо анын карыздары төлөнүп бүткөндөн кийин силерге аялыңар калтырган мүлктүн төрттөн бири тиет. Жана силер (өлгөнүңөрдөн кийин) калтырган мурастан аялдарыңарга - эгер силерден бала калбаган болсо - төрттөн бири тиет. Эгер силерден бала калган болсо, - силердин осуятыңардан жана карызыңар төлөнгөндөн кийин - аялдарыңарга силер калтырган мурастан сегизден бири тиет. Ал эми, мурас калтырып жаткан эркек же аял жалгыз киши болсо, жана анын (эне тараптан) ага-иниси же эже-сиңдиси болсо, алардын ар бирине алтыдан бир бөлүктөн тиет. Эми, алар мындан (бирден) көп болушса, алардын бардыгы үчтөн бирден шерик болушат. (Бул бөлүштүрүү) мураскорлордун эч бирине зулум кылынбай айтылган осуяттан кийин жана анын карыздары төлөнүп бүткөндөн кийин болот. Аллах – Билүүчү, Жумшак.
アラビア語 クルアーン注釈:
تِلۡكَ حُدُودُ ٱللَّهِۚ وَمَن يُطِعِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ يُدۡخِلۡهُ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَاۚ وَذَٰلِكَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ
Ушулар Аллахтын чектери (аны бузбагыла!) Эми, ким Аллахка жана Анын пайгамбарына моюн сунса, (Аллах) аны түбүнөн дарыялар агып турган бейиштерге киргизет (жана) анда түбөлүк калат. Бул – чоң жеңиш!
アラビア語 クルアーン注釈:
وَمَن يَعۡصِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَيَتَعَدَّ حُدُودَهُۥ يُدۡخِلۡهُ نَارًا خَٰلِدٗا فِيهَا وَلَهُۥ عَذَابٞ مُّهِينٞ
Ал эми, ким Аллахка жана пайгамбарына (каапыр болуу менен толук) күнөө кылса жана Аллахтын чектеринен чыкса, аны түбөлүк кала турган тозокко киргизет. Ага кор кылуучу азап бар.
アラビア語 クルアーン注釈:
 
対訳 章: 婦人章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - キルギス語対訳 - Shamsuddin Hakimov - 対訳の目次

シャムス・アッディーン・ハキーモフ・アブドゥルハーリクによって翻訳され、ルゥワード翻訳事業センターの監修のもとで開発されました。

閉じる