Check out the new design

クルアーンの対訳 - キルギス語対訳 - Shamsuddin Hakimov * - 対訳の目次

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

対訳 章: 食卓章   節:

Маида

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَوۡفُواْ بِٱلۡعُقُودِۚ أُحِلَّتۡ لَكُم بَهِيمَةُ ٱلۡأَنۡعَٰمِ إِلَّا مَا يُتۡلَىٰ عَلَيۡكُمۡ غَيۡرَ مُحِلِّي ٱلصَّيۡدِ وَأَنتُمۡ حُرُمٌۗ إِنَّ ٱللَّهَ يَحۡكُمُ مَا يُرِيدُ
О, ыйман келтиргендер! Убадаңарды аткаргыла! Силерге (төмөндө) окуп берилгенден башка бардык жандыктар адал кылынды. (Силерге) Ихрамда[1] турган абалыңарда аң уулоо адал эмес. Аллах Өзү каалагандай өкүм кылат.
[1] “Ихрам” деп, ушул аталыштагы атайын даярдалган матаага оронуп, Кааба зыяратын (ажы же умра) ниет кылып чыккан адамдын абалына айтылат. Ал киши качан ниет кылган ибадаттарын аткарып бүтмөйүнчө “ихрамда” болот жана ал кишиге кээ бир белгилүү нерселер менен бирге аң уулоого да уруксат берилбейт.
アラビア語 クルアーン注釈:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تُحِلُّواْ شَعَٰٓئِرَ ٱللَّهِ وَلَا ٱلشَّهۡرَ ٱلۡحَرَامَ وَلَا ٱلۡهَدۡيَ وَلَا ٱلۡقَلَٰٓئِدَ وَلَآ ءَآمِّينَ ٱلۡبَيۡتَ ٱلۡحَرَامَ يَبۡتَغُونَ فَضۡلٗا مِّن رَّبِّهِمۡ وَرِضۡوَٰنٗاۚ وَإِذَا حَلَلۡتُمۡ فَٱصۡطَادُواْۚ وَلَا يَجۡرِمَنَّكُمۡ شَنَـَٔانُ قَوۡمٍ أَن صَدُّوكُمۡ عَنِ ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِ أَن تَعۡتَدُواْۘ وَتَعَاوَنُواْ عَلَى ٱلۡبِرِّ وَٱلتَّقۡوَىٰۖ وَلَا تَعَاوَنُواْ عَلَى ٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡعُدۡوَٰنِۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۖ إِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ
О, ыйман келтиргендер! Аллах арам кылган нерселерди, “шахрул харам” айларын(да кан төгүүнү), Аллахка арналган белек жаныбарларды (өлтүрүүнү жана уурдоону), ошондой эле, (таанылып туруусу үчүн) алардын мойнуна асылган мончокторду[1] (үзүүнү) жана Раббисинин артыкчылык, ыразычылыгын тилеп, Байтул-Харамды көздөй жолго чыккан кишилерди (өлтүрүүнү) өзүңөргө адал кылып албагыла! Ал эми, ихрамдан чыккан соң аң уулай бергиле. (Силерге зулум кылган) бир (мусулман) коомду жаман көрүүңөр, аларды Масжид - Ал-Харамга киргизбей коюуга жана аларга душмандык кылууга силерди мажбурлабасын. Жакшылык жана такыба иштерде бири-бириңерге жардам бергиле. Душмандык жана күнөө иштерде бири-бириңерге жардам бербегиле. Аллахтан корккула! Аллахтын азабы катуу!
[1] Пайгамбарыбыз ажылык мезгилинде курмандык үчүн айдап бара жаткан төөлөрүнүн мойнуна кээ бир нерселерди мончок кылып асып койгон. Бул алардын башка жаныбарлардан айырмаланып туруусу жана урматталуусу үчүн ишаарат-белги эле. Демек, курмандык жандыктын мойнуна мончок тагуу - сүннөт.
アラビア語 クルアーン注釈:
 
対訳 章: 食卓章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - キルギス語対訳 - Shamsuddin Hakimov - 対訳の目次

シャムス・アッディーン・ハキーモフ・アブドゥルハーリクによって翻訳され、ルゥワード翻訳事業センターの監修のもとで開発されました。

閉じる