Check out the new design

クルアーンの対訳 - キルギス語対訳 - Shamsuddin Hakimov * - 対訳の目次

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

対訳 章: 高壁章   節:
قَالَ مَا مَنَعَكَ أَلَّا تَسۡجُدَ إِذۡ أَمَرۡتُكَۖ قَالَ أَنَا۠ خَيۡرٞ مِّنۡهُ خَلَقۡتَنِي مِن نَّارٖ وَخَلَقۡتَهُۥ مِن طِينٖ
Ал (Аллах) айтты: “Мен буюрганда сажда кылуудан сени эмне токтотту?!” Ал айтты: «Мен андан жакшымын. Сен мени оттон, аны болсо ылайдан жараткансың".
アラビア語 クルアーン注釈:
قَالَ فَٱهۡبِطۡ مِنۡهَا فَمَا يَكُونُ لَكَ أَن تَتَكَبَّرَ فِيهَا فَٱخۡرُجۡ إِنَّكَ مِنَ ٱلصَّٰغِرِينَ
Ал (Аллах) айтты: “Анда Бейиштен чык! Сага мында текеберленип жүрүү мүмкүн эмес! Чык эми! Сен кор болуучулардансың!”
アラビア語 クルアーン注釈:
قَالَ أَنظِرۡنِيٓ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ
(Иблис) айтты: “Алар (Адам урпактары) кайра тирилген (кыямат) күнгө чейин (өлбөй жашоого) мага мөөнөт бер!”
アラビア語 クルアーン注釈:
قَالَ إِنَّكَ مِنَ ٱلۡمُنظَرِينَ
(Аллах) айтты: “Сен мөөнөт берилгендерденсиң».
アラビア語 クルアーン注釈:
قَالَ فَبِمَآ أَغۡوَيۡتَنِي لَأَقۡعُدَنَّ لَهُمۡ صِرَٰطَكَ ٱلۡمُسۡتَقِيمَ
(Иблис) айтты: “Мени (бейиштен) айдап салганың үчүн, мен Сенин туура жолуңда (ар дайым) аларды күтүп олтурамын.
アラビア語 クルアーン注釈:
ثُمَّ لَأٓتِيَنَّهُم مِّنۢ بَيۡنِ أَيۡدِيهِمۡ وَمِنۡ خَلۡفِهِمۡ وَعَنۡ أَيۡمَٰنِهِمۡ وَعَن شَمَآئِلِهِمۡۖ وَلَا تَجِدُ أَكۡثَرَهُمۡ شَٰكِرِينَ
Кийин мен алардын алды-артынан, оң-солунан (азгырганы) келемин. Натыйжада Сен алардын көпчүлүгүн шүгүр (ибадат) кылган абалда таппайсың!
アラビア語 クルアーン注釈:
قَالَ ٱخۡرُجۡ مِنۡهَا مَذۡءُومٗا مَّدۡحُورٗاۖ لَّمَن تَبِعَكَ مِنۡهُمۡ لَأَمۡلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنكُمۡ أَجۡمَعِينَ
(Аллах) айтты: “Жек көрүлгөн, каарга жолуккан абалда жогол! Ант ичем: алардан кимиси сага ээрчисе, баарыңарды бириктирип тозокту толтурамын!
アラビア語 クルアーン注釈:
وَيَٰٓـَٔادَمُ ٱسۡكُنۡ أَنتَ وَزَوۡجُكَ ٱلۡجَنَّةَ فَكُلَا مِنۡ حَيۡثُ شِئۡتُمَا وَلَا تَقۡرَبَا هَٰذِهِ ٱلشَّجَرَةَ فَتَكُونَا مِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ
(Биз айттык): «О, Адам, сен жана жубайың (Хава экөөң) Бейиште жашагыла, (андагы жаккан мөмөлөрдөн) каалаганыңарды жегиле, бирок, мына бул даракка[1] жакындабагыла. Антсеңер (өзүңөргө) зулум кылуучулардан болуп каласыңар.
[1] Ал кандай дарак экенин Аллах кабар бербеди. Ошондуктан – бул белгисиз. Бул жердеги сыр-маани дарактын атында эмес, буйруктун аткарылбашында.
アラビア語 クルアーン注釈:
فَوَسۡوَسَ لَهُمَا ٱلشَّيۡطَٰنُ لِيُبۡدِيَ لَهُمَا مَا وُۥرِيَ عَنۡهُمَا مِن سَوۡءَٰتِهِمَا وَقَالَ مَا نَهَىٰكُمَا رَبُّكُمَا عَنۡ هَٰذِهِ ٱلشَّجَرَةِ إِلَّآ أَن تَكُونَا مَلَكَيۡنِ أَوۡ تَكُونَا مِنَ ٱلۡخَٰلِدِينَ
Анан, жабык турган абийир-уяттары ачылып калышы үчүн шайтан аларды азгыра баштады жана: “Раббиңер экөөңөрдү периште болуп же (бейиште) түбөлүк жашоочулардан болуп калбооңор үчүн гана бул дарактан кайтарды” – деди.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَقَاسَمَهُمَآ إِنِّي لَكُمَا لَمِنَ ٱلنَّٰصِحِينَ
Жана: “Мен силерге насаат айтуучулардан боломун” – деп экөөнө ант иче баштады.
アラビア語 クルアーン注釈:
فَدَلَّىٰهُمَا بِغُرُورٖۚ فَلَمَّا ذَاقَا ٱلشَّجَرَةَ بَدَتۡ لَهُمَا سَوۡءَٰتُهُمَا وَطَفِقَا يَخۡصِفَانِ عَلَيۡهِمَا مِن وَرَقِ ٱلۡجَنَّةِۖ وَنَادَىٰهُمَا رَبُّهُمَآ أَلَمۡ أَنۡهَكُمَا عَن تِلۡكُمَا ٱلشَّجَرَةِ وَأَقُل لَّكُمَآ إِنَّ ٱلشَّيۡطَٰنَ لَكُمَا عَدُوّٞ مُّبِينٞ
Азгыруу менен ал экөөнү (таза жогорку, күнөөсүз даражаларынан) түшүрүп койду. Анан, экөө дарактан (мөмөсүнөн) ооз тиер замат, абийир-уяттары ачылып калып, өздөрүн бейиш жалбырактары менен тосо башташты. Анан, Раббиси аларга үн катты: “Мен экөөңөрдү бул дарактан кайтарбадым беле?! Жана силерге: “шайтан экөөңөрдүн анык душманыңар!” – дебедим беле?!”
アラビア語 クルアーン注釈:
 
対訳 章: 高壁章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - キルギス語対訳 - Shamsuddin Hakimov - 対訳の目次

シャムス・アッディーン・ハキーモフ・アブドゥルハーリクによって翻訳され、ルゥワード翻訳事業センターの監修のもとで開発されました。

閉じる