Check out the new design

クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) * - 対訳の目次


対訳 節: (40) 章: フード章
حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَ أَمۡرُنَا وَفَارَ ٱلتَّنُّورُ قُلۡنَا ٱحۡمِلۡ فِيهَا مِن كُلّٖ زَوۡجَيۡنِ ٱثۡنَيۡنِ وَأَهۡلَكَ إِلَّا مَن سَبَقَ عَلَيۡهِ ٱلۡقَوۡلُ وَمَنۡ ءَامَنَۚ وَمَآ ءَامَنَ مَعَهُۥٓ إِلَّا قَلِيلٞ
Аллах жаса деп буйруган кемени Нух пайгамбар жасап бүттү. Аларды жок кылууга буйругубуз келгенде топон суунун келишине белги болуп алар нан жасап жүргөн тандырлардан суулар атылып чыкты. Ошондо Нух пайгамбарга мындай деп айттык: “Жер бетинде жүргөн айбанаттардан эркек-ургаачы кылып кемеге сал. Жана үй-бүлөңдөн ыйман келтирбегендиктен, ал чөгөт деп өкүм болгон адамдан башкаларын кемеге киргиз. Коомуңдан сени менен кошо ыйман келтирген адамдарды да киргиз. Бирок Аллахка ыйман келтирүүгө чакырган узак убакыттын ичинде анын коомунан аз гана адамдар ыйман келтиришкен эле.
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• بيان عادة المشركين في الاستهزاء والسخرية بالأنبياء وأتباعهم.
Пайгамбарларды жана аларды ээрчиген адамдарды маскаралоо жана шылдыңдоо мушриктердин адаты экендиги баяндалды.

• بيان سُنَّة الله في الناس وهي أن أكثرهم لا يؤمنون.
Аллахтын табияттагы өкүмдөрүнүн негизинде адамдардын көпчүлүгү ыйман келтиришпейт.

• لا ملجأ من الله إلا إليه، ولا عاصم من أمره إلا هو سبحانه.
Аллахка гана башкалка кылынат. Жана Анын өкүмүнөн Ал Өзү гана коргой алат.

 
対訳 節: (40) 章: フード章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) - 対訳の目次

Tafsir Center for Quranic Studies - 発行

閉じる