Check out the new design

クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) * - 対訳の目次


対訳 節: (44) 章: イブラーヒーム章
وَأَنذِرِ ٱلنَّاسَ يَوۡمَ يَأۡتِيهِمُ ٱلۡعَذَابُ فَيَقُولُ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ رَبَّنَآ أَخِّرۡنَآ إِلَىٰٓ أَجَلٖ قَرِيبٖ نُّجِبۡ دَعۡوَتَكَ وَنَتَّبِعِ ٱلرُّسُلَۗ أَوَلَمۡ تَكُونُوٓاْ أَقۡسَمۡتُم مِّن قَبۡلُ مَا لَكُم مِّن زَوَالٖ
Оо, пайгамбар! Үммөтүңдү кыямат күнүндөгү Аллахтын азабы менен коркут. Мына ошол күнү өздөрүнө ширк жана каапырлык менен зулум кылгандар мындай деп айтышат: «Оо, Раббибиз! Бизге убакыт бер, азабыңды кечиктирип тур. Бизди бул дүйнөгө бир аз мөөнөткө кайтар, биз Сага ыйман келтирип, бизге жөнөткөн элчилериңди ээрчийбиз». Мына ошондо аларды жемелеп мындай жооп кайтарылат: «Силер бул дүйнөдө жүргөндө ушул дүйнөдөн акыретке барбайбыз деп ант ичтиңер. Ошондой эле өлгөндөн кийин кайра тирилүүнү четке кактыңар эле».
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• تصوير مشاهد يوم القيامة وجزع الخلق وخوفهم وضعفهم ورهبتهم، وتبديل الأرض والسماوات.
Кыяматтын көрүнүштөрүн сүрөттөө жана адамдар алсыз болуп тынчсызданып коркуусу. Ошондой эле асмандар менен жердин алмашуусу.

• وصف شدة العذاب والذل الذي يلحق بأهل المعصية والكفر يوم القيامة.
Азаптын катаалдыгын сыпаттоо жана кыямат күнү капырлар менен күнөөкөрлөрдү коштогон кордук.

• أن العبد في سعة من أمره في حياته في الدنيا، فعليه أن يجتهد في الطاعة، فإن الله تعالى لا يتيح له فرصة أخرى إذا بعثه يوم القيامة.
Андыктан адам баласы бул убактылуу дүйнө жашоосунда Аллахка моюн сунуп көп ибадат кылууга аракет кылыш керек. Анткени Аллах аны кыямат күнү тирилте турган болсо Аллах таала ага башка мүмкүнчүлүк бербейт.

 
対訳 節: (44) 章: イブラーヒーム章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) - 対訳の目次

Tafsir Center for Quranic Studies - 発行

閉じる