クルアーンの対訳 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - 対訳の目次


対訳 節: (6) 章: イブラーヒーム章
وَإِذۡ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوۡمِهِ ٱذۡكُرُواْ نِعۡمَةَ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡ إِذۡ أَنجَىٰكُم مِّنۡ ءَالِ فِرۡعَوۡنَ يَسُومُونَكُمۡ سُوٓءَ ٱلۡعَذَابِ وَيُذَبِّحُونَ أَبۡنَآءَكُمۡ وَيَسۡتَحۡيُونَ نِسَآءَكُمۡۚ وَفِي ذَٰلِكُم بَلَآءٞ مِّن رَّبِّكُمۡ عَظِيمٞ
Оо, пайгамбар! Муса Раббисинин буйругун аткарып өз коомунан болгон Исраил урпактарына Аллахтын жакшылыктарын эскертип мындай деп айтты: “Эй, коомум! Аллах силерди Фараондун жан-жөкөрлөрүнөн куткарып, силерди алардын азабынан сактады. Алар силерди катуу азапка салды, анткени силерден Фараондун тактысын ээлеп ала турган урпактар төрөлбөш үчүн эркек уулдарыңарды сойду. Силердин аялдарыңарды дүйнө жашоосунда кор кылыш үчүн тирүү калтырды. Алардын бул кылган иштеринде сабырдуулукка болгон чоң сыноо бар. Бул сыноого сабыр кылганыңар үчүн Аллах силерди Фараондун жан-жөкөрлөрүнөн куткаруу менен сыйлыгын берди”.
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• من وسائل الدعوة تذكير المدعوين بنعم الله تعالى عليهم، خاصة إن كان ذلك مرتبطًا بنعمة كبيرة، مثل نصر على عدوه أو نجاة منه.
Даават кылуу жолдорунун бири даават кылынып жаткандарга Аллахтын аларга кылган жакшылыктарын эскертүү. Айрыкча ал чоң жакшылыктарга байланыштуу болсо. Мисалы, Аллах сага душманыңдын үстүнөн жеңиш бериши же сени душманыңдан куткарышы.

• من فضل الله تعالى أنه وعد عباده مقابلة شكرهم بمزيد الإنعام، وفي المقابل فإن وعيده شديد لمن يكفر به.
Аллахтын бизге берген жакшылыктарынын бири Ал Өзүнө шүгүр кылган пенделерине жакшылыгын ашырып берет. Ал эми ким Аллахка каапырлык кылса, анда ага Анын жазасы өтө катаал.

• كفر العباد لا يضر اللهَ البتة، كما أن إيمانهم لا يضيف له شيئًا، فهو غني حميد بذاته.
Пенделердин каапырлык кылганы Аллахка эч зыян бербейт. Ошондой эле пенделердин ыйман келтирүүсү Аллахтын мүлкүнө эч бир нерсени кошпойт. Анткени Ал эч нерсеге муктаж эмес мактоого татыктуу Зат.

 
対訳 節: (6) 章: イブラーヒーム章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - 対訳の目次

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

閉じる